Ак көгүчкөн 18 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак көгучкон

18 бөлум

Акжолдун мени менен ажырашам дегенинин себебин түшүндүрүп берди. Ал үчүн мен жанында жүргөнүм азап экен. Айтуусу боюнча өзүн алсыз сезет экен. Түшүнбөйм..

— Айжамал суранам кет, сен менин жанымда периштедей болуп жүрсөң кыйналып кеттим. Сени карап эмес эркек катары рахат алгым келет. Менин колумдан келбейт экен, сени бактылуу кылуу колумдан келбейт. Күндөрдүн бир күнүндө сен дагы аял бакытын таткын келсе, мен жарабайм. Анан сен башка менен…..

— Акжол эркек болчу, алсыз болбочу. Экөөбүз сүйлөштүк эле го. Аракет кылып, көп акча чогултсак даарыланып, сөзсүз бутка турабыз дедик эле го. Баары алдыда, экөөбүз сөзсүз баардык кыйынчылыктарды жеңебиз.

— Ал күн эч качан келбейт көрүнөт.

— Келет, сөзсүз келет. Бир жыл чыдап койчу, акча чогултам, жетпей калса үйдү дагы сатабыз. Сен аман болсоң мындай үйдүн он бешин салабыз. Суранам жеңилбес бол, мага колдоо корсот. Мага сенин колдоон керек, жалгыз күчүм жетпейт. Мен сага ишенем, сен менин жанымда болсоң өзүмдү коргоодогу аял туям.

— Чынбы? Айжамал чынбы? Мен сага күч эмес кыйынчылык алып келем. Мендей адам кантип бирөөгө жөлөк болсун?

— Акжол сен өзүңдү гана ойлойсуң, мен сен жок бул жашоодо жашай албайм. Мени баары таштап кеткен, жалгыз жакыным сен. Сен дагы менден баш тартсаң мен бул жолу чыдабайм.

Акжол экөөбүз кучакташып аябай ыйладык. Мен жүрөктө жаткан коркуу сезимимди айттым. Жалгыз калуудан корком. Акжол болсо эс алам деп жатып алды, мага болсо мейли дагы бир аракет кылып көрөйүн деп койду. Баары жакшы болуп кележатканда Акжол чыдабай калды. Мен болсо үйдө турбай калдым. Жума сайын товарга барам, Аида эжеден калбай калдым. Алган алтыным дагы көбөйдү, бир жуманын жарымы Пакистанда өтсө жарымы Кыргызстандын булуң бурчунда өтөт. Акжол өзүн толугу менен таштап сала элегинде акча топтоп жетишүү керек. Аида эже экөөбүз бир-тууган болуп калдык. Ар дайым сырдашып, жардамдашып турат. Чын эле мен аны жакшы көрөм. Өз бир-тууганым жок болгондуктан мен Аида эжени чын жүрөктөн эже катары кабыл кылдым. Бара-бара Аида эже мага сырларын айтып баштады. Дайыма жаныбызда жүргөн жаш бала көңүлдөш болот экен. Өзүнүн күйөөсү болсо үстүнө аял ала берип сандан адашып калгам дейт. Үйгө келбейт экен, бул жумушун деле өзү тыйын чогултуп баштаган экен. Бир эле пайдасы таможня дан жеңилдик кылып бербесе, күйөөсүн көрбөйт дагы имиш. Анда биротоло ажырашып кетиңиз десем, жибербейт дейт. Мага эмне, көңүлүнө жаккан адам менен бирге болгусу келет да. Албетте ойнош күтүү бул кечирилгис күнөө бирок, бул ишке күйөөсүнүн дагы түздөн түз тиешеси бар. Анткени аялын унутуп коюу бул эмне деген иш? Ойнош ойноп, аял алса деле биринчи аялын карашы керек да. Же биротоло койбериш керек. Эгер күйөөсү кареги менен тең айланып турса ким эле башка эркек менен жүрөйүн деп турсун. Албетте мен бул жерде Аида эжени актабайм бирок аял катары аз да болсо түшүнөм. Бир күнү Астанага конуп, Кыргызстанга эртең менен кетмей болуп калдык. Түнү менен Аэропортто олтурбай жакын жердеги мейманканага барып жатканбыз. Бир маалда ызы-чуу болуп кетти. Чуркап чыксам Аида эжени эки бала сүрөткө тартып, жулкулдатып жатыптыр.

—Эмне кылып жатасың? Сен кимсиң? Азыр милиция чакырам.

— Сен кимсиң? Башыңа балээ тилебей жогол бул жерден.

— Аида эже эмне болуп жатат?

Аида эже мени жаш алган көздөрү менен карап, жардам сурап жатты. Аида эжени жанагы балдар алып кеткен жатат, күчкө салып. Ортого аралашсам мени катуу түртүп салды.

— Балдар, туура түшүнбөй калдыңар. Мына бул сиңдим, ал бала сиңдимдин күйөөсү. Сиңдим экөөбүз сүйлөшүп олтурсак сиңдим өзүн жаман сезди. Анан мен булардын бөлмөсүнө даарыга киргем. Силер келип калдыңар, ишенбесең сура өзүнөн.

Колунан сүйрөп бараткан эки бала мен тарапка бурулуп, чынбы-?дегенсип карады. Эч нерсе ойго келбей, азыр Аида эжени куткарып алуу гана болду.

— Ооба, ал ал менин күйөөм. Жакында үйлөнөбүз деп жүрөбүз, нике бар.

Жанындагы бир бала телефондо бирөө менен сүйлөшүп, анан Аида эжени койберип койду. Дагы аңдыган бирөө болбосун деп биз Аида эженин бөлмөсүнө чогу кирдик. Илгизди байлап коюшуптур, сабашкан окшойт, оозу кан экен. Аида эже титиреп, ордунан жыла албай тура берди эле өзүм барып бошоттум. Илгиз оозу мурдун жууп келип, коркуп бир жерде олтуруп калды.

— Айжамал рахмат, мен сага бул жакшылыгына кантип жооп кайтараарымды билбейм. Күйөөм артымдан адам салган тура, бети жок өзүн билбей туруп мени текшергенин карап кой. Дагы жакшы сен жанымда экенсиң, суранам таң атканча эки эле саат калды, сенин бөлмөгө мен жатайынчы. Ал дагы деле текшерип жатканын сезип турам

— Мейли Аида эже, эгер чын эле билинбей калат деп ойлосоңуз ошондой кылалы.

— Ойлойм, сен мени жектеп турасыңбы? Эч кимдин, уктуңу эч кимдин акысы жок. Өзүмдүн жашоомду өзүм билем.

— Туура. Мен жектеп жаткан жокмун. Болгону күйөөңүз менен чечишип, карым катнашка чекит койгон туура болот го дейт элем. Ал деле биз сыяктуу адамдыр, анын үстүнө сиз менен көптөн бери жашабаса.

— Ошентем, туура айтасың.

Ызы-чуу, өтө оор түндөн кийин биз Кыргызстанга келдик. Аябай коркуп калган экенбиз, Аэропттон чыгып коштошууга чама келбей, үчөөбүз үч башка унаага олтуруп кеттик. Кеминге алтын жеткирүү керек эле, көчөгө чыгуудан коркуп барбай койдум. Алуучуга байланышып эртең барам деп койдум. Көпкө ыйлап жаттым, апам менен Акжол жумуштан келе элек экен. Тамак жасоого алым келбей, үйдүн жанындагы ашканага буйрутма берип эс алдым. Акжол менен апам келип дароо менин жүзүмдөн бир нерсе болгонун сезип сурап башташты. Болгону чарчадым деп койдум. Апам болсо боюңда бар окшойт деп сүйүнөт, Акжол болсо көзүн ала качып жаман болот. Мен болсо кечеки болгон окуяны эстеп жаман болом. Баары өтүп кетет деп ойлогон элем, бирок эртеси Кеминден келсем Акжол жумуштан келип калыптыр. Апам алып келип кайра өзү кеткен окшойт.

— Акжол үйдө белең? Бир нерсе жейсиң би? Эмне тамак жасайын?

— Тойдум, тойдум …. Акжол колундагы телефонду күзгүнү көздөй ыргытты эле, күзгү талкаланып кетти. Коркуп турган жаным андан дагы коркуп, колум титиреп, башым айланып кетти.

— Акжол эмне болду? Эмне болду айтсаң? Бир жериң ооруп жатабы?

Акжол жооп бербей туруп, колуна тийген нерсени мени көздөй ыргытып жиберди. Чыны экен, колума тийип кетти. Анча ооруган жок, же коркконум үчүн ооруну сезген жокмунбу билбейм. Бүт денемди калтырак басып, кусуп жибердим. Адамдын жүрөгү катуу чочуганда ушундай болот окшойт.

— Кара могуну, Айжамал кантип бул жолго бардын? Бул кылганың туурабы? Сен мага сөз берген жок белең?

— Акжол эмне болгонун айтчы.

Жердеги телефонун алып, мага бери кел деп чакырды. Дагы уруп жибереби деп коркуп, бутум катып туруп алды.

— Ал эмне?

Акжол өзү мен жака жылып келип, телефондогу нерсени көрсөттү. Ал жерде кече күнү Астананын мейманканасында болгон окуя экен.

«» Бул жаш улан Депутаттын аялынын ойношу»-деп жазып коюптур.

— Менин эмне тийешем бар?

Аягына чейин көр. Видео тасманы койсом, болгон нерсенин баары айдан ачык угулуп туруптур. Мен ал жерде, Илгизди менин күйөөм, никебиз бар деген элем. Бул видеону Акжол кайдан алды экен?

— Бул видео интернетти жарып жүрөт, кантип иштеп жүргөнүңдү көрдүм. Мен сага айттым эле го, бир күнү кумар каалаган да башканы таап кетесиң деп. Кет дедим го сага, менден эмне керек?

— Акжол мага ишен, Аида эжени күйөөсү өлтүрүп салат эле андай дебесем.

— Эжең мага башка сөз айтты, видеолор баары чын деди. Ал мен тууралуу биринчи жолу угуп жатам деди.

— Калп, Аида эже антип айтуусу мүмкүн эмес. Мен аны куткарып калдым го.

— Үйдөн чыгып кет, бетиң бар болсо экинчи кайтып келбе. Ыраазымын, мени айыктырып алам деген сөзүңө ыраазымын, жогоол…

Акжол үйдөгү буюмдарды ары-бери ыргытып, сындырып жатканда эс алсын деп чыгып кеттим. Эч ким жок жерге барып болгон күчүм менен ыйладым. Анан жооп алуу үчүн Аида эжени издеп баштадым. Телефону өчүк экен, үйүнө барсам жок. Бир гана жолу Аида эжени өзү байланышын күтүш керек. Кайда барышты билбей үйгө кайтып келүүгө туура келди. Келсем үй астын үстүн болуп жатат, эч ким жок экен. Бир сааттын ичинде Акжол кайда кетүүсү мүмкүн? Ал өз алдынча эшике чыга албайт, көп кабаттуу үйдүн тепкичинен түшө албайт. Апам келген го, эмне болду экен? Кууса дагы, урса дагы жанынан кетпей олтуруш керек эле. Апама коңгуроо кылсам өчүрүп салды, ошол менен байланыша алган жокмун.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️