Мындай болоорун сезип жүргөмүн.
— Өзүң күнөөлү. Сени кандай жакшы көрүп алганымды билесиңби?
Мындай учурда жүрөгүң ооруп, айтууга сөз жок болуп калат тура. Бир жагы шапалак тийген үчүн жүрөгүң ооруса, экинчи жагы бир жылдан бери күйөөң болуп жүргөн адамдын «сени жакшы көрөм’-деген биринчи ирет угуп жибип кетет экенсиң. Бурчка олтуруп ыйлап жибердим.
— Мунар мени дагы түшүн да, менин азыр турмушка чыгам деген оюм, даярдыгым жок болчу. Мындай жашоо мен үчүн эмес экен. Үйүмө кетем..
— Элмира кетпе, шаарда жүрүп мен деле сени ойлоп, сагындым. Мени менен кетем деп катуу турбай койгонуң үчүн таарындым сага. Эми болду, чогу жашайбыз. Алып кетем..
Эптеп шаарга жетсем, үйгө кетип калмакмын. Балким атама баарын түшүндүрүп айтсам түшүнөт.
Эртеси апама мен шаарга чогу алып кетет экенин айтса, апамдын кабагы салынып дароо жинденип кетти.
— Копурай, аялың мага кызмат кылып чарчап калыптырбы? Илгери атаң мал айдап алты айлап кетчү. Биз башыбызды көтөрбөй кызматыбызды кылып олтурчу элек. Азыркылар бирди тууй элек балаңды астына салып алып кетет тура. Барбайт..
— Апа, барып эки үч ай туруп кайра келет. Мен кыйналып кеттим, тамак ашымды жасап жүрө турса дегем.
— Эми чечишип алыптырсынар, кете бергиле. Карыганда келиндин чайын ичип, жыргаймынбы десем. Кайдан.
Биз кеткенче апамдын кабагы ачылган жок. Бул үйдө бир дагы күн тура албаарым анык эле. Шаарга келип, Мунардын кичинекей бир бөлмө ижара баатирине туруп калдык.
— Мунар, мага бир аз акча таштап кетчи.
— Айлык тийе элек, эмне кылат элең?
— Апамдар менен учурашып келсем дедим эле. Бир жылдан бери сагындым.. Мейли анда.
— Апам сени үйүнө барбай турсун деди эле, баарыбызды чакырасын анан чогу барабыз.
— Мунар, силер астыга түшө элек кантип чакырат?
— Кеп акчада эмес, бактылуу болсок болду да.
—Мен дагы бирөөнүн бапестеп, үмүт менен өстүргөн кызымын. Эч нерсе кылбай кийин кантип уялбай жүрөт экенсиң. Айылдагы туугандар сандыгы жок деп айтып эле жүрүшөт.
Жооп бергиси келбей жумушуна кетип калды. Кечке ойлонуп, анан университетке бардым. Курбу чогу окуган кызга жолугуп, үйгө жетчүдөй акча сурап турдум. Үйгө жетип, эмне деп кирүүнү билбей олтура кеттим. Суусап тамагым кургап, ачышып, ызгаар суук бетимди аймалап бир заматта кыйнап салды да. Үйүм баягыдай эле керемет. Апам күнүмдүк оокат менен алектенип жүрүптүр. Мени көрө калып сүйүнүп, жетип келди. Былтыр кандай кетсем, ошол эле боюнча элем. Кийимдерим эскирген, арыктап бир аз чоң болуп калган. Апам экөөбүз кучакташып, сагынычыбыз тарабай олтурдук. Кеч кирген сайын атамдын келишин күтүп, эмне дээр экен деп жүрөк түшөт. Атам келип, мени көргөндө кабагын салып алды.
— Элмира таарынып келгениң көрүнүп турат, бирок турмуш ушундай. Дароо жыргал жашоо мүмкүн эмес. Кийин жеткирип койом.
— Ата, мен кетпейм. Барбайм ал үйгө.
— Элмира, күйөөң билимдүү, университетте мугалим болсо. Түшкөн жериң тың турат, кыз балага мындан артык эмне керек. Же эмне уруп жүрөбү.
— Жок ата, мен ал үйдө кул болуп калдым. Күйөөм да кеткен боюнча бир жылда келди. Укканым жеме, кылганым эркектин иши. Кийгеним бул, мени адам катары көрбөйт.
— Кызык, кайненен баласын келин жумшайм деп алды да. Болоор болбос нерседен таарынып келбе.
— Ата, менден деле күйөөгө тийесинби, көңүлүн барбы деп бир ооз сурап койсоңор болмок да. Мен барбайм, кууп чыксаңыз деле алардын үйүнө барбайм. Атам жаман карап кирип кетип калды. Жанатан бери араң карманып турган элем, чыдабай ыйлап кирдим. Апам эмне дешти билбей, мени сооротуп тим болду. Эртеси Мунар келди эле, апам беш он күн жүрө турсун деп кетирип салды. Мен он күндө да, бир айда дагы барбай койдум. Өзүмдүн кайгым менен жүрүп, апамдын акыбалын байкабаган экемин. Апам дагы жашынып күндө ыйлайт тура. Себебин сурасам унчукпайт, кийин байкап калдым. Атам бир күн келсе, эки күн үйгө келбей койот. Дайыма үйдө жок болуп өсүп калганга мен Этибар бербеген экенмин. Атам менен сүйлөшөйүн дейм, кайра мени кет деп кагып салат деп корком. Окуумду улантып же бир жерге иштейин деп ойлоп, апама айтсам азыр үйдө жүрө тур деп койду. Эки ай өткөн соң, өзүнөн өзү окшуп кусуп ооруп калдым. Бир жыл суукта мал караганда кирген сууктан деп ойлогом. Апам дароо байкап, ооруканага алып барса, боюмда бар экен. Айылдан келгенден кийин чамасы он күн чогу жашаганбыз. Он күн ичинде кандайча бүтүп калат.? Ушул эле жетишпей турган. Апам бир сөз айткан жок, көз карашынан эми өзүң билесиң дегендей. Балким адашып калышты деген ойдо, шаардагы врачтарга көрүнүп келүүнү эп көрдүм. Жанагы шаардагы квартиранын ачкычын алып, эки-үч күн туруп калсам жатам деп Шаарга келдим. Адашпай туура айтышыптыр, боюмда болуп калыптыр. Эми ай сайын келип турушумду, бардык анализди тапшыруу зарыл экенин, биротоло эртең бүтүрүп кет деп түшүндүрүп айтты. Жүрөгүнүн согуп жатканын айтканда менде энелик сезим ойгонуп, бул баланы сөзсүз жарык дүйнөгө алып келем деп өзүмө сөз бергем. Жумуштар бүтүп, үйгө мурунку калган кийимдерди жыйнап, убактылуу туруп турууга бардым. Эшикти ачууга аракет кылдым, кулпу алмашып калыптыр. Үйдүн ичинде бирөөлөрдүн үндөрү угулуп турду, апам эч нерсе деген эмес болчу. Ижарага берип койгон го атам апама айтпай эле. Жеңил, жай басып келип бирөө ачты. Мен курактуу сулуу кыз экен. Үстүнө менин кийимимди кийип алыптыр.
— Сиз кимсиз?
— Сен кимсиң? Мен өзүмдүн үйүмө келдим, же атам ижарага берди беле?
— Алтыным, ал ким экен.?
Ары жактан атамдын үнү чыкканда башкача болуп, көзүм караңгылап кетти. Жарым жылаңач уяты жок..
— Ата, бул жакта эмне кылып жүрөсүз? Кантип бул ишке бардыңыз? Уятыныз жок экен. Апамчы?
— Элмира сен эмне кылып жүрөсүң өзүң? Бар үйгө бар, кийин сүйлөшөбүз.
— Азыр сүйлөшөбүз, бул уяты жокту кетир. Атаң менен тең адам менен жүрүүгө уялбайсыңбы. Чыгып кет, шерменденди чыгарам байкуш.
— Эч жакка кетпейт, бул үйдү белек кылгам. Бар дедим үйгө.
— Мен сизге таята болосуз деп сүйүнчүлөп келдим ата. Небере көргөнү турасыз, болду да эми. Ансыз да апамдын ушул убакка чейин бизди жалгыз бакканы жетишет.
— Апаңдын тиешеси жок бул жерде, сени чыккан кыз дейт. Биздин үй-бүлө менен ишиң болбосун. Ичиңдеги баланы жок кыл же күйөөңө кет.
— Кетем, кетем. Сизге мен эле эмес бүтүндөй үй-бүлө көрүнбөй калыптыр. Карыганда кар болуп көчөдө калбаңыз атаке, акылың барда кеттик үйгө.
Баягы эле кош көңүл көз караш, эшикти жаап кирип кетип калышты. Ыйлаган боюнча үйгө кетүүгө туура келди. Келип апама айта албай койдум. Маанай жок бук түшүп жатсам атам келди. Апама баарын түшүндүрүп, кечирим сурайт дегем, кайдан кийимин жыйнап, эч нерсе түшүндүрбөй кетип калды. Апам мен ушуну билгем деп унчукпай олтуруп кала берди.
Уландысы бар










