Пример HTML-страницы

Ак көгүчкөн 3 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак көгүчкөн.

 

3- бөлүм.

— Ооба, сени мендей туугандан баш тартышынды билип атайын кылдым. Мен сага ишенем, анан апам ансыз деле эки күндүк жашоосу калган болчу экен. Сага ачуулуу эмесмин, сенден мага жанымда болушуң гана керек. Макул болбосоң түрмө күтүп турат. Тандоо өзүндө, сага эки күн убакыт берем.

— Убакыттын мага кереги жок, азыр алып кет.

— Сен эчактан бери менин үйүмдөсун.

— Бул оорукана эмеспи? Эгер макул болбосом эмне кылаар элең?

— Макул болбосоң, баарыбир макул кылмакмын. Ишенип кой, бул менин колумдан келет. Баса, мени Дүйшөн!-деп атымдан айта берсең болот. Өзүңдү өз үйүңдө жүргөндөй сез.

— Бир суроо берсем болобу? Үйдүн акчасын сен алгансың да э?

— Сен акылдуу, сулуу, эр жүрөк, куу гана эмес кызык дагы экенсиң. Сен мага суроо берсем болобу деп сурап алып, жообумду албай туруп суроо узаттын. Бул адепсиздик болуп саналат. Ооба, менин ишим. Акча жаздыктын астында.

Чын эле акчаны коюп коюптур. Мага биринчи келген ой, байкуш куру жалаага кабылган оруска үйдү өткөрүп берүү же акчасын кайтаруу болду. Үйдү эле өткөрүп берсем окшойт, акча мага керек. Балким бутум айыккандан кийин качып кетүүгө жетер. Качкан соң табылгыс жака кетиш керек, анткени Дүйшөн таап алса тирүү калтырбаса керек. Ооба чет өлкөгө, алыс алыс жактарга. Мен дагы бир кызык немемин, колумда миллион тургандай кыялдандым да. Бул акча менен алыс кетүү мүмкүн эмес. Акча табуу керек, бирок кантип.? Өмүрүмдө иштеп акча таап көргөн эмесмин. Дүйшөн мени өтө сулуусуң дейт, балким ушул сулуулугумду туура пайдалансам баардык оюм ишке ашат. Көрө жатарбыз, айыгып алайынчы. Айыккан соң бул адамдын мага кандай план койгону ачыкка чыгат. Дүйшөн кызыкча киши экен, келип жаныма жатып алды. Мен болсо ордумдан жыла албайм, бутум өйдөгө асылып, тоголок темир бутума кадимкидей ары жагынан сайылып, бери жагынан чыгып турат. Корктум, өмүрүмдө эркек киши мага мынчалык жакын тура элек болчу. Мойнумдан жыттап бир калыпта жатат, жинди же зөөкүр неме окшойт деген ой келет. Ийним сууланышып кетти, тамчы жок жамгырга окшош суу тамчылап, тынчымды алат. Бул киши ыйлап жатат, апам айткандай бул акыл эсинен айныган окшойт.

—- Апамдын жыты сенде калган, билесиңби апам дайым Бейшенди көбүрөөк жакшы көрдү. Кичинекей болгону үчүн дайыма көңүл буруунун баары сенин атаңа тийиштүү эле. Кызганып, апамдын алдына Бейшендин жаман гана адаттарын изилдеп жүрүп далилдеп берчү болдум. Тескерисинче апам кайра мени жаман көрдү, түшүнгөн жок. Дайыма мени экинчи катардагы адам сыяктуу кабыл алган. Көндүм, чоңоюп айылдан кетип калдым. Бирок, бир жолу апам ооруп калып мен түнү менен карап чыккам. Сүйүктүү баласы эч нерсе тоготпой уктап берди, ошондо дагы Бейшенди тойгуз, үстүн жап деген сөз гана уктум. Апам уктап жатканда, ысытмасы түштүбү деп чекесине оозумду тийгизип текшердим. Тер жыттанса дагы апамдын жыты керемет экен, улам, улам жыттадым. Коштошуп жаткандай сезилди, бирок чын эле ошол жытты биринчи жана акыркы жолу жыттаган экенмин. Бейшен апамдын мээримине, жытына тоюп өстү. Мен болсо ачкамын, ачка өстүм, сагындым, ызаландым. Ушул жытты канча издегенимди билесиңби?

— Атам кайтыш болгону качан, барбайт белең. Канча кыйналдык, апам сени күтөт болчу дайым.

— Калп, калп. Мен барсам апам Бейшендин өлүмүнө мени күнөөлөйт болчу. Бейшенди айтып жүрөгүмдү эзмек. Аны эч ким түшүнбөйт. Мейли эми менде сен барсың, кудум апамдын жаш кезин тарткансын. Мага апа болуп мээримиңди төк, жакшы көр.

Бул киши бала кезинде апама таарынган тура, таарыныч жек көрүүгө айланган.

 

Эртеси бир аз жашы улуураак аял пайда болуп калыптыр, мага тамак берип, жуунтуп карап жүрөт. Ушуну жалдаган го, өзү көрүнбөйт. Кайра жакшы, тынчымды эч ким албайт. Сынган жер адамдын жашына карап бүтөт деп уккамын, демек меники дагы он алты күндөн соң айыгат. Ага чейин качуунун жолун таап, ойлонуштуруп коюуум керек. Билинбей арадан жыйырма күн өтүп кетти, эртеден кечке жата берип бир аз толуп калыптырмын. Апам мерезсин, ошол үчүн сөөк менен териң эле бар деп күлүп калчу. Башка кыздардыкындай төш деген билинип, жарашып калган. Дүйшөн өзү тандап алып келген көйнөгүн мага жана берип кеткен, бир жака барабыз деп. Бетиме өмүрү сары майдан башка нерсе сүрткөн эмес элем, Дүйшөн болсо кайдагы кызыл тазыл бойокторду коюп коюптур. Чачымды апам өрүп бергендей өрүп, жанагы бойокторду кантип колдонууну билбей көпкө олтура бердим. Жанагы мени жаш баладай карап жүргөн аялдан чакыртса керек, жетип келиптир. Толук болгону үчүн экинчи кабатка чыкканча өпкөсү көөп, дагы кичине болсо сыртка чыгып кетчүдөй болуп калыптыр.

— Айжамал, Дүйшөн чакырып жатат. Даяр эмессиңби эмне?

— Ооба, эже бойонушум шартпы?

— Эми күйөөң айткан соң шарт да.

— Ким дейсиз? Каткырып күлүп алдым.

— Эмне, күйөөң дейм. Жапжаш болуп туруп атаң менен тең бирөөгө тийип алганың туурабы эми. Менин ишим эмес дечи, бирок ичим ачышат да.

— Туура айтасыз, сиздин ишиңиз эмне. Өз ишиңизди билиңиз, мага жардам керек.

— Мен дагы жакшы түшүнбөйм алдагы албарстынын нерселерине. Көрөлү.

Билбейм деп алып билет эле экен, бетиме упа сүртүп, көзүмдү карартып, оозума кызыл май сүйкөп, жасалма кирпик чаптады. Күзгүдө башка адам пайда боло калды, өзүмдүн чачтарым табигаттан кызыл түстө. Цыган кыздарындай тармал тартып турат. Өрүлгөн чачымды бошотуп, өйдө жака чогултуп туруп түйүп койду. Узун, жылтырак боз көйнөк кийгизип сыртка алып чыкты. Дүйшөндүн көзү жанып кетти, кээде мени мээрим менен караганда анын көздөрү мага тааныш көрүнүп, жылуулук тартуулайт эле. Же бала кезден ата, эркек кишинин мээримин көрбөгөнгобү башкача боло түшөм. Жаман адам экенин унутуп ичим ысыйт, жакшы көрүп кетем. Дүйшөн өзү дагы кара костюм шым кийип алыптыр, жарашыктуу. Жанагы бай адамдарга окшоп биз дагы кара, жылтыраган кымбат машинага олтурдук. Айдоочусу бар экен, эшигин сылык ачып берди. Түшүм сыяктуу, жомоктогудай жашоо ушул бойдон кете берсе деп тиленем. Баарыбир билип турам, бул нерсенин баары жакшылыкка эмес. Артында бир арам иш турганы анык. Кыргызстандын мен деген мейманканалардын бирине келип токтодук, эшик ачылып Дүйшөн колун сунуп кадимки Леди айымды алып түшкөндөй алып түштү. Майрам болуп жаткан окшойт, баары кычырап кийинген улуу жаштагы адамдар. Шампан, вино, дасторкондо жыгач ийнеге сайылган таттуулар. Кудум кино сыяктуу, өзүмдү кандай алып жүрүүнү билбейм. Унчукпай, жылмайып гана тура бердим. Дүйшөн жетелеп баратты, көздөгөн жери бар сыяктуу токтобой бара жатканына караганда.

— Саламатсызбы Канат Алибеков.

— Оо, саламатчылык Дүйшөн. Иштериң жакшы жүрүп жатабы?

— Ооба, жакшы рахмат. Аялыңыз келишкен пери экен, эмнеге эле эч жака эрчитпейт десе бекитип алып жүрө турган сулуу турбайбы.

Тооба, тиги аял картайып калган тура. Беттерин тырыш басып, бир топ ылдый салаңдап калган. Арты да бүкүр тартып баштаган, жагынып мактайт десе эле мактай берет экен да. Тиги аял дагы сүйүнүп, көздөрү бажырайып калдастап калыптыр. Мактоо деген адамды эмне кылбайт ээ. Дүйшөн менин жүзүмдөн бир нерсе байкап калган окшойт, булкуп алды. Мен чочуп кетип кантип жылмайып жибергенимди байкабай калыптырмын.

— Рахмат, Дүйшөн өзүң дагы кыз жандаган жан эмес элең, көрсө асмандагы перини издеп жүргөн экенсиң да. Көрдүм, куттуктайм.

Тиги чал дагы мени мактап жиберди, күлкүм келип араң кармандым.

— Ооба, бул жээним. Акырындан ишиме аралаштырып, үйрөтүп жатам. Орун басар керек экен да баарыбир.

— Туура кыласың, азыр жеке ишкерлердин заманы болуп кетпедиби. Уланта бер, көп нерсеге жетесиң буйруса.

Жеке ишкер дейт, Дүйшөн бантит эмес эле бизнесмен окшойт. Сүйүнүп алыптырмын, бизнеске аралашып, жанагы кыйын аялдардын катарын толуктайм деп. Канат Алибековтун аялы өзүн жаман сезип, үйүнө кетип калды. Дүйшөн мени четке сүйрөп барып, кичинекей телефон карматты.

— Айжамал тиги Канат деген прокурор, бул кишинин былык иштери толуп жатат. Биздин башчыбызды ушул камап салган бир жыл мурун, мени тааныбайт болчу. Жеке ишкер катары таанышкам, ишеничке кирдим. Телефонундагы маалыматтар керек мага, ал жеткен катынпоз неме. Сага сөзсүз жабышат, алдап чакырган жагына бар. Байкабай турганда телефонун алмаштыруу керек, он мүнөткө. Он мүнөттөн кийин кайра ордуна коюп койосун.

— Колумдан келбейт, байкап калсачы. Прокурор болсо мени камап, жок өлтүрүп салат.

— Баш тартсаң мен өлтүрөм, сенде тандоо жок. Мен айтканымды кыла алсаң сенде аз болсо дагы жашоого мүмкүнчүлүк пайда болот. Ишен, ишенип кой көздү ачып жумганча жаныңды алам.

Дүйшөн коркутуп гана койбостон муштумун бөйрөккө нукуп алды, өзөртө койду акмак.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE