Пример HTML-страницы

Ак көгүчкөн 21 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак көгүчкөн 21

Жабылган эшикти кайра какпа деген сөз бар беле? Мен дагы каккан жокмун, жашоонун дагы бир катуу соккусун кабыл алып, туруштук берүүгө тырышып жаттым. Чарчап кеттим. Ыйлап, кайгырып, басынтууларды угуп, бирөө үчүн жашап. Эптеп бирөөнү бүлө кылып жашайын десем ал дагы болгон жок. Азыр, биздин күндө кыздар баланын байлыгына карап мамиле курушат, туурабы.? Мен өзүмдү актабайм, мактабайм. Мен жөн гана чыныгы аялдык бакытты каалаган элем го. Канчалык жакшы күн келээрин ишенип күтсөм дагы, ишенич акталбай калды. Мен периште эмесмин, мен укмуштуу акылдуу же башка адамдардан өзгөчө дагы эмесмин. Мен жөнөкөй инсан болом. Мен жөнөкөй, жетим, байкуш болсо дагы кадимки кызмын, аялмын. Балким кудай буюрса келечекте эне болом. Анан эмнеге жалгыз мен азап тартууга жаралып калганмын? Жок, менден бөлөк миңдеген аялдар кыйналса керек. Балдар үйүндөгү тоголок, тирүү жетимдерчи? Алардын азабы меникинен бир топ көп болсо керек. Шүгүр дегим келет, бирок улам-улам бир отко күйө берсең чарчайт экенсиң.

Дагы бараар жерим жок, дагы жалгыз, дагы көчөдө, дагы акчасыз калып калдым. Ушул жерден Аида эже эсиме келип кетти, мен анын үйүнө барып, болуп жаткан ишке менин эмне тийешем бар экенин сурайын дедим. Бул жолу Аида эже үйүндө экен, эшигин каксам өзү ачты. Көзү артка сүзүлүп, соо эместиги анык көрүнүп турат.

— Аа Айжамал кел. Кир үйгө, төргө өт. Эмне мени менен урушканы келдиңби? Угуп жатам, айта бер. Ичиңде эч нерсе калбасын, шашпа убакыт кенен. Вино ичесиңби?

— Жок ичпейм.

— Мен ичем, ичким келип жатат. Анткени мен ушундаймын, жаман адаммын, эч кимге керегим жок. Сени сиңди кылып алайын дедим эле ал дагы болгон жок. Өз жанымды сактайм деп сенин жашооңду буздум.

— Ошол үчүн келдим. Мейли күйөөңүзгө калп айтсаңыз дагы Акжолго калп айтуунун эмне кажети бар эле эже?

— Акжол мага өзү байланышты, жанымда тиги бар болчу. Уруш басыла электе Акжол сураштырып калганы отко май куйгандай болду Айжамал. Мени уруп Акжолдун жанына чогу барды, эгер баарын мойнума алсам мени өлтүрүп салат болчу. Эгер кечире алсаң мени кечир. Сага бакыт жоготуу коркунучу болсо мага жашоо жоготуу коркунучу болду. Сенин дагы башыңа келсең түшүнөт элең..

Айжамал эже мас болуп калыптыр, мага сүйлөп, ыйлап жиберди. Мен Аида эжени кучактап сооротуп баштадым.

— Аида эже, чындыгында менин башымдан өткөн күндү билбейсиз да. Мен сизди эч нерсе деп айта албайм, акым дагы жок. Бирок ишенип коюңуз, мен сиздин ордунузда миң жолу болгом. Ошондо мен башкаларды азаптабоо үчүн өлүмдү тандап кете бергем. Бирок мени өлүм дагы алган жок, мен эки ааламга батпаган жан окшоймун. Мага эч жерде кичинекей орун жок окшойт. Аида эже өткөн өттү, мени кайненем үйдөн кууп чыкты.

Аида эже бул сөздү укканда өзүң күнөөлүү сезип, башын жерге салды.

— Мен үчүн ээ? Кечир, кечир мени.

— Жок андан бер эки ай өттү го Аида эже, анда мени врачка кыз же кыз эмес экенимди текшертип, кыз экенимди аныктап унчукпай калышты. Азыр башка маселе. Акжол мени менен ажырашкысы келет, жок нерсени ойлоп таап, кайненеме мени жамандайт. Апам биринчи ишенбей жүрүп, азыр ишенип калды. Бүгүн Акжол мени урду деди эле, апам сабап, көчөгө чыгарып койду. Бараар жерим жок, абороттогу акча дагы үйдө калды. Мен барбайм болду, Акжол күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураса гана барам.

— Акжол сени аяп жатат, майып менен жаштыгы өтүп кетпесин деп жатат Айжамал. Анан өзүңө ылайык эркекке жолугуп, балалуу болуп калсын деп жатат да. Капаланба, бирок бир күн болбосо бир күнү ажырашууга туура келмек. Мени дагы күйөөм таштады, мени менен кагаз түрүндө дагы ажырашты. Эми жалгызмын, мына жай кенен жашай бер. Сага ажыраш дебейм, иште, эс албай иште. Качан күйөөңдү даарыланууга акча топтогондо барасың. Кайненен ошондо эмне дейт экен, таманындан өбөт керек болсо. Эртең өзүм барып сенин кийимдеринди, абороттогу акчаңды алып келип берем.

— Туура айтасыз, куру үмүткө алданып, Акжолдо калган акыркы үмүт шамын өчүрүп салдым. Эми качан гана менде өчпөс шам болгондо ошондо гана барам. Сиз менен дагы жашай албайм, туура түшүнүңүз. Мен өзүм бир жолун табам, таппаса болбой калды.

— Өзүң билесиң, бул жерде деле жашай бер кааласаң.

Эртеси күнү акчамды алып кетүүгө үйгө барсам жабык экен. Дүкөндө деп ойлоп дүкөнгө бардым, ал жакта дагы жок. Кийип турган кийим менен калып калдым, акчам дагы жок. Ошол жердеги турган кошунадан сурасам, «алтындын баарын дүң баада сатты мага, эмнеге экенин айткан жок»-деди. Башыма бирөө ургандай болдум, мени кууп чыкканы аз келгенсип эч нерсеси жок көчөдө калтырып коюштубу? Баласы бар адам, эч качан мындай кыла албайт, өз баласынын көчөдө калганын элестетип көрөт деп ойлодум. Апам менен Акжолдун телефону өчүк, эмне деп ойлошум керек? Чоң кайнагама коңгуроо кылсам, айылга азыр эле келишкенин айтты. Өзүмдүн ачкычым менен ачып, жок дегенде кийимдерди алып кетейин десем, кулпуну алмаштырып салышыптыр. Эмне кылдым? Кайсы жерден жаңылдым? Мындай кылып кетүү үчүн мен эч нерсе кылган жокмун деп ойлойм. Бирок менин дагы бир жерден кетирген катам бар окшойт, өзүм билбей кылган. Бул нерсеге чоң чекитти койуу керек, же кечирим сурап, түшүнүшүп кайрадан жаңы жашоо баштоо керек. Албетте бир эле тарап күнөөлүү болбойт, болгону мен кайсы жерден жаңылдым ошону билгим келет. Аида эженин үйүнө барып, болгон ишти айтсам, эмне дешти билбейм, бирөөнүн жашоосу мага караңгы деп койду. Акча карызга сурасам канча деп сурабай туруп колума карматып койду. Айылга барып келүүгө кенен жетет болчу. Кечирим сураймын деп дайарданып, базардан чай-чамек алып келдим. Кечке жуук жолго чыгып кеттик, акыркы күндөрү катуу чарчап жүргөм. Эч нерсе билбей уктап, кантип жеткенимди билбей калдым. Түнкү үчтө кайнагам жашаган үйдүн алдына келип, эшикти кантип кагууну билбей, батына албай кыйналдым. Мейли баардык нерсе эрте болгону жакшы эмеспи.

— Ким бул? Мен жооп бергенче болбой, абысыным сүйлөнүп жатты.

Түн ичинде тынч койсоңор боло, дагы алкаш досторуң да.

— Жеңе мен Айжамал, кандайсыз?

— Иий кокуй, түн ичинде кайдан?

— Апамдар ушул жактабы?

— Ооба, уктап жатышат. Аябай капалуу келишти го, эмне болгонун айткан жок, мен дагы сурай албадым.

— Апам мага таарынып калды, жеңе түшүнбөстүктөр болуп кетти. Апам менен Акжолду алып кеткени келдим.

— Кир үйгө, азыр ойготом.

Акжол турбай койуптур, апам ойгонуп чыкты. Үйгө киргизе койбой каргап кирди.

— Апа караңгы түндө турам, эгер Акжолго колумдун учу тийген болсо кудай уруп кетсинчи. Кантип актыгымды далилдеп берем?

— Кыдырманы кыдырып, сыдырманы сындырып келип анан менин балама тийген экенсиң да. Жетимди бооруңа алсаң боорго тебет деген ошол да. Ушундайындан жетимсин да, баарын жеп бүтүп эми менин балам калдыбы? Эмнеге сопсоо туруп менин балама тийди десем, бизди кур аяк калтыргын бар экен да. Карганба, эми мага өтпөйт. Үйдөн чыгып кет, кайра кайтып келбе. Сен үчүн биздин үйдө жай жок, балам майып болсо дагы жанымда болгону артык мага. Сен үчүн баламдан ажырап кала жаздадым. Чык бар кет, жогол.

— Апа, түндө кайда барам. Мейли кетейин, бирок эртең чындыкты билип, уялып каласыз. Мен азыр кетсем эч качан кайра келбейм.

— Айтканың чын болсун, жогол..

— Мага абороттогу акчамды бергиле.

— Сени каматып салбаганыма рахмат айт, акча жок, кайдагы акча?

— Апа миллион бар болчу, шаардагы үйдү алганда дагы жарымын мен кошком. Мейли бирок мага жок дегенде өзүмдүн абороттогу акчамды берип койгулачы. Жетимдин акысын жеген жаман, апа мени ойлоп койчу. Кайда барам? Бир тыйын жок кантем? Менин бактымды алганыңыз азбы? Апа барар жерим жок, эч кимим эч нерсем жок.

— Сооп болуптур, чык..

Апамдын жүрөгү мынчалык муз беле? Түн ичинде мени көчөгө сүйрөп чыгарып салды. Ошол жерде үшүп, качан эшик ачылышын күтүп тура бердим. Ошентип таңды да ошол жерде атырып, Акжолдун өзү менен сүйлөшүүнү туура көрдүм. Акжол мага жолуккусу келбей койду, апамдар балдарды дагы эшикке ойногону чыгарышкан жок. Кайнагам менен абысыным чыгып, мени жаман карап бир жакка кетип калышты. Мен азыр Акжолго жолукпай кетсем болбойт, мага деле жетишет. Канчага чейин чыдаш керек, күнөөм болсо мейли дейт элем. Ансыз деле кечирим сурап келдим, итке окшоп сагалап түндөн бери турам……

Дарбазадан көтөрүлүп карасам, Акжол кайгылуу жатыптыр. Секирип түшүп, терезеге бардым. Акжол экенине көзүм жеткенден кийин, акырын билдирбей эшиктен кирип кеттим. Апам башка бөлмөдө окшойт, байкабай калды.

— Акжол акыркы сөз сенден болсун.

Эмнеге мындай кылдың? Мен сага бир нерсе кылдымбы же дедимби? Мени ушундай мамилеге татыктуу деп чечтинби? Мен кечирим сурайын десем эмне кылганым үчүн?

— Менин жашагым келбейт.

— Мени мененби?

— Жок, негизи жашагым келбейт. Экинчи келбе, мени эстебе. Өз тенинди таап бактылуу бол, экөөбүз үчүн бактылуу бол.

— Жөн айтсаң болбойт беле?

— Канча жолу айттым, сен кетпей койдуң. Апам дагы сени деп туруп алды, сенден көңүлү калсын дедим. Мен бүгүн бар эртең жок адаммын.

— Акжол баарыбыз эле ошондой, бүгүн барбыз эртең жокпуз. Мейли акыркы сөзүң ушул болсо мен кетем, экинчи сенин тынчынды албайм. Мага жашап турууга абороттогу акчам керек.

— Менин кийимим турган жерде, арасын карасаң.

Акжолду уккум келбей, чын дилден жек көрдүм. Тезирээк акчамды алып кетип калайын деп издеп жатсам, апам кирип калды.

— Эй кантип кирдиң? Эмне кылып жатасың?

— Куубасаныз деле кетем апа, өзүмдүн акчамды алып алайын.

— Баламды коркутуп алып жатасыңбы?

— Апа, өзүм бердим. Экинчи келбейт, акчасын берип койоюн.

— Коркуттубу сени балам, коркпо мен азыр көрсөтөм.

Беш жаштагы баласына болушуп жаткандай болбойт. Ушундай учурда, акчага келгенде адамдын чыныгы жүзүн көрсөтөт тура. Кесир суйлогум келбейт, бирок апамдын ушул кыялынын убалы Акжолго тийсе керек.

Апам эшикти сыртынан жаап чыгып кетип калды, мен акчаны таап кетейин десем чыга албай калдым. Көрсө апам милиция чакырып койгон экен.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE