(34-бөлүм.)
Алардын алдынан утурлай баскан
Чагалдак:-Жаман иш болду,өтө жаман
иш болду,Карып чырактай кызынан ай-
рылып калды,деп эчкире,Токтосунду ку-
чактады.-Эмне дейсиз,ким,дейсиз Токтосун Чагалдакты төшкө катуу түртө,
боз үйдү көздөй чуркады.Аттап-буттап
боз үйгө жетип,шар эле кирген Токто-
сунду эч ким тосподу.Өлүк калкалаар
көшөгө да,тартыла элек эле,жаңы гана
боз үйдүн ичине шырдак салып жаткан
эки келинге:-Кана,Марал кана деп кыйкырган Токтосун,үйдү көздөй аттап
буттап жөнөдү.Анын алдын тоскон киши жок,Марал жаткан бөлмөнү милициялар сүрөткө тартып жаткан
экен.Токтосунду алка-жакадан ала,
эшикке түртүп чыгарышты.Токтосунду
артынан кучактаган классташы Аскар менен Тургунбек четке чыгарып кетиш-
ти.
Заматтын ичинде ар түркүн кепти
сүйлөшкөндөр,»күчүктөн» боюнда бо-
луп калган экен,энеси Тумарканга ай-
тып,абортко алып барыптыр,ичи деле
билинбейт болчу,алганга болбой кал-
ган го деп,күбүрөп,шыбырап ыйлап жа-
тышты.
Сөздүн кудурети ай,кай бири шыпшынып,кай бири кейип,айрымдары
аныгын билбей эле,түкшөмөлдөп,урду-
руп жатышты.
Аскар Карыптын бөлөсүнүн баласы,Акмаралдар менен классташ,
Токтосун экөөнүн мамилесин билчү.
Арык жээгине отурган экөөнү таштап,
Тургунбек чогулгандарды көздөй бас-
канда,Аскар Акмаралдын ооруканадан
келгенден кийин,кан тамырын кесип,кан көп кеткендиктен каза бол-
гонун айтып,баары анын эмне үчүн
жанын кыйгандыгынын жандырмагын
таба албай жаткандыгын айтып:-Акма-
ралдын боюнда жок беле деп сурады.
-Эмнеее,кимден боюнда бар экен,Токто-
сун Аскардын жакасынан ала жулкул-
датты.Ал күнү баргандарга сөөктү бе-
ришпеди,Карыптын үйүнүн тегерек чети жаркырап,бир адам үйүнө кетпей,бош
боз үйдү кайтарышып,Карыптын кели-
шин күтүп жатышты.
Эртеси судмедэксперттин жыйынтыгын алгандар,Акмаралдын
кыз экендигин,эч кандай зордук-зомбу-
луктун белгиси жок экендигин тас-
тыктаган кагазды баргандардын колу-
на карматышып,сөөктү чыгарып бериш-
ти.Кечээги милициялар кайра келип,
Акмаралдын бөлмөсүн тинтип киришти.
(Уландысы бар.)