Пример HTML-страницы

АБАКТАН ТАПКАН МАХАБАТЫМ

https://kyrgyzcha.site/?p=37432&preview=true Кызыктуу окуялар.

«АБАКТАН ТАПКАН МАХАБАТЫМ»

 

 

– Жашоо кызык. Кээде оюңа келбеген кырдаалдарга туш болуп, турмушуң жарым жылга жетпей аңтар-теңтер болуп кетерин сезбей каласың. Атым Айжан, карапайым үй-бүлөнүн кызымын. Башкалардай болуп түнкү клуб, отуруш-кечелерге деле барган эмесмин. Жогорку окуу жайды бүтөрүм менен базарда соода кылып, эрте бутума турдум. Артымдан тынчымды алып чуркаган жигиттер көп болбосо да, сөз айткандар болчу. Бул менин кемчилигимби же хоббимби, интернетте жигиттер менен көп жазышчумун. Сүрөтүн көрүп жакса таанышам, жакпаса «кара тизмеге» кошуп коём. Таанышкан жигиттер менен жолукчу деле эмесмин, жөн гана тамашалашып эрмектегенди жакшы көрөр элем. Акыркы учурда бул жоругум адатка айланды. Апам да «жок дегенде үйдөн интернетиңди таштачы, болбогон аки-чүкүлөр менен сүйлөшө бербей» деп көп урушчу, агам да «сен күйөөгө тие турган жигит интернетте отурбайт, убара болбо»деп тамашалачу болду. Мага кызык да, боорум эзилгенче ыкшып, интернетте жигиттер менен жазышып отура берчүмүн. Ошондой күндөрдүн биринде мага белгисиз жигит жазып калды.

– Кандайсың, Айжан? Жаңы эле бир жигиттин сүрөтүнө «класс» басыптырсың, ошону тааныйсыңбы?

– Салам! Мен «класс» баскан сүрөттөрүмдү эстеп калбайм.

– Кызык, анда эмнеге басасың?

– Сенден сурап басайынбы? Жакты, басып койдум!

– Чоң кыз, оңураңдабай эле жооп берчи, айдан түшсөң да. Сени менен таанышуу максатында жазышкан жокмун, мага ошол жигит керек болуп жатат.

– Керек болсо өзүнө жаз!

– Ну и дура!

Ушинтип жазышкандан кийин ал мени «кара тизмеге» киргизип койгон. Адатта жигиттерди «кара тизмеге» мен киргизчү элем, бул жигиттин жоругуна таң калып да, жиним келип да отурдум.

 

«БЕЛГИСИЗ ЖИГИТ АБАКТА ОТУРЧУ ЭКЕН»

– Арадан 1 ай өттү. Адаттагыдай эле интернетте отурсам, баягы мени «кара тизмеге» киргизген жигит кайра жаза баштады.

– Кандай, Айжан, тааныдыңбы?

– Кайсы сүрөтүңдөн тааныйын, аюунун сүрөтүнөнбү?

– Сен жөн жооп бере албайсыңбы?

– Эми «кара тизмеге» мен киргизем сени.

– Баягы күнкү сен сүрөтүнө «класс» баскан жигитти таптым. Адвокатыма чалсам өчүк болуп жаткан, ошол жигит жаңы номерин билет болуш керек дегем. Акчамды алып…

– Сөздү узартпай айтчы, сага эмне керек?

– Сени менен таанышып алсам болобу?

– Болот, бирок азыр бош эмесмин, жумушум көп.

Ошентип ал жигит менин бош убактымды 1 жумадай күтүп жүрдү. Экөөбүз тааныштык, аты Алмаз экен. Башында орой көрүнгөн Алмаз жазыша келгенде шайыр, тамашакөй, билимдүү болуп чыга келди. Менден эч нерсесин жашырган жок, 1 жылдан бери абакта отурганын айтты. Айтымында, ага «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко жабырлануучу келбей, улам жылдырылып жатыптыр. Алмаз мага күндө абактагы кызыктарды айтып берчү. Түрмө кызматкерлери каалаганда камерага кирип көзүнө көрүнгөн уюлдук телефонду алып кетишет экен. Алмаз телефонун өчүрөрдө «шмон» башталды, менттер кеткенде чалам» деп жазып жиберет. Чынында, ошол убакта анын абакта отурганы мен үчүн чоң көйгөй эмес эле. Эмне болуптур, адам баласы адашат, кайра ал кемчилигинен сабак алат деп ойлочумун. Көрсө, баары эле мендей ойлой бербейт тура.

 

«ТУРМУШКА ЧЫГУУМА АТА-ЭНЕМ КАРШЫ»

– Алмаз экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүзгө 7 ай болуп калды. Башында ага боорум ооруп, аяп, моралдык колдоо көрсөтүп,«көрөсүң, баары жакшы болот, сен акталасың» деп дос катары күч-кубат берип турчумун. Ал эми азыр ага болгон жылуу сезимдерим бар. Алмаздын акыркы соту жакында эле болду. Тилекке каршы, акталган жок. Сот аны 2 жыл 2 айга кести. Бирок анын карындашы, досу, мен болуп акча чогултуп Алмазды абактан куткарып калдык. Ак жеринен соттолду, күнөөсү жок деп азыр ар бирине айтып, аны актагым келбейт, болгону ал менин көзүмдө күнөөсүз, ак көңүл, ишенчээк жан. Экөөбүз эми үйлөнөбүз деп турганда ата-энем каршы болушууда. Ушунун айынан үйдө күндө ызы-чуу, уруш-талаш. Атам «соттолгон адамга турмушка чыккандан көрө бойдок жүргөнүң артык» деп жемелөөдө. Менин сабырым канчага түтөт билбейм, бирок дагы деле көгөрүп өзүмдүн оюмда турам. Учурда ата-энемдин батасын, ыраазычылыгын алып, эч кимдин көңүлүн оорутпай сүйүктүүмө турмушка чыксам экен деген үмүт менен жашап келем.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE