Пример HTML-страницы

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ 2 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=40571&preview=true Кызыктуу окуялар.

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ

2-БОЛУМ.

 

#АбаккаТуртконСуйуу

Өзүнөн улуу Маматтан тумшукка жеген Мырзабек балдардын коштоосунда сыртка чыгып тигилердин кеткенин же кетпегенин карап сүйлөшүп туруп калышты .Оозго тийген күтүлбөгөн соккудан канап дордоё түшкөн илебин кармап Мырзабек обочодо турган суу аккан колонкадан оозун жууп келди да чөнтөгүндөгү жүз аарчуусу менен оозун басып сөзгө кошулуп туруп калды.

—Ушул Маматтыкы өттү.Качан болсо тийиштик кылып жүргөнү жүргөн.

—Ооба ,достор мындан кийин мектепке жологус кылалы.

—Кантип?

—Бий күнү кезек менен кире беришке күзөтчү коёбуз да келген кезде киргизбей ары куйбуз ,деп-ар ким оюн ортого салып жатты.

Мырзабек буларды угуп турду да :

—Достор ,эгер менин сунушумду уксаңар мындай.Бир күнү бир жерге чакыралы да сөздү ток этер жерин айталы.Эгер мындай кылганы улана берчүү болсо биз дагы аянбай улуусуна карабай мушташса мушташып,тиштешсе тиштешип өз күчүбүздү көрсөтөлү.Унчукпай койсок басынтып чоңдугуна салып көөп баратат ,деди.

Макул макул дегени менен арасында күчүбүз жетмек беле деп кээ бири сүйлөнүп ичкери кирип кетишти.Сунуш чийки болуп баары эле кабыл ала беришпеди .Кайрадан бий залына келишип музыканын коштоосунда бийлеп көпчүлүккө аралашып кетишти.Мырзабекти көргөн Анара жакындай түшүп үңүлүп оозун карады да дордоюп бараткан илебин көрүп ооруган жокпу деп сурап койду.Башын чайкаган Мырзабек Анаранын жанында бийлеп кооз келиштире бийлеп жаткан Анардан көзүн албайт.Убакыт бүтүп мектептин кароолу келип токтоткула деп баарын кеткиле деди.Анткени ,завучтан же тарбиялык сааттын мугалиминен бий уюштурабыз деп руксат алышчуу.Ал мугалимдер кээде өзүлөрү кээде кароолго дайындап саат белгилеп койчу да ошол саатта токтоттуруп баарын кетирип мектепти жаап салышат турган.

Эки экиден балдар караңгыда кыздарды күзөтүп үй үйүнө жеткирип коюшту.Мырзабек менен Сүйүн өзүлөрү кетчүү тараптагы кыздарды жеткиришти.Акыркы калган Анараны өзүм жеткирип койом сен бара бер деп Сүйүндү кетирип жиберди да Анаранын үйүн көздөй баратышты.

—Анара,сен укмуш бийлейт экенсин.Сени актрисалардай эле элестеттим, деди ,Мырзабек Анаранын бийлегенин эстеп.

—Рахмат,кичинемден бийге кызыкчумун.Анан бий кружогуна катышып баарын үйрөндүм.Конкурстарга кыздар менен барып да катышып калдым,деди

—Ии ,ошондой го ,чеберчилик менен жалгыз түшкөнүңдө эле баамдадым.

—Аа, тиги балдар ким эле ,деп сурап калды Анара.

—Ал Мамат деген бала.Ушул колхоздун активинин баласы.Атасы колхоздун жетекчилеринин бири.Атасынын мансабына көөп бейбаш.Дайыма тиги достору менен чыр кылышып тийиштик кылып көнүп калышкан.

—Эч ким кой дебейби?

—Кой дегенге да көнбөйт.Кайра эле баштай берет.Атасынын жигулисин айдап алышып мактанып башкаларды тоготпойт.

Ии,деген Анара келип калдык деп үйүн көрсөттү.

—-Макул,жакшы кал ,мен кеттим,деп коштошкон Мырзабек үйүнө кирип кеткен Анараны карап туруп бурулду да үйүн көздөй жөнөдү.

 

Окуучулардын сүрүнөн корккон бул үчөө ары кетишип бир жерге токтошту да азыркы болгон окуяны талдап ачуулана сүйлөп жатышты.

—Ээ, тиги Капардын баласы чоңоюп калганбы ия,мага тоскоол болом дейт го,деп ,Мырзабекти айтып жатты Мамат.

—Бир аз тизгинин тартпасак көөп кетишиптир.Бир бирден кармап алып мурдунан эшек куртун тушуруп койолу, деди-экинчиси.

—Ооба ошентели.Бул жөжөлөр короз болгуча канаттарын жулуп салалы деп,өзүнүн ойлоп тапканына маашырлана каткырып калды беркиси.

—Тиги кыз ким ,ия.Кимдикине келиптир?Абдан сонун кыз экен ээ.

Мамат көз алдында тургандай элестете көзүн жумуп башын чайкап ширин ширин ,бал экен деп тамшанып да койду.

—Оо, ал шаардан келген кыз ,Сейитбек малчынын кызы.Эми ушул жакта окуйт экен ,деди бири.

—Кайсы? Тиги айылдын этегиндеги малчы Сейитбекпи.Ошонун ушундай сулуу кызы бар бекен ,деп Мамат ишенгиси келбей турду.Ооба деген жоопту уккандан кийин эмне айтпадын мага деди.

—Айтканда эмне эмне кылмак элең?

—Келгенде эле ээлеп алмакмын.Тиги жөжөгө алдырбай, деп, кеч укканына өкүнүп жатты.

Аркы терки сөздөрдү сүйлөшүп, тамеки тартышып түтүнүн асманга үйлөп эртеңки күнгө план түзүшүп жатышты.Биринчи кезекте Мырзабекти кармап коркутуп коюу,экинчиси тиги кыз менен таанышуу.Өздөрүнүн түзгөн планына өздөрү ыраазы боло үй үйүнө таркашты.

Булар ушул эле айылдын балдары.Бирге чоңоюп ,бирге окуп ,онунчу классты да бирге бүтүшкөн.Тентек болуп чоңоюшкан бул үчөө баштан эле кычып бирөөлөргө тийишкенди жакшы көрүшөт турган.Маматтын атасы колхоздо жетекчинин орунбасары.Минген жигули машинасы бар.Эн улуу баласы болгондуктан машина айдоочу права да алып берип көп тайрандатып жиберген.Машинасын руксатсыз айдап чыга коюп окуп жүргөндө эле милицияга түшүп чыккан.Атасынын баркы бар үчүн бир звонок менен эле эскертүү берип чыгарып койо берген.Мектепти бүтүп иштебей эле көчө чаңытып,достору менен чардап жүрөт.Берки балдар Эсен менен Шакен, анын айтканы менен болуп өл десе өлүшөт.Алардын аталары бири бухгалтер болуп иштесе бири май куюучу заправканы жетектейт.Бир бирине байланышкан бул үчөө дайыма бир жүрүшө турган.

 

Эс алуу күнү болгондуктан бүгүн сабакка барышпайт.Мырзабек шашпай туруп чайын ичти да эшикке чыгып атасы дайындаган иштерди жасап кирди.Ата энесинин айтканын моюн толгобой кылып үйрөнгөн Мырзабек ,иштерди чарчадым дебей аткарып салчуу да анан сабак окуучу.Кийинки иниси кичине болгондуктан ага жумуш деле калбайт.Ал иниси бадага эле уйду айдабаса,башка иш жок .Ата энеси колхоздо катардагы эле жумушчулар.

Мырзабектин эшикте жүргөнүн көргөн Маматтар машинасын токтотуп эшикти ачып жерге түшпөй эле ышкырып чакыра баштады.Ышкырыкты уккан Мырзабек аларды көрүп кечеги окуяны эстеп иренжип кетти да үйү тарапты ата энем буларды көрбөдү бекен дегендей карап алып чаң болгон колун кагып акырын басып аларга барды.Мырзабек келгенде эле Мамат саламы жок эле отур машинага деди.Тайсалдаган Мырзабекти көргөн беркилер коркпо тийбейбиз жөн эле сүйлөшөбүз ,чык машинага деп демите баштады.Мырзабек чыккысы келбесе да аргасыз ачылып турган эшиктен кирип отуруп эшикти жапты эле машина журуп барып чет жака барып токтоду.Машинадан түшпөй эле кечеги окуяны талдаганга өтүштү.

—-Ээ,бала,Сен өзүңдү ким деп ойлоп жатасың.Эмнеге кечее тоскоолдук кылып алдымы тососуң.Же тарбиялык саат өтүп коёлубу?Саматтын суроосуна жооп бербеген Мырзабекти дагы коркутуп киришти.

—Тумшугуңа жегениң аз болсо дагы кошумчалап коёюн.Тиги кыз ким эле сага.

—Классташым,деген Мырзабектин сөзүн туурап ,оозун чоюп ,,клачтачым «,деп келекеледи.

—Ээ ,классташ,бери кара ,ал кыз меники уктуңбу?Бүгүндөн баштап жолобойсуң,жанынан көрбөйүн.Жанынан көрдүм дегиче өлдүм дей бер,деп Мамат айтса,беркилер Мырзабекти шылдыңдашып сага жеңе кылып беребиз деп каткырышты.

—Ал өзү билет да кимди тандашты ,деп Мырзабек айтты эле,чычалап кеткен Мамат артта отурган Мырзабекке колун сунуп жакасынан кармап өзүнө тартты да тамеки сасыган оозун жакындатып:

—Мен сага өлөсүң дедим, уктуңбу?Сага эскерттим,жогол эми көзгө көрүнбөй, деп,Мырзабекти коё берип машинадан чыгарып салып өздөрү кетип калышты.Чаңытып кетип бараткан машинаны карап туруп Мырзабек ,,көрөбүз,Анара кимди тандаса өзү билет»,деп, булардын алдында алсыз болуп турганына өкүндү. Келе жатып Сүйүнгө жолукту.Үйүнөн чыккан Сүйүн Мырзабектин азыркы эле окуяны айтканын угуп сөгүнүп койду.

—Досум,аларга теңеле албайбыз го.Жаштары улуу анын үстүнө чөөгө окшоп тобу менен жүрүшөт.Эмне чара колдонмок элек.Топ болуп барып урдук дейли ,эртеси эле азыркыдай болуп машинасына бир бирден салып алып баарыбызды уруп чыгат.Эч кимдин жүрөктөрү даабайт го.

Сүйүндүн бул сөзүндө да жан бар болчу.Такыр бөлүнбөгөн бул үчөө кимге өчөшсө ушинтип бирден кармап алып коркутуп акелетип коё берчү.Өздөрүнөн чоңдорго да кол салышып ,сөз айткандарын ушул жол менен коркутуп коюшканга бир эки жаш улуулар дагы Маматтарга тенелгиси келбей басып кетишчү.Көрсө да көрмөксөнгө салган улуулар атасынын байлыгына көөп жүрөт да деп сөгүнүп кетип калышар эле.

Мырзабектин маанайы чөгүп кечке көңүлсүз жүрдү.Анараны ойлогон сайын Маматтын сөзү кулагына жаңырып ,,меники уктуңбу,»дегени угула берди.Маматка чындап эле ооп кетпес бекен деген Мырзабек өз оюнан өзү коркту.Бирок ,Анара андай акмакты карачу кыз эмес.Ыймандуу кыз кантип эле зөөкүрдү карап калсын деп өзүн өзү жубатып койот.Бирок, Анара Мырзабекти сүйөм дей элек да.Анын оюнда эмне бар экенин ким билсин.Шаарына кетип калса мүмкүн көрбөй деле калышым мумкун.Анарага сен жагасын ,сүйүктүүм болчу деп айткысы келет.Бирок,эми гана жакындашып дос боло баштаган классташын чочутуп албайын дейт.Жакшы мамиле кылып жүрөгүн ээлеш керек деп,Анараны башкага ыраа көрбөй,кыялында колтукташып бирге эрчишип жүргөндү элестетет.Кечки бадаадан кайткан малдарды тосууга иниси барчу,бул жолу анын оордуна өзү малдарды тосууга баратты.Анын ою Анараны көрүү эле.Айылдын четине жетип талаадан түшүп келаткан уйларын күтүп алмакка чогулган айыл тургундарына кошулуп учурашып туруп калды.Анаранын үйү айылдын эң четинде болгону үчүн баары ушул жерден уйларын күтүп алышчу.Көзүнүн кыйыгы менен Анара көрүнбөйт го деп карап койот.Эшигинин алдында кичинекей сиңдиси менен эле иниси бирдеме кылып жүрүшөт.Анара каякта деп сурайын дейт эмне иш менен чакырдың десе эмне дейм деп ,ойлонуп көпчүлүккө кошулуп тура берди.Бир убакта талаадан түшүп келаткан уйлар көрүнүп ,бадаачы айдап жетип келди .Ар бири өзүнүн уйларын таанып айдап кете башташты.Уйлары келгенин көргөн Анара да үйүнөн чыгып эшигин ачып уйларын киргизип жатты.Анараны көргөн Мырзабек ичинен,, Аа үйүндө тура,кандай гана сүйкүмдүүсун «деп ,кеткен уюн айдабай эле Анараны карап туруп калды.Мырзабекти көргөн Анара жылмайып баш ийкеп учурашты да кирип кетти.Анара бара бара жүрөгүн ээлеп баратканын сезип жатты…

Жылмайган жүзүн бир көрүп койгонго жүрөгү ток боло түшкөн Мырзабектин маанайы ачылып уйларынын артынан жөнөдү.

 

УЛАНДЫСЫ БАР…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE