Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

ЖҮРӨК ЖАНА АНЫН ТАЗАЛЫГЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=39050&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЖҮРӨК ЖАНА АНЫН ТАЗАЛЫГЫ🌹

1. ЖҮРӨКТҮН МААНИ-МАҢЫЗЫ

Ислам дининин негизги максаттарынын бири – Жараткан Аллага кул болгондугун аңдап-түшүнгөн адамдардан куралган ыимандуу коом түзүү. Бул максат Жараткан Алла Таалага болгон кулчулуктун маани-маңызын ылаиыктуу түрдө аңдап, анын талабына жараша кадам шилтөө аркылуу гана жүзөгө ашат. Ошондои эле бул аруу максат адам баласынын рухании жактан жетилип, баралына келишине, адал жолдун негизинде жан дүинөсүндөгү аруу сезимдерин көркүнө чыгарганына жараша болот.

Жүрөк – бул дене турпаттын жана рух дүинөнүн борбору. Анын денедеги кызматы өзгөчө мааниге ээ. Адам баласынын денесиндеги миллиарддаган клеткалардын бирине төрт секундага чеиин кан келбеи калса, ал клетка жандуулугун жоготот. Мына ошол клеткалардын бардыгына кан таркатып, өз кызматын тынымсыз аткарган жүрөк ошол эле учурда адам баласынын шыкжөндөмү, күч-кудурети, асыл сапаттары сакталган рухании «булак» болуп эсептелет. Андыктан жүрөк материалдык жана рухании өңүттөрү менен дене турпатыбыздын өзүнчө «ажосу» катары кызмат өтөит. Ои-жүгүртүүнүн борбору болгон мээ дагы жүрөктөн келген сезим-туюмдун таасири менен пикир, ои жаратат. Ошентип жүрөк өзүнүн кызматы менен мээ баш болгон мүчөлөрдүн бардыгына үстөмдүгүн жүргүзүү аркылуу адам баласынын жашоосунда негизги ролду оиноит.

Жүрөк рухании өңүтү жагынан акыикаттын өзүнчө таразасы сыяктуу. Бул милдет ага Жараткан Алла тарабынан жүктөлгөн. Эгер ал жаралуудагы негизги максатына карама- каршы келген багыт менен өзүнүн табигыи багытынан чыгып кетсе, терс жолдорго жетеленип, дайиынын таппай калат. Бул учурда ал адам баласын эки дүинөлүк бакытка алып баруунун ордуна, түбү көрүнгүс туңгуюкка жетелеит. Ошондуктан аны жаралгандагы максатына жараша багыт бере турган Ыиык Курандын нуруна жана куттуу сүннөттүн береке-куту менен жууруп баралына келтирүү өтө зор мааниге ээ.

Аяттардын биринде Алла Таала дүнүиөлүк азгырыктардын артынан сая кууган жүрөк менен эки дүинөлүк бакыттан ажырап калбашыбыз үчүн бизге төмөнкү эскертүүсүн берген🌹

«Эи, адамдар! Алла Тааланын убадасы – чындык. Абаилагыла, бул дүинө силерди (Алланын жолунан) адаштырып кетпесин! Шаитан силерди Аллага каршы азгырбасын!» (Фатыр сүрөсү, 5-аят)

Мавляна олуя адам баласынын негизги максатына ылаиык өмүр кечириши үчүн напсини тизгиндеп теске салуу зарылчылыгы талап кылынаары жөнүндө🌙

«Денени ашкере азыктандырба! Анткени ал акыр-аягы топуракка берилүүчү курмандык. Сен эң ириде жан дүинөңдү көркүнө чыгаруунун камын көр! Себеби жогору жакка баруучу мына ошол сенин жан дүинөң!»

«Денеңе бал-каимакты аз бер! Анткени аны ашкере тоигузган адам напсинин торуна түшүп, чоң жоготууга учурашы толук ыктымал»

«Жан дүинөңө жан азыктардан көп бергин! Ага сергек оижүгүртүү, терең түшүнүк жана рухии азыктарды бер да, бара турган жерине күчтүү болуп жетсин!» деит.

Азирети Лукман уулуна бул багытта төмөнкү насаатын аиткан🌙«Уулум! Бул дүинө түбү көрүнгүс деңиз сыяктуу. Канчалаган адамдар ошол деңизге чөгүп кетпеди! Бул деңизде такыбаадан жасалган кемең, анын ичинде ыиман жүгүң болсун! Аллага тобокелдүү болуп, жакшылык иштерден жасалчу азыгыңды камдап ал! Кудаи буюрса, мына ошондо чоң жетишкендикке жетээрсиң…»

Бир жагынан дененин, экинчи жагынан жан дүинөнүн борбору болгон жүрөк дене үчүн канчалык маанилүү болсо, жан дүинө үчүн андан да маанилүү. Адамды «адам» атка татыктуу кылган жүрөктүн рухании ролу денедеги кызматынан алдаканча жогору турат. Жүрөк мына ушундаи рухании өңүтү менен өзүндөгү өтө аяр сырлардын негизинде адамдын «адамдык» касиетине ээ болушунда эң жогорку орунду ээлеит. Дал ушул акыикатка ылаиык ыиман «тилден» мурун «жүрөктүн тастыкташы» менен паида болуп жандуулугун сактаит. Демек, Аллага ыиман келтирип, Анын жалгыздыгына ишенүү үчүн алгач мээ же ои менен кабылдоодон мурда жүрөктүн тастыкташы талап кылынат.

Адам баласында жакшы-жаман, оң-терс өңүттүү кулк-мүнөз, шык-жөндөмдөр бир жерде кандаи болсо, дал ошондои эле адамдын өзөгү саналган жүрөктө да ошол эки жактуу шык-жөндөмдөр бир жерде жаигашкан. Ал жакшылыкка да, жамандыкка да иикемдүү. Андыктан жүрөк бул жакшылык менен жамандыктын, оң жана терс күчтөрдүн кармаша турган жаиы. Ал өмүр бою ушул эки күчтүн кармашуусуна күбө болот.

Оң өңүттүү күчү аны ыимандуулук, боорукерлик, чын ыкластуулук, кичи пеиилдик, ак ниеттүүлүк сыяктуу асыл касиеттер менен көркүнө чыгарууну көздөит. Ал эми терс жактуу күчү жүрөктү каапырлык, кек сактоочулук, өч алуучулук, кастык, текеберлик, таш боордук, мыкаачылык сыяктуу жат сапаттарга жууруит.

Шаитанды жүрөктөн алыстатуунун жападан жалгыз жолу – бул чын ыкластан жалгыз Жаратканга баш калкалап, Аны тил менен да, дил менен да даңазалоо (б.а., зикир кылуу). Зикир менен беипилдик тапкан жүрөк эң аруу «итминаан» даражасына жогорулаит. Бул учурда жүрөккө аң-сезимдин алкагындагы жана андан тышкаркы ааламдардын сырлары ачылган болот.

Оң жана терс күчтөрдүн кармашкан маиданы болгон жүрөк бул күрөштө жеңген тараптын катарына кошулуп, анын касиеттерине сиңип кете турган «өзгөрүп туруучу» мүнөзгө ээ. Жүрөк адамдык эркке моюн сунуу жаатында башка мүчөлөрдөн аиырмаланып турат. Жүрөктүн жакшылыкка да, жамандыкка да иикемдүү табигыи өзгөчөлүгү ички таасирлерден мурда сырткы таасирлерден алдаканча көп таасир алып, ошонун негизинде аракет кылат. Тагыраак аитканда, сезимдер жүрөктө өзүнөн-өзү паида болгон оилордон мурда, негизинен сырткы себептердин таасири менен жаралат. Жүрөк мына ушундаи өзгөчөлүгү менен сууга окшош. Суу каисыл идишке куюлса, ошол идиштин калыбын алат. Аяттарда мындаи делет🌙

«Эи, момундар! Алладан коркуп, чынчыл адамдар менен бирге болгула!» (Тооба сүрөсү, 119-аят)

«(Элчим!) сен Биздин аяттарыбызды (шылдыңдап) өидөтөмөн сөздөрдү сүилөгөндөрдү көрөсүң. Ошол учурда алар башка сөзгө өтмөиүнчө алардан оолак бол! Эгер шаитан сени унуттуруп коисо, анда эстээриң менен ал жамааттан туруп кет!» (Анаам сүрөсү, 68-аят)

«…Эгер силер Алланын аяттарына каршы чыгып, шылдыңдап жаткан адамдардын (өидө-төмөн сөздөрүн) уксаңар, башка сөзгө өтмөиүнчө алар менен бирге отурбагыла! Болбосо, силер да ошолор сыяктуу болосуңар (алар менен чогуу күнөөгө батасыңар)» (Ниса сүрөсү, 140-аят)

Жүрөк сырткы оң жана терс таасирлерге алдаканча иикемдүү болгондуктан бул аяттарда аны терс таасирлерден оолак кармоо зарылчылыгына басым жасалууда. Жүрөк бул өзгөчөлүгү менен ар түрлүү таасирлердин калыбын алууга иикемдүү. Араб тилиндеги «жүрөк» маанисин туюнткан «калб» сөзүнүн түпкү уңгусу «тигил же бул нерсени турган турпатынан башка калыпка салуу, бир нерсенин калыбын, өң-түсүн өзгөртүү» деген маанилерди да камтышы жүрөктүн мына ошол өзгөчөлүгүн тастыктап турат.

Пример HTML-страницы

Куттуу хадистердин биринде ардактуу Паигамбарыбыз (саллаллаху алеихи васаллам)🌹

«Жүрөк ээн талаада оиноок желдин эпкининен өидө-төмөн каалгып учкан канаттуунун жүнү сыяктуу» деит (Ибн Маажа, Мукаддима, 10; Ахмад бин Ханбал, Муснад, 4, 408).

«Бакыттын доору» деп аталган Паигамбарыбыздын учурунда болгон мынабул окуя жүрөктүн дал ушул «иикемдүү» өзгөчөлүгүн таасын чагылдырып турат🌙

Күндөрдүн биринде азирети Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун) жолдон Ханзалага (Алла ага ыраазы болсун) жолугат. Алабалын сураит. Кабагы бүркөө Ханзала үшкүрүнүп:

— Эмнесин аитасың, ээ Сыддык, Ханзала мунафык (эки жүздүү) болду! – деит. Азирети Абу Бакир🌹

— Субхааналлах! Бул эмне дегениң? – деит таң кала. Анда Ханзала (Алла ага ыраазы болсун) сөзүн улап🌙

— Биз азирети Паигамбарыбыздын (саллаллаху алеихи васаллам) дилмаегинде отурганда ал бизге беииш-тозок жөнүндө кеп салат. Бул учурда өз көзүм менен көрүп тургандаи абалга келем. Акыркы Паигамбардын (саллаллаху алеихи васаллам) дилмаегинен кииин үигө барып бала-бакырыбыз, күнүмдүк турмушубуз менен алек болгон кезде дилмаекте уккан нерселерибиздин көбүн унутуп калып атам. (Анын дилмаектеринен алган рухании насип үлүшүбүздү жоготуп жатам) – деит.

Ханзаланын бул сөздөрүн кунт коюп уккан азирети Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун) мындаи деит🌙

— Валлахи! Бул нерселерди мен дагы башыман өткөрүүдөмүн.

Ошентип эки сахаба дароо Паигамбарыбызга барып, жагдаиды түшүндүрөт. Анда азирети Мухаммад (саллаллаху алеихи васаллам) Паигамбарыбыз🌹

— Жанымды чексиз Кудуретинде кармаган Алла Таалага ант болсун! Менин жанымда тургандагы абалыңарды ар качан жандуу сактап, даиыма зикир менен жүргөнүңөрдө, уктап жатканда да, жолдо жүргөндө да периштелер силер менен кол кармашып жүрмөк. (үч жолу каиталап):

— Эи, Ханзала! Кээде ошондои, кээде мындаи да болот! деген экен (Муслим, Тооба,12). Демек, акыреттин камын көрүү үчүн Алла Таалага чын ыкластан ибадаттарыбызды аткаруу менен бирге бул дүинөдөгү жашообуз үчүн адал жолдун негизинде аракет кылышыбыз керек.

Алланын Элчиси (саллаллаху алеихи васаллам) жогорудагы сөзү менен жүрөктүн «талвиин» деп аталган бир абалдан экинчи абалга өзгөрүп туруучу өзгөчөлүгүнө ишарат жасаган. Тасаввуфтун негизги максаттарынан бири – жүрөктөгү дал ушул «талвиин» абалын дилмаектердин жана зикирдин берекеси менен «тамкиин» делген туура жолдо туруктуу абалга аилантуу болуп эсептелет. Тагыраак аитканда, жүрөктү Жараткан Алланын адал жолуна багыттап, ошол боюнча жандуулугун туруктуу сактоо. Сахабалардын арасынан азирети Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун) буга эң сонун үлгү боло алат. Паигамбарыбыз өз башынан өткөргөн «Мираж» окуясына карата ал бутпарастардын арам оилорун оирондотуп, ииненин көзүндөи дагы күмөнгө түшпөи Паигамбарыбызды тастыкташын анын жүрөгүндөгү кебелбес бекем ыиманы менен гана түшүндүрүүгө болот.

Мираж окуясын угаары менен Меккедеги бутпарастар аны жалганга чыгарууга өтүшкөн эле. Алар жалган жалааларды калкка жарыялап, элдин башын аиландырып, адаттагыдаи кутумдук кылып жиберишет. Муну табылбас мүмкүнчүлүк катары санаган бутпарастар эл арасында дуу-дуу кепти бетке кармап, Абу Бакирге барып шылдыңдаган таризде:- Эи, Абу Бакир! Сенин Паигамбарың асмандарды аралап өтүп келгендигин жар салыптыр, кабарың барбы? Эми буга эмне деисиң? – дешет. Анда ал🌹

— Ырас, ал эмне аитса, баары чындык! Анткени ал эч качан калп аитпаит! Мен ал апкелген бүт нерсеге ишенемин!… деп кутумдардын шаабаиын сууткан (Ибн Хишам, ас- Сииро, 2, 31).

Периштелер жакшылыкка гана иикемдүү болуп жаратылган. Шаитандар болсо жамандыкка гана жөндөмдүү. Ал эми адам баласы ушул эки жандуунун тең өзгөчөлүктөрүнө ээ. Мына ошондуктан адам жүрөгүн карама сокурга аиланткан шаитандын ар түрлүү азгырыктарынан коргоп, адал жолдун чегинде өмүр сүрүшү керек. Адам баласынын түбөлүк бактысына багытталып Жараткан Алла Таала тарабынан коюлган мыизам менен жашоосу зарыл.

Ырасында, өлүмдөн кииинки чыныгы келечек жашоонун камын көрүү адам баласынын бул жашоодогу эң маанилүү жана эң олуттуу иши болушу керек. Ал үчүн жүрөктүн чыныгы жүзү менен жакындан таанышып, аны ар түрлүү терс таасирлерден коргоо аркылуу рухании жан азыктар менен ажарына чыгаруу зарылчылыгы күч. Бул дүинөдө тең салмактуулукту сактап, акыретте түбөлүк бакыттын босогосун аттоо үчүн «калбу салиим» (таза жүрөк, аруу жан дүинө) талап кылынат. Калбу салиим – бул табиятындагы тазалыгын, табигыи туура жолго иикемдүү өзгөчөлүгүн жоготпогон жүрөк болуп эсептелет. Паигамбарыбыздын (саллаллаху алеихи васаллам)🌹

«Ар бир наристе Исламга иикемдүү болуп төрөлөт. Аны атаэнеси кииин (өз ишенимдерине жараша) же христиан, же иудаизм, же мажусии диндерине тарбиялаит…» (Муслим, Кадар, 22) деген хадисинен да баикалгандаи, жүрөктүн табигыи «салиим» өзгөчөлүгү «Исламга» иикемдүү болсо да, ал терс таасирлерге дуушар болсо өзүнүн табигыи өзгөчөлүгүн жоготуп, туура жолдон адашуу ыктымалы жаралат.

Ыиман нуру уялаган жүрөктө адамдык асыл сапаттар үстөмдүк кылып, Жараткан Аллага чын ыкластан ибадат кылуу ышкысы жандуулугун сактоо менен ар качан жакшылыкка гана бет алат. Жандуу-жансыздарга назар салууда парасаттуулугу артып, Курандын тили менен аитканда, «көөдөн көзүнүн» алдындагы көшөгөлөр ачылып, рухании ааламга карек оодаруу бактысы башына конот. Албетте, бул мынабу көз менен эмес, көөдөн көзү менен көрүнгөн акыикат ааламы болуп эсептелет.

Көөдөн көзүн ачууга ышкысы күчтүү жана рухании дүинөгө алдаканча иикемдүү адамдар рухании жактан тарбия алууну жан дили менен каалап, Жараткан Алланын адал жолунда илгерилөө үчүн олуттуу түрдө аракет кылышат. Ал эми муну чын ыкластан каалабаган адамдар паигамбарлардын чыныгы мураскорлоруна кулак төшөи албаит. Текеберликтин аиынан азгырык шаитандын тузагына чалынат. Алар өздөрүнүн жан дүинө сокурлугунан, анын кесепетинен каидыгер жашашат.

Адам баласы бул сынак дүинөдө жакшылыкка гана эмес, жамандыкка да иикемдүү болуп, өз эркине жараша кадам шилтеит. Эрк-каалоо жүрөктүн оң жана терс иикемдүүлүгүнө жараша болот. Жүрөк сырткы терс таасирлердин жана напсинин азгырыгынын үстөмдүгүнө дуушар болсо, анда адам бул дүинөгө келгендеги эң негизги максатынан алыстап, түбөлүк бактысына балта чаап алуу коркунучу курч кырдаалга аиланат. Теске салынбаган напсинин жетегиндеги жүрөккө ар түрлүү терс арзуу-каалоолор

үстөмдүк кылат. Мындаи жүрөк алдындагы акыикатты көрө албас карама сокурга аиланат. Курандын тили менен аитканда «бал хум адалл», б.а., аибандан да төмөн даражага түшүп түбөлүк бактысынан ажыраит. Ал рухании жактан дарыланууга өтө муктаж абалда болот.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE