Пример HTML-страницы

«Жашагым келет бактылуу!»

https://kyrgyzcha.site/?p=55041&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Жашагым келет бактылуу

Бир жолу жаралган сон бул дуйного ар бир адам бактылуу жашоону кыйалданып омур сурот.Бакыт деген эмне деги озу? Балким муну ар ким ар турдуу тушунор.Бирок мен учун бакыт,бул ата-энендин жана бир туугандарындын ден соолуктары дуруз болуп,коздорунон жаш акпаса.Эл катары тынч жана амандыкта уй-булобуз менен чогу жашасак.Ооба мен бакытты дал ушундай тушунгом.Бирок бул менин тушунгон ойлорум балалыгым менен мен ойногон чон суулардын бойлорунда калыптыр.Балалыгымдын издери калган айылыма коз чаптырганым сайын журогум бир зымырап отот.Аттинай бала бойдон калсам болмок……………………

Мен биздин уй-булобуздогу жалгыз кызмын.Менден чон эки агам жана бир иним бар.Эки агам уйлонгон бала чакалуу.Кудайга шугур агаларым аябай ыймандуу жана боорукер.Турмуштан оз ордуларын табышып оз окаттарын оздору кылышат.Инимда ата энемдин конулун калтырбайт.Ата -энем,агаларым менен иним ар дайым менин коздорумо карап турушат.Мени аяшат.Эч качан менин конулумдуу оорутар бир да соз айтышпайт.Балким чындыгында ушулдур бакыт деген.Бир омурго мункунчулугу чектелип,туубаса эки буту иштебеген кыз эч качан бакыт деген создон маанисин тушуно албай омур ото берет экен.Ооба мен торолгондо эле эки буту иштебеген майып болуп торолгон экенмин.Дарыгерлердин канчалаган меенеттерине карабай мен барибир баса алганым жок.Пешенеме жазылганы ушул болсо,тагдырга там берип жашагандан болок айлам канча.Башка балдардай жугуруп ойноп журбосомда,барибир менин балалыгым ото бактылуу отту.Биз менен чогу жашаган чон энем,ар дайым мени менен чогу болуучу.Ал мага ото укмуштуу жомокторду айтып берчу.Мен чон энемдин жомокторун кееде ыйлап кееде кулуп тыншачумун.Себеби чон энемдин жомокторунда башында аябай кыйналган адамдар акырында бактылуу болуучу.Басбай калган кыздар кудайымдын кудирети менен басып кетишчу.Мен чон энемдин жомокторуна ишенип,бир кун келип басып кетишимден умут узбой жашап келем.Бирок дуйнодо куткондон откон азап жок экен…….

Он сегиз жаш деп ырдаса ырчылар,дене бойум жымырап кетет.Журогумдо мурда эч качан болуп корбогон сезимдер пайда болду.Ар бир жаштын озгочо бир ыраахаты бар эмесби? Жан дуйномду бийлеп алган ал сезимдер эч мага уйку бербей койду.Кыйалдарымда башка кыздардай кылыктанып,кимдидир суйуп,кимдидир суйдуруп жашагым келди.Сагынсамда мен аларды,сагындырып жашагым келди.Канча жолу озумду колго алып,озумду озум жемелеп -кой сен болок кыздарга тенелбегин.Алардын жети мучосу соо,мункунчулуктору чектелген эмес.Сенин болсо эки бутун тушалган деп озумду токтотсомда,журок кургур баш ийбейт турбайбы?…………….

Гулдой ачылган омурумдо бир жолу келип жоктобогон махабат сезимдерин кутуп жашаганым менен омур деген мени кутпойт экен.Эх суйуу деген кандай гана ырахаттуу,кайталангыз сезимдер.Менин ойумча суйуу бул озунчо бир аалам болсо керек……………

Коздорумдон жаштыгымдын жалындары оттой жанып турган,омурумдун он сегиз жаштан жыйырма беш жашка чейинки убактысында кимдидир кутуп жашадым.Жомоктогу селки оз мырзасын куткондой.Бирок мени тушунгон кыргызымда бирда жигит жолуккан жок мага.Мен учун мойунга алуу канчалык оор болсода мен аларды тушуном.Майып мырза менен аял жашашы мункун бирок майып кызга мырзалардын уйлонушу ото кыйын.Уй тиричилиги ,бала бакча деген бар эмесби?…….

Жалындаган жаштык кез улам сайын алыстап жашым жыйырма бештен ашкан сон,сокурдун умуту узулбойт дегендей,жан дуйномо жакын жолобосода,жок дегенде журок эшигимди бир жолу черткилеп отпогон махабат сезимдеринен конулум калып,эне болуу максаты пайда болду журогумдо.Апакай кызым же уулум болсо кандай жакшы болмок.Ак сутумду берип эмгизип,аппак кылып жууп тарап чонойтмокмун.Кичинекей колдорунан кармалап,наристе жытына тойуп жыттасам,бар арманымды унутат белем.Бироого зар бироого кор дуйноо дегени ушул экенда,Озу торогон балдарын таштап кеткен,оз балдарын олтургон,бойунан алдырган энелерди окуп калып,журогум титиреп кетет.Мага окшоп бала десе,коздорунон кан акса,аларда тушунмок.Айбандар кылбас жорукту биздин энелерибиздин кылып жатканы аябагандай окунучтуу…………………….

Ар куну эрмегим сайма сайуу жана ар турдуу гулдорду остуруу.Ошолордон ырахат алып жашап келем.Гулдор гулдосо кошо гулдоп,гулдор солуса кошо солуй берем.Гулдой омуруп куйрап бара жатсада журок кургур куйрабайт турбайбы.Сезимдерден калды конулум,жолукпады жолдорумдан бирда инсан мени тушунгон.Ушунчалык эмне болду экен жазганым.Мынчалык пешенем шор болбосо менин.Жок дегенде эне болуу бакты мага жазылса болмок……

Башыма асман тушуп,булугуп ыйлай албаган булуттардай конулум ооруп турсада,ата энемден коз жаштарымды жашырып аларга кулуп караймын.Ар дайым сезип турам,апам менен атамда менин тагдырымды ойлоп журоктору канап турсада мага сездирбегени арекет кылышат.Мен аларга озумду бактылуу корсотконум менен,барибир эне журогу сезимтал болот экен.Менин журогумдон откон ар бир ой сана апамдын журогуно канжар болуп сайылып,кокурогун сыздатып отуп жатты……..

Журогум соккондон токтобогон сон баарына кайыл болуп жашап калдым.Же махабаттан,же суйгон жардан,же болбосо баладан жолун болбосода жашаганы мажбур экенсин.Турмуш дегени курош турбайбы.Ата -энелер балдарынын келечеги учун тиш тырнактары менен курошуп жашашат.А менчи? ким учун курошуп жашап жатканымдыда билбеймин…………………

Оз колум менен баланы жасап ала албасамда,эне болуу максатымдан эч кече албадым.Коксогонум гана бала болуп калды.Бассам турсам эч ойлорумдан бала кетпей койду.Коздорумду жумсам эле кулагыма наристелердин ыйлаган жана кулгон ундору угулат.Ичиме жаздыкты салып алып,озумчо кош бойлуу аялдардай керилип,ичимди мееримдуу коздор менен карап сыйпалап уктоочу болдум.Колумду сурап бирда эркек келбеседа барибир эне болуу ойлорумдан кайта албадым.Озумду озум алдап жашай бердим…..

Бир куну апама -апа жашым деле бир канчага келип калды.Колумду сурап бирда инсан келген жок.Кун откон сайын омурум отуп жатат.Эгер атам окоонуздор макул болсонуздар мен балдар уйунон бала багып алат элем.Кутуудон жалгыз жашагандан жададым апа.Балдарым болсо алар менен кун кеч кирип,тан тез атып,майып экенимдида унутмакмын.Алар менин эрмегим жана келечегим болмок дедим.Апам копко ойлонуп калды.Коздорунон мончок,мончок жаштарыда тогулуп кетти.Ал -кызым,кыз баланын бала асырап алганы жакшы эмес.Ушунча чыдадын,куттун дагы бираз куто турчу чырагым.Кудайымдын буйруганы болор.Мен атанада айтып коройун,агаларын менен кенешип бир чечимге келербиз деди.Апамдын создорунон азырда болсо мени ак койнок кийгизип,ак батасын берип астанадан узатуу максаты бар экенин тушундум.Эх барибир апа экенда.Солуп жаткан кызында аппагым дейт.Бактысын тилейт экен.

Менин тагдырым жонундо соз козголгондо атам байкуш менден коздорун алып качып жер карайт.Ал менин майып торолгонумо озун бир омурго куноолоп жашап келет.Апам мага атам жонундо эч нерсе айткан эмес болуучу.Бирок жакын бир туугандарыбыздын бири мага-сен апандын боюнда болгонунда атан мас болуп келип апанды ото коп токмокточу.Болор болбоско кызганып.Анда атан ото коп арак иччу.Сенин буттарын кыйшайып торолгонундо,дарыгерлер сени туубаса майып торолду дешти.Ошондон сон атан арагын токтотту деген болуучу.Эл эмне деп айтышсада мен атамды эч качан жаман коздор менен караганым жок.Себеби мен жашооумду ата-энемсиз элестете албаймын……

Айдын он беши жарык он беши карангы дегендей бир куну апама бироо чалып калды.Атам менен апам -биз азыр келебиз кызым деп шашылыш жоноп кетишти.Кайсыл жакка кетип жатышканын айтпаганына аябай тан калдым.Себеби алар менден эч нерсени жашырышчу эмес болуучу.Бир убакта апам колуна оролгон торолгонуно бир эки кун болгон наристени которуп келди.Коздорумо эч ишенгим келген жок.Апам мага-мее кызым бул наристе эми сенин кызын болот дегенде ыйлап жибердим.Колдорума алып,кучагыма кысып наристе жытын жыттаганымда бутун дене бойум жымырап жанып кетти.Эх бала деген эмне гана кылбайт экен адамды.Ошол кундон баштап кайгы эмне экенин унуттум.Баарыбыздын эрмегибизда,кылар ишибизда ушул бала болуп калды…… Мага койо тур кызым деп койгону менен да апам атам менен кенешип балдар уйуно жазылып койушкан экен.Менин кызымдын апасы Москвада иштеп журуп,кыргыз эле бир жигит алдап таштап кеткен байкуш бир жаш кыз экен.Ата энесинен жакындарынан сыр тутканы учунда тороп эле таштап кетип калыптыр.Мейли жанылбаган адам болбос.Эмне болсода бул эми менин кызым.Мага бул кызды кудайымдын озу жеткизди.Бул кыз менен кудайым мага бар бактымды берди.Башка кыздардай ак койнок кийип,турмушка чыгып торобогон болсомда,кызым бар,ата энем жакындарым бар жашагым келет бактылуу!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE