Пример HTML-страницы

«ЖАПАЙЫ РОЗАЛАР».     7-БОЛУМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=42084&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ЖАПАЙЫ РОЗАЛАР».    

7-БОЛУМ.

 

 

Турсунайдын келем деп болжогон саатынан өтүп кеткен болучу.Акыркы кабатка түшкөнүбүздө Гүлай эже эки жагын карап токтоп калды.Анан тышка чыктык.

-Э ботом,менин иним ушул жерде турмак эмес беле!Кокустан жолдоштору кезигип калып,ошолор менен бир жакка басып кеттиби?Ресторанга кантип кирсин,менин келгенимди көрүп туруп.Сен ушундай туруп турчу,тааныган бирөо болсо издетейин.

Гүлай эже сумкасын мага берип,ары басты.Ошол замат артымдан бирөө каруумдан кармады.Кылчая карасам-Майрамбек.

-Мен силердикине баратам.Эжең чакырып келиптир.

-Чогуу конок болот экенбиз го.Баса,эжең келдиби?

Башымды чайкадым.

-Анан эмнеге мынча кечиктиңер? -деди эки жагынан бирөөнү издегенсип. -Эжекем кайда кетти?

Гүлай эже ар жактан эле сүйлөнүп келатты.

-Э,Макен садага,кайда жүрөсүң издетип?

-Ушул эле ченде турганмын.Сизди мен ресторанда жумушу бар го деп ойлоптурмун.

-Тапкан акылын.-Гүлай эже күлүп койду.-Жалгыз мага ресторанда суутуп коюптурбу?

Колумдагы сумканы Майрамбек алды.Жүрөгүм дүкүлдөйт. Менин келеримди Гүлай эженин үй-бүлөсү да күтүп турушкан окшойт.Звоноктун үнү чыгар-чыкпастан эле балдар дүбүрөп калышты.

-Мамочка,Махабат эже ушулбу?-деди тестиер кыз энесин кучактап.

-Ооба,Махабат эжең ушул.

Балдар мени жылмая карашат.Жол бошотуп,адеп көрсөтүшөт.

-Апа,тамак даяр болду.

-Апа,чай кайнап жатат.

Балдар ашкана менен биз олтурган үйдүн ортосунда чуркап жүрүштү.Карап олтуруп бактылуу аял экен деп ойлодум.Жапжаш туруп төрт баласы бар экен.Анан дагы заказ менен төрөлгөнсүп экөө кыз,экөө эркек. Батыш эжемдин балам жок деп басынышынан да жөнү бар экен да. Ал үйдө да ушундай булбулдар сайрап турса көркүнө чыкпас беле.

Айыл-чарба институтунун сырттан окуучу студенттеринин жаңы программасы жөнүндө Майрамбекке түшүндүрүп жатканына караганда,жездеси зоотехникалык бөлүмдүн кафедра башчысы болсо керек деп түшүндүм.

Айланамда олтурган үй ээлеринин көздөрү кичинесинен чоңуна чейин мага тигилгенсийт. Кайра-кайра карашат. Мени сынап,мени байкап жаткандыктарын түшүнүп олтурдум. Эч кимисине карагым келбей, чайыма бир чакмак кант таштап коюп тынымсыз аралаштыра берем. Мендеги сүрдөө менен толкундоо тең жарышат. Келгенден бери Майрамбекти тик багып биринчи жолу даап карадым.Баарынан да анын өз өңүнө жарашып турган кызгылтым калың ээрди мага көбүрөөк жагат. Жүрөгүм сызыла түшүп,кандай бактылуу кыз ушул эринди өбөөр экен деп ойлодум.

Гүлай эже төркү бөлмөдөн чыгып менин жаныма келип токтоду.

-Махабат садага,төшөгүңдү салып койдум.Саат бир болоюн деп калыптыр.Жатып эс алгыла.-Чачымдан сылап бир демге токтой калып,өрөпкүй түшүп сүйлөдү.-Сени келин кылып алып кетирбей койсом эмне болоор эле,же Макенимди койчу деп чанасыңбы?

Жүрөгүм болк дей түштү.Аялды мостоё тиктедим.

-Макениме жарашыктуу колукту болоор элең?

-Гүлай,сен эмне деп баланы чочутуп жатасың.-Барыктабас жезденин сөзүн угуп,ордумдан козголо берип,башымды акырын көтөрдүм.-Тамашанын да тамашасы бар.

Майрамбекти карасам кыпкызыл болуп кетиптир.Гүлай эже каткырып жиберди.Мени чачымдан дагы сылады.

-Махабат эмне,тамашаны түшүнбөгөндөй макоо кыз бекен.Жакшы көрүп ичим элжирегендиктен эмне деп эркелетээримди билбей айткан бир сөз да.-Колумдан тартты.-Жүрү төшөгүңдү көрсөтүп коёюн…

Мага туш-туштун баары эле эшик өңдөнүп көрүндү.Майрамбектин кайсы үйгө жатарын да билген жокмун.Жүрөгүмдүн дүпүлдөгөнү, өз төшөгүмдү көргөндөн кийин гана басаңдаган өңдөнүп,көңүлүм жайлана түштум

Уйкум ачылып кетти.Убакыт өтпөй,түн бир жерге байланып калгансыйт. Жалгыз гана азоо тайдын дабышындай дүпүлдөп соккон жүрөгүмдүн урушу,жанымды жай алдырбай күчөгөндөн күчөп удургуйт. Кулагыма дабыш угулгансыйт. Бирөө дем алгансып сезилет. Ана,эшикке жакындап калды дейм ичимден думугуп. Башымды жаздыктан көтөрө берип,дабышты элее тыңшайм.Алда кимден коркконум,же күткөнүм экени белгисиз бир күч тынчымды кетире баштады.Азыр эле кулагыма угулуп жаткан дабыш кайра баштан тымтырс боло түшөт. Коңшу бөлмөдөн кимдир-бирөөнүн керебетти кычыратып тынымсыз оодарылып жатканын угуп,Майрамбек ушул бөлмөдө,менин катарымдагы эшикте жаткан экен деп ойлойм.Керебет эми мурункусундай көп кычырабай калды.Уктап баратат дейм,башымды кайра жаздыкка коюп.

Бир кезде мен жаткан бөлмөнүн эшиги болор-болбос кыйт дегендей болуп калды.Башымды көтөрүп дабышты кайра тыңшайм.Үйдүн светин кимдир бирөө жарык кылып жиберди.Башымды жулуп алдым.Көзүмө эшик алдында турган Майрамбек көрүндү.Секирип туруп,керебеттин үстүндө олтуруп калдым.Колунда журнал.Анын али жата электиги көрүнүп турду.Анткени ал кийимчен болучу.Эмне үчүндүр калтырай баштадым.

-Мыкат!-деген ички сезимден чыккан алсыз үн угулду.-Мен сени менен кичине сүйлөшүп олтурайын десем,жатып алган турбайсыңбы?

-Кетиңиз.

-Эмне болду?Же мени түн жамынган каракчы деп коркуп турасыңбы?

-Антип деле ойлогон жерим жок.Эртең деле убакыт бар го.

-Жаныңа беш эле минут олтуруп кетейин.Сен кийингенче мен чыга турайын.Ушуга макулсуңбу?

Сүйүнүп кеттим.Кандай акылдуу,тартиптүү жигит деп ойлодум,баякыда Айдардын камынтпай туруп кучактап,күч менен өбүүгө аракет кылганы кылт эсиме түштү. Майрамбек чыгып кетти.Мен ордумдан секирип туруп,кийине баштадым.Чачтарымды оңдоп,күзгүгө карандым.

Майрамбек кайра киргенде,бир жакка баруучудай болуп толук кийинип алган болчумун.Ал мени кумарлуу тиктеп туруп,колумдан жетелеп кирип креслого олтургузду. Жигиттин мага урунган колунан титиреп,майда калтырак басып турганын билдим.Биз бири-бирибизди күлүмсүрөп кароо менен үндөшпөй,бир топко олтура бердик.Менин билгеним,мага туюлганы күч менен дөшүгө тийген болот балканын үнүнө окшогон бир добуш бүткүл үйдү солкулдатып жаткандай болду.Мен аны өз жүрөгүм же Майрамбектин жүрөгү экенин ажырата албай,эки магниттин ортосунда калгансып манжаларымды кайра-кайра кырсылдатып, өз колумду өзүм кармалай бердим.Бир кезде Майрамбек ордунан салмактуу козголду.

-Ишенесиңби, Мыкат,мен өз тагдырымды, өз жүрөгүмдү,өз сүйүүмдү cага бердим.Ал,баарын ал сен…

Майрамбек мени өзүн көздөй тарты.

-Эмне кылып жатасыз?Коё бериңиз мени.Жөн сүйлөшөлү.

-Коё бербейм.Оозуңдан сүйөм деген бир ооз жакшы сөз укмайынча таң атканча,күн чыккыча ушинтип кучактап олтура берем.

Эмне деп жооп берээримди билбей ойлонуп жаттым.Эгермен анын ушул сунушунан баш тартсамэле, Майрамбек эртең эле Фрунзенин сулуу кыздарынан бирди сүйлөшүп алып кетүүчудөй көрүндү.Менин бардык жакшы ой,жакшы тилегимди кыйратып жаткан жалгыз гана окуу болду.Өзүмдүн жаман оюмда,Майрамбекке сүйөөрүмдү билгизсем эле,ал мени эртең эле өзү менен кошо ала кетүүчүдөй туюлду.Атам менен Батыш эжемдин,өз кызындай өмөчөктөгөн Эламан жездемдин ишениминен ажырап калуучудай болдум.Ал эми Майрамбектен ажыроо андан да оор болоорун билип турдум.Менин жанымда олтурган бул сүйкүмдүү жигитти өзүбүздөн үйдөн биринчи жолу көргөндө эле жактырып калганымды өз жүрөгүмдөн башка жан киши билүүчү эмес.Алдымда келечек тагдырымдын чечүүчү мезгили сагалап турду.Ушул жерге келгенде катуу онтоп жибердим.Ооба, бул жашоо да.Жашоо турмуш оюнчук эмес да.

Эмне кылаарымды билбей башым маң болуп,санаам самандай сапырылат.

-Махабат!

-Ии.

-Эмне мынча үшкүрдүң?

-Үшкүрбөй турган иш болуп жатабы?

Унчугушпай калдык.

-Ойлоп көрчү,сен экөөбүздүн тилегибиз бир жерде болсо,бардыгы жайында болот.

-Кантип?-Майрамбектин колдорун өзүмдөн бошото албай жаттым.

-Сен деп соккон жүрөгүмдү жерге тепсебе…

-Мени жайыма койчу,Макен. Обол мурун окуумду бүтүрөйүн.Бул сөз ошондон кийин болсун…-Мен сени окууңду ташта деп жатамбы?Окуй бересиң.Мен сырттан окуйм.Экөөбүздүн бүтүшүбүздүн ортосунда 2-3 жылча айырма болот.Андан кийинки турмуштун баары каалашыңча өтөт.-Майрамбек дагы эле калтырап,үнү дирилдеп чыгып жатты.-Макулдугумду алып,өзүнө жаржамчы чабан кылып алат экен деп жатасыңбы?Жок, жаным,такыр андай болбойт.-Анын жүрөгү менин жүрөгүм менен үн алышкансып угулат.-Өзүң айткандай эле болсун.Он жыл күт десең он жыл,он беш жыл күт десең он беш жыл күтөйүн.Макул деп койчу.-Чынбы? -Өлүп кетейин,карыганча күт десең да күтөм.Майрамбектин сөзүнө ишендим.Окуумду бүткөндөн кийин да көрө жатаарбыз деп ойлодум.Унчукпай калдым.Эки колун эки жаагыма коюп,оозун оозума жакындатып келатканын байкап башымды буруп кеттим.Мен Майрамбектин жүрөгүнүн согушу мурдагыдан да катуулап баратканын билдим.Коркуп кеттим.Ушул жерде кокус жүрөгү жарылып кетпесин деген ой көңүлүмдү чагылгандай аралап өттү.Мен буга чейин мынчалык катуу соккон жүрөктү биле элек болчумун.Ал эми муунунун титиреп,бүткөн боюнун калчылдаганычы. Ушунун баары мага бир укмуш керемет,жалганда жок жаңылыктай болуп туюлду.Баякыда Бурулдун айтканын эстедим.Ошондо менин жүрөгүм да ушул Майрамбектин жүрөгүнө окшоп соккон экен. Деги жүрөктөр кызык болсо керек.Жакшылык менен жамандыкты өзүңдөн мурун сезип,өзуңдөн мурун түйшүгүн тартат.Жер жүзүндө жүрөктөй жүк көтөргүч баатыр болбосо керек.-Мыкат, жаным,таалайым, жооп берчи батырак.Макул дечи.-Айтпадымбы. -Эмнени айттың?Эчтеке укканым жок.Айтсаң эми сүйөм деп.-Жигит мени өпкүлөп жиберди.Сүйөм деген сөздү жүрөгүмдө миң кайталап,оюмда кыйкырып жатсам да Майрамбектин алдында төгө албай турдум.Өпкөм көөп,беттерим чыңалып чыкты. Көөдөнүмдөн чыккан бир наристе үн дүйнөгө жаңы көз ачып,жумурткадан жаңы чегилип аткан жансерек балапандай алсыз чыкты.-Сү-й-өм. ..Майрамбектин денеси отко салган темирдей денемди каарып,жаагыма тийген бетинен тер төгүлүп жатканын сездим.-Өмүрүм өткөнчө,күчүмдүн жетишинче төбөмө көтөрөм.Ракмат. Сүйгөнүм,сүйүнтөөрүм. Сүйөм деген оозуңдан.

 

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE