3- БӨЛҮМ..
– Бүгүн ооруканадан анализдерди алып коёлу, ээ?
– Жанар, Адилетти эмнеге урдуӊ?
– Кайдан билдиӊ? Ал сага бир нерсе дедиби?
– Жок, бирөөлөр айтышты.
– Оозуна алы жетпегендерге ошондой эле жарашат.
– Ал эмне, мен жөнүндө бир нерсе дедиби?
Жанар үндөгөн жок.
– Анализдердин жыйынтыгын алалы,- деп сөздү бөлдү. Окуу жайдан чыгып бир аз басканда эле Адилет топтошкон балдар менен тосуп чыкты.
– Экөөбүздүн сөзүбүз бүтө элек.
– Адилет, азыр Аруукени жеткирип анан келем, макулбу? Эркексиӊби, күтүп тур!
– Эй, сен өзүӊө өтө эле ишенет окшойсуӊ, ээ? Желиӊди чыгарып коюш керек экен. Адилет менин иним болот. Мунун башынан бир тал түшүргөн киши менин душманым. Мен сени жейм, түшүндүӊбү?!- топтун арасындагы олбурлуу кара жигит Жанарды жөөлөдү.
– Адилеттин байкеси, биринчиден, иниӊди эркек кылып тарбияласаӊ болмок. Экинчиден, кызымды узатып коёюн. Сага келип жолугуп кетем.
– Жанар, теӊелбечи, бас кете берели!- Арууке сөзгө аралашты.
– Чоӊ кыз, бүгүн сенин жигитиӊди үйүнө жибербейм. Бар кете бер!- олбурлуу неме Аруукени карап кекенди.
– Эй, жигит, антип сүйлөбө, ал кыз. Мен жеткирип коёюн, анан келем.
Жанар 10 чакты баланы аралап Аруукени жетелеп жөнөдү. Капыстан Адилет Аруукенин колунан кармап калды.
– Сойку, бүгүн жигитиӊди жер менен жер кылам. Бул сөздөн кийин Жанар бурулду да, Адилетти ээк талаштыра муштап жиберди. «Кач!» деди Аруукеге. Жанар балдардын арасында калып калды. Аруукени ары жулкуп, бери жулкуп четке чыгарып салышты. Ортодо Жанар улам жыгылып, улам тура калып бирөөнү муштап жатты. Бир маалда капысынан четте турган Аруукенин эсин жоготуп кулаганын байкап калды.
– Токтоткула, ал жыгылып калды!- бети-башына тийип жаткан муштумдарды сезбей, бошонууга аракет кылды. Бирок аны эч ким уккан жок. Кимдир бирөө аны башка катуу тээп жиберди. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй калды. «Суранам, токтоткула! Кызга жардам керек. Ал жыгылып калды!»- Жанар Арууке тарапты жаӊсады. Өзүнүн алсыздыгына арданып ыйлай баштады. Тигилер дүпүлдөтүп эле тепкилеп жатышты. Жанар акыры сойлоп жөнөдү. Аркасына, башына, туш келген жерине эле ар кимдин соккусу тиет. Эптеп Аруукеге жетсем дегенде эки көзү төрт. Капыстан бирөө «качтык!» деп кыйкырды. «Азыр жетем, Аруш, азыр» ый аралаш сүйлөнүп, сойлоп келе жаткан Жанарды Адилет болгон күчү менен бет талаштыра тепти да, качып жөнөдү. Жигит Аруукенин колун кармаган боюнча эсин жоготту.
* * *
Жанар ооруканадан эсине келди. Жанында иниси отурган экен. «Арууке… Арууке, эмне болду?» деди дароо эле. «Байке, сиз 2 күн эсиӊизге келе албай жаттыӊыз. Деги эмне болду эле? Апама эч нерсе айткан жокмун. Милиция кызматкерлери да сиздин көз ачышыӊызды күтүп жатышат» деди иниси. Жанар турууга аракет кылып, бирок анысынан майнап чыкпады. Көӊүлү айланып, өзүн жаман сезип кетти. Таптакыр алы калбаптыр.
– Анарбек, телефонум кайда?- иниси телефонун сунду. Дароо эле Аруукесине чалды. Бирок кыздын телефону өчүк экен.
– Жанар байке, деги эмне болду эле?- деди Анарбек тынчсызданып. – Бул жакка Адилет деген группалашыӊыз да келген. «Ойгонсо чалып кой» деп жаткан болчу.
– Чакырчы.
Аз өтпөй күнөөлүү түрдө башын салып Адилет кирип келди. «Тууган, кечирип кой. Ачууга алдырып коюптурбуз. Милицияга арыз жазба. Мен дарыланганыӊды төлөп берем» деп кирип-кирбей жатып чебелектеди.
– Сенин үстүӊдөн арыз жазыппы? Эй, чөө! Экөөбүз башкача сүйлөшөбүз!- Жанар ызырынып алды. – Арууке кайда?
– Аны башка ооруканага которуп кетти дешти го. Ал эч нерсе деле болгон жок.
– Аруукеге бир нерсе болсо, сени тирүүлөй жейм!
Жанар ооруканада дагы 2 жумадай жатты. Арууке башка ооруканада 2 күн жатып эле чыгып кеткенин Адилет айтып келди. Бирок ал эмнегедир бир да басып келген жок. Телефону дагы деле өчүрүлүү. Сабактарына да барбай жатыптыр. Муну да Адилет айтып келген. «Эӊ башкысы, аман болсо болду» деп ойлоду. Ооруканадан чыккан күнү эле ал Арууке жашаган көп кабаттуу үйдүн короосуна барды. Кайсы кабатта, канчанчы батирде жашаарын билбейт. Балким, чыгып калабы деп короодо түн киргенче отурду. Бирок Аруукеден кабар жок. Ошол короодо жашаган 2-3 кишиден сурап көрдү. Бири да тааныбайт экен. Жанар ал күндүн эртеси да көп кабаттуу үйдүн короосуна келип күтүп отурду. Акыры ар бир кабатты кыдырып сурап чыкмакчы болду. Тепкичтер менен өйдө чыкканда башы лакылдап ооруп жатты. Ага да кайыл. Биринчи кабаттагы 3 каалганын бири да ачпай койду. Экинчи кабаттагы батирлердин биринин эшигин ачкан кичине кыз «Арууке эже төртүнчү кабатта жашайт» деп Жанарды кубандырды. Канчанчы батир деп сурабастан эле шаша-буша төртүнчү кабатка көтөрүлдү. Бет маӊдайындагы эшикке барып коӊгуроосун басты. Аз өтпөй колуна наристе көтөргөн жаш келин эшик ачты.
– Саламатсызбы, Арууке ушул үйдө жашайбы?
– Жок, биз аларга коӊшубуз. Алар тигинде жашашат. Бирок үйүндө жок го дейм. Келбей жатышканына көп болду. Атасы, апасы анан Арууке эле жашайт да. Үчөө теӊ жок
го.
– Кайда кетишкенин билбейсиз да, ээ?
– Жок.
– Рахмат сизге!- шаабайы сууй түшкөн Жанар Арууке жашаган батирдин коӊгуроосун басты. Эч ким чыккан жок. «Аман болсоӊ экен, берекем» тепкичтер менен ылдый түшүп бара жатып уйгу-туйгу ойлорго кептелди. Эч нерсеге көӊүлү чапкан жок. Көп кабаттуу үйдөн чыгып, лапылдап жаап баштаган карга карабай жай басып кете берди. Көкүрөгүндө түшүнүксүз боштук пайда болду. Сагыныч, кусалык, ошол боштук жигитти чүнчүтүп жиберди. Эркек башы менен ыйлагысы келди. Жакшы эле өзүн кармайын десе да, бир убакта көзүнөн жаш куюлуп кетти. Шаша-буша жашын аарчып жиберип, өзүн алаксытууга көктү карады. Жылдыздар көрүнбөйт. Катар тизилген көчөдөгү жарыктын шооласына чагылышып түшүп жаткан кар бүртүктөрү да маанайын түшүрүп жиберди. Балким, Аруукеси жанында болгондо алар бул көрүнүштөн кооздук, сулуулук издешмек. Бирок кыз жок. Жанар ансыз жашоонун түстүү жагын көрө албай калгандай.
«Ушул бойдон Аруукени көрбөй калсам эмне болот?» Күтүүсүз келген бул ойдон жигит чочуп кетти. Жок, ал ансыз жашай албайт. Ал бардык максаттарын, жакшы тилектерин, эртеӊкисин ошол бакыраӊ көз назик, эрке кызга эчак байлап койгон экен. Баарынан да Арууке тууралуу таптакыр кабар жок болуп жатканы жигитти жеп жатты. «Балким, ал мени таштап кеткен болсочу? Мүмкүн, мен ал үчүн жөн гана убактылуу оюн болгон болсомчу? Жок, көздөр кантип калп айтсын? Анын көздөрү калп айтмак эмес». Уйгу-туйгу келе калган жаман ойлорду алыс кубалады. «Балким, ооруп калгандыр… Бирок ал ооруканада эмес го. Ата-энеси да үйүндө жок экен. Кыязы, алар башка жакка кетишкен го… Бирок кайда?» Жооп таба алган жок…
Арууке унаанын арткы орундугунда учу-кыйыры көрүнбөй жаткан талааны тиктеп келе жатты. Маанайы суз. Алдыӊкы орундуктагы ата-энеси да үн-сөзсүз келе жатышат. 1 ай мурун аны Казакстанга алып келишкен, ошондон бери ооруканаларда жүрүшөт. Мээсинде залалдуу шишик бар дешти. Операция кылуу да кооптуу экен. Адегенде муну укканда кыз да, ата-энеси да эмне кыларын билбей калышты. Ыйлашты. Азыр да ыйлап келе жатышат. Болгону ар ким өз-өзүнчө дилинде, жүрөктөрүндө ыйлап жатышат. Булар бири-бирин аяп көз жашты көрсөтпөгөнгө үйрөнүп калышты. Эми Кыргызстанды көздөй сапар тарткандагылары.
«Эми кантебиз? Ушинтип чырактай кызымдан айрылып каламбы? Кимге жамандык кылдым эле? Эмнеге мындай болду? Кантип эле дарылаганга болбосун? Байкушум, же бир кишиге жамандыгы болсочу. Кайдан гана ушул оору жабышты экен?» Рулда бараткан Аруукенин атасы Кадыр өзүн жеп жатты. Анын жанында отурган Калия да түмөн ойлордун учугун таппай баратат. «Сенден көрө мен ооруп калсамчы. Кудай, ошол дартты мага берсеӊ болмок» ичинен кайталаганы ушул. Арууке болсо телмирип сыртты тиктеп келе жатып өзүнчө жылмайып алды. Жанарын эстегенде жүзүндө жылмаюу пайда болот. Бирок аз өтпөй кайра ыйлайт. Жинденет. Тагдырын сөгөт. «Сен! Ким болсоӊ дагы! Ата-энемди ушинтип сыздатпай, 1 күндө эле жанымды албайт белеӊ! Мени Жанарга жолуктурбай туруп оорутпайт белеӊ! Адамдар алсыз экенбиз. Эч нерсеге ээ эмес экенбиз. Жакындарымды азапка салгым келбейт, уктуӊбу? Эмнеге мен? Эмнеге менин ата-энем кыйналышы керек? Эмнеге эӊ жакшы көргөн жамгыр кишим менен бир болбошум керек? Эмнеге? Толтура кылмышкерлер, ичкичтер, баӊгилер жүрөт го. Эмнеге ошолордун бирөөсү эмес? Эмнеге эч кимиси жок, таш боор, адам өлтүрүүдөн кайра тартпаган акмактар эмес? Эмнеге мен?» Жооп таба албайт.
Кыргызстанга таӊкы саат алтыларда кирип келишти. Жанар экөө баскан сейил бак, жолдор, алыстан көрүнгөн окуу жай… Унаанын терезесинен ушунун баарын көрүп бара
жатты. Кусаланды. Ыйлагысы келди. Бир чети сүйүндү. Анткени Жанарды көрсөм дегенде эки көзү төрт.
Үйгө киришкен соӊ Арууке бөлмөсүнө кирип эшигин ичинен бекитип алды. Үн-сөзсүз бири-бирин караган ата-эне шуу үшкүрүп өз бөлмөсүнө кирип жайгашышты. Жолдон чарчашкан экен, уктап калышты. Арууке ушуну эле күтүп тургандай, күрмөсүн кийип акырын сыртка чыгып кетти. Ал тезирээк Жанарын көрбөсө болбойт.
ххх
– Уйкучу-у…Уйкучу-у…Ойгон! Ойгончу эми! Аяз кыз келди,- Арууке кыткылыктап таттуу уйкудагы Жанарды ойготуп жатты. Жанар ары оодарылып жатып алды. Бирок дароо чочуп кеткендей шарт артка бурулуп, көздөрү тостоё туруп калды.
– Сенби?
– Аяз кыз келди деп жатам го,- Арууке кыткылыктап күлдү. Жанар көргөн көзүнө ишенбей тура берди.
– Бол эми, кучакта мени!
– Кайда жүрдүӊ?- деди жигит эми эсине келип ойгонгондой.
– Маанилүү эмес. Келчи кучакташалы, сагынып кеттим.
Жанар Аруукени бекем кучактады.
– Мен да сагындым. Келбесеӊ жакында жиндиканага түшмөкмүн. Чын эле кайда жүрдүӊ? Эмнеге телефонуӊ өчүк? Үйдө да жоксуӊ. Тынччылыкпы деги?
– Жанар, романтиканы бузбачы. Биз сагынышкан жуптардай көпкө үн-сөзсүз кучакташышыбыз керек. А сен тынбай суроо берип жатасыӊ. Тынч бол!
Жигит жылмайып алды. «Эркем келди» деди ичинен.
– Мени сагындыӊбы?- деди Арууке кыйладан кийин.
– Ооба, ооруканадан чыгып эле сенин үйүӊө бардым.
– Жанар, кел, ооруканалар тууралуу сүйлөшпөйбүз. Экөөбүз кабылган ал жаман күн тууралуу дагы. Сага кыска гана айтып берем. Мен башка жакта ооруканада болдум. Азыр баары жакшы. Бирок эстегим келбейт. Ушул жерден чекит коёбуз, окей?
– Мейли, мындан кийин ооруба, ээ?- Жанар көп нерсени сурамак, бирок бул ирет Аруукесинин эркине баш ийди.
– Баса, мен 10-15 күн сенин үйүӊдө жашап турам.
– Сонун болот. Үйдөгүлөргө айтып койдуӊ да, ээ?
– Айтып коём.
– Эч нерсе дешпейби?
– Эмне, сен мени үйүӊө жашаткыӊ келбей жатабы?- кыз кабагын бүркөмүш болуп койду.
– Сага үйлөнгүм келип жатат. Келе жаткан күздө үйлөнүшүбүз керек,- Жанар Аруукенин маӊдайынан өптү.
– Хе, бизге али эрте. Биз толтура романтикалуу күндөрдү өткөрүшүбүз керек, анан турмуш деген айсбергге барып урунабыз. Мейлиби?- ушул сөздөрдү айтып жатып Аруукенин көздөрү жашка толуп кетти. Бирок күчкө салып күлүп жатты…
– Токто, сен эмнеге ыйлап жатасыӊ?
– Күлүп жатам го…
– А бул эмне?- жигит кыздын жашын аарчыды. Арууке үнсүз жылмайды. “Муну бакыттын көз жашына окшоштурушум керек. Жамгыр киши, сен эч нерсе билбей эле койчу” деди ал ичинен. Жанар “ал чынында эле кубанганынан ыйлады” деп ойлоду.
ххх
Экөөнө күндөр тез-тез өтүп кеткендей туюлду. Сабакка чогуу барышат. Үйгө чогуу келишет, сейилдешет. Адаттагыдай жылуу пледди оронуп кино көрүшөт. Бир күнү эшикке чыгып кар киши жасашты. Саат түнкү он эки. Кар жаап жаткан. Жасап бүтүшкөн соӊ Арууке кар кишини кыйлага чейин карап турду да:
– Өтө эле боорукер кылып жасап коюптурбуз,- деди муӊайым үн менен.
– Кар кишилердин баары ушундай көрүнө берет.
– Бул байкуш эми эрип жок болот.
– Эмнеге эле аны байкуш деп жатасыӊ? Кел, сага байкуш көрүнбөшү үчүн мунун “сүйгөнүн” да жасайбыз. Жанар кар тоголоктой баштады.
– “Балдарын” дагы,- деди Арууке олуттуу түрдө. Экөө чын эле кар кишинин жанына анын “сүйгөнүн”, “балдарын” жасап чыгышты.
– Эми,- деди Арууке кар кишилерге жакын келип, – баарыӊар чогуу эригиле, ээ? Сен мындан мурун же сен мындан эрте эрип кетпе! Чогуу эригиле! Силер дагы, макулбу?- кар кишинин “балдарына” карады.
Жанар ал күнү Аруукесинин башкача бир муӊайым көз карашын байкады. Кийинки күндөрү кыз үйгө келери менен кар кишилердин кимиси көбүрөөк эрисе, ошонусуна кар чаптап, алардын чогуу эришин көзөмөлдөп жатты. Ушул ишке кадимкидей олуттуу көӊүл бөлөт. Жанар Аруукенин боорукерлигине таӊ калып бүтпөйт. Мунусу үчүн жакшы көрөт, аяп кетет.
ххх
Арууке өз үйүнө барган күнү түш көрдү. Күзгүгө каранып жатыптыр. Капысынан анын күзгүдөн чагылышкан элесинин жанына дагы бир Арууке пайда болду. Күзгүдөгү элестердин биринин көздөрүнүн айланасы карарып калган. Көз карашы да башкача, нурсуз, муӊайым. Бир убакта күзгүдөгү экинчи Арууке жагымсыз жылмайып койду. Кыз чочуп ойгонду. Ашканада атасы менен апасынын сүйлөшүп жатканы угулду.
– Үйдү сатышыбыз керек го…- апасы акырын сүйлөдү.
– Ооба, бирок дароо өтүп кетпейт да.
– Арзан эле берип жиберели. Кызыбыздан кымбат эмнебиз бар? Эптеп жакшы кылып алсак, калганын табаттырбыз.
– Кайда алып барыш керек дедиӊ?
– Израилге.
– Ал жакка көп акча керек,- атасы үшкүрүндү.
“Байкуштарым, дагы деле үмүтүӊөрдү үзө элек экенсиӊер. Бирок баары бүттү. Мен кетишим керек. Силерди азапка салбай кетишим керек. Жамгыр кишини да кыйнагым келбейт. Бирок кантип? Силерден кантип ажырайм?” Арууке үнсүз ыйлап жатып ушуларды ойлонду.
Кыйладан кийин туруп күндөлүгүн алып чыкты. Сырын төкпөсө болбойт. “Биздин үйдө дайыма күлкү жаӊырып турчу. Атам да, апам да күлкүчү эле. Азыр мага көрсөтпөй көп ыйлашчу болду. Эптеп даба тапсак деп тытынып жүрүшөт. Бирок аз убакыттан кийин бул дүйнө менен кош айтышарыма көзүм жетип турат. Бүттү. Жанарга эч нерсе айткан жокмун. Жанар азыр менин күнөстүү жашыл аралым. Анын жанында баарын унутам. Оорумду да. Бакытка бөлөнөм. Акыры бир күн келет. Анан мен жок болом. Ата-энем боздойт. Жанар… Жок, мен кетишим керек. Куурап өлүп бара жатканымды силерге көрсөткүм келбейт. Силерди азапка салгым келбейт. Бирок силерден кантип ажырайм? Өмүрүмө кол саламбы? Анда силер мени кечирбейсиӊер. Жараткан кечирбейт…” Кызды түрдүү ойлор курчай берди. “Балким, бул дүйнөдөгү эӊ акыркы күндөрүмдү силер менен өткөрсөм туура болмок. Бирок мен кетишим керек. Чет жерге кетем. Ата-апа, ал жактан силерге ооруп жатканымды көрсөтпөйм. Бактылуу экенимди билдирип турам. Интернеттеги баракчама жалаӊ жылмайган, күлүп түшкөн сүрөттөр жүктөлөт. Ушундай кылсам аз да болсо силердин да, менин да азабымды жеӊилдетер. Ошентип үмүт кылып жатам. Мени кечиргиле! Менимче, бул эӊ туура жол. Жанар менсиз эле бактылуу болушу керек. Ал ошого татыктуу”.
Арууке ушул күндөн тарта чет жерде жүргөн тааныштары менен байланыша баштады. Интернет аркылуу өзү менен бир класста окуган Айгеримди таап алды. Ал Москвада экен. Арууке келем десе жумуш таап бере турганын билдирди. Москва ыӊгайлуу болгону турат. Ал жакка жол кире да азыраак талап кылынчудай. Анын үстүнө кыргыздар көп, жолдо калбаса керек. Кыз ушундай жыйынтыкка келди.
ххх
Жанар Аруукени сейил бакта күтүп жаткан. Кыз эмнегедир окуу жайга келбей, сейил бакка барарын айткан эле. Күн бүркөө тартып, дагы кар жаачудай болуп турат. Жигит суукту сезбегендей. Кыялданып бүтө албай жүргөн чагы. “Быйыл жайда Аруукеге айылды көрсөтүп келем. Апам менен тааныштырам. Тойго даярданабыз. Бактылуу экенмин. Кудайга шүгүрчүлүк кылам. Ушунчалык жакшы адам. Берекем. Аруукем. Эркем. Сага жолуктурган тагдырыма ыраазымын”. Жанардын көӊүлү ток.
– Суук экен го. Эмне жеӊил кийинип алгансыӊ?- автобустан жаӊы эле түшкөн Арууке Жанарды көздөй басып келе жатып сүйлөндү.
– Сизге жагайын деген аракет да,- жигит жылмайды.
– Сагынып кеттим,- кыз жигиттин моюнуна асылды. Көпкө кучакташып турушту.
Бир убакта Арууке издегенин таап алган кишидей көзүн бакырайта:
– Кел, бүгүн тату жасатабыз,- деди кубанган түр менен.
– Тату? Ал эмне?
– Денебиздин бир жерине сүрөт чектиребиз.
– Койчу! Антип жаман кишилер жасашат. Аруукенин бул ою Жанарга жаккан жок окшойт.
– Жамгыр киши, биз жаман адамдар эмеспиз. Биз бири-бирин жакшы көргөн адамдарбыз. Кел, сен мендик, а мен сендик экендигибизди далилдейбиз. Сен денеӊе “А” деген тамганы жаздырасыӊ, а мен J (джей) деген тамганы жаздырам.
– Эмнеге J (джей)?
Арууке кар бетине латын тамгалары менен “Janar” деп жазды.
– Акылдуум, бул сенин ысымыӊдын биринчи тамгасы эмеспи,- кыз кыткылыктап күлүп койду.
– Жок, жөн эле коёлучу.
– Демек, сен мени жакшы көрбөйт экенсиӊ да,- кыз таарынымыш этти.
– Сени канчалык жакшы көрөрүмдү элестете да албайсыӊ…
– Анда бас!- Арууке Жанардын колунан жетелеп жөнөдү. Шаарда денеге сүрөт тартуучу жай саналуу гана экен. Сураштырып отуруп бирин таап барышты. Жанар өзүн ыӊгайсыз сезип жатты.
– Сен эмне, коркуп жатасыӊбы?- кыз тамашалап күлдү.
– Жок.
– Калтырап жатасыӊ го?
– Бул жазуу ушуну менен өчпөй калат да, ээ?
Арууке Жанарга жооп берүүнүн ордуна каткырып күлүп жиберди.
– Мен өзүм биринчи болот окшойм,- деди ал күлкүсүн тыйып жатып. Чын эле ал биринчи болуп далысына «J» тамгасын кооздоп жаздырды.
– Бир аз ачыштырат экен. Бирок сен кыйын жигитсиӊ да. Ыйлап жибербе, ээ?- кыз атайылап Жанарды муӊдуу карап койду. Аз өтпөй анын далысына «А» тамгасы жазылып бүттү. Анан экөө күзгүгө барып көпкө каранышты.
– Сонун көрүнөт экен. Сага жакшы жарашыптыр.
– Эми сенин бир бөлүгүӊ менде бар.
Аруукенин көзү жашылдана түштү. Үшкүрүнүп койду. Ал кетер күнүн элестетип жатты. Бүгүн эртеӊ менен барып Москвага учакка билет алып койгон болчу. Ал бир жумага жетпеген аралыкта жакшы көргөн адамдарын таштап кетмек.
– Эми биз сөзсүз чогуу болушубуз керек!- деди Жанар.
Кыз үнсүз гана жылмайып койду. «Ыйлап жибербе» деп жатты ичинен өзүнө-өзү.
ххх
Арууке ал күнү Жанардыкына келди. Экөө тамактанып отурганда жигитти көпкө үнсүз тиктеп отурду.
– Сен абдан жакшы адамсыӊ,- деди бир убакта жигитке карап.
– Сен бар үчүн ошондой боло баштадым.
– Жанар, кел, бүгүн нике кыйдырабыз,- деди капыстан. Жигит жеп жаткан тамагына какап кетти.
– Эмнеге бүгүн?- деди күлүп.
– Нике түнүн өткөрөбүз. Эмнеге тостоюп карап калдыӊ?
Жигит дендароо болуп туруп калды.
– Мени жаман кыз ойлобо, тазамын. Бул болгону сүйүүмдү сага билдирүүнүн дагы бир жолу.
– Арууке, анын өз убактысы болот.
– Эгер убакыт аз болсочу?
– Түшүнбөдүм?
– Эртеӊ сен же мен жок болуп кетсекчи?
– Антип айтпа!
Кыз унчукпай ордунан туруп башка бөлмөгө кирип кетти. Жанар ыӊгайсыз боло түштү. Аруукенин артынан барды. Кыз ыйлап жаткан экен.
– Аруш, мен туура эмес бир нерсе дедимби? Кечирип койчу,- деди Жанар кыздын жашын аарчып жатып. Ал эч нерсе түшүнө алган жок. Эмне дээрин да билбей жатты.
– Жанар, мен сени сүйөм! Мен жөн эле ыйлаак кызмын.
Арууке Жанардын эриндеринен сүйдү. Кыз «Мен сендикмин, уктуӊбу? Кайда болбоюн, каякта жүрбөйүн Жанардын, жамгыр кишимдин гана эркеси болом. Суранам, жаман ойлорду жолотпо. Мен сага, сүйүүмө өзүмдү арнап жатам» деп шыбырап жатты. Жигит аны кучагынан бошоткон жок.
ххх
Убакыт ушунчалык таш боор экенин Арууке мурда байкабаган. Москвага кетчү күн башкача бир тездик менен жакындай берди. Бул кырдаалдан бир жылчык табылчудай эмес. Ар бир саат, ар бир мүнөт кымбат, бирок алар колго кармалбайт. Аларга ээ эмес. Муну ойлоп алсыздыгына арданат, көз жашка муунат. Бирок кетиши керек. Чечим чыгарып койгон. Жакын адамдарын көп кучактачу болду. Муну менен алардагы жылуулукту, мээримди эстеп калгысы келет. Азыр да апасын кучактап турат. Ыйлап жибербеш үчүн эрдин бекем тиштеп алды.
– Апа,- деди бир убакта, – мен көп жашайм. Узак өмүр сүрөм. Кам санабаӊыз, макулбу? Ыйлабаӊыз! Баары жакшы болот,- деди чечкиндүү түрдө. Кимдир бирөө мурдун шуу тартып жиберди. Караса атасы экен. Ыйлап жатыптыр. «Омей, ата, жигиттер ыйлабайт да» деп күчкө салып күлдү. Барып атасын кучактап:
– Ата, биз ыйлай турган адамдар эмеспиз. Биз күчтүү командабыз! Мен дагы көп жашайм,- деп бетинен сүйүп койду.
Эртеси кыз Жанардыкына келди. Экөө бетме-бет отуруп бири-бирин көпкө карап турушту. «Мен сени ар бир кирпигиӊе чейин эстеп калуум керек» деп жатты Арууке ичинен. А Жанар бактылуу болчу. Ал Аруукенин көздөрү сүйүүгө толуп турганын гана көрдү.
– Сен мага көк свитериӊди бере аласыӊбы?- деди кыз капыстан.
– Эмнеге?
– Же менин свитериме алмашчы?
– Эмнеге?
– Сени сагынып кеткенде сенин свитериӊди кийип алам. Балким, сен кучактап тургандай болуп аз да болсо жеӊилдейттирмин.
– А мен сеникин киеминби?
– Жок, чоюп саласыӊ. Сен жөн эле свитерди кучактайсыӊ,- кыз жылмайып койду.
– Келчи бери!- жигит Аруукесинин баладай тазалыгына жүрөгү жибип жакшы көрүп кетти. Бооруна бекем кысып маӊдайынан өптү. «Бул акыркы күн. Акыркы күн…» Кыз эртеӊ сапарга чыгып, ошол бойдон дайынсыз жок болорун эстеп күйүп жатты. Бирок жакындарын азаптан куткарып жатам деген ой жеӊип чыкты. Андыктан эч бир сыр алдырган жок.
ххх
Арууке учак асманга көтөрүлгөнчө дендароо абалда жүрдү. Качан гана иллюминатордон булуттар көрүнгөндө гана көз жашы токтобой, буркурап ыйлай баштады. Жанында отургандар бири-бирин түшүнбөгөн көз караш менен карап алышты. Кызга баары бир болуп калган. Канча күндөн берки өзүн кармап жүргөнү, көрүнбөгөн көз жаш акыры ушинтип жарып чыкмак. Аны токтотууга аракет кылган жок. Ыйлай берди…
Уландысы бар…










