Уйгу-туйгу сезимдер 11-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=69630&preview=true Кызыктуу окуялар.

11- БӨЛҮМ

 

Мурат шалдая отургучуна отурду. «Баары кеч. Маржанга эмне дейм? Анын жашоосунун маңызы ушул кыз эмес беле? Ал жок Маржаным кантет?..» үн-сөзсүз дубал тиктеп отурду. «Жок, чарчадым! Баарын жайына коюш керек болуп калды!» ушундай ойлонду да, чечкиндүү туруп костюмун кийди.

 

ххх

 

Таң агарып баштаган. Кыз-жигит Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн алдында жетелешип турушту.

– Кирелиби?

– Сен биринчи аларды жолугушууга даярдашың керек го…

– Сөзсүз!

Алар тепкич менен жогорулап башташты. Аруукенин колдорун майда калтырак басып, көз жашка муунуп чыкты. Оюна койсо, чуркап кирип ата-энесинин кучагына жыгылып, сагынычын төгүп жибергиси бар. Бирок биринчи жигит кириши керек.

– Сен ушул жерде туруп тур!- Жанар Аруукени ылдыйга таштап, өзү жогорку кабатка көтөрүлдү.

Коңгуроону баскан соң аз өтпөй уйкулуу көздөрүн ушалап Калия эшик ачты. Жанарды дароо тааныды, муңдуу көздөрүн жымыңдата жылмайып алды. Кызын эске салчу адамдарды ушинтип жакшы көрүп карай берчү адат тапкан.

– Аа, Жанар, кандайсың, алтыным?- бир эсе таң калуу, бир эсе жакшы көрүү бар эле эненин көздөрүндө. – Келдиңби?- жигитти колунан тартып маңдайынан сүйдү. Келет деп күткөн. «Бир келсе, Аруукенин күндөлүгүн берип коюшум керек» деп ойлонуп жүргөн эле.

– Тынччылыкпы?

Жигит эмне дээрин билбей, тиштерин кашкайта туруп берди. Сөздү эмнеден баштаарын билбейт.

– Апа, мен жакшы кабар менен келдим… Биз… Арууке экөөбүз… Арууке…- жигит оюн улай албай койду.

Арууке апасынын үнүн укканда эле шолоктоп ыйлап баштаган. Үнүм чыгып кетпесин деп алакандары менен оозун басып көз жашын төгүп жатты.

– Апа, Арууке тирүү! Сиз мени акылынан азып калды деп ойлобоңуз! Ал тирүү! Биз бүгүн Орусиядан учуп келдик…

Калия эч нерсени түшүнө алган жок. «Арууке тирүү» деген гана сөз кулагына кайра-кайра жаңырып турду. Дал ушул учурда ылдыйдан добуш угулду. Кыз акырын гана тепкичтерге бут коюп, дубалга сүйөнө көтөрүлүп келе жатыптыр.

– Оо, Кудай!- Калиянын үнү араң чыкты. Муундары калчылдап, денеси оорлошуп, дагы бир нерсе сүйлөп жиберейин деп, бирок анысына алы келбей тизелери бүгүлө жер таянды. Жанар аны кармап калды.

– Апа! Апа-а!- кыз кадамын катуулатып келип, апасын кучактап жыгылды. Калиянын көздөрү коркунучка толуп калган. «Кантип? Акылымдан адашып калдымбы? Мен түш көрүп жаткан жокмунбу?» бир заматта толтура ойлордун, жоопсуз суроолордун курчоосунда калды. Кыз аны туш келди бети-башынан өпкүлөп жатты. Калиянын көзү тумандап кетти. Сүйлөйүн деп, күч менен оозунан бир да сөз чыгара албай койду. Ал көргөн көзүнө ишенбей жатты.

Бул учурда жуунуучу бөлмөдөн Кадыр чыга келди. Босогодо аялы белгисиз бир кызды кучактап, акылынан азгансып турган экен. Чочуп кетти.

– Апа, коркпоңуз! Биз жерге берген кыз башка болгон экен… Апа, өзүңүзгө келсеңиз!- Жанар Калияга кайталап жатты.

– Эй!- Кадыр кыйкырып жиберди да, аны карай салган кызды көрүп токтоп калды. Апасын бооруна кысып, жерде Арууке отурган.

– Кызым?..- дагы бир нерсе айтмакчы болуп, колу менен башын мыкчыды.

– Арууке тирүү. Биз башка адамды жерге бериптирбиз… Ал башка адам болгон! Арууке тирүү…- Жанар түшүндүрүүгө жан далбастап жатты. Кадыр жетип келди да, кызынын жүзүн колдору менен сыйпалап жиберди.

– Аруш! Кызым!- Кадыр бир кыйкырып алып, кызын өзүнө тартып бекем кучактап калды.

– Кызы-ым!- Аруукенин кучагындагы Калия өзүнө келе түшкөндөй, ый аралашкан үнү угулду. Ал эми гана уктап жатпаганын, акылынан азып кетпегенин, азыркы көрүнүш миң ирет чындыкка окшошпой турганы менен, дапдаана чындык экенин түшүнө баштаган болчу.

Анан үчөө ошол босогодо эле кучакташып алып үндөрүн катуу чыгарып ыйлап жатышты.

– Аруш! Ару-уш!- ый кыйлага чейин токтобой турду. Жанар аларды аз-аздап сооротуп, эптеп үйгө алып кирди.

– Апа-а! Апа-а…

– Жүрөгүм сезген! Жүрөгүм сезип жүргөн… Бир күнү эле кирип келип калчудай эшик карап жүрчүмүн… Арушум, кызым! Оо, Кудай, бар экенсиң! Оо, Кудайым, бар экенсиң,- Калия сүйлөнүп, Кудайга жалбарып жатты.

– Берекем! Алтын кызым! Билгем… Күн сайын түшүмө кирчүсүң. Келем дей берет элең… Эмнеге минтет деп жоруй албай койгом… Көрсө, Кудайым бар турбайбы…- кызынын алакандарынан улам өпкүлөп, саамайынан сылап, көзүнүн жашын токтото албаган Калияга Жанар муздак суу сунду.

– Ичип алсаңыз!

Аруукенин чачынан улам-улам шуу жыттап жаткан Кадыр да азыр ушул кереметтин баарын кызынын колун коё берсе жоготуп жиберчүдөй Аруукенин бир колун бекем кармап жалынып-жалбарып жаткан. Калия да, Кадыр да сууну карап коюшкан жок. Күбүрөнүп, жылмайышып, көкүрөктөрүнө удургуп келген түркүн сезимдерге ээ боло албай, жүрөктөрү кабынан чыгып кетчүдөй болуп турду.

– Бардыгы артта калды! Арууке тирүү! Эми ал эч жакка кетпейт… Келиңиздер, муздак суу ичип алыңыздарчы…- Жанар акыры аларды суу ичүүгө көндүрдү.

Көп кабаттуу үйдүн батиринен кеч киргенче эч ким чыккан жок. Кечинде күйгөн жарык, таң атканча күйүп турду. Бул баягы Арууке аттуу эрке, таза кыздын үйүнүн жарыгы болчу.

Кадыр менен Калия добуш чыгарбай Аруукенин бөлмөсүнүн каалгасын бир аз ачып шыкаалап карап жатышты. Бул керемет болчу. Алардын кызы, эркеси мурункудай эле узун кирпиктерин аста дирилдете таттуу уйкуда жаткан.

Жуунуучу бөлмөдөн чыккан Жанар өздөрүнчө бактылуу жылмайып, кызын ичи элжирей карап турган ата-энени көрүп добуш чыгарбай токтоп калды. «Көрсө, бакыт деген өмүрдүн ушундай таттуу секунддары, таттуу ирмемдери тура» деди ал ичинен кыялдана…

 

ххх

 

– Маржан, отурсаң… Мен сага бир чындыкты айтып беришим керек…

– Жанна? Ал тирүүбү?

– Маржан, сен баарын чыдап угушуң керек… Билесиң, сен менин жашоомдун тирегисиң. Дүйнөдөгү ар бир кадамым сени бактылуу кылуу үчүн жасалган. Сен угушуң керек…- Мурат бир чекитти тиктеген абалда сүйлөп жатты.

– Жанна тирүүбү?- Маржан өктөм сүйлөдү.

– Сен Жанна деп жаткан кыз тирүү. Бирок…- анан Мурат узун чындыгын айтып баштады. Бул азаптуу чындык болчу. Таң агарганча ал чындык айтылып отурду… Бул убакта Маржан бирде кыйкырып ыйлап, бирде күйөөсүн жек көрө тиктеп, бирде аяп аны бооруна кыса кучактап жатты….

Таңкы тамакка Кадырдын үй-бүлөсү толук чогулду. Жубайы, кызы, анан күйөө бала болчу жигит Жанар. Баарынын маанайы көтөрүңкү. Тамактанып болушкан соң Калия:

– Арууке, Жанар, бул акыры айтыла турган чындык окшойт. Негизи жан адамга ушул сырыбызды билдирбей өтөбүз деп ойлоп жүргөм… Чынын айтайынбы, Арууке каза тапты делинип анын сөөгү келгенде бир карап кызыма эч эле окшоштура албай койгом. Бирок ал ооруп жатпады беле, оорусу акыры алып жыкты окшойт деген ой жеңип кеткен. Оорусунун айынан байкуш кызым ушинтип арыктаган го деп божомолдогом. Бул чынында эле керемет болду. Силерге түшүнүктүү болуш үчүн мен баарын башынан айтып берейинчи,- Арууке менен Жанар демин ичине ката отурушту.

– Мен жаш чагымда Бишкектеги педагогикалык окуу жайда окудум. Студент курагымда атаңар Кадыр менен таанышкам. Оо, Кадыр анда жапжаш, супсулуу жигит эле. Бир көргөндө эле жаккан. Бат эле тил табышып, аз өтпөй үйлөнүп алдык.

Жашообуз ойдогудай болчу. Атаңар заводдо, мен мугалим болуп иштейм. Жаш үй-бүлөгө көп деле каражаттын кереги жок да. Бар нерсеге топук кылып жашачубуз. Бир арманыбыз – биз балалуу боло албай койдук. Улам боюмдан түшүп калат. Акыры үмүтүм деле үзүлдү. Үйлөнгөнүбүзгө 5 жыл болгондо Кадыр экөөбүз ажыраша турган болдук. Бул чечимди өзүм чыгардым. Башка айла деле жок болчу. Бирок Кадыр макул болбой койду. «Кудайдын буюрганы болот. Берем десе бир күнү бала да берет. А мен сенден башканы жакшы көрө албайм» деп койду. Ичимден Кадыр мени менен калса биротоло туяксыз каларын сезип турам. Бирок кете албай жаттым. Акыры бир күнү чыгындым да, Кадыр жумушта кезде ага кеткеним жөнүндө кат жазып, айылга жөнөй бердим. Айылга барганы барып алып, сагынып куса болуп баштадым. Ушунчалык бири-бирибизге көнгөн экенбиз. Кеткен өзүм, бирок күнүгө жол карап келип калар бекен деп күтүп жүрөм. Байкушум бул да түтпөптүр, бир жумадан кийин артымдан жетип келди. Бири-бирибизсиз жашай албасыбызды түшүндүк.

Ошондо Кадыр менин көкүрөгүмдү өйүп жүргөн маселени көтөрүп, аны чечүү жолун сунуштады.

– Билем, бала төрөй албай калдым деп бир менин алдымда, бир туруп менин ата-энемдин, жакындарымдын, абысындарыңдын алдында өзүңдү күнөөлүү сезип, чүнчүп жатасың. Жүр, Казакстанга барып жашайбыз. Ал жакта чогуу окуган досторум бар. Барсак көчөдө калбайбыз. Балким, баланы Кудай ошол жактан береттир… Же ошол жактан бала багып ала турган болсок да, 3-4 жылдан кийин өзүбүздүн балабыз деп сыр катып келе беребиз. Эч ким билбейт…- деди.

Кадырдын эң жаккан сапаты ушул. Ал маселени, көйгөйдү көрөт, бирок наалып, кейип-кепчип «кап, аттигиниң…» деп отура бербейт. Көйгөйдү чечүүнүн жолун издейт. Менимче, мырза деген ушундай болуш керек. Мырза маселени чечет, ал көч баштайт,- Калия Кадырды карап жылмайып койду. Күйөөсү аны ушунчалык жакшы көрүү менен карап турган экен.

Калия сөзүн улады: – Кадырдын айтканына көндүм. Аз өтпөй биз Казакстанга көчүп кеттик. Ошондо Союз таркап, каатчылык башталган эле. Атаң эбин таап достору менен базарга иштегени кирди. Эч нерседен кем кылбай багып жатты. А мага жумуш табылышы кыйын болду. Далай мектепти кыдырып жумуш сурадым. Таптакыр чыкпай койду.

Бир ирет ошентип жумуш сурап жүрсөм, бир мектептин директору «мугалимдик тажрыйбаң бар экен. Бирок биз жумушка албайбыз. Балдар үйүнө тарбиячы керек деп жатышкан, барасыңбы?» деди. Ойлонбой эле макул болдум.

Эми элестетсеңер, өзүм эне болууга зар болуп жүрөм. Кудайдан күн-түн тилегеним ушул. А мен иштейм деп барган жер ата-энеси таштап кеткен балдардын жайы болчу. Мен төрт жашка чейинки чүрпөлөрдү карай турган болдум. Балдарды ушунчалык жакшы көрөм. Бардыгын таптаза кармаганга аракет кылчумун. 15ке чукул бала менин карамагымда. Анан ошол тапта ушул балдардын бирөөсүн багып алсамбы деп ойлоно баштагам. Бирок чынын айтайынбы, балким, эне болуу бактысынан калган үчүнбү, айтор, ошол карамагымдагы 15 баланы тең бирдей жакшы көрүп калыптырмын. Алардын бирөөсүн эле ашыкча жакшы көрүп бала кылып ала турган болсом, калганына чыккынчылык кылчудаймын… Ошентип бушайман боло бердим. Оюма койсо, колумдан келсе, 15ин тең эле багып алайын дейм.

Күндөр өтө берди. Бир жолу жумушка таң атпай келсем, 7-8 айлык кичине кызды каттоодон өткөрүп жатышыптыр. Кыздын көздөрү ушунчалык муңдуу эле. Бирөөнү сагынгандай. Көздөрү менен өзүнө тааныш адамдарды издеп жаткандай. Анан калса өтө эле сүйкүмдүү. Мен бир көрүп энелик сүйүүм менен ал наристе кызга ашык болуп калдым. Дароо эле чечим чыгарып, багып ала турган болдум. Билбейм, балким, Кудай өзү мени жетелеп келген окшойт. Болбосо бир да мектептен жумуш чыкпай, балдар үйүнө келип калдым… А балдар үйүнөн бул муңайым наристе кыз… Ошол күнү жумуштан сурандым да, элеп-желеп болуп Кадырдын базардагы ордуна жөнөдүм. Сүйүнүчүм ашып-ташып алган.

Кадыр бир топ адамдар менен сүйлөшүп турган экен. Көрө салып эле мени көздөй басты.

– Кыз…- сүйлөй албай колумду көкүрөгүмө алып ыйлап жибердим. Менин ыйлаганымды көрүп чочуп кетти окшойт, бооруна кысып «Эмне болду? Бирөө бир нерсе дедиби?» деп алактап калды.

– Кадыр, сен мени менен жумушка барчы. Биз кызыбызды алып кетели,- дедим. Кадыр да канткен менен бала жытына зар болгон экен. Менин көңүлүмдү оорутуп албайын деп айта албай жүргөн окшойт. Ал да бир сыйра көзүнө жаш алып эле, мени ээрчип калды. Ар кайсы документти топтогонго бир топ убакыт кеткиче баланы алып кете алмак эмесмин. Бирок мен кайра-кайра директорго кирип, жалынып-жалбарып, акча берип жатып кызды алып кеттик.

Эсимде, кечинде такси менен үйгө жөнөдүк. Мен, Кадыр, анан кызыбыз. Кыз уктап баратты. А Кадыр болсо аны кайра-кайра жыттап, колдорунан кармалап эзилип турду. Колумда уктап бараткан кызымды көрүп ушунчалык бактылуу элем. Менин мээримим ашып-ташып жатты. Кызымды ошондо канчалык жакшы көргөнүмдү мен азыр сүрөттөп бере албайм. Кызыбызга Арууке деген ысымды ыйгардык. Биздин үй бакытка толуп калды. Адегенде Арууке чочуркады. Ананчы, бул кезде бала энесин таанып калат да. Кыязы, ал чыныгы апасын эстеп куса болчу окшойт. Бирок атасы экөөбүздүн мээримибизди жоопсуз калтырбай, кызыбыз акырындап жылмайып, акырындап ойноп, анан эркелегенге өттү…

 

– Бул жашоомдун мыкты күндөрү болчу. Ооба, Арууке, биз сени багып алганбыз. Бирок муну Кадыр экөөбүздөн башка бир да жан билбейт болчу. Сен менин кызымсың. Бир да жолу сени багып алганыма өкүнгөн эмесмин. Бизге сени берип койгонуна Кудайга миң ирет шүгүр кылып, болгон энелик мээримимди төктүм.

Кечээтен бери ар кайсыны сүйлөштүк. Көп суроолоруңарды, сөздү буруп кетип жоопсуз калтырдым. Түйшөлдүм, кыйналдым. Кантип сени багып алганбыз деп айтам деп таң атканча кирпик каккан жокмун. Сени ушунчалык жакшы көрөм.

Билесиңби, сен ооруп калганда атаң экөөбүз эмне кыларыбызды билбей калдык. Анан сен кетип калдың. «Баары жакшы» дей бердиң. А биз үйдү сатыкка койдук. «Биздин жаныбызда өзүн жеп кыжалат болуп жатат окшойт. Мейли, үй өтсө дароо чет жакка дарыланууга алып барабыз» деп жаттык. Акча издеп далай эшикти кактык. Үмүтүбүз үзүлгөн эмес.

Аңгыча сени өлдү дешти. Дүйнөбүз урап түштү. Сен бар үчүн эле атаң экөөбүз жашап келгенбизби дейм. Бирок сөөктү алып келгенде эмнегедир кыздын жүзү сеникине куюп койгондой окшош болсо да, мен эч эле ишене албай, окшоштура албай турдум. Балким, ооруганга башкача көрүнө түшкөнбү деп божомолдодум. Бирок алдымда Арушума окшош кыз жансыз денесин суналтып жатты. Өксүп ыйладым. Арушумдан айрылган экенмин деп ишендим. Анын үстүнө «баңгизатын ашыкча пайдалануудан каза тапкан» деген аныктама да келген. Кызым күйүтүн көтөрө албай ушул жолго барган окшойт дедим. Көрсө, ал сен эмес экенсиң… Эсимде, бир ирет түшүмө киргенсиң. Балконго чыксам, үйдүн алдында турасың. «Мен азыр кирем» деп коёсуң. Бул эмнеси деп койгом. Анан да акыркы кезде сен кирип келчүдөй эле эшик карап күтүп калгам…

Арууке үнсүз отурду. Чындык айтылып бүттү. Бирок толук эмес. Ырасында Арууке аны багып алышканын боолголоп келген, бул нерсеге даяр болчу. Багып алганбыз деген күндө да анын ата-энесине болгон жакшы көрүүсү кемип калмак эмес. Башкалар билбесе да, кыз өзү билет. Ата-апасы ал үчүн жанын да бергенге даяр.

– Бирок, апа, мен деп көмгөн кыз ким?

– Билбейм, кызым. Мен да таң калып жатам. Сени алып кетип жатканда чыныгы ата-энең тууралуу маалыматты укпаганга аракет кылгам. Билбейм, уккум келген эмес… Бирок сенин чыныгы ата-энең автокырсыкта каза болушканын билем. Кырсыктан сен гана аман калгансың. Сенин эгизиң тууралуу эч нерсе уккан эмесмин. Тилекке каршы, ата-энеңдин да тек-жайын билбей эле коюуга аракет кылгам. Мендеги маалымат ушул.

 

ххх

 

Бозоргон бейиттердин арасында айланасында ак гүлкайырлар өскөн, сулуу кыздын сүрөтү чапталган эстелиги бар бейит өзгөчөлөнүп турат. Арууке менен Жанар кол кармаша ошол бейиттин жанында турушту. Бир убакта Арууке ылдый отура калды да, колун боз дөбөнүн үстүнө коюп:

– Кимсиң сен?- деди улутуна. «Сезип турам, экөөбүз эже-сиңдибиз. Чоочун адамдар бири-бирине мынча окшош болушпайт. Мен жашоого зар болгом. Жашагым келген, жан талашкам. А сен өз колуң менен өмүрүңдү азезилдин колуна карматып бериптирсиң. Эмнеге андай кылдың? Эмнеге сен тирүүңдө жолукпадык? Биздин ата-энебиз кимдер эле? Карачы, жоопсуз суроолор толтура… Мен кантип чындыкты табам?» кыз ичинен бейитте жаткан эгизи менен сүйлөшүп жатты.

 

ххх

 

– Алло, апа, кандайсыз?

– Жанар, сенби?! Кандайсың, балам? Кыргызстандык номур менен чалып жатасың го…

– Ооба, апа, Бишкекке келдим. Жакында айылга барам. Болочок келин балаңыз менен…

– Оо, алтыным десе. Сагындык сени баарыбыз. Качан чыгасың?

– Буюрса, эки күндөн кийин.

– Аа, жакшы, күтөбүз.

 

ххх

 

Зуура көптөн бери мынчалык толкундана элек болчу. Бети ысып-күйүп, кубанычы коюнуна батпай элеп-желеп болуп турду. Ананчы, тун уулу Жанар Орусиядан кайтып келди. Таянганы ушул Жанар. Эми болсо ал Зуураны келиндүү кылганы турат. Апасы Жанардын армандуу күйүтү бар экенин, ал жан дүйнөсү менен берилип сүйгөн кыз бул жарыкты таштап кеткенин да билчү. Акыркы жолу Наргизанын ата-энеси уулуна кызын бербей чанганда ичинен аябай сынган. Адамдардан көңүлү кала түшкөн. Бирок баласынын чыйралганын көрүп, өзү да белин бекем бууп, билгизбегенге аракет кылган. Антсе да айыл ичинде азыркыга чейин «Наргизаны ата-энеси Жанарды кедейсиң деп бербей коюптур», «тең-теңи менен болгон жакшы, Наргиза деген тектүү жердин кызы, а Жанарчы, ал ким эле?» деген сөздөрдү кулагы чалып жүрөт. Андайда унчукпай гана тим болот. Баласынын бактылуу болушун гана тилейт. Кудай тилекти угат экен. Ал баласынын үнүнөн анын бактысын сезе алды. Мындай сезгичтик, өзгөчө туюм энелерде гана болсо керек.

– Апа-а?- сырттан үн угулду. Жанардын үнү. Эбактан бери тамагын камдап, даярданып отурган Зуура шашкалактап калды. Сыртка жөнөдү. Уулу сыртта турган экен.

– И-ий, алтыным. Тура тур, азыр…- чыныга суу куя калып кайра чыкты. – Кел, башыңдан айлантып чачып коёюн! Алтыным десе,- Жанардын маңдайынан өптү. Уулунан эки кадам алысыраакта суйкайган, өтө эле жакшынакай, өтө эле көзгө сүйкүм, анан жүрөгүнө өтө эле жакындай туюлган назик кыз турган.

– Жүр кире гой, кагылайын,- Зуура кызды да маңдайынан өөп алды.

– Келиңиз, эми кучакташып алалычы,- Жанар үйгө баш баккандан кийин апасын бооруна кысты. Апасын укмуш сагынган экен. Анын агара түшкөн саамайын көрүп, аяп да кетти.

– Отургула. Чай ичкиле…

– А Анарбек менен Зарина кайда?

– Зарина ойноп кетсе керек. Иниң болсо жайлоого кетти. «Байкем келсе бир кой соёлу» деп жаткан…

– Оо, жакшы. Апа, бул – Арууке. Келечектеги келин балаңыз болот…

– Садагаң болоюндар, бактылуу болгула!- уулун жандаган кызга Зууранын көзү тойбой турду. Ушунчалык сулуу көрүнүп жатты. А жылмайганычы? Той өткөрүп, көпчүлүккө болочоктогу келинин көрсөтүп мактангысы келди. Бактысы арта түштү. Жанарлар айылда бир нече күн жүрүп эле артка кайтышты.

 

ххх

 

– Мен сени жеткирип коюп өзүмдүн үйүмө барайын, ээ?

– Эмнеге

– Билбейм. Ошондой туура болот го деп ойлоп жатам. Үйлөнгөнчө ушинтип турайын…

– Жок. Жанымдан чыкпа! Мен корком сен жок. Жүр, андан көрө чогуу эле сенин үйүңө барабыз. Эсиңдеби, ал жакта биздин эң таттуу күндөрүбүз өткөн…- Арууке Жанардын колун бекем кармап алды. Экөө Бишкектин чет жакасындагы жаңы конуштагы жигиттин үйүнө бет алышты…

 

ххх

 

– Убакыт машинасын таап алгандай эле болуп жатам… Артка кайтып, кайра баары башынан башталгандай. Мм, бул үйдө сонун күндөр өткөн. Кыштын узун түндөрүндө плед оронуп алып кино көрчүбүз. Кар киши жасачубуз. Ойночубуз… Анан кечке кучакташып алып уктай берет элек…

– А мен сенсиз калганда жинди болуп калайын дегем. Ким билет, ичкич деле болуп кетмек белем? Сагынганда сенин кызыл свитериңди алып жыттап, бакырып-өкүрүп ыйлай берчүмүн…

– Ал дале сенде барбы, кызыл свитер?

– Ооба, сумкамда. Аны дайыма жанымда алып жүрчүмүн…

– Мен эми сенин жаныңдан эч кайда кетпейм!- кыздын көздөрү жашка толо түшүп, жигитинин моюнуна асылды.

 

ххх

 

– Апа, биз келдик,- Арууке өз ачкычы менен эшикти ачып кирип келди. Анын артынан бир-эки сумка көтөрүп Жанар да үйгө баш бакты.

– Апа-аа…- кыздын үнү чочугандай чыкты. Жигит Аруукенин корккон көз карашынын себебин түшүнө албай, ашкана тарапка кадам шилтеди. Ал жакта Кадыр менен Калиянын жанында аларга эле жашташ аял-эркек отурган. Жанар аларды тааный берген жок. Бул Мурат менен Маржан болчу. Кыздын деми кысылып, кылар айласын таппай калды.

– Кызым, коркпо! Суранам! Биз баарын түшүндүрүп бергенге келдик,- деди Маржан жалооруй. Мурат кыздын көздөрүн тик багып карай албай койду. Кыязы алардын келгенине көп болгон окшойт, Кадыр менен Калия эбак алар менен баарлашып, чындыкты угуп алышкандай.

– Жанар, мүмкүн болсо, мен Арууке экөөңөр менен өзүнчө сүйлөшө аламбы?- Мурат Жанарга карап сүйлөдү.

– Сиз кимсиз?!

– Мен Муратмын… Джинин атасы…- муну укканда жигиттин ачуусу келип кетти. «Буга эмне керек?! Эмнени баштаган турат?! Көрсөткөн азабы аз болдубу?!» Желкесинен сүйрөп чыгарып салгысы келди. Бирок кыз да, жигит да Мураттын колунда чиеленген табышмактын жандырмагы бар экенин сезип турушту.

– Жүрүгүлө, биз бул бөлмөгө кирели,- Мурат Аруукенин бөлмөсүн көздөй кол жаңсады.

– Жанар, биз угуп көрүшүбүз керек,- кыз чечкиндүү түрдө жигитин колдон алды. Үчөө ээрчише Аруукенин бөлмөсүнө кирип, эшикти жабышты.

Төрдөгү отургучтан орун алган Мурат чарчай түшкөндөй…

– Билбейм, мени соттотуп жибересиңерби же өлтүрүп саласыңарбы… Өзүңөрдүн эркиңер. Мен адамдык сапаттан төмөн нерселерди жасадым… Аны билем. Бирок баарынан мурун мени угуп койгула, колуңардан келсе түшүнгөнгө аракет кылгыла!

Мен дүйнөдө Маржан үчүн гана жашаган адаммын. Кээде ушу Маржанымды мен аны төрөп, өстүргөн ата-энесинен да алда канча жакшы көрсөм керек деп ойлоп кетем. Ооба, менин Маржанга болгон сүйүүм акмакчылыкка да окшошуп кетет. Ооба, менин сүйүүм өзүмчүл, жинди, таш боор сүйүү… Көрсө, ушундай да болот экен. Баарын башынан айтып берейинчи… Антпесе мен кылыктарымды кантип актаарымды билбей турам. Бирок билип койгула, канчалык акылсыз угулса да, бардык жамандыкты да, жакшылыкты да мен сүйүү үчүн кылып келе жатам. Арууке, сага жасаган карасанатайлыгым да сүйүү үчүн жасалган…

Акыл-эсиме кирип калган чакта мен эч кимге керексиз экенимди түшүнгөм. Ананчы, жадакалса менден ата-энем да жүзүн буруп кеткен. Балдар үйүндө чоңойдум. Өз ата-энемдин ким экенин да билбейм. Адамбаев деген фамилияны мен өзүм ойлоп таап койгом… Эч кандай Адамбай деген чоң атам да болгон эмес. Адам болоюн, анан бай болоюн деген тилектин чечмелениши болчу.

Балдар үйүндө тарбияланып жүрүп эс тартып калган чакта мен жашоодо күчтүүлөр гана алдыга озуп чыгарын, күчтүүлөрдөн гана коркушарын, күчтүүлөрдү гана сыйлашарын билдим. Ортозаарлар ошол ортозаар боюнча эле калышат. Ал эми алсыздарды баары тебелешет.

Мен алсыз эмес болчумун. Курдаштарым өздөрүнө бөлүнгөн нанды чоңдорго тарттырып жиберип ачка отуруп калган убакта, мен жан алым калбай мушташып, тиштешип, тажаалданып жатып ошол нан үчүн да бирөөнү таш менен башын жарып жибергенден кайра тартпай, өз ырыскымды башкага алдырчу эмесмин. Менин ит кыялым үчүн өзүм курактуулар эле эмес, өзүмдөн улуулар да сестенип турушар эле. Бирөөнү аёо деген жок болчу, ашынган мыкаачы элем…

 

Уландысы бар….

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️