ТААЗИМ🌹🌙
Таазим-ыймандан жаралган такыбаалык, сүйүү, сыпаалык, баам-парасаттуулук өңдүү изги сезимдердин жана жүрөк кыраакылыгынын жемиши♥
Көпчүлүккө маалым болгондой, дин Исламдын өзөгү береги эки чектин алкагында таанытылат:
а. Алланын өкүмдөрүн сый-урмат, таазим көрсөтүү менен орундатуу🌹🌙
б. Алла жараткандыгы себептүү жаамы макулукка боорукер болуу🌹🌙
Жараткан Аллага таазим кылуу эң изги, нары улуу адеп♥ Ибадат аркылуу таазим этүүдөн эң таасирлүү, нары көзөл көрүнүш пайда болот. Андан соң Жаратканга жакындык даражасына жараша калган инсандарга жана макулуктарга сый аркылуу таазим көрсөтүлөт.
«… Кимде-ким Алланын жышаанына таазим кылган болсо, ал шексиз жүрөктүн такыбаалыгынан» (Хаж, 32).
Жышаана-белги деген сөз мындайча чечмеленет. Намаз, Кураны Карим, азан, курмандык өңдүү нечелеген ыйык аманаттар менен Ыйык Кааба, Сафа-Марва дөңсөөлөрү өңдүү көптөгөн куттуу жайлар Кудай Тааланын жышаанасы♥
Асыресе, буларга ажылык жана умра учурунда сый менен белгиленген чектин алкагында таазим кылуу кажет. Маселен, бутту Каабага каратып узатуу же кыбыланы тээп жатуу, куттуу жайларда пайдасыз сөз сүйлөө, айрыкча Куранды ой келди таризде окуу, таазимге көө жаба турган жагдайда аны жерге кою сыяктуу жосунсуз жоруктардан оолак болуу абзел.
♥Алла Таала иралды Өзүнө, пайгамбарларына, олуяларына жана ыйык аманаттарга сый мамиледе болуп, таазим кылгандарга жакшылыгы менен жооп кайтарган, мээримди көнөктөтүп жаадырган♥Жадагалса Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) ата журттан сүрүлмөйүн Меккенин мушриктерин азаптаган эмес.
♥Алланын белгилерине сый көрсөткөн Фараондун сыйкырчылары ибараттуу икая түрүндө айтылган Курандагы мисалдардын бири болуп саналат. Азирети Мусанын мужизаларынын алдында деми суу сепкендей муздаган Фараон Мисирдин сыйкырчыларын жыйнаттырып, аларга чоң сыйлыктарды берерин убада кылат. Мелдеш башталат. Бирок сыйкырчылар Алланын пайгамбары Азирети Мусага астыртан таазим эте биринчи баштоону пайгамбарга сунушташат.
Мына ушул көз ирмемден тарта сыйкырчылардын жандүйнөсүндө Туура Жолго болгон ынтызарлык оту тутанат. Бул улуу жакшылык жөн жерден көз жарбады, сыйкырчылардын нары сылык, нары назик адеби Алла Таалага жаккан сыягы. Чагылгандай чарт эткен окуянын бачым өзгөрүшү, Фараон баштаган жалпы эл күбө болгон мужизалык көрүнүштөр алардын ыйманга кирип кетишине жол ачат. Ал ыйман ушунчалык бир урагыс эле дейсиң, жанын бергенге кайыл болушту алар. Ошентип, сыйкырчылар чыныгы, толук ыймандын жетеги менен Бейишке🌴 сапар тартышкан.
♥•Алланын белги-жышааналарына таазим этүү сырынын көмүскө тарабын Азирети Мавлана мындайча маалымдайт:
«Сыйкырчылар мелдешти улуу пайгамбарга, Аллага жакын пендеге биринчи баштоо мүмкүнчүлүгүн ыйгарып, урмат-сый көрсөткөндүктөрү себептүү ыйманга келишти, бирок ал улуу пайгамбар менен таймашка чыккандыгы себептүү жаза тартып калышты».
♥•Куран-ы Каримге сый мамиледе болуунун натыйжасында Осман Гази ажайып кызык түш көрөт. Бул түштү жоруган улук динаятчы Адабалы кызын Осман Газиге никелеп берет. Бул окуя жана анын сыры дагы абдан даңазалуу. Сыягы дүйнө тарыхында эң узун өмүр жашаган Осмон мамлекетинин пайдубалында Куранга болгон сылык-сыпаа, нары жылуу мамиле жатканы аныктай…
♥•Изгиликтин ибараттуу элестери
Абу Хурайранын айтуусуна караганда, Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мечиттин кыбыла жагында түкүрүлгөн какырыкты көргөн соң жамаатка кайрылган:
«-Айрымдарга эмне болуп калган, Кудай Таалага багыт алышат да, алдына түкүрөт. Алдыдагынын артына кылчайып бетке түкүрүшүн кимиңер каалайсыңар?» (Муслим, Масажид, 53).
♥•••••••Жунайд Багдадий такыбаа деп атанган бир пендеге зыяраттап барат. Тилекке каршы, ал адамдын кыбылага карап чыйт түкүргөнүн көрүп «Бул кишинин жүрүмү сүннөткө төп келбейт экен» деген ой менен, жолукпай артка кайтат.
♥•••••••Анастын (Алла ага ыраазы болсун) айтуусуна караганда, Алла Элчиси дааратканага кирерден алдын Аллага болгон таазими себептүү колундагы «Мухаммад Алланын Элчиси» деген жазуусу бар шакекти чыгарчу экен (Абу Давуд, Тахарат, 10/19).
♥•••••••Ажылык мезгили. Алланын үйүн узактан көргөн Жаратылыш Нуру(саллаллаху алейхи васаллам) алакан жайып минтип дуба кылган экен:
«Оо, Кудай Таалам! Үйүңдүн кадыр-баркын көтөр, даңазасын, айбатын арттыр. Ажылык жана умрага келип таазим кылгандардын аброюн, даңазасын, айбатын жана жакшылыгын арбыт!» (Ибн-и Саад, II, 173)
♥•••••••Аятта: «Биз (курмандыка тандаган) бодо малды да Алланын жышаанасы (Аны эске салган белгилерден) кылдык» деп айтылгандай, курмандык Исламдын белгилеринен. Ошондуктан курмандыкка чалына турган малга Алла үчүн жылуу мамиле кылуу абзел. Мүлдө ибадаттардагыдай эле курмандык чалуудагы негизги маселе-такыбаалык сезимдин жандуу болушу.
«Сойгон курмандыгыңардын эти да, каны да Аллага жетпейт. Ага силердин такыбаалыгыңар гана жетет…» (Хаж, 37).
♥•••••••Курмандык тууралуу Алланын олуяларынын таазими кандай гана ибараттуу:
♥•Ардактуу Сами мырза менен маркум атам Муса курмандык чалууда өтө кылдат иш жасашчу. Бир чуңкурга эки мал сойдурчу эмес. Оболу жаныбардын көзүн таңдырчу. Курмандык кой же эчки болсо, аны союла турган жерге түрткүлөп же сүдүрөтпөй ийкемдүү сылап жоошутканча көтөрүп барууну көп айтчу. Бычактын курчтугуна абдан көңүл бөлүшчү. Малга запкы чектирбей бачым мууздап канды жакшылап агызууну жана кан толук чыгып бүткөнчө тик туруп күтүүнү жакшы жөрөлгө катары колдоно жүрүүнү өздөрү турмушка ашыруу менен үлгү болгон.
♥•Анткени курмандык деле башка ибадаттар сыяктуу берилүү менен аткарыла турган ибадат, Аллага болгон таазимдин, ыроолонгон нематтарга шүгүрчүлүктүн жана анын жолунан кайтпастыктын жышааны. Жалпыга маалым болгондой, Кудай Таала мал-жандыкты адамбаласынын кереги үчүн жаратып, ага белендеген. Этинен, сүтүнөн, терисинен, жүнүнөн, кыскасы, бүт баарынан пайдаланылган бул нематтар Жараткандын бизге багыштаган улуу сыйы экенин эч ким тана албас.
♥•Бир чыны суусундук сунган жанга рахмат айтуу адамдык карыз экени талашсыз. Ал эми санак жеткис баалуулуктарды тартуу эткен Аллага ар убак алкыш айтып, курмандык чалуу учурунда адамча мамиле кылалы, боорукерликти жоготуп албайлы.
♥•••••••Азирети Умар жана Азирети Осмон баштаган сахабалардын көпчүлүгү эрте менен турганда Ыйык Куранды сый үчүн өбүүнү салтка айлантышкан. Мындай изги жөрөлгөнү аткарып жүргөн Умар уулу Абдулла береги көкүрөктөн чыккан сөздөрдү айткан:
«Бул Раббимдин убадасы, Раббимдин улуу жарлыгы!» (Каттани, II, 196-197).
♥•••••••Тээ мурунку кездерде сыя менен жазылган жазууларды өчүрүү керек болгондо, аны суу менен жууп тазалашкан. Куранды үйрөнүүчүлөр жазылган аяттарды суу менен жууп, андан чыккан сууну ой-келди жакка чачпай атайы бир идишке чогултуп, аяк асты болбой турган мүрзөлөрдүн жээгине же таза чуңкурларга төгүшкөнүн Анас (Алла ага ыраазы болсун) маалымдаган. Мындай сууну айрымдар шыпаалык үчүн колдонушкан деген маалыматтар да айтылып келет (Каттани, II, 200).
♥•••••••Куран түшүрүлө элек мезгилде Меккенин калкы көптөгөн ырдын ичинен көркөмдүгү, уккулуктуулугу жана адабийлиги жагынан мыкты делген жети ырды тандап, Каабанын дубалына асып коюну салтка айлантышкан. Асылган ырлардын бири Лабид бин Рабиага таандык болгон. Лабиддин ыры көп жылдар бою асылуу турду. Ырдын ээси дин Исламды кабылдагандан тарта Алланын сөзүнө өзгөчө таазим кылгандыгы себептүү ыр жазганды такыр таштап салган. Айтууларга караганда, анын акыркы ырында мындай үзүндү бар экен:
«Ажал келип айдаганча дин Исламды мен таптым. Ушундай улук сый үчүн Аллага алкыш айтамын» (Ибн-и Абдилбар, ал-Истиаб, III, 1335).
♥•••••••Сулайман пайгамбар ыйманга чакыруу максатында Саба ханышасы Балкиске кат жиберет. Ошо мезгилдерде бутпарас саналган ханыша катты окуган соң билермандарын жыйнап мындай деген:
-Мырзалар! Мага Сулаймандан шарапаттуу бир кат келди. Бул кат Мээримдүү жана Боорукер Алланын ысмы менен башталыптыр.
Аалымдар:
«Азирети Сулаймандын катына маани берип сый көрсөткөндүгү үчүн Балкис ыйманды тапты!» деп жүрүшөт.
♥•••••••Алланын салих пендеси саналган Бишр-и Хафи мурунку кездерде жеткен күнөөкөр, напси каалоосунан башка ишке мойну жар бербеген көшөкөр неме болуптур. Күндөрдүн биринде мас абалда келатып «бисмилла» деп жазуусу бар чаңда жаткан кичинекей кагазды таап алат. Сезим ойгонуп, аны өөп башына койот. Үйгө алып келген соң атырдан сүртүп бийик жерге койот. Көшүлүп уйкуга кетет. Түшүнө мына мындай сөз айтылат ага:
♥•«Менин ысмымды аңкыган атырга бөлөдүң, аны урматтап таазим эттиң. Даңазамдын жана Улуулугумдун акысы үчүн Мен да сенин атыңды эки дүйнөдө тең көтөрөм»•♥
Түштүн үзүлүшү менен ойгонуп кеткен Бишр түпсүз ойго сапар тартат. Акыры изги чечимге келип, күнөөлөрү үчүн тооба кылат да, чын дилден Аллага багыттанат•♥
♥•••••••Айтууларга караганда, Алланын сүйүктүү пенделеринин бири Ибрахим бин Атхам сапар тартып баратып Имам-ы Азамга жолугат. Имам-ы Азамдын шакирттери Ибрахим бин Атхамга теңсинбеген көз менен карашат пенделик кылып. Кыраакы имам айланасындагылардын баарын сыдыра тиктеген соң:
-Кош келипсиз, мырзам! Сиз келишиңиз менен жыйыныбызды шарапатка бөлөдүңүз! деп олуяга сыпаа кайрылат. Жолоочу акпейилден алик алып жолун улайт. Жат көз жок маалда шакирттери устатка суроо салышат:
-Азыр келип кеткен пенде мырзалык жана улуулукка кайсы артыкчылыгы менен ылайыктуу? Сиз сыяктуу улуу инсандын карып кейиптенген бир кишиге «мырзам!» деп кайрылышы өтө таң калууну жаратты.
♥•Силерге такыр кошула албайм деген таризди алдын-ала аңдаткысы келген устат баш чайкап олуяга таазим кыларын мындайча билдирет:
-Ал ар дайым Алла менен алек, а биз болсо, болор-болбос нерселер менен алекпиз…
♥•Имам-ы Азам тахажжут намазында гана кийүү үчүн кымбат баалуу, нары мыкты кездемеден желек тиктирет. Бул иш анын Аллага канчалык даражада таазим этерин жана ибадаттарга канчалык маани берерин айгинелейт.
♥•••••••Ахмад бин Ханбал улуу олуя Бишри Хафиге тез-тез жолугуп, аны менен көпкө маектешчү. Эки ортодо кыл өткүс бекемдик бар эле. Адаттагы күндөрдүн биринде шакирттеринин бири имамга суроо узатат:
-Устаз! Сен Куран жана Сүннөт илимдеринин өтөсүнө чыккан аалым адамсың. Ошого карабай катардагы бир карапайым кишиге маани берип, аны менен эзилише маектешүү сизге жарашпайт ко дейм?
-Ооба, сен санаган өңүттөрдө, балким, андан менин маалыматым артыкча болушу мүмкүн, бирок ал мага караганда Кудай Тааланы алда канча жакшы тааныйт деди аалым.
♥•Тарых тастыктагандай, Имам-ы Аазам жана Ахмад бин Ханбалдар Алланы берилип сүйүп, жүрөктөн таазим кылгандыктан, улуу олуяларды, кеменгер пенделерди сыйлашкан, алардан кабар алып артыкча жагынан сабак алууга дилгир болушкан•♥
♥•••••••Сина чөлү нары коркунучтуу, нары узун болгондуктан басып өтүүгө эч ким деле батынган эмес. Ошого карабай Явуз Султан Салим хан тобокелге салып, чечкиндүүлүк менен Осмон дөөлөтүнүн аскерин баштап Сина чөлүнө салат. Кыйла жол жүрүлөт. Явуз хан аттан түшүп жөө жүрө баштайт. Ат араң жүргөн эрмечөлдө падышанын жөө жүрүшү артындагы түмөн колду таң калтырат. Өз араларында бул жорукка ар кандай баа беришкен соң баары аттан түшүп жөө жүрүштү баштады. Аксакалдардын бири хандын жакын досу Хасанжанга жалдыраган тейде үн катты:
-Айланайын ак шумкар, жигит пиринен барып сурап көрчү, бул эмне деген шумдук…
Бул түшүнүксүз абалдын төркүнүн сураган досуна Явуз минтип жооп узатат:
-Көрбөй турасыңбы, Хасан, алдыбызда Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жөө баратат! Ааламдардын Султаны жөө басып өткөн чөлдү атчан өткөнүбүз жарашпаган иш ко, дейм!
♥•••••••1678-жыл. Мамлекеттик кызматкерлерден турган топ ажылык сапар үчүн жол жүрүп, Медина шаарына кирүүгө ат чабым калган кезде тыныгууга токтошот. Ошол маалда сөөлөттүү бир атка минердин байкоостон бутун Куттуу Медина тарапка сунуп олтурганын акын Наби көрүп калат. Иренжип баш чайкайт. Пайгамбарга болгон сүйүүнүн таасири менен төмөндөгү ырды шыр айтып жиберген экен•♥
«Жараткан Кудайымдын Өз назары,
Жана Анын Сүйүктүүсү, Пайгамбары,
Мухаммеддин мекени турган жайы,
Бул аймакта чекиликтен алыстачы!»
«Эй, Наби, улук жайга адеп менен,
Сый-урмат кадамыңды баштап киргин,
Анткени периштелер, аруу жандар,
Айланып көпөлктөй Элчилердин,
Эшигин өпкөндүгүн сезе билгин!..»
♥•Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) акын Набинин бул ырын түш аркылуу азанчыга кабарлайт. Куттуу шаарга аз калганда акын Набинин ыры мунарадан жаңырат. Кербендегилердин баары бул окуяга таң калышат. Чынында эле таң калыштуу. Анткени Наби муну эч кимге айта элек болчу. Тек гана топтогулар уккан. Түбөлүктүү мужизанын күчүнө тан берүү менен сезимдери туйлап Мединага ыйлап киришет…
Азанчыны таап, эми эле мунарадан айтылган ырды кимден укканын сурап, берегидей маалымат алат:
«-Бүгүн түшүмдө Алла Элчиси мага мындай деди•♥
«-Үммөтүмдөн Наби аттуу бир акын зыярат үчүн мага келатат. Бул пенде мени абдан сүйөт, мага болгон сый-урматы өтө салмактуу. Андыктан мунарадан үн созуп өзүнүн ыры менен тосуп алгыла!..» Пайгамбарымдын буйругун аткарбай коюга акым жок…»
♥•Акын Наби жаш токтотпой дагы ыйлайт. Чертилген көз жаштар сүйүнүчтүн жышаанасы эле. Кашкайган акыйкатка жетине албай:
«-Демек, Алла Элчиси мени үммөтүм деди, ээ! Демек, Сүйүктүү Пайгамбарым мени үммөттүкө кабылдады, ээ!» деп сүйүнүчтөн көпкө ыйлады•♥
♥•••••••Мурат паашанын доорунда катуу сел жүрүп Каабанын дубалынын айрым жерлерин жеп, уратып кетет. Алланын Үйүн калыбына келтирүү үчүн башкы уста Рыдванага Меккеге жөнөтүлөт. Керектүү маалыматтарды иликтеп көргөн уста Кааба үчүн «кулап же урап калыптыр» деген сөздөрдү орой деп билгендиктен жана бул сөздү ылайык көрбөгөндүктөн:
«Каабанын тигил, бул тарабы жерди сажда кылып калыптыр» деген айтымдарды колдонот.
Иш жүрүп жаткан маалда керектүү каражаттарды ташыган жаныбарларга Улук жайды булгатып койбоо үчүн зарыл чараларды көргөнү окуяга күбө болгондун баарын таң калтырат.
♥•Осмон мамлекетининн акыркы падашаларынан Абдул Азиз хан Азирети Пайгамбарыбызга опол тоодой сүйүү бапестеген, урмат-сыйы мол падышалардан эле. Сыркоолоп төшөккө жатып калат. Дарты күчөп, дарманы кетип, эс-учун бирде топтоп, бирде жоготуп кыйын абалда жаткан кезде Медина тургундарынан арыз менен бир адам келгени кабарланат. Муну угары менен бар күчүн жыйнап жанындагыларга:
-Мени дароо тургузгула. Даарат алайын, Куттуу жайдан келген арызды тик туруп тыңдашым керек! Алла Элчисине улагалаш жашаган жандардын каалоо-тилегин жастыктан баш көтөрбөй ныксырап жатып угууга болбойт! деп буйруп, Алла Элчисине жана Мединага болгон таазимин айгинелеген.
Жайчылык маалда деле Мединадан кат келген учурда Абдулазиз хан даарат алмайын окучу эмес экен. Катты колго алып «Буларда Куттуу Мединанын чаңы бар!» деп катты өөп, маңдайына тийгизген соң башкатчысына окутар эле.
♥•••••••Осмон Газы уулу Орханга алтынга алмашкыс насыятын айткан•
«… Мамлекетке рухий жактан дем берген шарапаттуу, изги инсандарды сыйла, аларды ар тараптан колдоого алып, колдон келген жардамыңды аяба. Башка бир өлкөдө кемелине жеткен аалым же кеменгер инсан же олуя бар экенинен кабардар болсоң, аларды өз өлкөңө чакырт, таазим кылып, сыйыңды көрсөт. Дин жана мамлекеттик иштер алардын берекеси жана нускаган багыты менен өнүп өссүн•!…»
♥•••••••Султан I Ахмед Хан Азиз Махмуд Худайи олуяга чын-дилден сый көрсөтүп, кызмат кылууга дилгир жан эле. Күндөрдүн биринде ардактаган адамын хансарайына чакыртат. Кадырман конок келип орун алат. Даарат жаңылап алалы деген өтүнүч боюнча тепши менен жылуу суу дароо даяр болот. Хандык мартабага карабай өзүм кызмат кылайын деген ниетте кумганды алып суу куя баштайт. Хандын энеси көшөгө артынан жүзарчысын белендейт. Ошол маалда «Олуянын бир кереметин көрсөм кандай гана бакыт!» деген сезим жүрөктөн желаргыдай желип өтөт. Алланын көмүскөдөн багыштаган жакшылыгы жар болуп эне көңүлүндөгү арзууну кыраакы олуя билип койот. Даарат алып болгон соң:
«-Адамдардын бизден керемет көргүсү келгени чынында таң калыштуу! Улуу дөөлөттүн падышасынын колго суу куйганы, кутман энекенин жүзарчы белендегенинен өткөн керемет болбосо керек?» деп угуза айтты.
♥•••••••Булуңду узактан курчап, улам бомба атып, ок жардырган душман аскерлери кошумча күчтөр менен күчтөндүрүлгөн топтун аскербашчысы Мирлива Жевдет Паша баш болгон колду түйшүккө салып, катуу чарчатат. Көп күндөн бери уйку көрбөгөн Мирлива Жевдет Паша бут шилтегенге чамасы келбей, оорукка жетип тыныгуу үчүн кынтая кетет.
«-Эй Жевдет! Силер Алла Тааланын улуу сөзүн сыйлап, ага таазим кылып келесиңер. Ошол себептүү Жараткан Кудереттин жардамынын сүйүнчүсү бар! Баатырым, береги деңизге бир көз чаптырчы!» деген үн кайыптан угулат. Жалт бурулуп деңиз жакты карап нур алкактын ичинде арапча «каф жана вав» тамгаларын көрөт. Ойгонуп кетет. Чаалыкканы тарап, дене-бою камгактай жеңил тартып калыптыр.
♥•Ошонун эртеси Жевдет Паша топурагы дүмпүйгөн мазар башына тизелей олтуруп Куран окуп жатып кайыптан дагы үн угат. Экинчи сапар ага:
«-Эй, Жевдет! Кампадагы 26 минаны деңизге төшө!» деген буйрук келет.
Аскербашы эми чындап алдастайт. Анткени ага рухий табышмак айтылат. Бул табышмак кантип жандырылат деген ойго камалып, ар кандай өңүткө салып түйүндү чече албай маң болуп турган маалда ак сакалы жайкалган нур жүздүү инсанга карп-курп жолугат. Амандашкан соң кайыптан келгенсип кишинин ички көйүнөн кабардар адамдай түйшөлткөн маселе барбы дегендей аскербашыга суроо салат. Өзү да жарылайын деп араң турган аскербашы болгон окуяны төкпөй-чачпай тизмектеп айтып берет. Айтылган табышмак минтип чечмеленет:
«-Уулум! Деңиз үстүндө көрүнгөн нур жеңишибизге жышаана, бул жерлерди каапырлардын ээлей албашынын алдын ала белгиси. «Каф» жана «вав» тамгалары болсо, абжат эсеби боюнча 26 санын туюнтат. Демек, кампадагы 26 минаны Каранлык-Койго төшөгөнүңөр жеңишти камсыздайт» деп айткан соң жүзүнөн нур тамылжыган инсан көздөн кайым болот.
Аныгында миналарды булуңга карай тик төшөө керек эле. Бирок түштө жээкти бойлото көмүүгө ишаарат кылынган. Мындай караганда көрсөтүлгөн жер стратегиялык жактан булуңдун анча маанисиз жери болгондуктан минанын төшөөгө да ылайыктуу эмес экен.
Рухий табышмактын жандырмагына бүт дилден ынанган аскербашы убакытты создуктурбастан миналарды төшөөгө буйрук берет. Түн жарымында миналардын ар бири такбир (Алланы улуулоо) менен деңизге жайгаштырылат.
Таң ата душман Булуңду каптап кирет. Түнү төшөлгөн миналар милдетин кынтыксыз өтөйт. Натыйжада тишине чейин куралданган душмандын ишеничтүү, кыйраткыч күчү бүлгүнгө учурап, деңиз үстү киши денесине толуп чыгат. Мизи кайткан душман артка чегинет.
Винстон Черчил 1930-жылы «Revue de Paris» аттуу журналында бул окуяга мындайча баа берет:
«Биринчи дүйнөлүк согушта ушунчалык көп адамдын өлүмүнүн, армиянын чоң жоготууларга учурап, оор чыгаша тартышынын, соода жана согуштук беш миң кеменин деңизге чөгүшүнүн негизги себеби — озунган Түрктөр алдыңкы түнү өтө ичке зымга 26 минаны байлап деңизге салышкан».
Мынакей, Алла Тааланын Улуу Сөзүнө көрсөтүлгөн урмат-сыйдын, таазимдин жемиши…
♥•••••••Жарамдуу-салих амал Куранда ыймандан кийин эле айтылган эң маанилүү жагдай болуп эсептелет. Салих амал ошол эле маалда истигфардан кийин такай талап кылынат. Тактап айтканда, пенделердин Алланын даргөйүндөгү мартабасынын көтөрүлүшү жана кечирим, тилектиктин кабылданышы жарамдуу амалдарды аткарууга жараша жүзөгө ашат. Салих амалды Алланын буйруктарын таазим менен орундатуу, Ал жараткан макулук атпайга мээримдүү болуу жана кызмат өтөө деп түшүнүү абзел.

















































