Пример HTML-страницы

Сагыныч каты.

https://kyrgyzcha.site/?p=54991&preview=true Кызыктуу окуялар.

Сагыныч каты.

Сени сагындым… Сагынганым ошончолук көзүмдү жумсам, элесиң көз алдымда күлүмсүрөп тура берет. Акыркы күндөрү сенден ажырабаш үчүн көзүмдү ачкым келбейт. Отурсам, турсам оюмдасын. Сагынычтан ооруп калдым. Жан дүйнөм оорукчан болду. Эчкимди уккум келбейт, сени гана издей берем. Жарым жылдын жүзү болду, сени менен бирге болуу үчүн күндүз дагы жөн гана көзүмдү жумуп олтура берем. Сенин күлгөнүң, сүйлөгөнүн, ал турсун мени чычалатып мыскыл кылганыңды сагынып кеттим. Сенин элесиңди жүрөгүмдүн түпкүрүнө бекиткем. Сени жүрөгүмө катып жатып эчким көрбөсүн деп ойлогон элем. Сени баардыгынан кызганып бекиткем. Эсиңдеби экөөбүз бир жолу сөз беришкенибизди. Мен сенин, сен менин жүрөгүбүзгө колубузду коюп түбөлүк бирге болобуз дегенбиз. Сен мага, мен сага жүрөгүбүздү белек кылганбыз. Ошондо кичинекей жүрөгүң эми меники, эчкачан кайтарып бербейм дегенсиң. Мен өкүнүп калдым, жүрөксүз кыйналып кеттим жүрөгүмдү кайтарып берчи. Сенден суранайын кайра берчи. Экөөбүз эки жолго түшкөндө мага жүрөгүмдү кайтарууну унутуп калыптырсың. Жүрөгүм сенде жүргөндө мен жашай албайт экенмин. Унутайын дедим, аракет кылдым. Чын айтам, болгон күчүмдү салдым, унута албай жатам. Мен сени күнөөлөбойм, сага таарынып бүттүм. Таарыныч кетти, сагыныч калды. Ойлоп жатасыңбы мендей кыз кайгырууну, сүйүүнү билбейт деп. Ооба билбейм, азыр билбейм. Баарын унуттум. Сага кабылган күндөн баштап, күлүү, сүйүү эмне экенин унуттум. Баардыгын сага арнап салган экенмин, өзүмдү сага арнап жатып балким ажырасак кандай кылам деп ойлобогон экенмин. Туура сен адашкан жоксуң, мен сүйбөйм, күлбөйм, ыйлабайм дагы… Анткени сүйүүмдүн баарын сага арнагам, кулкумду уурдап кеткенсин, көз жашым бүткөн. Ортодогу аз гана чакырымды жөө басып жетип баргым келет, корком. Коркомун. Мени эстей албай койобу деп коркомун. Ансыз да араң жүргөн жан дүйнөм чачырап кетеби деп коркомун. Мейли сагына берейин, чыдайын. Элесиң менен жашап жүрө берейин, бир гана суранычым жалгыздыка көнгөн кезде мени издеп келбечи. Мен сени кабыл кылбай койо албайм, анткени жүрөгүм сенде да. Мен сени билем, күндөрдүн бир күнүндө кайра кетип каласың. Мен кайгыдан кайра жүрөгүмдү кайтарып алууну унутуп калам. Анан кайрадан сагынуу, өзөк өрттөгөн кайгыруу башталат. Билесиңби мен сени кече күнү көрдүм. Өзгөргөн эмессиң, болгону Дима Биландын чачындай причёскан гана өзгөргөн. Жок кийингенин дагы. Кол кармашып, ааламда бизден башка жан жоктой жыргап күлүп жүргөнүбүздө кийген жыйырма жаштагы жаш уландын кийимдери жок. Мага жаккан сары футболкан кыры чыккан ак көйнөко, тизеси айрык жынс шымын кара кырдуу шалбарга, чачын болсо жашоодон чарчаган адамдыкына алмашкан. Мен дагы өзгөрдүм. А бирок сен мени көргөнүң жок, алдыңдан чыгуудан коркуп артыма кайтып кеттим. Көлөкөн көрүнбөй калгыча артыңдан узата карап турдум. Сенин эсиңде калган секелек чоңойгон. Ак түстөгү кулкумуштуу сага жаккан көйнөгүм ар бир күнүмдүк жашоодон чарчаган адамдын кийимдерине алмашып кеткен. Кийим, жылдар канчалык алмашса дагы биз ошол эле бойдонбуз, туурабы? Мен ошол эле бойдонмун. Баягы сени жанынан артык көргөн он алты жаштагы кызмын. Болгону сагынычка чыдабай, оорулу болгон кызмын. Бүгүн, азыр күндөгүдөй эле бирдеме издеген адамдай, максатсыз телефонду чукуп жаттым. Ишене алаар эмесмин, кандайдыр бир мезгилде сүрөтүң өтүп кеткендей болду. Жүрөгүм сен болуп калса экен деп турду, бирок акыл эсим ал болбосун, мен кыйналып кеттим, көргүм келбейт артка жылдырба, унутам деп сөз бергенсиң деп чый-пыйы чыгып кетти. Акылыма баш ийер эмес жүрөк кургур, жылдырып кайрадан көрдүм. Өзүң экенсиң, сүрөттөгү мен сүйгөн, бүт оюмду ээлеп кеткен жан экен. Кубанып кеттим, жөн гана күлүп түшкөн сүрөтүңдү эки саат кыймылдабай карап олтурдум. Ичимдеги өрт башыма чыгып кетти, сүрөтүн менен сүйлөшүп жатканымды сезбей калдым. Мен акылдан азып барам, угуп жатасыңбы акылымдан азып барам. Өмүрүмдөгү өкүнүчтүн баардыгы сага байланыштуу, жакшы элестер, сүйүүм дагы сага гана байланышкан. Мына көрдүңбү сени кандай сүйөөрүмдү. Көрүп жатасыңбы кандай сагынганымды. Суротторунду өткөрүп көрүп баштадым, жалгыз, жалгыз, жалгыз. Баардык жерде жалгыз тушконсун. Мен кубанып кеттим, кубанычтан жүрөгүм катуу согуп кирди. Үмүт дейби? Ошол үмүт жанып алды. Билесиңби адамды сагынычтан үмүт тезирээк өлтүрөт экен. Жарык өчүп жангандай үмүт дагы дароо кайра өчтү. Ошончо сүрөтүңдүн арасында жалгыз сүрөт көңүлүмдү алды. Ал жаш баланын сүрөтү. Өзүңө окшоп сүйкүмдүү экен. Ким бул? Ким бул? Ким бул? Билесиңби ушул суроону сүрөтүңө берип жаттым. Жооп жок. Мурункудай эле жылмайган боюнча турасың. Дайым мени ыйлатып мыскыл кылып тамашалап тургандай турасың. Сен ызаланганда сулуу болуп кетесиң дейт элең эсиңдеби? Эмне мени өмүр бою ызада, сулуу болуп жүрсүн дедиңби? Жалгыз таштасам сулуулугу ашып ташат дедиңби. Айтчы? Мага баарын түшүндүрчү. Ошончо жылдык айрылуу жөн гана тамаша дечи, сүрөттөгү бирөөнүн баласы дечи. Мени сооротчу. Акылымдан толук азып кете элегимде, мени сооротуп калчы. Мейли айта беришсин, сага болгон сагынычтан акылдан азыптыр дей беришсин. Эми мага баарыбир, мага баарыбир. Жүрөгүм сени менен, бирок өзүм жалгыз болгон соң мага эч бир кызык калган жок. Сагыныч акырындап мени жеңип келет, эми сен мага кызганыч дагы кошуп бердиң. Эмнеге балаңдын апасынын сүрөтү жок? Башкалардан кызгандынбы? Же мени көрүп алып ыйлабасын дедиңби? Кызганып жатам. Уксаң кызганып жатам, кызганыч мага сагынычтан көп азап берип жатат. Мага достук жиберипсин. Кечирип койчу кошо албайм. Ошончо жылдан бери унутам деп көндүргөн жанымды сенин «үйлөндүм, мына балам, а сенчи»?-деген сөздөрүң үчүн кайрадан жаралагым келбейт. Бири-бирибизге мен сени сүйгөн, сен мени сүйгөн жан боюнча эле калалычы. Жүрөгүм сенде экенинен пайдаланып кайра мени араң чыккан отко таштабачы. Мейличи, баарына кол шилтеп койдум. Акылдан азып кетейинчи. Эгер ошондо жан дүйнөнүн оорусу басаңдаса жинди болуп кетейинчи. Сени тааныбай калайынчы, сени унутуп калайынчы. Көрдүңбү мен сени кандай сүйөм, көрдүңбү сени дагы деле сүйүп жүрөм. Көрдүңбү сени сагынганымды. Сагынып жүргөнүмдү. Сени аябай сагындым.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE