Пример HTML-страницы

«Пайгамбар саллаллоху алайхи васаллам:

https://kyrgyzcha.site/?p=39447&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Абдуллах ибн Амр разияллоху анхудан риваят кылынат:

«Пайгамбар саллаллоху алайхи васаллам:

«Албетте, Аллах илимди адамдардан бир сууруш менен сууруп албайт. Бирок илимди уламалардын (жанын) алуу менен ченгелдеп алат. Себеби аалым калбаганда адамдар наадан башчыларга ээрчишет. Анан ошолордон сурашат. Алар болсо илимсиздик менен фатва беришет. Ошол менен оздору да залалатка кетишет, озголорду да залалатка кетирет», деди.

Эки Шейх жана Термизий риваят кылышкан.

Тушундуруу:Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи васаллам озунун ушул хадиси шарифинде, шарият илимдери кандай абалда жоголуп баруусун жана анын акыбаттары жонундо баян беруудо.

«Албетте, Аллах илимди адамдардан бир сууру менен сууруп албайт».

Башкача айтканда, шариат илими азыр адамдар ичинде табылат. Ал бир убакыт келип, жок болот. Жок болушу болсо, илимдин озун адамдар ичинен озунчо бир жол менен сууруп алуу аркылуу болбойт.

«Бирок илимди уламалардын (жанын) алыш менен кошуп алат».

Башкача айтканда, Аллах Таала аста-секин уламаларды биринин артынан бирин каза кыла берет. Уламалар биринин артынан бири олуп, тугонуп бара берет. Оордуларына жаны аалымдар чыкпаганча илим да жоголуп бара берет. Натыйжада илим жок болот. Бул болсо оз кезегинде аянычтуу натыйжага алып келет.

«Качан аалым калбаганда адамдар наадан башчыларды ээрчишет».

Аалымдар бир-бирден кетип отуруп тугонушот. Адамдар башчысыз калат. Ана ошондо шариаттан кабары жок адамды оздоруно башчы кылып алышат.

«Анан ошолордон сурашат».

Бул дегени, наадан башчылардан адамдар турдуу нерсе боюнча фатва сурашат.

«Алар болсо, илимсиз болуп туруп, фатва беришет».

Бул ото коркунучтуу абал. Илимсиз, наадан адам мусулмандарга башчы болуп калганы. Мусулмандардын жашоосунда ар дайым жаны-жаны маселелер турдуу суроолор пайда болуп турат. Алар муну башчылардан сурашат. Наадан башчылар болсо, бул маселени мен чече алабайм, дештен арданат. Илимсиз экендигин мойнуна алууга эрдиги жетпейт. «Демек адамдар менен башчы деп ойлошуп, менден окум сурап атышат, демек, мен башчымын мен билемин», деп оюуна келген созду айта берет. Натыйжада:

«Ошол менен оздору да залалатка кетишет башкаларды да залалатка кетирет»

Билбеген нерсени айтыштын озу залалат адашуу, чон куноо. Шариат окумун билбестен туруп, башка бир кишиге туура эмес нерсени «ушул шариат окуму» деп айтуу болсо, эч бир тени жок залалат. Себеби шариаттан башка иштерде билбестен суйлоп кетирген каталар себептуу, бул дуйнонун кээ бир иштерине залал жетиши мумкун. А бирок шариат тууралуу наадандык менен суйлоо бул дуйнодо да, Акырет да куйот. Себеби шариат маселеси адал-арам, сооп-куноо, бейиш-тозок арасында айлана турган маселе. Бул ишти билбестен фатва беруу, фатва беруучунун озун залалатка жеткизет. Ошол менен бирге, илимсиз болуп туруп фатва берген адам, озголорду да залалатка кетирет. Анын ката фатвасы бардыгын бузат. Адамдар баланча айты деп, анын созун бири-бирине жеткизет. Оз ара таркатышат. Натыйжада залалат кенири таркайт.

Ушул хадиси шарифтен алына турган пайдалар:

1.Аллах Таала шариат илимин адамдардын арасынан сууруп албастыгы.

2. Уламалардын олуму илимдин жоголуусуна себептиги.

3. Илимсиз адамды башчы кылып болбостугу.

4. Шариат иштеринде билбестен туруп фатва бербоо.

5.Илимсиз кишилерди башчы кылып алынганда залалаттын таркалуусу.

Эми ушул хадиси шарифти жашообузга салыштырып королу. Пайгамбар саллаллоху алайхи васалламдын бул хадистери керемет экени кээ бир мусулман калктардын жашоосунда ачык-айкын корунуп турат. Ошол калктардын уламалары кудайсыз, заалым акимдер тарабынан олтурулду, камалды же сургун кылынды. Соо калгандары да аста-секин каарып дуйнодон отуп кетишти. Натыйжада чыныгы шариат илими ошол чолкомдон которулду.

Озун сыйлаган ар бир улут озунон жетишип чыккан уламаларды сыйлап коргой алат, чыныгы аалымдардан дин, ыйман этикат, эл журт пайдасы учун пайдалана алат. Себеби мындай адамдардын бардыгы ар бир калк, ар бир мусулман учун чон бакыт. Алар дуйнодон отуусу менен бул бакыт да кетет.

Ошол учун да аалымдын олуму ааламдын олуму, деп бекерден айтылбаган. Озун сыйлаган ар бир улут, ар дайым оз муктаждыгын кандыра турган даражадагы уламалардын болушу учун колунан келген ишти кылган жана кылат. Бул ишти кылбай жашаган улут болсо, наадан окумзардын астында залалатта калат.

Шариат илимин жакшы оздоштурбогон кишиден бир маселе туурасында суралганда анын «мен бул маселени билбейм» деп айтуусу билбей туруп, болжолдоп жооп бериштен коро жакшы эсептелет. Себеби шариат маселелеринде фатва беруу, турдуу суроолорго жооп кайтаруу учун диний мансаб же кооз селде-чапан жетиштуу боло албайт. Мындай даражага шариат илимдерин окуган жана ошол илимдин устаздарынан уруксат алган, таквадар, чынчыл, илимге амал кылуучу киши ылайык эсептелет. Мусулмандар мына ушундай кишилерди аалым сыпатында урмат кылып, кадырлоолору, алардан фатва сурап, турдуу иштерде жол-жобоо алуулары зарыл.

Беш-алты сурону чала жаттап алып эки-уч хадистин маанисин бироодон уйронуп алган, озун «аалым» кылып корсотууго аракет кылып аткандардан этият болуу керек. Ошондой эле, араб тилин билуу же кээ бир араб мамлекеттерине барып келуу да кишиге шариат маселесинде фатва айтуу укугун бербейт.

Кишинин араб болушу, арабча кийиниши, куттуу жайларда жашоосу да, анын аалымдыгына далил болбойт. Себеби мындай сыпатка ээ болгондордун ичинде дуйнонун эн наадан адамы атын алгандар канча!

Колуна тийген ар бир китепти «чындык ушунда экен» деп окуй беруу да жакшылыкка алып барбайт. Кимдин китебин жана кайсы жолдогу китепти окууну ажырата билуудо да соз коп. Бул маселеде да этият болуу керек. Себеби айрым уламалардын атынан мусулмандардын арасын бузу, динге сокку уруу максатында, мусулман олколорундо коптогон залалдуу ишеничсиз, дайынсыз китептер таркатылууда.

Абу Хурайра разияллоху анхудан риваят кылынат:

«Пайгамбар саллаллоху алейхи васаллам:

«Кимге илимсиз абалда фатва берилсе мунун куноосу ага фатва берген кимсеге болот. Ким озунун бордоошуна туура нерсе башка жакта экендигин билип туруп, башка бир ишти корсотсо, чындыгында ага кыянат кылган болот», деген».

Абу Давуд жана Ибн Мажа риваят кылышкан

Тушундуруу: Пайгамбар саллаллоху алейхи вассалам озунун ушул хадиси шарифинде эки керектуу маселени баян кылууда.

Биринчиси, илимсиз кишинин фатва беришинин мумкун эместиги.

Экинчиси, билип туруп бирооно туура эмес жол корсотуу кыянатчылык экендиги.

Бир мусулман кыла турган ишин шариатка туура болуусун каалады, дейли. Бирок аны кандай кылса, туура болушун билбей, бир кишиден ошол иштин окумун сурады. Себеби ошол адам бул иштин окумун билсе керек деп ойлойт. Негизинен ошол фатва суралган адам фатва берууго илими жетпесе, айтылган иштин окумун анык жана ишеничтуу абалда билбесе, «билбейм» деп айтуусу керек болот. Эми суроо туулат, фатва суралган адам озунчо болжолдоп, туура эмес жооп берсе, сураган адам туура ниет менен Аллахтын дининин окуму ушул экен, деп ошол туура эмес ишти кылса, эмне болот?

«Кимге илимсиз абалда фатва берилсе мунун куноосу ошол фатва берген кимсеге болот».

Демек туура эмес иштин болуусуна ошол илимсиз абалда фатва берген киши себеп болот. Эгер ал туура эмес фатва бербегенде, жанагы адам биле турган башка адамдан сурап, ишин туура абалда амалга ашырган болот эле. Туура эмес фатвага ишенип туура эмес ишти сооп ниетинде кылган кишиге болсо куноо болбойт. Бирок ал киши фатванын туура эмес экендигин билуусу менен ошол ишти токтотууга, экинчи жолу жанагы илимсиз адамдан фатва сурабастыгы керек. Озу учун ишеничтуу таквадар, ынсаптуу жана билимдуу устаз таап алышы керек.

Башкача айтканда башка бир адам келип бироодон кенеш сурады. «Балан нерсени амалга ашырышым учун кайсы жолду карамануум керек?» деди. Суралган адам ошол нерсени амалга ашыруу учун кайсы жолду тутса жакшы болуусун билет. Бирок озуно ишенип, жол сураган адамга билип туруп, туура эмес жолду корсотту. Мындай алдамчы адамды ким деп айтууга болот? Ушул хадиси шарифте мындай кимселер томондогучо бааланууда:

«Ким озунун боордошуна туура нерсе башка жакта экендигин билип туруп башка бир ишти корсотсо, чындыгында ага кыянат кылган болот», деген

Бул жерде оз боордошуна деген созго конул коелук. Мындан ортодо тууганчылык мамилеси бар адамга таптакыр айтылган ишти кылып болбосо да, тууган болбогон кишилерге кыла берсе болот экен деген тушунук келип чыкпайт. Мамиле бабында Ислам бардык инсандарды бир-бирине боордош деп атады. Ислам окуму боюнча ал эмес башка диндегилерге да, жалган суйлоп аларды алдап болбойт. Ошол учун да ушул хадиси шарифте бардык адамдардын боордоштугу ниетке алынууда.

Адатта ишеничке, аманатка кыянат кылган адам «хаин» делет. Бир адам экинчисине ишенип андан бир ишти кандай кылайын, деп сурашы аманат. Ошол суралган адам ишеничти актап туура жооп берсе, аманатка кыянат кылбаган болот. Эгер билип туруп, башка нерсени айтса кыянат кылган болот.

Демек, бироо кайсы бир нерсени сураса, билип, туура жооп бериш керек. Билбей туруп жооп беруу да, билип туруп туура эмес жооп беруу да куноо болот.

Ушул хадистен алынган пайдалар.

1.Бир маселени анык билбей туруп фатва беруу мумкун эместиги.

2.Бир маселени билбей туруп фатва берген адам куноокор болушу.

3.Анын туура эмес экендигин билбей, ыклас менен туура эмес фатвага амал кылган адам куноокор болбостугу.

4.Суралган маселени билген адам туура жооп беруусунун зарылдыгы.

5.Туура жолду билип туруп, башка жолду корсоткон адам «хаин» жана куноокор экендиги.

Эми бул хадиси шарифтин окумун да, бугунку жашообузга салыштырып королук. Билимсиз болуп туруп фатва берип аткандар ото коп. «Намаз окубаса да боло берет экен», «Арак ичуу эмес, кочодо мас болуп тополон кылып журуу арам экен», сыяктуу создорду айта тургандар ар кадамда учурап турат. Кээ бир чаласабаттар болсо эки уч ооз нерсени чала жаттап алып, мусулмандардын жарымынан кобун каапыр же мушуруко, дуйнодогу коптогон нерселерди арамга чыгарып жиберишет. Эки тарап тен Аллахтан коркпойт. Акыретти ойлобойт.

Билип туруп туурасын айтпай тургандар да аз эмес. Дуйнонун мансабын ойлоп, байларга жана чондорго жакшы коруномун деп шариаттын окуму эмес, ошолордун каалосун айтып аткандары да баарына маалым. Бул эки абал тен айтучууларга (фатва беруучулорго) жана мусулмандардын башына коптогон балээ-апааттарды жаадыруусу турган соз. Мындай балээ-апааттардан кутулуш учун ар ким оз чек арасын толук билуусу керек. Шарият билимине ээ болбогон инсандар ынсап кылып, диний иштерге аралашпастыгы, фатва бербоосу парз. Ким фатва бермекчи болсо, ката создун куноосу оз мойнуна тушусун ойлоп коюшу зарыл.

Шарият окумдорун билуучулор болсо, Исламдын таалимдерин, шариат окумун туура жеткизуусу зарыл. Эгер туурасын айтуу жанына коркунуч сала турган болсо, анда ундобосун, туурасын билип туруп тескерисин айтпасын. Бир ооз созу менен канча-канча адамдар залалатка кетишине, куноого батышына себепкер болбосун. Беш кундук дуйнонун кызыкчылы деп, озунун да озголордун да Акыретин куйгузбосун.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE