Пример HTML-страницы

Өлүм алдында адам эмнени эстеп, эмнени унутат?

https://kyrgyzcha.site/?p=37422&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

*⚰Өлүм алдында адам эмнени эстеп, эмнени унутат?*

 

_*☝🏻Өлүмдөн коркпо,өлүмдөн ибарат ал,өлүм көп эстеген адам ыйманы жаңыланып турат.*_

 

✍🏻Көпчүлүк адамдар ойлогондой, өлүм — бул, жок болуп кетүү эмес. Адамдын тагдырына жазылган өмүрү бүткөнчө Алла Таала аны бул дүйнөдө кармап турат. Качан анын эсебине жазылган суу, аба жана ырыскысы түгөнүп, акыркы чегине жеткенде Алла Таала аны чыныгы жашоого көчүрүп кетет. Мына ушул бул дүйнөдөн акыретке көчүү — өлүм деп аталат.

Өлүм кимге, качан келерин эч ким билбейт. Адамдын напсиси өлүмдү каалабагандыктан, өлүм көзүнө көрүнүп турса да, пенде анын жакындаганына ишенгиси келбейт. Ошондуктан 90 жаштагы адам да эртең, же бүрсүгүнү, атүгүл, эмки жылы өлүм келип каларына да ишенбейт. Бирок, өлүм адамдын каалоосу менен эсептешпейт. Ал жаш-карыга да карабайт. Ичер суу, көрөр күн бүткөн болсо, келет да алып кетет. Ошондуктан, мусулман адам өлүмгө даяр жүрүүсү керек. Өлүмгө даярдык негизи ыйман жана ибадат кылуу менен болот. Бул рух жана дененин ырахаты үчүн болгон даярдык. Ошол эле учурда денени да өлүмгө даярдап жүрүү зарыл. Дене мүчөлөрдөгү тазалануучу түктөрдү тазалап, тырмактарды алып, денени да таза кармап жүрүү керек. Анткени, сөөктү жууган учурда анын денесиндеги түктөр өсүп кеткен болсо аны алуу

а болбойт. Адамга өлүм жакындаганда, жүрөгүндө эмне болсо, ошону эстеп, башкалар эсинен чыга баштайт. Жашоосунда эмне менен көп алек болсо, эмнени көп ойлоп, эмнени жүрөгүнө жайгаштырса ошол нерсе көз алдына тартылып, ошол нерсени талап кылат. Өлөр маалында «бир жолу тамеки тартып алайын» деп жалдырагандар мына ушуга мисал боло алат. Ошондуктан жүрөгүңө келмени жайгаштыр, намаз ибадат менен алектен деп айтылат. Адамдын өлүм учурундагы абалы тууралуу Имам Газали минтип айтат: «Адамга өлүмү жакындаганда ага төрт периште келет. Адам жанын (рухун) бири оң бутунан, бири сол бутунан, бири оң колунан, бири болсо сол колунан баштап ала баштайт. Адам жаны алкымына келгенче, ал периштелер ааламын көрө баштайт. Периштелерди, алардын аткарып жаткан иштерин алардын ааламында туруп көрөт. Эгер тили күрмөөгө келип турса, алар тууралуу айтат. Өлүм алдындагы адамдын түшүнүксүз нерселерди сүйлөөсү (бизде жөөлүдү деп коёт) ушундан улам болот. Көбүнчө көргөн нерселерин шайтандын иши деп ойлоп калат. Жан алкымдан өйдөлөгөндө тили тутулуп кыймылы жоголот. «Ыймансыз адамдын руху – жүн арасындагы тикенди сууруп

алгандай чыгат» деген хадис ушул учурга айтылган. Адам өзүн ийненин көзүндөй тешикке кирип бара жаткандай сезет. Көрүү, сезүү органдарынан, алгач көз көрүү касиетин жоготот». Бир жолу Каьбдан (Алла андан ыраазы болсун):- Өлүм кандай болот? – деп сурашканда, ал:

Чоң тикенди адамдын ичине салып койгон. Күчтүү бир адам ошол тикенди анын оозу аркылуу сууруп алууга аракет кылат. Тикен тилген жерин тилип, кескен жерин кесип чыгат. Өлүм, мына ушундай болот, — деп жооп берет. Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) да өлүм азабы тууралуу: «Өлүмдүн бир азабы – кылыч менен үч жүз жолу кыя чапкандай болот» – деп айткан. Буту колдон жан чыкканда денеден тер кетет. Көздөрү эки жакка тегеренип калат. Омуртка сөөктөрү көтөрүлүп, түсү саргая баштайт. Жан жүрөк тушуна келип, көкүрөктөн өйдө көтөрүлгөндө тил күрмөөгө келбей калат. Анткени, көкүрөк кысылып дем да чыкпай калат. Буга көкүрөгүнө катуу сокку жеген адамдын үн-сөзсүз жатып калуусун мисал кылса болот. Адамдын кайсы жерине урбагын үн чыгарып кыйкырат. Бир гана көкүрөк тушуна урса, үн чыгара албайт. Экинчиден,

добуш өпкөдөн чыккан абанын жардамы менен пайда болот. А бул учурда өпкөдө аба калбай калат. Дем ала албагандыктан дене сууй баштайт. Ушул учурда аны шайтан азгырып, сууну көрсөтүп, эгер динден чыксаң суу берем деп алдайт. Ошондуктан өлүм төшөгүндөгү адамдын оозуна суу тамызып, же эриндерин нымдап турушат. Алла пендесине ыйман кааласа ага ырахматын жаадырат. Ал шайтанды кетирип, өлүп жаткан адамдын абалын жеңилдетет. Адамдын көңүлү сергип, жүзүн жылмаюу аралайт. Эң акыры угуу сезими гана калат. Ошондуктан, пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун): «Өлүмү жакындаган адамга келмени б.а. Лаа илааха иллаллоох деп айтып тургула» – деген. Мына ушул келмени угуп кайталаган, же кыялына келтирген адам ыйман менен жан берген болот. Анын оозу бир аз ачылып, күлүмсүрөп, көздөрү бир аз жумулуп, жүзү нурданып калат. Мына ушул жакшы өлүм болуп эсептелет. Анткени, ал акыреттеги дайындалган орунун көрүп ошого кубанат. Алла Таала ар бир мусулманга жакшы өлүмдү ыроолосун. Өлүмдүн кечинен жана жакшысынан насип кылсын.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE