КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ (4-бөлүм.)
Эргазыны жуунткан соң,Карагыз байбиче дем салды эле,баланын көзү жайнай түштү.-Чай ичиңиздер деген Марияга,ме ал бул карыпты,алдыңа сийип жиберсе,ажеп эмес,тууруңа тутка болот.Биз чайды өзүбүз эле ичебиз деген,Карагыз байбиче,Наалкан менен үйгө кирди.
Наалкан Карагыз байбичеге бала тууралуу айтты эле:-Бала мерт болуп калат,азыр эч нерсе көтөрө ала турган эмес,кичинеден куйрук сордуртуп,таңдайынын такылдагын жогот,Назардын чоң көчүк катыны өлтүрүп алса да,куун кууй албайсың.Же энесин чакырт,бала бөөдө майып болот деген Карагыз,кейигенин жашырбай,бир топ нерсе айтып,эркек баласын атасына эле таштабайт беле,жанагы Нурбектин жулунган эжелери сенин келиниңден артык бакмак.Ушундайында берип сал,бербесең өзүң кара деди.-Апакебай,алдыма сийип салды деп,эшиктен сүйүнүп кирген Марияга:-Аа,балам тилегиң кабыл болсун,эми кудайым берет деген,Карагыз сандыгын ачтырып,Наалкандын башына аппак жоолук салып:-Эшиктен бала жетелеп кирип,келинимдин алдына сийдиртип,ажаатын ачтың,бул куурагырдын келгенине алты жыл болду,согончогу канай элек,түндө элдир селдир аян алгам,буюрса төрөйт экен деп,ойлоп койгонмун,акжолтой болдуң байбиче,баланы үч күн алып кел,дем салып берейин,менин айтканымды эстен чыгарба деп,бата кылды.
Жолду ката Наалкандын башы
катты,Эргазыны Бегимден алуунун
өзү да,чоң көйгөйдү жаратаарлыгы шексиз.»Алтын жумуртка» тууган тоогун,Бегимдин шар кармата бери
ши күмөн.Ал үчүн экөө гана кыры-
лышпастан,Назар дагы ортого түшүп,үйү толо,чыр болорлугу чын-
дык.Карагыз айтты десе,экөөнү кошуп туруп,абийирин кетиргенден
Бегим кайра тартпайт.Эмнеси болсо да,Бегимдин өзүнө барып,
бир ооз айтайын деген Наалкан,
чыйралып,кечинде басып бармак
болду.Наалкандын этегин бекем
кармаган Эргазы,анын ыгына көнүп,басып келе жатты.Жуп үйгө
жеткенде,кошунанын ала күчүгү
чыга калды эле:-Апа,ит деп,Эргазы-
нын сүйлөгөнүн уккан Наалкан,жол
дун таманына отура калып,баланы
бооруна кысып,болгон бугун чыга-
рып,ыйлап,кудайга жалынып жат-
ты.
Эргазы такыр үн чыгарчу эмес,айткандын баарына түшүнчү,өзүнчө болгондо гана бир нерсе деп сүйлөйт деп айткан Айбийкеге эч ким ишенчү эмес.Азыр кичинекей,кээ бир баланын тили кеч чыгат деп,ага көңүл деле бөлгөн киши жок,Назар үйдө болгондо анын балалык тынчтыгы сакталчу.Жаз башталганы ал да үйгө турбай,эч ким менен анын иши жок,чычат тамакты азыраак бер деп,нанды да ченеп берген оңбогон Бегим баланын балалыгын көз көрүнөө уурдап алган каракчыдай.Наалкан Эргазыны жетелеп,айылдагы чоң дүкөнгө кирди да,бул балага чак эмнең бар деп,эки сыйра кийим алды да,пенсиямдан берем,жазып кой деди эле:-Ой жеңе,Жайна турмушка чыгып кетти беле,баласын берип эле салсаңар болмок экен атасына,Бегимге кор кылбай,апасы акча салбайт деп,карызга алган памперсинин акчасы да бир топ болуп кетти.Аны кимиңер төлөйсүңөр,же Нурбектен аламбы?Бага албагандан кийин,таштап койсо болмок да.Бөөдө баланын убалына калбай деди сүйлөсө кичинекей тили көрүнгөн дүкөнчү Кына.Наалкан чыгып бара жаткан:-Кына,Жайна там алам деп,ушул баласы үчүн таманын тарап,иштеп жүрөт.Оозуна алы жетпегендерди тыя албайм,баламдын жүзү жарык,аман-эсен кайтса болду,кимдин оозун жабайын,өз келиним Бегим тетири сайрап жатса,сенин оозуңду тыя аламбы,памперсинин акчасын мага жаз,мен берем.Баланын колуна баштыктагы таттууну карматкан Наалкан,өлбөй турсам,аман эсен энең келгенче,бакканга кудуретим жетээр деп тиштенип,үйүн карай «албуут»кадам таштап,бала экөө энтеңдеп келе жатышты.
Түшкү чай маалы болгондуктан,сүттөгөн чайга томуктай сары май салып жуткуруп,тандыр нандын күкүмүн жерге түшүрбөй,тамшанып жеп жаткан баланы карап,Наалкан Бегимди ичинен каргап:-Каапыр,баланы таза мусапыр кылган экенсиң,карыптыкын кайрычу кудай бардыр деп,сыздап алды.Үйгө баланы калтырган Наалкан Назардыкына өзү эле келди,апа деп астынан тосуп чыккан Айбийкенин:-Апам мас,Эргазы бүгүн силердикине эле жатсынчы дегени,майдай жагып,ичкери кирди.Бир кулагы жок темир таштекти кучактап,кусуп олтурган Бегим,кайын энесин көрүп,селт дей түштү да,саксайган чачын оңдомуш болду
Наалкан келини Бегим менен бети ачылып,жаман жакшы айтышкан эмес,жубан тийдиң деп,бир ооз кеп да кылбаган,кеп кылгандардын оозун,бир сөз менен эле жапчу.»Уулу барың уулга,кызы барың кызга сын такпагыла,айланып келген нерседен корккула» деп гана койчу.Муну Бегим беш манжасындай билет,өйдө төмөн
көп сөз айтса да,кайын энесине катыла алчу эмес,азыр да ичкен арагы каякка кеткенин билбей,ордунан турганга аракет кылды эле:-Эс ал,Айбийке таштекти төгүп,суу алып келип бергин да,апаңа ысык чай берип,жылуу жапкын да,ысык шорпо жасап бер.Эргазыны мен алып кетем,кийим-кечесин анан атаң жеткирип берсин,памперсинин акчасын мен төлөп коём,андан сарсанаа болбо Бегим,Жайнага ооруп,караганга шайым жок,апам алып кетти дегин,ансыз деле алың куруп турат,эс ал деп чыгып кетти.Бегим лам деп ооз ача албай,бир нерсе дейин десе,өзү бутуна тура албай,бул демейде келбеген мастан эмнеге келди,ким айтты буга менин мас экенимди,алса ала берсин баласын дегени менен,тирүү «банкоматтан» айрылганын ойлоп,өзөгү өрттөнүп,ичи күйүп турду.
Наалкандын сүйүнгөнүн айтпа,кудайым балага боору ооруду го деп,сүйүнүп,үйүнө шайдоот кирди.Эргазы уулунун кызы менен жыргап ойноп отурганын көрүп,бир балээден кутулгандай жеңилдей түштү.Талаадан келе жаткан Назар,Эргазыны ала кетейин деп кайрылып,эшиктен ат үстүндө эле
кыйкырды:-Түш,деди энеси.Чай үстүндө,Карагыздын айткандарын айтты да,Эргазынын саналган кабыргасын көргөздү,аялынын үн ката албастыгын,ага барып келгенин айтып,уулун узатып жиберди.Мен үчүн унчукпагын,эшикти сүзүп келип,тытышпайлы,бала абдан коркуп калыптыр,Жайнанын колуна аман тапшыралы балам деп,суранды.Назар бир чети абдан сүйүндү,аялынын сырын беш колдой билген неме,үйүнө барбастан,талаадагы станда кароолчу болуп иштеген жалгыз бой Жапалактыкын көздөй атынын башын бурду.Назардын келгени Жапалак үчүн майрам эле,экөө аркы беркини айтып,кетмен курчутушуп,бир партия шахмат ойношту да,темир керебеттерге
кулап,заматта коңурук тартып,уйкуга кетишти.Назардын келбей калганына сүйүнгөн Бегим,мас экенимди билбей калды деп,сүйүнүп,Эргазыны кантип алам эми деп,ойлонуп жатты.
Жайна жумуштан кеч чыгып келе жатса,Сейдекүл телефон чалды:-Жайна эже,ФМС мигранттар жашаган квартираларды текшерип жүрөт,бизге да келди,төрт киши жашайбыз дедик,пропискабыз дал келбегендиктен,эртең офиске баргыла деп кетишти.Силер көрүнбөй тургула,Алмамбет да эшикте болуш керек,бир жерге отуруп тургула да,машинелери кеткенден кийин киргиле деди.Алмамбетке телефон чалса,ал бир аптеканын кире беришинде турам,дүкөндүн тегереги да
толтура полиция,үйгө карай келе бериңиз деди.Түнкү саат он бирден өткөнү менен сыртында ФМС деген жазуусу бар машинанын жылаар түрү жок,булар жашаган үйдүн жанындагы бала бакчада Өмүркул деген кыргыз бала кароолчу болуп иштейт,ошого барып,будкасына отуруп туралы дешип,акырын бала бакчанын кароолканасын көздөй жөнөштү.Кудай жалгап,Өмүркул кичинекей будкасына экөөнү киргизип,ысык чай берип,жаздын жандан өткөн суугунан эрдилери каткан экөө люкс мейманканага келгендей болушту.
-Эже,сиз менин ордума жатып эс алыңыз,Алмамбет экөөбүз отуруп эле уктайбыз деп,ордун бошотуп берди.Каяктагы уйку,түнкү суук деле,жандан өтүп,жылыткычтар да муздап баратты.Баягы машина жыла турган жери жок,Алмамбет,жүрү акырын басып,кирип кетели,көчөдө жан жок деген,Жайнанын сунган буту сенейип катып калыптыр.Экөө эки жакты байкап,акырын подъездге киришти да,үчүнчү кабатка көтөрүлүшүп,ачкыч салышса,ичи-
нен ачкыч салынуу экен,коңгуроо баса алышпайт,эшикти тарсылдата
алышпайт,титиреген экөө,үйдөгү-
лөргө алмак-салмак телефон чалы-
шат,тигилер албайт.Кудайдын боо-
ру оорудубу,Алтынбек ала калып,
эшикти ачты.Тиши-тишине тийбей
шакылдаган экөө,келип эле орду-
ларына кулап,таң атканча жылы-
бай,бүрүшүп,тизелери мурдуна тий-
генче,катып жатышты.
Эртең менен кайра жумуш,тиги-
лер келсе,машина кетсе,шак эшик-
ти ача салалы дешип,ачкычты сайып коюшкан эле.Ошол боюнча,телефондорун бейчеки шыңгырабасын дешкен немелер ук
тап калган экен.Эртең менен эрте жумушка Алтынбек кетээр эле,арт-
кы эки дөңгөлөгү жок ФМСтин эски
машинесинин эбактан бери турганын эч кимиси деле байкабагандыгына нааразы болуп,
мунун турганы качан,деп түндө эшикте түнөгөн экөөнү аяп турду.
ФМСтин имаратынын тегереги темир тор менен курчалып,кара таандай болуп мигранттар курчап алган,бири учетко,бири учету туура эмес,биринин документи ката,биринин документи туура эмес толтурулуп калган,айтор бардык көйгөйүң ушул жерден чечилип,эс алсаң эс алып,эс албасаң,ушул жерден нары «жоголушуң» керек.Тапкан акчаңды бир заматта кандай санап берсе,ошондой санап алып турушат,орто жерде «бүтүрүп берем» деп,алдап кеткен өзүбүздүкүлөр да жок эмес.Сейдекүл менен Назира келгенде,өзүбек,тажик улутундагылар толтура кезекте,тизме тизип алып турушкан экен,катталалы дешсе,алардын баары,патент алганы келгенбиз дешет,экөө биз кирип эле,документибизди каратып чыгабыз деп,догурунуп сүрүлүп киришти.
Документ текшерген улгайган орус аял Сейдекүлдүн документин текшерип башын чайкады да,сенин учетуң көрсөтүлгөн даректе «автозаправка» жайгашыптыр дегенде,ал ыйлап жиберди,аялдын боору оорудубу,»биздикилердин көзүнө,көрүнүп,колуна илинбе,мөөнөтүң бүткөнчө абайлагын да,кийин «пропискаңды нормалдуу» жасат деп,документтерин колуна карматты.Сейдекүл үчүн бул аял,»коргоочу периштедей» көрүндү.
Эшикке чыккан соң,Назира кирип
бир далайга олтурду,анын дареги да туура эмес коюлганы аз келгенсип,Жапар кызы Назира болсо,аты деген жерге кызы,атасы
нын аты деген жерге Назирасы түшүп,документинин «кашасын»чы-
гарды.Ак барактын ичине салын-
ган беш миң рубльди көргөн орус
аялдын көзү чакчайып кетти да,Сейдекүлгө айтканын,буга да айтып,жолго салды.ФМСтен чыккан экөөнүн кубанычында чек жок,бүгүн депорт болуп кетмекпиз дешип каткырып келе жатышып,алдыларынан чыккан полицияны көрүп,жандары ооздоруна тыгыла,көздөрү алайып,күлкүлөрү заматта соолуду,бир жакка шашып бара жатканбы,тигил буларды карап деле койгон жок,экөө «коркконго кош көрүнөт» болуп,метрого жетип келишти,заматта.
(Уландысы бар.)












