Пример HTML-страницы

“Курани каримдин ачкычы – Бисмиллах.”

https://kyrgyzcha.site/?p=44924&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Бисмиллах♥

Курани каримдин ачкычы – Бисмиллах.” (С. Абадиййа)

“Бисмиллах ар китептин ачкычы.” (Хатиб)

“Бисмиллах менен желген тамак берекелүү болот.” (Ибни Мажа)

“Бисмиллах менен башталбаган бардык маанилүү иштер кемчиликтүү болот.” (Байхаки)

“Үйгө кирип баратканда Бисмиллах окулса шайтан “Бул үйгө кирүүмө мүмкүнчүлүк жок” деп артына кайтып кетет.” (Тибйан)

“Амал дептеринде 700 Бисмиллах бар болгон адамды Аллаху таала Тозоктон чыгарат.” (Таргиб-ус-салат)

“Бисмиллах менен жазуу жазган адамдын муктаждыгы кетет, Аллаху таала дагы андан ыраазы болот.” (Дайлами)

“Ишин Бисмиллах менен баштаган адамдын күнөөлөрү кечирилет.”

(И. Рафии)

“Тамакты Бисмиллахты айтып жеп, аягында Алхамдулиллах деген адамдын дасторкондон тура элегинде күнөөлөрү кечирилет.” (Табарани)

“Кыйынчылыкка дуушар болго адам “Бисмиллахиррахманиррахим ва ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййил азыим” деп айтса ар түрлүү кыйынчылыктан кутулат.” (Дайлами)

“Миң жолу Бисмиллахты окуган адамдын төрт миң чоң күнөөсү кечирилет.” (Таргиб-ус-салат)

“Бисмиллах жазылган бир кагазды жерден алып койгон адам сыддыктардан деп жазылат.” (Таргиб-ус-салат)

“Бисмиллахсыз атыр себинген адам шайтандарга да атыр сепкен болот.” (Ибни Сүнни)

“Шайтандан коргонуу үчүн тамакты Бисмиллах менен баштагыла.” (Табарани)

“Суу ичерде Бисмиллахты оку, ичип бүткөндө да Алхамдулиллах де жана үч демде ич!” (Ибни Сүнни)

“Тамакты баштарда Аллаху тааланын атын эстегиле, б.а., Бисмиллахты окугула! Башында Бисмиллахты окууну унуткан адам эсине келгенде “Бисмиллахи ала аввалихи ва ахирихи” десин!” (Абу Давуд, Тирмизи, Хаким)

“Тамакты баштаган адам Бисмиллахи десин. Бисмиллахи дегенди унутуп койгон болсо эстегенде “Бисмиллахи аввалуху ва ахираху” десин.” (Ибни Мажа)

“Шайтандан коргонуу үчүн тамак жегенде, эс алып жатканда жана түндө жатарда Бисмиллахты окугула!” (Табарани)

“Ажатканага кирип баратканда окулган Бисмиллах жиндердин көзүнө парда болот, аврат жерлерди көрө алышпайт.” (Тирмизи)

“Эшигин Бисмиллах менен жапкан адам шайтандан коргонот. Бир чыбык менен болсо дагы идиштерди Бисмиллах менен жаап койгула!” (Ибни Хиббан)

“Шайтан Бисмиллах айтылбаган тамакты өзүнө халал деп көрөт.” (Муслим)

“Шайтандан коргонуу үчүн үйгө кирип баратканда салам бергиле жана тамакты Бисмиллахты айтып жегиле!” (Табарани)

“Үйдөн чыгып баратканда “Бисмиллахи таваккалту алаллах, ла хавла ва ла куввата илла биллах” деп айткан адам коркунучтардан коргонот жана шайтан ал адамдан алыстайт.” (Тирмизи)

“Эй, Расулуллах! Канча көп жесек дагы тойбой жатабыз, тамагыбыздын берекеси болбой жатат”, – деп айтышты. Расулуллах: “Тамакты өзүнчө бөлөк жебей бирге жеп, Бисмиллах айтылса берекелүү болот.” – деп жооп берди. (Ибни Мажа)

Расулуллах алейхиссалам хазреттери Бисмиллахты айтып, сууну үч дем менен иччү, ичип бүткөндө Алхамдулиллах дечү. (И. Сүнни)

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы