КИЧИПЕЙИЛДИК🌙🌹♥
Кичипейилдиктин мазмуну пенденин Жараткан алдындагы милдети менен аныкталат. Башкача айтканда, пенде Анын алдында эч нерсеге ээ эмес, алсыз, кудуретсиз, чамасы чектелүү макулук. Адамзаада өзүнө багышталган илим, мансап, бийлик-байлык өңдүү убактылуу нерселер менен алсыздарды, карапайым элди, кембагалды эзип кордук көрсөтпөшү керек.
Мен сыяктуу ким бар деп.
Барчылыкка мас болбо,
А болбосо, апаат желге бир күнү
Сапырылат колдогуң! деп, белгисиз акын текеберлерди ачуу чындык менен безге сайган.
Анткени Алла бардык мезгилдин жана эртеңки келечектин Ээси.
Адампенде келечекте өз башына эмнелер келерин эгерим билалбайт.
«Сага ынанган момундарга кичипейил бол!» (Шуара, 215).
«Мээримдүү Кудай Тааланы пенделери жер үстүндө сылык-сыпаа жашашат жана наадандар тил тийгизсе: «Тынчтык!» деп коюшат» (Фуркан, 63).
Азирети Пайгамбырыбыздын хадистерине көңүл буралы♥
«Алла Таала мага♥
«Кичипейил болгула; бирөө бирөөгө заалымдык кылбасын!» деп буйрук берди» (Муслим, Жаннат, 64).
«Кимде-ким Жараткандын ыраазычылыгы үчүн (Анын пенделерине) кичипейилдик кылса, ушу себептен улам Алла аны бир даражага көтөрөт…» (Ибн-и Маажа, Зухд, 16).
Идрис (алейхис салам) өз коомуна насаат айтып, жакшы жолго баштаганга жанүрөгөн пайгамбар болгон. Ал минтип айткан♥
«Акылдуу пенденин мартабасы көтөрүлгөн сайын кичипейилдик касиети артат».
Канткенде адам нагыз кичипейил болуп жашай алат? деген суроону маркум Юсуф Асбат минтип жооптогон♥
«Эрте менен үйдөн чыгып кимге жолуга турган болсоң, аны өзүңдөн жогору көр. Сага айтылган акыйкатты туура кабылдап, төмөндөгүлөрдү өзүңдөн жогору көрүү-анык кичипейилдик. Сени жамандаган менен мактаган адамды таразаңда тең тут..»
Текеберленбеген, заалымдык кылбаган, бузукулук чыгарбаган, Аллага деген сүйүү жүрөгүндө ашып-ташкан пенделерге акырет бактылуулугу насип кылынган•♥
Анткени кичипейилдик, сылык-сыпаалык нематтан жаа бою качып, жаман жоруктарга жабышкандар Фараонго окшошкондон башка эч нерсе таппайт.
«Мына акырет журту! Биз аны жер жүзүндө текеберчиликти жана бузукулукту арзуу кылбаган пенделерге беребиз. (Эң изги) акыбет такыбаалардыкы» (Касас, 83).
♥•Кутман сахабалар Жараткан аманат кылып ыроологон байлык-бийликти эч убакта менменсинүү, текеберчилик өңдүү напси семиртер жагдайларга колдонушкан эмес. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын нары сылык, нары сыпаа өмүр жолун тутунушкан•♥
Төрт жүзгө жакын үй бүлөдөн курулган Ислам дөөлөтүнүн чеги он жыл аралыгында Ирак жана Палестиналарга жеткен. Азирети Пайгамбарыбыздын көзү өткөн маалда Ислам дөөлөтүндө Византия жана Перстер менен согуштук кырдаал курчуп турган. Олжого келген мал-мүлк казынага батпай ашып ташкан. Бирок сахабалардын он жыл мурунку кичипейилдиги, дүнүйөгө кызыкпай жупуну жашашы жана кайыр-садага таратууга болгон ышкы эч өзгөргөн эмес. Алар байлык ыймандын даамын бузат, ыйманга көө жугузат деген кооптонуу менен колундагы болгон мүлктү напси жыргатар жактарга колдонушкан эмес. Бул жаатта өтө кылдат болушкан. Алар ошол себептен жашоо ыңгайын Алланын ыраазылыгын табуу максатына ыктата бекемдешкен.
♥•Изгилик элестери
Ааламдарга ырайым кылынып жаратылганына, жин жана инсан ааламынын пайгамбары болгонуна жана жаамы асылдыктын эң нукурасы адамдык сапатына ширетилгенине карабай Ааламдардын Ардагы (саллаллаху алейхи васаллам) «Мактануу жок!» дегенди такай кайталап кичипейилдигин, сылыктыгын жана жупунулугун сактаган.
♥•••••••Алланын акыркы Элчисинин төрт киши араң көтөрчү гарра аттуу чоң тайказаны бар эле. Күндөрдүн биринде жерге жарык түшүп духа намазы окулган соң сахабалар ичинде шорпосу бар тайказанды алып келишти. Кутман сахабалар Ардактуу Элчини жанына малдаш токунушат. Ал чөктүшө олтурат. Ичи чыкпаган бир көчмөн арап бул көрүнүштү сынга алат:
— Бул эмне деген отуруш?
— Жараткан Алла Таала мени шарапаттуу кул кылып жараткан… деп жооп берди сылыктыктын атасы саналган Кутман Пайгамбар (Абу Давуд, Атима, 17/3773).
♥•••••••Бул окуяны Абдуллах бин Жубайр (Алла ага ыраазы болсун) айтып калтырган:
Күндөрдүн биринде Азирети Пайгамбарыбыз бир топ сахаба менен жолдо бараткан. Бир сахаба Алла Элчисин күндөн коргоо үчүн башына ак бөздү көлөкөлөгүсү келет. Байкап калган Пайгамбар жөн коюуну өтүндү да, мындай деди: «Мен да силер сыяктуу эле адам баласымын!» (Хайсами, IX, 21).
♥•••••••Кутман сахабалардын арасында кеп кызуу жүрүп жатты. Алла Өзү жараткан инсандардан Азирети Ибрахимди дос тутунушуна, Азирети Муса менен сүйлөшкөнүнө, Азирети Исанын атасыз төрөлүшүнө жана Анын руху болушуна, Азирети Адамды тандашын айтып таң калышты. Ошол маалда Алла Элчиси алардын жанына келип сөз эмне тууралуу жүрүп жатканын аңдады. «Сөзүңөрдө калет жок!» деп алардын сөзүн тастыктап, өзүнүн сыпаттары тууралуу айтып берди:
«Мен элчилердин Мырзасымын, бирок мактанмай жок!
Мен пайгамбарлардын акыркысымын, мактанмай жок!
Алгачкылардан болуп шапаат кылган жана шапааты биринчи болуп кабылдана турган инсан менмин, бирок мен буларды мактануу үчүн айпадым!» (Дарими, Мукаддима, 8)
«Кыямат күнү жер жарылып ачылган кезде эң алгач мен тирилем, бирок мен муну мактануу үчүн айтпадым•♥
Ыраазылык желеги мага ыйгарылат, мен муну менен да мактанбайм!
Кыямат күнү мен жаамы адамзаттын мырзасымын, буга да мактанбаймын! Кыямат күнү Бейишке эң алгач мен кирем, бирок мен муну мактануу үчүн айтпадым» (Дарими, Мукаддима, 8; крз. Тирмизи, Манакыб, 1/3616).
♥•••••••Сегиз жыл мурун азап-кордуктун айынан Меккеден муңайган абалда көчкөн Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам)Жараткан Алланын ырайымы менен он миң кишилик колду баштап, куттуу жайга кирип барат. Ал күнү журтунан куулуп чыгарылган адам, бүгүн өз мекенин колго алган башчыга айланат. Бирок ал муну менен эрдемсинбей төөсүнүн моюнунда сажда калыбында, бул нематты ыроологон Алла Таалага шүгүр кыла Меккеге кирет. Башын Жараткан Аллага ийген кезде сакалынын учу төөсүнүн семерине тийет.
«Оо, Жараткан Алла! (Чыныгы) Жашоо – акырет жашоосу!» деп кайталайт46 (Вакиди, II, 824; Бухари, Рикак, 1).
♥•••••••Муаз бин Жабалды Йеменге казы кылып дайындаган Алла Элчиси бир топ сахабасы менен аны шаардын сыртына чейин жөө узатып чыгат. Азирети Муаздын астында унаасы бар эле. Кичипейилдик кылып аттан түшүп, Пайгамбарын мингизгиси келет, көшөрө өтүнөт. Андан өткөн кичипейил Элчи (саллаллоху алейхи васаллам) жөө баса турганын айтып, негизги маселе башка экенин мындайча белгилеген:
«-Эй Муаз! Менин бул кадамымдын Алла жолуна арналышын каалайм».
♥•••••••Пайгамбардын тарбиясында жетилген Анас (Алла ага ыраазы болсун)ойноп жаткан балдардын жанынан өтүп баратып салам айтып:
-Пайгамбарыбыз да балдарга ушинтип салам берчү деген (Бухари, Истизан, 15;Муслим, Салам, 15).
♥•Азирети Анастын айтымына караганда, кичипейилдиктин анык жүзү саналган Алла Элчиси айрым учурларда Мединадагы Ансар боордошторунун үйүнө барган кезде балдарын сүйүп, алар менен саламдашып, башынан сылап, ак батасын берчү экен (Насаи, ас-Сунанул-Кубра, VI, 90).
♥•••••••-Азирети Пайгамбарыбыз үйдө эмне иш кылчу эле? деген суроого Азирети Айша эне:
-Бүлөсү үчүн кызмат кылчу, намаз убагы болгондо мечитке кетчү. (Бухари, Азан, 44, Нафакат, 8, Адаб 40).
♥•••••••Алла Элчиси өз ишин өзү жасап, үй-бүлөсүнө кол кабыш кылчу. Бул өңүттөн төмөнкү риваят өтө нускалуу:
♥•Алла Элчиси үйдө болгон мезгилде өз киймин өзү тазалап, койлорун саап, жыртылган кийимин жамап, буткиймин тигип, үй шыпырып, төөсүнө жем берип, кызматкери менен чогуу олтуруп тамактанып, камыр жууруп, базардан алган буюм-тайымдарын өзү ташычу. Бир жолкусунда базардан алган буюмун Абу Хурайра ташыгысы келип колдон талашат. Ал:
«Ар ким өз буюмун өзү көтөргөнү дурус. Көтөрө албагыдай алсыз болгондо гана мусулман тууганы жардам бериши абзел» (Хайсами, V, 122) деп колундагы буюмдарын өзү көтөрүп кетет. Алла Элчисин үлгү тутунган Азирети Умар да, Азирети Али да халифалык тактыда олтурган кездерде базар кыдырып үй-бүлө муктаждыгын өздөрү камсыз кылган.
♥•••••••Аша чаап таазим көрсөткүсү келген адамга Пайгамбарыбыз төмөнкү хадиси менен эскертүү берген:
«Силер мени өз даражамдан өйдө көтөрүп, көкөлөтпөгүлө! Анткени Алла Таала мени Элчиликке дайындоодон мурда Өзүнө кул кылган эле» (Хаким, III, 197/4825; Хайсами, IX, 21).
♥•Сүйүктүү Пайгамбарыбыз өзүнүн да жөнөкөй пенде жана кул экендиги тууралуу көп-көп эскертүү берип, улам кайталап турушунун дагы бир негизги себеби Анын ченде жок кичипейилдигинде, сыпаалыгында, жөнөкөйлүгүндө жатат.
♥•••••••Мүнөзү табиятынан катаал болгонуна карабастан Азирети Умар өтө кичипейил адам болгон экен. Халифалык мансапка манчырканбай, карапайым киши сымал таар үстүнө уктап, төөлөрүн кашып, сугарып, жамаачылуу кийим кийип, кайрымга келген азык-оокаттарды жонуна көтөрүп, жетим-жесирлердин үйүнө жеткиргенден тажаган эмес экен жарыктык киши. Түндөрү көчөмө-көчө кыдырып, калайыктын кем-өксүгүн камсыздамайын жаны жай алчу эмес дешет. Абу Махзура анын кичипейилдигин мындайча эскерген:
«Күндөрдүн биринде Умар бин Хаттаб менен чогуу отурган элек. Бир маалда Сафван бин Умайя бир табак тамак алып келип, халифанын алдына койду. Азирети Умар жанында жүргөн кулдарды, кембагалдарды дасторконго чакырды. Баары чогулуп келген соң халифа алар менен тамактанды. Тамактануу учурунда ал:
«Кулдар менен тамактануудан арданган адамды Кудай кутултпайт» деген накыл сөздү айтты. Анын бул сөзүн айрымдар өздөрүнө алды көрүнөт:
-Аллага ант болсун! Алар менен чогуу тамактануудан уялбайбыз. Керисинче, аларды ойлойбуз. Атаганат, ар дайым даамдуу тамак таба алсак, алар менен чогуу олтуруп тамактанганга не жетсин?!» дешти (Али ал-Муттаки, IX, 198/25650).
♥•••••••Азирети Умардын (Алла ага ыраазы болсун) кичипейилдигин, сылыктыгын даңазалаган ибараттуу окуяны Мавлана олуя аша көркөм баян эткен.
Рим элчиси саясий иш менен Мединага келет. Мусумандардын ажосу менен расмий түрдө жолуккусу келип, аксарайга барчу жолду сураштырат. Ага кезиккендин баары эле:
-Халифанын ысмы «момундардын эмири жана халифасы» делинип ааламга жайылганы анык, бирок анын сиз боолгогондой аксарайы жок. Жаркыраган жандүйнө сарайы бар. Өзүнө таандык тек гана кембагалдар менен карып-мискиндер башкалкалаган жупуну үйү бар. Бирок сен береги дүнүйөкор, дарттуу көзүң менен анын руханий сарайын көрө албайсың! дешет.
Окшош жоопторду уккан Рим элчиси айрантаң калат, бир чети арданат. Мингичин, жүк жүктөгөн атын бош коюп, Умарды издеп жөнөйт. Анын кайда турарын алдынан чыккан адамдан сурайт. Жооп окшош. Эми чындап таңкалат.
-Демек, бул өлкөдө рух сыяктуу пенде назарынан жашыруун кала турган өкүмдар бар! деп өзүнө-өзү күбүрөнөт.
Сураштырат… Сураштырат…
Бир арап аял:
-Сиз издеп жүргөн халифа мына бул курманын көлөкөсүндө жатат. Жалпы журт жылуу төшөктө эс алып жатса, ал кумдун үстүндө жатат. Ишенбесең, барып кара. Сен издеген адам тигине! деп оң жак тарапта курманын көлөкөсүндө жаткан адамды жаңсайт.
Уйкудагы Азирети Умардан айбат менен жылуу туюм сезилет элчиге. Негизи бири-бирине караманча каршы келген бул эки сезимдин өз жандүйнөсүнө жуурулуша кирип келгени элчини таң калтырбай койбойт.
-Мен деген нечелеген император көргөн жана алардын алдынан аброй алып чыккан адаммын! Ушу кезге чейин алардын биринен да айбаттуулукту сезген эмесмин. Эми келип бул инсандын айбаты менен жылуу сезилген адамгерчилиги эсимди кетирди.
♥•Бул халифанын курал-жараксыз же жансакчысыз уктап жатканын кара. Денем ага жете элек титиреп, муздак тер басты! Бул эмне деген абал? Эмне үчүн мындай болуп жатам? Жок… Жок… Демек, бул айбат Жараткандыкы. Береги дене турпаттыкы эмес! деп өзүнчө күбүрөнөт.
♥•Элчинин көөдөнүн ушундай алаамат сезимдер, суроолор аңтарып жаткан кезде халифа уйкудан ойгонот.
Элчи халифага таазим эте салам берет. Жылуу алик алынат. Аны рух гүлбагына ээрчитип барат. Бүлгүнгө учураган жүрөгүн аруулайт. Нечендеген кеменгер мааниден кеп улай, даанышман сөздөр айтылат.
♥•Халифанын сөзүн уккан сайын элчинин жүрөгү элжирейт. Чыныгы мартабаны, рухий абалды сезе баштайт. Даанышман инсанды өзгөсүнбөй өзсүнө баштайт. Кеп кызыгына батып өзүн жоготот. Элчилик кызмат, кабар жеткирүү озуйпасы ойго келбей калат…
Тыңдоочунун элжиреп баратканын жон териси менен сезген халифа дагы да жугумдуу сөз улап дилмаекти өмүр, жан, рухий дүйнөгө бурат. Жүрүп олтуруп кеп оролу убакыт, мейкиндиктен сыртка чыгып, кадырман олуялардын жогорку мартабасына, анык бакыт талаасына өтөт.
Акырында элчинин дили жибип, көңүлү тазарып халифанын алдында келме айтып ыйманга келет.
♥•••••••Ахнаф бин Кайс (Алла ага ыраазы болсун) араптардын айрым тың чыкмалары менен чогуу Азирети Умарга келет. Өрөпкүгөн халифа чапанынын эки этегин куруна кыстарып алган. Ахнафты көрөөрү менен халифа:
-Кел Ахнаф жардам бер. Мамлекеттин бир төөсү коргондон качты. Бул малда канча кишинин акысы бар экенин өзүң жакшы билесиң деп өтүндү. Күн санап кыйыры кеңейип көптөгөн элдерди өз кучагына алып жаткан чоң дөөлөттүн журт атасынын минтип малчы өңдөнүп этекти белге кыстарып алганына жана сөзүнө күбө болгон арап уруу башчылары бырс күлүп жибере жаздады. Арадан бирөө келекелеен таризде үн катты:
-Халифа мырза! Эмне эле мынча күйүгүп алгансың? Төөнү кармап келүү үчүн бир кулду милдеттендирсең болбойбу?
Азирети Умар мыйыгынан жылмая өзүнүн кичипейил экендигин тастыкай:
-Менден өткөн илбериңки кул болбосо керек?! деди.
Караңызчы…. Кандай гана изги ахлак, кыраакылык жана кичипейилдик.
♥•••••••Агезде кадырман сахаба Салман (Алла ага ыраазы болсун) Мадаин аймагынын акими эле. Дамасктан Мадаинге Тайм уруусунан бир киши келет. Унаасында жүгү жана анжири бар. Жүк түшүрткөнгө киши таппай карайлап турган маалда жупуну көйнөк, таар чепкенчен адам өтүп калат. Жолоочу ал кишини тааныбагандыктан:
-Эй тууган! Кел, мынабу жүктү кербен сарайга ташып берчи! дейт.
Жупуну кийимчен адам макул болуп, жүктү ташый баштайт. Жолдон аны тааныгандардын айрымдары таң калат. Кезиккендердин бири батынып жүк ташып бараткан адамдын аким экендигин айтат. Оозу ачылып шаштысы кеткен жолоочу жүктү түшүрүүгө далбас урса да, Салман (Алла ага ыраазы болсун):
-Тим кой, тим кой. Кыйынчылыгы деле жок. Сарайга жеткиргенге чейин жүктү жондон түшүрбөйм дейт (Ибн-и Саад, IV, 88).
♥•••••••Бактылуу үммөттүн чоң аалымдары кичипейилдиктин ажайып көп мисалын көрсөтүп өтүшкөн. Халифалык такта отурган Харун Рашид бир маселе боюнча Имам Абу Юсуфка суроо салат. «Билбеймин» деген жоопту алган халифа кыйла ачууланат:
-Айлыгыңыз жана айрым төлөмдөрүңүз турганда билбейм деш туура эмес!
-Халифам! Менин айлыгым илимиме жараша. Билбегендериме да төлөнө турган болсо, казына жетпесе керек.. деп акыйкаты айтат.
♥•••••••Халид Багдадий али устаттыка уруксат ала элек болсо да, алган илимине манчыркабай өзүн дагы эле окуучудай алып жүрчү экен. Өзүн ушунчалык жупуну алып жүргөнүнө карабастан ээлик кылган илиминин тереңдиги көпчүлүктүн назарын бурат. Күндөрдүн биринде Халид Багдадийге Сулайманиянын эң улук өкүлү Абдуррахман Пааша зыяраттап келет. Нары кичипейил, нары сылык инсандын изги адамгерчилигине, илиминин тереңдигине таң калат. Натыйжада Сулайманийя медреселеринен кайсынысын кааласа, ошол жерге мугалим болуу сунушу түшөт. Көрсөткөн урматына ыраазылыгын билдирген абалда башын төмөн ийип:
«Биз бул кызматка ылайыктуу эмеспиз!..» деп сунуштан баш тарткан экен.
♥•••••••Явуз Султан Салим Хан Мисир жүрүшүнөн Стамбулга кайтат. Жүрүштөн кайткандарды шаңдуу салтанат менен тосуп алууга шаар калкы кызуу даярданып жатканы кабарланары менен журт атасы түн кирип, эл аягы тынчыган маалда шаарга кирүү чечимин чыгарат:
«-Каш карайсын, эл аягы тынчып, көчөлөр бошогон маалда шаарга кирели. Болбосо калайыктын алкышы, жеңиш урааны жана жамгырдай жааган мактоолор напсиге жеңилип берүүгө түрткү болот!..»
Явуз ханды коркунучтуу Сина чөлүндө арстан сыяктуу айбаттуу, Мисирге кирээрде жашыган шүгүрчүл, өтө сыпаа момун, ал эми Стамбулга кирээрде напсиге өңүт бербегенге, изгиликтен тайбаганга аракеттенген дервиштей көрдүк.
♥•••••••Осмон дөөлөтүнүн курулуш жаатындагы улуу чебери Кожо Синан албан ийгиликтерге, көптөгөн сыйга карабастан, Жараткан Алланын алдында өзүн алсыз кумурскадай сезген. Анткени ал кичипейилдиктин, сыпаалыктын туучокусуна талыкпай талпынган устат эле.
Мимар Синан Сулеймания мечитинин кыяматка чейин тик турушу үчүн болгон күчүн жумшап, талыкпай жалбарган. Натыйжада Алланын жардамы менен теңдешсиз чебердикти жараткан. Ошентип, кезек өзүнүн күмбөзүнө келет. Аны өтө жупуну түрдө мечиттин бир бурчуна түптөгөн. Атагы ааламга кетип, даңкы таш жарып турганына карабастан, текеберленбей мөөр басканда же кол койгондо Шер Мимарани Хасса дегендин жанына «Мури Натуван» (алсыз кумурска) деген лакапты кошо жазган. Анын эң чоң эмгеги саналган Салимийя мечити курулуп болгон соң атын мечиттин китепчесине жазып коюну сунуш кылышат. Пендезат эгерим баш тарталбай турган сунушка минтип жооп кайтарган экен кайран уста•••••••♥
«Алланын куттуу үйүнө атымды койдургудай мен ким болуп калыптырмын!…»
♥•••••••Султан Ахмад Хан устаты Махмуд Худайини абдан сыйлагандыктан, ага кымбат баалуу белек жиберет. Тилекке каршы, Махмуд Худайи белекти кабылдабайт. Белек көңүлдөн чыккандыктан кайра өзүндө калтырууну эп көрбөгөн падыша аны доордун кадырлуу аалымы саналган Абдулмажид Сиваси мырзага жиберет. Белек кабылданат.
Арадан күндөр өтөт. Бир жолугушууда падыша аалымдын жанына барып, белекти кабылдаганы үчүн ыраазылык билдирет да, улуу устаты кабылдабай койгондон кийин ага жибергенин айтып кечирим сурайт. Кеп төркүнүн түшүнгөн даанышман олуя падышанын көңүлүн жайгаруу үчүн берегидей маңыздуу жооп айтат:
-Султаным! Махмуд Худайи анык зымырык куш. Ал тарпка жолобойт!
Арадан дагы биртоп күн өтөт. Падыша устатынан кабар алганы барат. Аркы-беркиден сөз уланат. Падыша сөз арасында:
-Устат! Сиз баш тарткан белекти Абдулмажид мырза кабылдады, деген маанини айтып, таарынчын кылтыйтат.
Тактыктан, актыктан бир эли артка кетүүнү каалабаган Махмуд Худайи:
-Султаным! Абдулмажид мырза деген чалкыган дайра. Чалкыган дарыяга түшкөн бир тамчы дүнүйө анын тазалыгына зыянын тийгизе албайт! дейт.
Мына. Ислам маданиятынын, сыпаалыктын ажайып көрүшүнү…
♥•••••••Көп жылдар бою Стамбулда жашап, талыкпай иликтөө жүргүзгөн француз доктор А. Барйер Осмон мамлекетинин маданий турмушуна мындайча баа берген экен:
«Адеп-ахлак терең тамырлагандыктан мусулман түрктөрдүн арасында текеберчилик, менменсинүү деген тер сыпаттар жокко эсе. Анткени дин Ислам текеберчиликке, өзүмчүлдүккө катуу тыю салган. Мусулмандар бири-бирине ар дайым төмөнкүдөй акыл насааттарды айтып келишет:
-Жер бетинде манчыркана баспа, текеберчилик кылып адамдардан жүз үйрүбө!
-Текеберлерден, атакка мас болгондордон Алла жүз үйрүйт!
-Сылык-сыпаа, кичипейил бол, үнүңдү жай чыгарып сүйлө!
-Текеберчилик наадандыктан алдыда турат, аалым эч качан көөдөн кербеши керек!
-Кичипейилдик адамды нарктуу кылат!
Ушул себептен алар ар дайым акырын сүйлөшөт. Кол жаңсаганда текеберчиликке жол беришпейт. Кызматты берилүү менен жеңил бүтүрүшөт».
Осмон дөөлөтүнүн коомчулугуна таандык бул асыл нарк падышадан тарта карапайым адамга дейре баарында тегиз гүлдөгөн. Кызыгы, падышалар мамлекеттин курулушунан жыгылышына чейин жума сайын саламдашуу үчүн алдына кирип чыккан аскерлерине:
«Манчыркаба, падышам! Сенден бийикте Алла турат!» деп айтууну буйруп, муну расмий түрдө салтка айлантышкан деп айтылат.
♥•••••••Жыйынтыктап айтсак, кичипейилдиктин акыбети ого эле жемиштүү. Анткени кичипейилдер берешен келишет.
Берешендер албетте мээрман болушат.
Мээримдүү инсан болсо макулукка кызмат кылайын деген тилектен жазбайт. Жараткандын ыраазылыгын табууга бул асыл тилек өбөлгө. Ахлакка көрк берген изги касиет. Кичипейилдиги өөрчүбөгөн көрпенде жаамы изгиликтен, жакшылыктан кол жууйт.
Кичипейилдик пенденин баам-парасатын курчутат. Ошол себептен дос-душманды оңой айырмалайт.
Кичипейилдик пенденин адамгерчилигин оожалтат, кулчулук озуйпаны бекемдейт.
♥•Азирети Мавлана:
«Эрте жазда таш жашарабы? Топурактай кичипейил бол, сенден түркүн түстөгү гүл өсүп чыксын!..» деп айткандай, жер үстүндөгү барча макулук аны тепсейт, казып, жугундусун, таштандысын төгүп жапа чектирет. Бирок топурак кичипейилдик менен ушунун баарын кучагына сиңирип атыр жыттуу, түркүн түстөгү кооз гүлдөрдү жетилтип, үстүндөгү макулуктун көңүлүн да, курсагын да тойгузат. Чыныгы момун-мусулмандын жандүйнөсү да ушу топурактай болушу керек♥

















































