КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ (7-бөлүм.)
Наалкан байбиче Эргазыны алып кеткенден бери,Бегим кайынэнесинин босогосун аттай элек эле,Наалканды «тез жардам»келип алып кетти дегенди угуп,басып келген.Бала да болсо,Бегимден көргөн кордугун эсинен чыгарбаса керек,Эргазы аны көрөөрү менен жеңесинин аркасына жабышты.Апамдын абалын сурайын деп келсем,ооруканага жатып калган турбайбы,апам чыкканча Эргазыны алып кетейин,сен кантип бакмак элең,башка түйшүгүң да толтура деген Бегимдин сөзүнө:-Убара болбоңуз,апам мен өлүп калсам,энеси келээр,асты Бегимге бере көрбө баланы деп,аб-
дан табыштап кетти.Эргазыны сиз-
ге бере албайм деп,так кесе айтты.
Таш тиштегендей болгон Бегим,ун-
чукпай жолуна түштү.Наалкандын
кыйындыгынан Эргазынын бала-
лык орду бар эле,бул үйдө,ал оору-
канага жатаар менен,үйдөгү келин
да,тамакты тарта берип,кагып,сил-
кип,жаңы эле ашка кирип,баш көтө-
рүп келе жаткан Эргазыны кайра-
дан чүнчүтүп койду.
Таажы оору Эргазыга тайэнесин
да ыраа көрбөстөн,Наалкан байби-
че ооруканада көз жумуп,өлүк зый-
наты кылынбай,ошол эле күнү ата-
йын кызматтын адамдарынын кош
тоосунда,ооруканадан түз эле,үйгө алып келбестен,айылдын көрүстө-
нүнө,алып келип коюлду.Элчилик-
тин жардамы менен,бир жумадан кийин учуп келди Жайна.Энесинин
каза болгону,учурунда келе албаган
дыгы,энесинин каада-салт менен
жерге берилбегендиги,үч жылдан
бери,бир тамдык акча чогулта алба
гандыгы,баары чогулуп келип,өзөгү өрттөнгөн Жайна,болгон акчасына
шаардын чекесинен эки бөлмөлүү
там сатып алып,Эргазыны алып кетип,жашап жаткан,эртең менен
жаңы конуштун милиционери чакы
рып:-Сизди ит менен издеп таппай
жүрүшөт деп тамашалай,ушул теле-
фонго чалыңыз деп,колуна алакан-
дын отундай кагаз карматты.Ким,
эмнеге деген суроосу да,жоопсуз
калып,жолдо келе жатып эле терди
берген телефондун номерин.-Жай-
наке,эжемдин аманатын аткара-
йын,эсиңдеби,мен мындан бир кан-
ча жыл мурун,сенин чоң атаңдын
тээ илгерки машинесин,ыраматы-
лык эжемден бекер алып кетип,
«бир учурда баасы чыгат,карыган-
да,Сизге бир комнат үй алып берем,деген элем»чоң атаңдын Победасы,Лондондогу аукциондо
жакшы баа болду.Карызымдан ку-
тулайын,эжем ыраматылыкка буйур
ган эмес экен,бир жолу өзүнө айт-
сам,беш тыйын болсо да,Жайнага
бер,деген.Эми,ошол аманатын ат-
карайын,шаардын каалаган районунан,бир бөлмө батир караш
тыр,өлүк карызынан кутулайын
деди.Жөн эле,асмандан түшкөн ак
кочкор,түшкө да,мындай кирбесе
керек,Жайнанын көз алдына,чоң
атасынын эски «победасы» тарты
лып,аманат аткарган кыйыр тайаке
синин адамкерчилигине ыраазы.
Жайнанын кыйналганы,кичинекей Эргазынын бешиктен бели чыга электе тарткан мусаапырчылыгы кайтып,шаардын кичи районунан бир бөлмөлүү батирлүү болгондуктарын,байкуш Жайна,Россияда «эшектей» эле иштеп келиптир деп,кеп кылышып,мээнети кайтыптыр деп жатышты.Айрыкча,аны уккан Назиранын кубанганын айтпа,орустун жеринде бири-бирине арка бел болгон Жайна,Назирага Кыргызстанга кел,менин тамыма жашап,чогуу иш жасап көрөлү,»‘бизнесибиз»күйүп кетсе,ошол тамда кала бересиң деп,Назира да,учуп келип,экөө биргелешип,тигүү цехин ачышып,
бирде көкөлөп,бирде төтөлөп,иште-
рин оң жолго багыттап алышты.Кы
зын дагы шаардын бир мыкты гим-
назиясына киргизип,кыргыздын
эки турмуштан запкы жеген татына
кыздары өз жашоолору үчүн күрөшүүнү токтотпой,бир топ кыз-
келинге жумушчу орун түзүп,кол машина менен иштеп баштаган ча-
кан цехтери,чоң ательеге айланды.
Мунун башатынын бардыгы «миг-
ранттык» мээнеттери,ачуу-таттуу
сагынычка жык толгон күндөрүнүн,
жол караган балдарынын,жүрөгү
ооруп,аяган энелеринин таасирдүү
акыбеттери экенин экөө тең унутуп
коюшкан жок.Бүгүн Назира кызы
окуган мектеп-гимназияга ардактуу
ата-эне катары чакырылган.»Кыялымда Кыргызс-
тан» аттуу республикалык конкурс-
та,кызы биринчи орунга татыктуу
болуп,ал жазган дил баян далай-
дын жүрөгүнө жетип,сыйлыгы да,сыймыгы да ат көтөргүс болуп
олтурат.Ал жазган дил баянда,жал-
гыз бой энеси тиричиликтин азабынан мигрант болгондугун,өзү
жакын адамдарынын колунда өсүп,энесиз,эрксиз,ыдык көргөн күндөрүн эскерип,жалгыз тайэнесинин мээрими гана ага жар
болгонун жазып,мигранттын балдары үчүн,жатак мектеп интер-
нат ачууну сунуштап,мигранттар жакындарына ай сайын,балдарын
багуу үчүн салган акчаны мамле-
кетке салса,ар бир бала көз каран-
дысыз чоңойсо,эң эле элементар-
дык жөнөкөй эле нерсе,ата-энеси
менен телефон аркылуу эркин сүй-
лөшсө,баланын эмгеги бааланса,
мына ушуга окшогон кыялындагы
бардык нерсени жазып,өлкөбүз
өнүксө,эч бир ата-эне мигрант болбосо экен деген изги тилегин
жашырбай,дил баянынын соңуна
чыккан.Муну уккан ар бир адамдын
жан дүйнөсүндөгү козголоң,балалыктын асманында ала булут болбосо,деп гана тилеп
турушкандай эле.
Мигранттарды бардык жагынан кысуу менен,биртике маңдай жарыла сүйүнүп тапкан акчаларынын кадырын кетиришип,»кирди-чыкты»деген балекет,эзип койду.Кыргызстанга келип кетели десе,жол киренин кымбаттыгы,Казакстанга кирип чыгалы десе,боордошторубуз деле ар кандай шылтоо менен,териңди сыйрыйт.Айына отуз-кырк миң алган батир ээлери сага «прописка» жасап бербейт,салыктан качышат.Бирөөлөргө жасатсаң,жашаган жериңдин дайыны жок,кай жерде болбосун,экиден ээрчишкен полициялар,шашып жумушка бара жатсаң,эжигейдей гана эзип,текшерип турат.Официалдуу эмгек келишимин чанда гана бирөөлөр жасабаса,эч бир ишкана жасабайт.Айтор,мигрант өз киндигин өзү кесип,ал түгүл андан үмүт кылган бир короо кишинин «киндигин»кошо кесип,аш-той өткөргөн,контракт төлөгөн,жер алган,үй салган,күнүмдүк көйгөйүңдөн бери чечкен мигрант болуп,алар кандай шартта,кантип жашап,кантип иштеп,ушунун баарын жасап жатат деген киши жок.Айда алтын,күндө күмүш тапкандай,ар бир күндүн төрт-беш саатын гана уктап,ийиктей чимирик аткан,мигранттын жашоосу менен эч кимдин деле иши жок.Ири шаарларга банкомат орнотуп койгонсуп,каалаган убагында,акча сал дегенден оозу-мурдубуз кыйшайбай,аманчылыгын тилеп,келе эле деген,мигранттын жакындарыбыз.Баарынан да акча сал деп,салдыртып,алган соң унутуп койгонду айт,жада калса бир ооз ырахматыбыз да,капчыгыбызга акча менен кошо кирип кеткендей.Мигрант акчаны салып,банктан чыгат да,бир жакшы иш кылгандай жеңилдеп,жерди оё басып,биртике жер тиктеп басат да,анан шайдооттоно ушундай ылдамдык менен барчу жагына багыт алат.Мигранттар жөнүндө эмнелерди гана айтышпайт,тирүүчүлүктө ак карасы бар чыгаар,бирок бирөөнүн эли-жеринде баарынын эңсегени келечеги,эртеңи,үй бүлөсү,жаркын турмушу.Бирде кубанып,бирде сагынычтан санаага батып,орустун жаздыгына эмне деген гана көз жаш сиңген жок.Баарынан өкүнүчтүүсү,ар кандай кырдаалда кыйылган жаркын өмүрлөр,жүк-200дүн,Мекенге келиши,сай сөөгүңдү сыздатып,жүлүнүңдү өрттөгөнүн айт.Жол караган кунарсыз көздөр…..
(Уландысы бар.)












