КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ (6-бөлүм.)
Наалкандын тестиер баладан ,Самардын уул-келини келип,там алганын угуп,Жайнасы келип,там алгандай сүйүнүп:-Тамтаңдап,балдарын таштап коюп,канча жылдан бери сыртта жүрүштү,Самардын төкөр кемпири бирин сабактан тосуп,экинчисин жөнөтүп,»бир колу куургуч,бир колу туткуч» болгончо,жөжөдөй чоңойтту,акыбети кайткан экен байкуштун,там алгандай болсо эле кайтышат деп,жолукканда балдарынын сагынганын айтып,жашып алаар эле.Жакшы болгон тура,кой,жакшылыкка барып келейин деп,келинге Эргазыны дайындады,көчө өйдө бараткан Калмактын байбичесине кошулду.Самар абышка кутудай болуп,эшик алдында олтурган экен,келгендин баарын улуу кичүү дебей кучактап,»эми өлсөм,арман жок»деп эмшеңдеп,киргендерди төрлөтүп,эшик оозунан көрүшкөн Адыл аялы Калима менен,айылдаштарды кучактап көрүшүп жатышты.Экөө тең айылдын мектебинде мугалим эле,Адыл жалгыз бала болгондуктан,төрөй бер дешип,төрттү удаа-удаа төрөгөн Калима үйдөн чыга албай,Адылдын айлыгы менен абышка кемпирдин азыноолак пенсиясы ичкен жегенден артпай,боорун жерден көтөргөн төрт баланын ичем,кийеми чоңоюп,эски үйдү оңдомок түгүл,ого бетер үңүрөйүп,кымбатчылык жондон басканда,Калиманын Россияга бир топ жыл мурун кеткен эжеси келгиле деп чакырып,тобокелге салып,кемпир чалдын ыйлаганына карабай,кетишкен эле,жыл сайын Калиманын келип кеткени болбосо,Адыл алты жылда бир да жолу келген эмес,ата-энесинин аманчылыгын тилеп,өткөргөн күндөрүн эстегенде,денеси дүркүрөп кетет.Экөө тең тотугуп,кадырэсе чоң киши болуп калышыптыр,баягы төрт баласынын чоңойгонун айт,айылда жүрүп,билинген эмес тура.Келгендин баары ак батасын берип,жакшылыгыңар жугуштуу болсун деп,алыста жүргөн уул-кыздарын эстешип,Самар чал менен кемпирин куттукташып,айрыкча төрт баланын ымырык-жымырыгын билгизбей баккан,сары кемпирди алкап жатышты.Адыл менен Калима ар бир айткан жердешинин каалоо-тилектерин уккан сайын,ыраазычылыктарын оңдуу айта албай,кардыгып,сүрдүгүп,кубанычтын ыйы толгон көздөрүн жашыра алышпай,сүйүнүч баардыгынын коюн кончуна кирип,баарынын тилеги,жугуштуу тойдун арты өздөрүндө болуусун ниеттеринде тилеп олтурушту.
-Ай,тиги Өмүраалы баданы кайтаргандан баш тартыптыр,эми эмне болот.Уйдун баары огородго кирип,эки-экиден кырылышат эмеспизби.
-Өмүраалыга эмне болуптур ботом,жакшынакай эле кайтарып жатпады беле? » Берем десе кудай-
ым,белен кылат жолуна» деген ош-
ол,Өмүкең илгери Россияга барган-
да,бир орус кызга үйлөнүп,Арген де
ген,өзүнө окшош уулу бар экен,бияк
та катын-балам бар деп,келе бер-
ген тура,ошол аялы баласы менен издеп келиптир.
—Иий,каран калган Жумакан,»ке-
тем,балакетимди алсын,бир сом пайдасы жок,шаарга барып кыйра-
там,балдар иштейт,Өмүш өлбөйт,
өлсө келип,көмүп кетебиз» деп,ээн
ооз сүйлөп жатты эле,ырас болуп-
тур.»Бирөө айды көрө албай жатса,
бирөө айды алам» дейт деген ушул.
Айылдын баары Өмүш менен Та-
нянын жар-жары.Татьяна да орус-
тун нак орусу окшобойбу,кызылы кызыл,агы ак,алтындай жалтылда-
ган жоон өрүм чачты айт,куйруктан
өтүп,буту-колу жоон,көздү тойгуз-
ган аял экен.Баласы Арген Өмүш-
түн эле оозунан түшкөндөй,Таня ала келген кийимдерин кийгизип,
Өмүштү ээрчитип кеткенин көргөн-
дөр,кечээ эле жүдөп,бирде жөө,бир-
де эшек минип,кичинекей кол чана-
чында бирде суу,бирде чалап чал-
кылдап,далысынан күн өткөн жа-
ман күрмөсүнүн «капишонун» башы
на каптап,киши менен деле ачы-
лып-чачылып сүйлөшпөгөн Өмүштү көз алдыларына дароо келтирип жатышты.Анын
кандай экенин аялы Жумакан эле сайрап,айтканы болбосо,өзү кумурскага да залалы жок деп билишчү,айылдаштары.Россиядан
баласы менен аялы келиптир деп
уккандар,»ырас болуптур,жанагы кем ээк Жумакан,аны эри эмес эшектей жумшап,балдарына кады-
рын да кетирип койгон.Атам экен
деп угушпастан,Жумакандын оозун
карап турушчу,байкуш Өмүштүн бир
аты «эшек» эле,эми ошол Танясы
алып кетсе экен дешип,кеп кылып
жатышты.
Таңкы алтыдагы биринчи автобус менен,жетелешкен үчөөнүн
түшүп кеткендерин көргөндөр,ага
жакшылык гана тилешип,жалгыз
тамда,жалгыздыктын азабын жебей,ырас болду дешип,чын дил-
деринен эле кубанышты.Ошентип,
бир кичинекей айылда эле,күндө бир жаңылык….
«Бүгүн райондон текшерүү келет экен,мигранттардын балдары кандай шартта жашайт,ким карайт,эмне ичет,эмне жейт,кандай окуйт,деп,берген жоопторуна так жооп берип,жаткан,окуган жерин көргөзүп коюңуздар» деген мектептин соцпедагогу Анапияга,тынч турганда эле,оозунан учкун чачыраган Сейилкан байбиче:-Садагаң кетейин Анапия,ошолорду мага алып келчи,атайы районго бара албайт экенмин,жанагы багып,караган тууралуу суроом бар эле деген.,
Райондон келген социалдык коргоо кызматынын,кытайдын кызыл боёгун оозунан аябай боёгон,экөөнүн тең эриндери жасалма окшош тултуйган эки катынды,айылдык милиционерди ээрчиткен Анапия Сейилкан байбиченикине кирди.Бул үйдөгү мектеп жашындагы беш баланын экөө кыздыкы,үчөө уулунуку,ата-энелери төрт жылдан бери Россияда.»Телпейген текшерүүчүлөр келе жатат,азыр булардын оозун аппак кылайын деп,ак жоолугунан бир кулагын чыгарып,аларды каршы алган байбиче:-Эмнеге келгениңерди билем,булардын ата-энеси силерге окшогон эле,оозу башы тултуйган билимдүү эле немелер,жыргаганынан балдарын таштап,орустун оокатын кылып жүргөн жерлери жок,мамлекет калкына кам көрбөсө,жумуш жок болсо,бийликке келгендин баары алдым-жуттум болсо,бир мыктынын бир башына отуз батири болсо,,баш калкалаар бир көмүт үйү жок,балдарым,мусапыр болуп жүрөт.Булардын жаткан жерин,ичкен ашын карап,бир нерсе жардам кыла аласыңарбы,асылганыңар мигранттар,алар болбосо,өлкөңөрдү ким багат,салыктын баарын төлөп жатабыз,тыштан келген акчаны мигрант салбаганда,мамлекет берип жатабы,алган карызын төлөй албай,бешиктеги бала эмес,курсактагы балага чейин карыз.Кайсы бетиңер менен мигранттын балдарын кыдырып жүрөсүңөр,андай мыкты экенсиңер,балдарына эмес,булардын ата-энесин өлкөдөн кетирбегенге шарт түзүп бербейби мамлекетибиз.Эмнени текшергени келдиң,текшерип чыгараар жыйынтыгың кайсы,тарбиясы жок,мигранттын балдары дейсиңер,тескерисинче ата-энең силерди таштап кетти деп,тескери сайрап,балдардын аң-сезимин силер өлтүрүп жатасыңар.Силерди жиберген акылы аз чоңдоруңа айт,мигранттын балдарын эмес өздөрүнө шарт түзүп берсин деди эле,тигил үчөө ал жерден кеткенче шашты.
— Жанара,бол ылдам,иттей кезек көп дейт,үч жүз доллар берип,жол кире аны-мунуңузга деп,беш миң рубль бериптир Алымкан,Сиздикин тезирээк бүтүргөнгө аракет кылам дептир.Биз деле ошентели деген Сыядат,Жанараны шаштырып,ФМСтин колуна түшүп калбайлы деп абайлап,метрого жетип,Садовойдогу «документ жасаган периштенин»офисине келишти.Татынакай кыргыздын кыз-жигити кезек менен киргизип,буларды тосуп алып,документтерин кылдаттык менен карап,ксерокопиядан ар бирин өткөрүп,өзүнчө папкага тиркеп,сүрөткө түшүрүп,эмне себептен,документ жасай албай калгандыгынын себебин түшүндүргөн түшүнүк кат жаздыртып,орусча жаза албагандарга өздөрү жардам берип,аяп мамиле кылышып,жылуу сөздөрүн айтышып,деги эле кой,тим эле бүт документтери азыр эле бүткөнсүп,үч жүз доллардан тышкары,чай ичип,эртерээк бүтүрүп берсеңиздер деп,беш-он миң орус рубльин таштаган байкуш мигранттар,жүзү жарык бул кыз-жигитти «коргоочу периштедей»
көрүшүп,сүйүнүп кетип жатышты.Баарынан кызыгы,келгендердин эч кимиси,»атыңар ким,кантип жасатасыңар,легалдуубу,же жасалмабы»деп,эч бири сурабады.Документ,»кирди-чыкты»
жасайт экен дешсе эле,биринен бири ушуп келе беришип,бул экөө эми «пропискага» да коёбуз деп,акча ала башташты.Бир айдын ичинде,мигранттардын жонун шыпырган эки «аферист» Эсен менен Зина эле,экөө кыз-жигит деле эмес,бирок «аферисттик»көз караштары дал келип,ушинтип акча тапканды өздөштүрүп алышкан,жер которуп иштешет.Бүгүн Жанара менен Сыядаттын пропискасы бүтүп,жаңысын алышмак.Баягыларга телефон чалышса,албагандыктан,экөө энтеңдеп,баягы офиске келишти,булардан башка он чакты кыргыз,өзбек,тажик улутундагы мигранттар турат.Бир маалда шыпыргы көтөргөн чоң орус аял баягы бөлмөнү ачканда,баары күргүштөп,кирип барды эле,алар бул бөлмөнү бир айга гана алышкан,кечээ көчүп кетишти,каякка кетээрин айтышпады дегенде,баары тең телефондорун чукуп,чалып жатып калышты.-Эге,подождите,деген орус аялдын сөзүнөн улам токтогон Жанарага,балким көрсөңөр берип коёсуңар,деп,эки тултук конвертти карматты эле,экөө тең,мигранттын кайчы тийе элек,төрт сүрөтү экен.»Аферисттерге» алданганын бурчтагы үйүлүп жаткан,баягылар өзүнө да,ачып жасаган делолордон эле билди,ал.
(Уландысы бар.)












