КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ ( 5-бөлүм.)
Таң эрте дем салдырганы Эргазыны жетелеген Наалкан Карагыз байбиченикине келе жаткан.Улам бир нерсени сурап,Эргазы да тыпылдап басып,чолок жооп айтып,кемпир кубанып келе жатты.Көтөргөн баштыгында,жапкан нан менен жаңы тартылган каймагы бар,эшикти аттаар менен жылуу жүз менен кабыл алган байбиче:-Наалыбай,бир чыныдан кызыл чай ичели,анан бул «жигитке» дем салайын деп,Эргазынын чекесинен өптү.Жаңы каймак,жаңы нан менен шоркурата чайдан ичкен эки байбиче өткөн кеткенди айтып олтуруп,Карагыз Эргазыга дем салды да:-Мунуң итий,итий болгондо да ичине түшкөн итий,жылкынын шыйрагын сыйрып,аябай кайнатып,таза сүзүп,үч ирет жуундургун,болбосо көкүрөк сөөк өспөй,бала ичке карай,ийилип калат деди.Атаңдын гөрү айя,жылкы баласы той-топурга,өлүм-житимге эле союлбаса кайдан.Баланын тамагын таптап берип,Наалкан өзүнүн оорусун унутту.Кушчунун байбичеси каза болду деп,кабар келгенде эле жетти,Наалкан.Көз көргөзүп коюп,кон каргадай болуп,эки күн аңдып олтуруп,мергенчиден шыралга алгандай сүйүнүп,Ак байбичеге арналып союлган чоң семиз жээрде бээнин,төрт бутун мүшөккө салып,сүйүнүп,көтөрүп келди да,дароо сыйрып,казанга салды.Эргазыны киринткен соң,бала шалдырап уйкуга кетти.Баланы балээден куткаргандай жеңилдеген тайэнеси да жанына жата кетти.Көк итий чыкканда сасыйт деген
чын белем,чабалактаган Эргазынын денесинен чыккан көк буунун сасыгынын жыты адам чыдагыс эле.Уйкудан ойгонгон Эргазы,тураары менен Наалканга жабышып,апа чай
ичем деп,баштады.Баланын көңүлү ачылып,дем салган Карагыз байбиче да жеңилдеп,ал түгүл кудайдын кудурети менен,Жайнанын да,жан дүйнөсү тынч алып,санаасы тынып,апасынын «бизге акча салба,үйүңө аракет кыл,мен өлгөнчө,чычкандай балага богу аш,эрте келгениң жакшы»деген бир ооз сөзү,ага канат байлатып,эс алуусуз иштеп,чарчаганын да унутуп,жумуш тандабады.Телефон менен сүйлөшүп көрүшкөндө,баласынын жүзүн көрүп эле,кубанычы,жыргалы ашып,ага мыкты мотивация болуп,иши да жүрүшө баштады.Очорулуп тура албайм,аны кантип багам деген Наалкан жок,Эргазы ага да,күч-кайрат берип,
дем болду.
-Ай,Наалкан Капаштыкына барасыңбы,бол элден калбай көз көргөзүп келели деген Талжандын үнүн уккан Наалкан:-Азыр жеңе,акем каза болуптурбу,байкуштун жаны жай алган экен,канчадан бери кыйналып деп,жоолугун оңдой салына,бери басты
-Оо,кокуй,Капаш кайнагаң өлсө,бейишке чыкпайт беле,жубарымбекке кетип жатты беле,жанагы Россияга кеткен уул-келини аны дүйнөгө түркүк кылчудай болуп,акчаны байма-бай салып,дарылатып отурушпайбы.Үч жашар баласын жеңеси сабап,ооруканага түшкөн экен,аттан кулады деп жашырышып,бала мерт болуп калыптыр.Жеңесин камап,баланын сөөгүн бул жакка алып келип,жашырышат экен.Ата-энеси да,каран калган оорунун азабынан келе албай,жол жабык имиш.Бул жакта Седеп куурап,тигил жакта ата-энеси куурап,тирилигиң менен куруп кал деп,ансыз да,жүрөгү калбыр болуп,Эргазынын көзүн карап олтурган Наалкандын үрөйүн учурду.Жолду ката кейиген аялдар,ар кимиси ар кайсыны айтып,саресеп салсаң,үй баш сайын таз бала дегендей,бардыгында мигранттар бар экен.Сыздап,боздогон Седеп да,Капаш да,өздөрү күнөөлүү болгонсуп,»ал кудай,азыр ал» деп,сыздашса,киши жанына тура албайт.Көз көргөзгөн жоон топ аялдын баары,келмелери оозунан түшүп,үн сөз жок кайтышып,муң- зарын ичине катып келе жатышты.
Алдынан чуркап чыккан Эргазынын чекесинен өөп,алаканын бек кыскан Наалкан-
дын көкүрөгү толуп,Седептин сыздаган үнү кулагына жаңырып,
азыр бирөө Эргазыны колунан жу-
луп кетчүдөй,көкүрөгүнө бекем кыса,там түбүндөгү ташка,сүйөнө олтурду.Чөнтөгүн оодарып,чып этме капчыгынан болгон акчасын
сууруп чыкты да,муну Каленге берейин,эшик эликке чыкканымда,
Эргазыны какыс-кукус кылбасын деп,этегин күүп,үйгө кирди да,идиш
аяк жууп жаткан Календин чөнтөгүнө бир ууч акча салып:-Эрга
зыга тийе көрбө,балам.Энеси алыс-
та,көңүлү жарым,ага салган акча,
пенсиям да сеники деди.Таң кал-
ган Кален:-Эмне дейсиз деп,түшүн-
гөн да жок.
Көңүлү тынч алды,Наалкандын.
Чөнтөктөгү акчаны карап,демейде
тастаңдап,үнүн бийик чыгарган Ка-
лен:-Эргазыны жуунтайынбы,апа деп,пасыраак үн катты.
Жазира Назиранын бир тууган эжеси,ал Россияга кетип жатканда,үстүңкү эрди менен көк,алдыңкы эрди менен жер шыпырып:-Барып иште,кызыңа кыл жугузбайм,мен ичкенди ичет,кийим-кечегин алып берсең болду,сарсанаа болбо деп жөнөткөн эле.Окуу жылынын башталышында,Айданек эмес,үч баласын кошо кийинтти,Назиранын салган акчасына.Жазиранын «аппетити»ачылып,акча керек болгондо эле,Айданектин тиши,ичи ооруп жатат деген шылтоо менен,тынбай эле акча салдыртып жатты.Бүгүн да:-Айданек,энеңе чалам азыр,мага акча керек,салгын де,бутум түшүп калды,үшүп жатам дегин.Салса,ун алалы,деп телефон чалды да,Айданекке карматты.Айданек энесин көрүп:-Апа,менде баары жакшы,акча салбаңыз,мен тайнемдикине кетем,ичим да,тишим да ооруган жок,нанды да көп жебейм,мектепке да,акча чогултпайбыз,китептерим да толук дегенде,Жазиранын жаны чыгып кете таштады да,анын колунан те-
лефонду жулуп алып,төбөгө бир койду.Айданек унчуккан жок,ыйла-
ган да жок.Жазиранын ээрди тити-
реп:-Мына,»киши арыгын сактасаң төбө каңдайт»деген ушул,арам гана
куу аяк,сенин көзүңдү чукуп,интер-
натка бериш керек болчу,каракчы.
«Ашка жүк,башка жүк»болгонуңду
билбейсиңби,мен ичпейм,мен жебейм деп,аба менен азыктанып жүрөсүңбү я,ата-энеси таштап кет-
кен деп,интернатка өткөзүп,көзүң-
дү кашайтайынбы каракчы.Интер-
наттын балдары сени керип кетсин
деп,не бир шумдуктуу сөздөр менен
Айданекти ашатып жатты.Энеси аз
келгенсип,улуу кызы Жазайым да,
дүңк эткизе койду эле,ал тамтаң-
дап барып,жерге олтуруп калды.
Ордунан туруп,ичкериге кирип,ки-
йимдерин чогултуп,Назира алып
берген чемоданга салмакчы болду.
Чемоданды Жазайым менчиктеп,
кийимдерин салып алган экен.
Айданек ирээти менен алып койду
да,өз кийимин салып,чемоданын
сүйрөп чыгып бара жатканда,чөө-
лөрдөй жабылган үчөө,аны сабап
ташташты.-Бизди жаман атты кылып,кайда барасың,азыр сени
кара бакка асып коём да,энесин
сагынып же бузулуп өлдү деп,жама
натты кылам деп,долуланды.Тай-
эжесинен муну күтпөгөн Айданек
эшикке чуркап чыкты да,тайэнеси-
никин көздөй чымылдап чуркады.
Айданектин чуркап келе жатканын тайэнеси Урпия алыстан эле көрүп,эмне болуп кетти,деги тынч болсо экен деп,кан басымы да жогорулап,жатып калчу эле деп,Жазирадан камтама болуп,утурлап басты.Тайэнесинин кучагына жетип,жетпей жыгылган Айданек тайэне мени алып калыңыз,мени бербеңиз деп,боздогонун угуп:-Ай,арам өлбөгүр,Жазира ай.Болду балам,менин жанымда сага,чымын конуп,чиркей чакпайт.Барбайсың,эртең маалимиңе барып,арызымды жазып келем деди.Кечинде уулу Шайымкулду жиберген Урпия байбиче,кызы Жазирага:-Өркөнүң өскүр,Айданектин кийим-кечесин,китеп-дептерин берип жибер,азыр Шайымкул барып алып кетет деп,гана телефонун өчүрүп койду.
.Энесинин кыялын мыкты билгендиктен,Жазира Айданектин аркасынан бара албады.»Ийиктин
коргошуну менен мээмди талка-
лайт,сен барып,билип келчи деп кы
зын жиберген Жазира,Шайымкул-
дан баарын берип жиберди.Дагы бир мигранттын баласы жылуу орун таап,Урпия ошол эле күнү На-
зирага,телефон чалып:-Айданектен
кабатыр болбо,менин жанымда деп,энеси менен кароолчусуз сүй-
лөшүп,жыргап калды.Назиранын
да ою ордунда болуп,ал күнү бардыгы тынч укташты.Бир гана
Жазиранын уяты кеч ойгонуп,Нази-
рага эмне деп,айтсам деп,жүйөөлүү
бир нерсе таба албай,кыйналып жатты.Айданек мектепти абдан
жакшы окуучу,тайэнесине келгени
бир тынчтык жүрөгүнө орноп,окуу-
сун мыкты өздөштүрө,окуп башта-
ды.Жазира канчалык аракет кыл-
са да,бетин ачып энесинин кашына
бара албады.
Мектеп окуучуларынын арасындагы жаңжалдар,балалыктагы кадимки эле көрүнүш да,айрыкча айылды аралап аккан чоң суунун эки капталын жердеген эки айылдын балдары бир мектептен окуганы менен аркы өйүз,берки өйүз болуп бөлүнүп,эне-атаны да,мектеп мугалимдерин да бейпайга салып,мурун «кандашып» турушат.Бул бүгүн эле чыга калган нерсе эмес,бул маселе атадан балага өткөн нерсе,мектептеги мындай кырдаалдарда баягы эле мигранттын балдары тозокко түшкөндөй биринчи илинишип,тигинин жээни,мунун небереси,ата-энеси тигил жакта,балдары баш бербейт деп,күнөө ошол жердеги ата-энелүү балада болсо дагы,мигранттын баласы дан коруган бокочодой болуп биринчи айтылат.Тогузунчу класстын балдары мектептен мушташып,милиция чакырышып,балдарды райборборго алып кетиптир деп уккан Таштан абышкага «сиздин небереңиз да,бар экен» деп,мектептин соцпедагогу менен балдарды көзөмөлдөөчү инспектор келип,түшүнүк кат жаздырып кетишкен.Небереси эч жакка барбаганын,ал күнү тоого мал айдап түшкөнү кеткенин айтып,класс жетекчисинен жооп алганын какшаган карыянын сөзүн угушкан да жок,»ата-энеси жок,абышка-кемпирге тил албаган шүмшүк» дешип,кармап беришип,акыры баары иргелип,баягы мигранттын баласы байкуш»суудан кургак» чыкса болобу,мындай көрүнүштөргө да,»мигрант» болгон ата-энелердин ушул аты,күнөөлүү болуп,кутулбай келишет.Айтор,жыргаганынан мигрант болгон бир жан жок,бардыгы эртеңи,балдарынын келечеги үчүн талаалашып,жогорку билими камтылган дипломунун бети ачылбай,чет жердеги пол жуугучтан,эшик шыпыргычка чейин,жогорку билимдүү экендиктери жалган эмес экени,өлкөнүн статистикасында да көрсөтүлгөнүн эч ким тана албас.Үмүтсүз бир гана шайтан,баары үмүт менен жашап,жакшылыктын фундаментин куйгандар.
-Наалкан апа,сизди түлөөгө чакырып жатат деген тестиер баладан:-Ай,сен кимдин уулусуң,эмне түлөө деген Наалкан,тактап сурады.
-Самардын баласымын апа,атам менен апам Россиядан келген,шаардан там алдык,эми кетебиз,айылга түлөө берип,чакырып жатат деген,бала-
нын сүйүнүчүндө чек жок эле.
(Уландысы бар.)












