ИХСАН ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ

https://kyrgyzcha.site/?p=102164&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ИХСАН ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ

Кайда болбосун ар дайым Алла Тааланын көзөмөлүндө турганын аңдоо жана ушул аң-сезимдин жүрөктө багуу ахлагында ИХСАН абалы деп аталат♥

Ихсан абалы Жаратканга жакын пенделердин рухий муктаждыгы🌙♥

Алла Таала бизди ар дайым көрүп турат, убагы келгенде суракка тартат дейбиз. Туура, бул аятта билдирилген чындык🌙

«(Болуп өткөндөрдү) аларга толук-так маалымат менен сөзсүз билдиребиз» (Араф, 7).

«Экижүздүүлөр сырларын, шыбырап сүйлөшкөндөрүн Алла анык билерин билишпейби? Чындыгында, Алла — кайыпты Билүүчү!» (Тооба, 78).

«Уулум! Эгер бул аскада, асманда же жерде сары кычынын данындай салмактагы жамандык болсо да, Алла (Кыяматта) аны келтирет. Акыйкатта, Алла — Сылык жана Кабардар!» (Лукман, 16).

🌹Күнүмдүк турмуштан эле мисал алалы. Маселен, тарбиячы жаштыктын жалынына күйүп турган бир адамды эртеден кечке көзөмөлгө ала турган болсо, анын ашыкча кылык-жоругу, жаман сөздөрү тыйылат. Өзүн көптөгөн жамандыктан какас тутат. Арийне, аны көзөмөлдөмүш кылган эки көздүү жандын жазасы деле жеңил… Мени ар дайым көзөмөлдөп турган Жалгыз Бирөө бар! деген аң-туюм менен өмүр кечирген момун мусулман береги жаш жигиттен дагы астейдил коргонот күнөөдөн…

Ихсан деген изги сөздүн кандайдыр бир иш-аракетти ийине жеткирип, мыкты бүткөрүү деген дагы бир мааниси бар.

🌙Өлүмгө даярдануудагы маанилүү жагдайлардын бири ихсан сезимин жүрөккө бекемдөө, Алла Таала менен жүрөктөн бир экендигин камсыз кылуу жана ар дайым Анын көзөмөлүндө экенин эстен чыгарбоо. Аны менен жүрөктөн бир болууну жандандыруу кайра эле Жаратканды зикир кылуу менен жүзөгө ашат.

♥Кудай Тааланын береги билдирүүлөрү тууралуу ой жүгүртүү ихсан жана көзөмөл абалында туучокуга жетүү үчүн экинчи кадам болуп саналат🌹

«… Кай жерде болбогула Ал силер менен чогуу…» (Хадид, 4).

«…Биз ага күрөөтамырынан да жакынбыз» (Каф, 16).

«…Алла адам менен анын жүрөгүнүн ортосуна да кирерин билип койгула…» (Анфал, 24).

❤Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам)🌹 бул жагдай тууралуу♥

«Кай жерде болбо, Алла сени менен чогуу экенин билүүң — ыймандын эң жогорку даражасы» (Хайсами, I, 60) деген.

Күн-түн болобу, барчылык-тарчылыктабы же кызыл кыргын согушпу, же жайбаракатчылыкта болобу Алла Элчиси ихсан абалынын туучокусунда жашап өткөн. Ар дайым зикир кылып, бата тилеп, жадакалса нафилдерди калтырбай, буту шишип кеткенге чейин түнчүндө намаз окушу, акы-укук жаатындагы кылдаттыгы жана башка айтып бүткүс артыкчылыктары Андагы ихсан туюмунун өтө жогору экендигинин танылгыс далилдери.

Исламдын руханиий тарабын билүү анын сырткы түзүлүшүн билгендей эле маанилүү болгондуктан, Алла Таала анын негизи менен бөлүмдөрүн Элчиси аркылуу үммөткө көп жолу билдирген. Мындагы максат – мусулмандардын исламды жана ыйманды туура үйрөнүп, туура жашашы. Буга байланыштуу «Жабрайил хадиси» деп аталган хадисти Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) төмөнкүчө баяндайт:

«Мен Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам)жанында отурган болчумун. Жаныбызга кийими аппак, кара чачтуу бир адам келди. Анын жолоочу эмес экендиги сыртынан байкалып турду. Анын үстүнө жамаатагылардын эч бири аны тааныбайт экен. Ал басып келип Азирети Пайгамбардын тизесине колун койду да, суроо бере баштады:

— Эй, Мухаммад Ислам деген эмне?

— Ислам–Алладан башка кудай жок экендигине, Мухаммад анын кулу жана Элчиси экендигине күбөлүк кылуу, намаз окуу, зекет берүү, Рамазанда орозо кармоо жана күчүң жетсе, ажыга баруу.

Бейтааныш:

— Туура айттың деп ырастады.

Суроо берип, кайра өзү суроонун жообун тастыктаганы бизди абдан таң калтырды.

Анан мындай собол таштады:

— Ыйман деген эмне?

— Аллага, периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, акырет күнүнө ишенүү жана тагдырга, жакшылык менен жамандыктын Алладан экенине ишенүү.

— Ихсан деген эмне?

— Ихсан – Алланы көзүң менен көрүп тургандай ибадат кылуу: сен аны көрбөсөң да, ал сени көрүп турат.

— Кыямат качан болот?

— Кыямат тууралуу суралган сурагандан артык эчтеке билбейт!

Бейтааныш:

— Андай болсо, кыяматтын белгилерин айтып бер!

— Күңдөр өз кожоюндарын төрөйт, жылаңаяк, жыңалач кедей (Муслимдин варианты боюнча «кедей» сөзү жок) малчылар бийик үйлөрдү салууда бири-бири менен жарышат.

Бул сөз айтылгандан кийин чоочун киши чыгып кетти. Бир топтон кийин Азирети Пайгамбарыбыз менден сурады:

— Эй, Умар! Суроо салган заттын ким экенин билесиңби?

— Эң туурасын Алла жана Анын Элчиси билет!

— Бул Жабрайил (алейхиссалам) периште болчу, силерге диниңерди үйрөткөнү келди» (Муслим, Иман, 1, 5; Бухари, Иман, 37; Тирмизи, Иман, 4; Абу Давуд, Сунан, 16).

♥•Аалымдардын көпчүлүгү бул хадисти сүннөттүн негизи катары баалашат. Демек, Ислам жана ыйман жолунда кемелге жетүү ихсандык даражага жетүүгө байланыштуу. Ихсандык даражаны багынта албаган момундун дини өксүк. Мындай ыйман жашарып кеталбай турган мөмөсүз даракка окшош. Белгилүү убакыттан кийин куурап калышы толук ыктымал.

♥•Аныгында Алла менен алака куруу пенденин анык таалайы. Анткени Ааламдардын Ээси пендеси менен ар убак бирге болууну арзуулап келет•••••••♥

«Алар тик турганда да, отуруган да, жамбаштап жатканда да Алланы эстешет. Асмандардын жана жердин жаралуусу жөнүндө ой жүгүртүшүп: Оо, Жараткан! Сен муну максатсыз жаратпадың. Сен Аруусуң! Бизди тозок азабынан сактай көр! (дешет)» (Аалимран, 191).

Бирок жүрөк менен алакасы жок, напси азгырыгына берилген акыл Кудай Таала менен чогуу болуунун даамын тата албайт. Асылы, эң улуу изгиликке жана таалайга кайдыгер карайт.

♥•Ибадаттардан дем-рахат алуу, ибадат учурунда чаалыкпоо бир гана ихсан сезиминин күчү менен жүзөгө ашат. Көкүрөктө ихсан сезими жок адам намаз окуса, тез чарчайт, тажайт, оор келет. Бардар пендезаада болсо, зекет жана кайыр-садага бергиси келбейт, колдогу мүмкүнчүлүк менен муктаждарга жардам кылуу өлүмдөй оор. Алар Кудайдын назарынан калгандыктан ыймандын теңдешсиз даамын таталышпайт. Демек, туура орундалган ибадат, чынкөңүлдөн чыгарылган зекет менен садага, куштарлануу менен тутулган орозо, ашыглык менен аткарылган ажылык, коркуу жана үмүт шооласынын ортосундагы таксыз жүрөк, изги ахлак жана башка жаамы жакшылыктардын баары-ихсан абалынын кут-берекеси.

♥•Изгилик элестери

Абдулла бин Аббас (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:

Алла Элчиси менен чогуу олтурган элем. Ал мага:

«-Уулум, сага айрым эрежелерди үйрөтөйүн. Алланын буйруктарын жадыңан чыгарба, Алла сени Өз көзөмөлүндө сактасын. Кандай иште болбосун, Алланын ыраазылыгын биринчи кезекке койор болсоң, алдыңан Алланы табасың. каалаган нерсеңди Алладан тиле. Жардам керек болсо, Алладан сура!..» (Тирмизи, Кыямат, 59/2516) деди.

♥•Ардактуу Пайгамбарыбыз бул насааты менен ихсандык абалдын накта өзүн таамай сүрөттөгөн.

♥•••••••Түн бир оокум. Азирети Умар демейкидей Мединанын көчөлөрүн кыдырып жүрөт. Бир үйдүн эшигинин алдына тык токтойт. Анткени үйдөгү кызы менен энесинин кеби анын көңүлүн бурган эле. Энеси кызына буйруйт:

— Кызым, эртең сатыла турган сүткө бир аз суу кошуп кой!

— Апаке, халифа бизге сүткө суу кошуп сатууга тыюу салбады беле?! Апасы кызына ачууланат:

— Сүткө суу кошконуңду түн жарымда халифа көрүп коймок беле?!

— Апаке, халифа бизди көрбөйт дейли, эмне, Алла Таала көрбөйт деп ойлойсуңбу?! Бул алдамчылыкты адамдардан жашыруу оңой, бирок бардык нерсени көрүп-билген Алла Тааладан жашыруу мүмкүн эмес!

♥•Алла Тааланын акыйкаттарына жүрөгү мелт-калт толгон бул зирек кыздын Алла коркуусунан улам энесине берген жообу Азирети Умарды абдан толкундантат. Момундардын амири аны сүтчү аялдын карапайым кызы гана эмес, жүрөгүндөгү такыбалыгы менен өзгөчөлөнгөн кыз экенин сезип, кийинчерээк келин кылып алат. Бешинчи халифа катары таанылган атактуу такыбаа Умар бин Абдулазиз мына ушул кыздан төрөлөт•••••••♥

Бул өңүттөн алганда, Алла Тааланын көзөмөлү астында экенибизди билүү менен өмүр кечирүүдө жатат. Ошондой эле бул абал көптөгөн рухий жана заттык берекенин булагы.

♥•••••••Абдулла бин Умар (Алла ага ыраазы болсун) эсалуу үчүн жоро-жолдоштору менен Медина шаарынын сыртына чыгат. Талаа төрүнө малдаш токунгандардын алдына дасторкон жайылат. Бир маалда алар турган жайды бир короо кой каптап келет. Артынан чабан жете келип койлордун астын тосуп, ары айдаган соң олтургандарга салам айтып, амандык сурашат. Умар чабанды дасторконго чакырат. Ал болсо, орозо экенин айтып, ыраазылык билдирет. Абдулла бейтааныш чабандын такыбаалыгын сынап көрүү үчүн кепти кызыткысы келип кайра суроо салат:

-Аптап куйкалап, дем кыстыгып турганына карабай орозо кармап жүрөсүңбү? Орозо кармап алып кой кайтарып жүргөнүңө жол болсун!? Мобу көп койдун ичинен бизге бир кой сат, акчасын төлөйлү. Аны сойгон соң кечки ооз ачар үчүн сага эт берели?

Чабан мыйыгынан жылмайат:

-Менде кайдагы мал. Мунун баары кожоюндуку.

-Кожоюнуң аны кайдан билмек эле, жоголуп кетти деп кой.

Чабандын жүзүндөгү жылмаю кайдадыр житип, заматта кабагы бүркөлүп чыкты. Бармагы менен көк тарапты жаңсап:

-Алла кайда, Ал көрбөйт деп ойлойсуңбу? деп, жүз үйрүп басып кетти.

Абалы жүдөңкү чабандын жообу уй мүйүз тарта отургандарга катуу таасир калтырды. Баарынын ой-пикирин «Алла кайда!» деген өктөм жаңырык бийлеп турду кыйлага.

Бекзаада Мединага кайтып келген соң чабандын кожоюнуна элчи жиберип чабанды да, короо койду да сатып алды. Чабанды азат кылып, короо койду ага тартуу кылды (Ибн-и Асийр, Усдул-Гааба, III, 341).

Мына «Мени Алла көрүп турат! Мен көзөмөлдөмүн!» деген изги сезимдин бу дүйнөдөгү акыйкат берекеси, сыйлыгы… Акыреттеги сыйлыгы кандай болорун биз билалбайбыз…

♥•••••••Азирети Умар халифа кезде Азирети Муазды Кибал аттуу урууга жиберип турган. Ага өлкө казынасы тарабынан төлөнө турган акчаны төлөө, таратыла турган мал-мүлктү таратуу, байлардан алына турган зекетти колунда жокторго таратуу милдети жүктөлөт.

Муаз милдеттендирилген озуйпасын так аткарып, көп инсандардын көңүлүнөн түнөк таап, эң сонун эскерүүлөр менен кайтып жүрдү. Үйгө кайтканда башкаларчылап алдына мал айдап, куржунун алтын-күмүшкө толтуруп кайтпай, кандай кеткен болсо, ар дайым дал ошондой жупуну кайтып жүрдү. Чыдай албаган аялы бир жолкусунда жолдошуна наалыйт:

-Байым! Сеникиндей озуйпасы барлар айлык алышат, үйүнө белек менен кайтып келип жүрүшөт…

Чаалыгып келген Муаз мыйыгынан жылмайат:

-Жанымдан жарым карыш жылбаган текшерүүчүм бар. Киреше-чыгашанын баарын эсептеп, көлөкөдөй ээрчип жүрөт•••••••♥

Бул сөздү уккан аялы башка жегендей селейип туруп калат. Маанини да бир жолу акыл элегинен өткөрүп ачууланат. Кыжыры шекердей кайнап чыгат:

-Алла Элчиси сага бекем ишенген. Абу Бакирдин дагы ишеничин актагансың. Эми кезек Умарга келгенде, сага ишенбей көзөмөлдөөчү коюп жүрөбү? Сенин ар бир кадамыңды текшерткидей сен бир нерсе жеп коюптурсуңбу?!

Сөз шамалдай желип халифанын байбичесине, андан халифага жетет. Сөз чындыка жатпаган жалаадай туюлат. Аныгын териштирүү үчүн Муазды чакыртып сурайт:

-Сенин артыңдан көзөмөлдөөчү жиберген имишмин. Ал сени такай текшерип жүрөт имиш. Муну кандай түшүнсөк болот?! Эмне мен сага ишенбейт бекенмин?!

-Момундардын эмири! Мени кечир. Аялым кысмакка алганынан мындан жүйөлүү шылтоо таба албадым. Көзөмөлдөөчү дегеним сиздин тыңчыңыз эмес, антип ойлобоңуз. Ал Алланын көзөмөлү. Андыктан кылган кызматым текке кетпесин үчүн, мен үчүн адал болсо деле эч нерсе алгым келбейт…

Халифа Муаздын жообуна жибийт. Анткени Муаз напсиге баш ийбеген, жеке кызыкчылык үчүн чуркабаган адам эле. Халифа аны эптеп көндүрүп өз жанынан азыноолак белек тартуулайт:

-Муну алып барып, бүлөңдүн көңүлүн ал!

♥•••••••«Мен ар дайым көзөмөлдөмүн!» деген жандуу абалды эң сонун түшүндүргөн береги окуя абдан ибараттуу:

Мечитте жык-жыйма эл. Эл арасында диндин руханий жагын артыкча өздөштүргөн шейх Шибли да бар эле. Молдо элдин алдына чыгып акырет көрүнүшү тууралуу маселе айтып жата:

-Акыретте илимиңде кайда колдондуң деп сурайт. Мал-мүлкүңдү кайда каржадың деп сурайт. Өмүрдү кантип өткөрдүң деп сурайт. Ибадаттарың кандай абалда деп сурайт. Арам-адалды ылгадыңбы деп суралат… Айтор, дагы ушул сыяктуу суроолор… деп, көп кызыктуу акыйкаттардан кеп салынды.

Ушунчалык кенен айтылганына карабастан маселе өзөгүнүн айтылбай калышы шейх Шиблини үн катууга мажбурлады:

-Кечиресиз, молдоке! Баамымда маселенин негизги өзөгү унутта калды көрүнөт. «-Эй пендем! Мен ар убак сени менен чогуу элем, а сен ким менен элең?!» деп Алла Таала кыска-нуска сурайт.

♥•••••••Абу Бакир Каттани катуу сыркоолоп, ажал жакындап калганын сезет. Кудай берген өмүрүндө алгылыктуу кандай амалы бар экенин сурашат. Анын береги жообуна канааттанбай коюга болбос:

«-Өлүм жакындап калганын сезип турам, болбосо эл көрсүн болуп калабы деп коркуп амалым тууралуу силерге ооз ачпас элем. Толук кырк жыл бою жүрөгүмдүн каалгасына кароолчулук кылдым. Каалганы Алладан башкага ачпаганга аракет жасадым. Натыйжада жүрөгүм бир башкача абалга жетти, Алладан башканы тааныбас болдум•••••••♥».

♥•••••••Иса пайгамбар ала дартына чалдыккан оорулуу адамга кезигет. Ал эч жери оорубаган немдей:

-Оо Жараткан! Сага чексиз алкыш айтам! Көп адамдар тушуккан дарттан мени сактадың! дейт.

Пайгамбар анын акылын жана рухий деңгээлин текшерип көрүү үчүн собол таштайт:

-Алла сени кайсы дарттан сактады эле? Оорулуу минтип жооп берди:

-Эй, элчи! Кудай Тааланы тааныбай, Андан кабарсыз өмүр сүрүүдөн өткөн дарт, андан өткөн балээ болбос. Аллага жакындыктын рахатын, жыргалын татып келатканым үчүн өтө бактылуумун. Жадакалса денемдин чирип, дарты күчөп баратканынан да кабарым жок. Анан кантип Жаратканга ыраазы болбой койоюн.

♥•••••••Маселени жыйынтыктай турган болсок, ихсан- ыйман өзөгү♥

Барча ибадат, жүрүм-турумда талаптанган берилүү- ыклас жана такыбаалык сыяктуу көсөмдүктүн жемиши ихсан менен бышып жетилет. Кудай Тааланы көрүп тургандай орундатылган жарамдуу амал ыклас дарагын бүчүрлөтөт, такыбаалык гүлү ачылат, хушуу сезим мөмөсүн берет•♥

Кыбыр эткен жан болбогон ээн жерде болсун, пенденин көзүнөн далда жерде болсун, түз жолдон, туура багыттан тайбоону тек гана «Ал мени ар жерде, ар дайым көрүп турат!» деген сезимди жандуу тутуу аркылуу жүзөгө ашырууга болот. Тасаввуф багыты ошон үчүн баштан-аяк жаамы усул жана эреже жоболорунда киши жүрөгүн ушул изги даражага жеткирүүгө далбас урат. Алланын сүйүктүү олуялары ушул изги абалды өздөштүрүү үчүн өмүрү бою күч-кайрат сарпташкан•♥

Андыктан жүрөгүбүздүн даражасын жогорулатып, такай Алланын көзөмөлүндө турганыбызды акыл-эске ширеткенден кийин, бул абалдын эң көрүнүктүү адиси саналган Азирети Пайгамбарыбыздын үлгүлүү жактары менен адеп-ахлагыбызды байытуу жалпыбызга түшкөн милдет•♥

«… Алланын ырайымы, албетте, ихсан ээлерине өтө жакын♥» (Аараф, 56)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️