Киндик кан тамган үйүңдөн көп жылдар алыс жүрүп калсаң, көрсөм деген үмүт оту алоолонуп, а тургай түшүңө кирип, сагыныч жаныңды сыздатканда шылтоо таап учуп жеткиң келет. Мен да ошондой сезим кучагында бук болуп жүргөндө апам телефон чалып калды. “Кызым, келбесең болбой калды, -деди, учурашып, ал-жай сурашкандан кийин, -жаңы салынган үйгө көчмөк болуп жатабыз. Келинибиз жаңы үйгө эски оокаттарды киргизбейбиз, үйдү эски кылып көргөзүп коёт деп, баарыбызды беймаза кылып жатат. Баарыңар эле ошол эски оокаттардын үстүндө жүрүп чоңойбодуңар беле?! Келип иниң менен сүйлөшпөсөң болбойт. Мен дагы “эскиге” чыгып, жаным кашайып зорго жүрөм. Кел, кызым, келип сен дагы эски буюм-тайымыңдын эсебин алып, менин да “эски-ускуларымды” көчөгө калтырбай бир жерге жайгаштырып кет”, -дегенде өзүбүз чоңойгон үйдүн эшик-төрү көз алдыма келип, анда корголоп отурган апамдын аянычтуу кебетеси жүрөгүмдү сыздатып ийди. Бир жагынан эски үйүбүздүн кадырына жетпеген “келинчектин” жоругуна нааразы болсом, экинчи жагынан кой оозунан чөп албаган момун инимдин эски үйүн чанып, жаңы үйдө “жаңы жашоо” баштамак болгон мажүрөөлүгү үчүн намысыма келдим.
Айылга канат бүтүп учуп жеткендей болдум. Тааныш көчөлөрдөн изимди көргөнсүйм, балалык үнүмдү уккансыйм. Ташына чейин тааныш. Иним экөөбүз иңир киргенге чейин көчө чаңдатып, суй жыгылганда келип корголоп, таттуу түштөрдү көрүп уктачу тамыбыз жанындагы заңгыраган эки кабат үйдүн көлөкөсүндө жепирейип, боор ооруганчалык акылбалда экен. Боорунан сылап, боюмду жөлөп боздоп жибергим келди, бирок, өзүмдү кармадым. Апам оозгу бөлмөдө, эски тамдын кароолчусундай болуп адатынча, ойго батып, санаа чубактап отуруптур.
-Апа, амансызбы?! -деп арык денесин кучагыма кысып, узакка коё бербей тура бердим. Апам экөөбүздүн ортобуздан мезгил жылжып агып жаткансыды.
-Менин сөзүмдөн өтө албай келдиңби, кызым?! – деди апам менин өңү-башыма кадала тиктеп.
-Сагындым, апа! Сизди, үйдү, айылымды. Кусалык тургузбады, — деп актанып жибердим.
-Сени үй тойго эле чакыралы деп тургам. Анан баягыдай сөз чыкканда, айтпасам болбой калды, сен келбесең болбой калды, ырас кылдың, кызым. Биз эски, жаңы болуп бөлүнүп турабыз…
Апам билгизбей үшкүрүп койду. Үшкүрүгү көбөйүп баратыптыр…
-Сиз жалгысызбы? Жанагылар каякта?! –дедим инимдин да атын атагым келбей.
-Алар тойго кетишкен. Келиндин эжеси уулун үйлөптүр. Мени да “жүрүңүз” дешкен… Апам акыркы сүйлөмдү өзү эле кошуп койгонун сездим. Жаңы үйдүн ээлери эски үйдүн ээсин жээрий баштаганы байкалып турду. Алып келген таттуу-тарапа, белектеримди берип, апамдын маңдайында анын жалганы жок турмуштун өзүңдөй болгон аңгемесин угуп отурдум. Чай коюп, дасторкон жайгандан кийин кептен кеп уланып, күлкүбүз да чыкты… Эски там да бизге кошулуп, дене-бою жибип, жетине албай аста чыккан күлкүбүзгө моокуму кангандай…
Тойго кеткендер биз жаткандан кийин келишти. Ала-күү болгон иним бакылдап, келинчеги менен жол үстүндө талкуулап келген сөздөрү түгөнбөй үйдүн үстүнкү кабатына чыгып алып дагы басылбай, кыйлага үндөрү чыгып жатты. Менин келгенимди билишкен жок. Эски там, анын койнунда жаткан апам да, мен да булардын эсинен эчак чыккандай туюлду, көз кычыгыма жаш толуп чыкты… “Адам баласы кандай тез өзгөрөт” деп инимдин илгерки жоош мүнөзүн, оюнкараактыгын, анын оюндагысын айта албаган мажүрөөлүгүн эстеп жатып уктап кетиптирмин.
Түшүмө атам кирди. Баягысындай эле, сакалы гана агарып кеткендей… “Жакшы келиптирсиң, кызым. Тез-тез кабар алып тур апаңдан. Болгон сөздү уктуң да дегенде мунун баарын атам кайдан билди деп, -“ата, эмне деп жатасыз?!” деп жүрөгүм сыздай сурадым. Ата-эне каякта жүрбөсүн, балдарынын өйдө-төмөнүн сезип, кыжалат болот. Мен да кыжалатмын, ырас келдиң. Акылга салып, иниң менен мунун баарын чечишип кет, ачууң менен катуу кетип, иниң экөөң араздашып калба. Сен бүгүн коноксуң, эртең кайтасың. Энең калат бул жерде, ошону ойло”, -деп бир топ акыл-насаат кебин айткандай болду. А мен атам тургузган үйдө атамдын сөзүн чыпчыргасын коротпой сагынычтын көз жашын мөлтүлдөтүп угуп отурдум. “Ата, сиз бизге сарсаана болбоңуз. Сиз айткандай болот. Эгерде ошончолук эле болсо, мен апамды өзүм менен кошо алып кетем”-дедим да, атам жалгыз калчудан бетер кайра “апам экөөбүз дагы сүйлөшөбүз” дегенимче атам көздөн кайым болду. Дем алуум оорлоп, ойгонуп кеттим. Айылдын таңы агарып, жерге жарык төгүлө баштаптыр. Кийинип, сыртка чыктым. Арык боюна отуруп, атамдын арбагына куран түшүрдүм. Атам отургузган бак жакшына гүлдөптүр. Түшүмү быйыл мол болот окшойт. Атама багы жөнүндө айтпаганыма өкүнгөндөй үшкүрүп койдум.
-Ой, кызым туруп алдыңбы? Ар кайсынын башын бир айтып, сени да уктата койбодум, -деп кейип-кепчий апам артыман келди.
-Уктадым, апа. Түшүмдө атам менен сүйлөштүм. Сизди эстейт окшойт, ырас келдиң деди. Апа, сиз мени менен шаарга кетпейсизби!?. Элдин баары ошол жакта жүрөт, кир жугузбай багып алам.
-Иий, каралдым десе, ошентип атаң айттыбы? Атаңдын сөзүбү? –деп жаныма, арык боюна отура кетти. Суунун шылдыры да бизге табышмак нерсени аткандай болот…
-Жок, өзүм эле, апа.
-Кой, эл эмне дейт, муну баласы менин келини батырбаптыр, -деп эртең эле кеп чыгарышат. Мен атаңдын жанында болоюн…,- дегенде жүрөгүмө ийне сайылгандай апамдын арык денесин кучагыма кысып, өксүп-өксүп алдым. “Эркек болуп жаралганымда кана, эркек кылып төрөсөңүз кана, апаке”-деп ичимдегини сыртка чыгарбай көз жашыма кошуп жутуп отурдум.
-Кой, болду! Баарын кылган мен, башыңды оорутуп, атаң да козголуптур… Иниң жаштык кылып атат, эртең түшүнөт… Мен ата жайды таштап кете албайм, кызым! А көрөк, өзүң атаң салган үйгө, ата турагыңа тез-тез каттап тур, болду туралык, өткөн-кеткен көрсө эмне дейт…
Апам экөөбүз бир кезде эшик-төрүндө балалыгым калган, мен үчүн ыйык сезилген эски үйгө кайра кирдик. Түндөгү атамдын сөзүн эстеп, иним тургандан кийин апам үчөөбүз болгонун болгондой ортого коюп, ачык сүйлөшмөк болдук…










