Диндеш мусулманга бапестелген сүйүү

https://kyrgyzcha.site/?p=68558&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Диндеш мусулманга🌙 бапестелген сүйүү🌹♥

Кулпенденин жүрөгүндөгү Аллага бапестелген сүйүү бышып жетилип, оожалган сайын Мухаммаддын нурун жана анын бүтүндөй сүннөтүн, Алла досторун бара-бара кеңейип олтуруп Алла даргөйүндө кабылдана турган бүт нерсени даражасына жараша сүйүүнү талаптайт♥Аллага багыттанууда сүйүүнүн кең алкагы пенде рухуна шыпаа экенинде талаш жок. Андыктан момун мусулмандар өз ара карым-катнашта сүйүү жана мээримдүүлүктүн чегинен эч убакта чыкпашы керек. Анткени Алланы сүйүү жана Ага жакындоонун сыры белгиленген чекте жатат.

♥Алла Таала Куранда момун мусулмандардын биртууган экенин маалымдаган. Диндештерине болгон мамилени жакшыртмайын, сүйүүнү бекемдемейин кишинин чындап ыймандуу болалбасын Азирети Пайгамбарыбыз билдирген. Аздектеп баккан сүйүүнү жандандыруу үчүн өз ара саламдашууну жакшыртуу жана жаю керектигин сунуштаган.

♥Момун-мусулмандын бири-бирин сүйүшү Алланы ыраазы кылар-анык изгилик. Эки дүйнөдө тең бактылуу болуунун түйүнү мына ушу сүйүүдөн чечилет. Анткени Жаратылыш Нуру мындай деген:

“Кыямат күнү Алла Таала мындай дейт♥

“Улуулугумдун акы үчүн Мага моюн сунуу максаты менен бири-бирин сүйгөндөр кайда? Эч бир көлөкөсү жок ушу бүгүн аларды Өз көлөкөмө калкалаймын♥” (Муслим, Бирр, 37).

“Алла Таала♥

“Менин ыраазылыгымды көздөп бири- бирин сүйгөндөр үчүн пайгамбарлар менен шейиттер суктана турган нурлуу тактылар бар” деп буйруган” (Тирмизи, Зухд, 53/2390).

🌙Башка бир хадистин мазмунунда кыямат күнү Алланын көлөкөсүнөн башка эч бир көлөкө жок болот. Ошондо Алланын ыраазылыгы үчүн гана бири-бирин сүйгөн, Алла үчүн жолугушуп, Алла үчүн айрылышкан диндештер Арыштын саябанына баш калкалашат. Чынын айтканда машакаттуу жана кыйын кезеңдердеги достук ошого татыса керек.

♥Момун-мусулмандардын бири-бирине таарынып, бири- бирин жаман көрүшү, өмүр бою кек сакташы же өч алууга ниеттениши эч убакта сунушталбаган, жектелген жорук.

“Момундун момун диндешине үч күндөн ашык таарынышы адал иш эмес. Үч күндөн ашырбай ага жолугуп салам айтсын. Эгер саламга алик алынса, соопко экөө тең орток болушат. Тилекке каршы, саламга алик алынбаса, алик албаган тарап күнөөгө батат. Салам берген тарап таарынчты кечкенин билдирген болот” (Абу Давуд, Адаб, 47/4915).

«Бир инсан коңшу айылдагы диндешинин ал-ахыбалын сурап кою үчүн жолго чыкты. Аны көзөмөлгө алуу үчүн Алла Таала бир периштени милдеттендирет. Периште жолоочуну тосуп чыгат. Экөө ошол жерден баарлаша кетет:

-Кайда баратасың?

-Тиги айылда диндеш тууганым бар. Ошого зыярат кылып келейин деп бараттым эле.

-Балким, диндар тууганыңда жеке кызыкчылыгың бардыр?

-Жок, жок! Мен аны тек Алланын ыраазычылыгы үчүн гана сүйгөндүктөн, ахыбалын сураганы баратам.

-Сен аны кандай сүйсөң, Алла сени ошондой сүйөт. Мен ушу сүйүнчү кабарды айтуу үчүн Алла тарабынан жөнөтүлгөн элчимим деди периште» (Муслим, Бирр, 38; Ахмад, II, 292).

♥•••••••Ухуд согушунда болуп өткөн береги окуя диндештиктин, биртуугандыктын ажайып үлгүсү. Окуяны Зубайр бин Аввам мындайча баяндаган:

«Энем Сафия эки чепкен ала келиптир. Аларды мага берип жатып:

-Буларды бирбоорум Хамзага кепиндикке ала келдим деди.

Чепкендерди алып Азирети Хамза жаткан жерге бардык. Ал жерде Хамзага жанашып ансар элинен дагы бир шейит жатыптыр. Бирок кепиндикке ылайыктуу бөз ушуга дейре табылбагандыктан, ансардык шейитти кепинсиз калтыруудан уялдык. Чепкендердин бирөө чоң, бирөө кичине болгондуктан калыстык болсун деген ниетте экөө үчүн чучукулак таштадык (Ахмад, I, 165).

♥•••••••Бактылуулук кылымындагы рухий жана ахлактык жеткилеңдикти Ибни Умар мындайча эскерет:

«Ажайып изги доорду баштан өткөрүптүрбүз. Агезде мусулманга казына толгон алтын-күмүш теңеле албас эле. А азыркы доорубуз ушунчалык урамал дейсиң, бир мусулман боордошубузга караганда алаканга толбогон алтын-күмүштү артык көрөбүз!» (Хайсами, X, 285).

♥•••••••Момун мусулман диндеш бирбоорлору жөнүндө ойлонуп, өйдө чыкса өбөк, ылдый түшсө жөлөк болуп дегендей, алар үчүн ар убак кам көрүп, кайгы-муңуна, кубанчына ортоктош болушу керек. Жадакалса өзүнөн мурда кыйынчылыкты баштан өткөрүп жаткан диндешиме канткенде кол кабыш кыла алам деп чара көргөнгө жан үрөшү зарыл. Ушу айтылгандардын айгине мисалын Давуд-и Таинин изги ишинен көрүүгө болот.

•Атактуу аалымга жандилден кызмат өтөп сабак алган шакирти күндөрдүн биринде эт бышырып устатына кабар берет.

-Бир аз эт бышырдым эле, уруксат этсеңиз алдыңызга алып келсем?

Улгайган устат сүкүткө сүңгүгөнүнө күбө болгон шакирт этти алып келет.

Эттин керемет жыты тимеле буркурап шилекейди чууртат, чиркин. Бирок аалымдын ою такыр башка жактан чыкты:

-Паланча, түкүнчө деген жетимдерден кабар алдыңбы, абалы кандай экен?

-Өзүңүз билгендей… деп жүрөк жылытар жылыш боло электигин маалымдады.

-Ошондой де.. Анда мобул этти дароо жеткир ошолорго! деди кабатырланып.

-Устат! Сиз көптөн бери эт жей элексиз. Атайын сизге деп даярдадым эле..деген жароокер шакирттин көшөргөнүнө карабай:

-Уулум! Мен бул этти жесем жеп койо берем, бирок кыска убакыттан кийин сыртка чыгып кетет. А жетимдер жеген болсо, сообу түбөлүккө калат! деди».

♥•••••••Алла менен достук байланыш курган момундар макулук атпай менен, асыресе, диндеш бирбоорлору менен калың дос болушат. Момундар момун диндешине Жараткандын ырайым жана мээрим карашы менен карайт. Айныгыс сүйүү бапестешет. Бапестелген сүйүү алкагын дагы да кеңейтип олтуруп жаамы адампендени куткарууну милдетим деп санашат. Достуктун баралын багынткан жакшылыктын жарчысы-Азирети Мухаммадды Таиф калкы мыкаачыларча ташбараңга алган. Ал ошого карабай Таиф калкына туура жолду багышташын тилеп Жаратканга жалбарган.

•Ясин сүрөсүнүн экинчи бетинде Хабиби Нажжар аттуу бактылуу инсандын икаясы баяндалат. Ага дүнүйөлүк назар жабылып, Теңирий парда ачылат. Ошондо ал өзүн ташбараң кылган мерездерге боор ачып:

«Аттигиниң-ай, Раббим мени кечиргенин жана сыйга татыгандардын катарына кошконун коомум билгенде кана… (жакшы болоор эле)» (Ясин, 26-27) деген.

♥•••••••«Түркистан Дамаск аралыгында жашаган бир адамдын бармагына тикен кирсе, менин бармагыма кирген болуп эсептелет. Бир момундун бутун таш тилсе, менин бутум тилинет. Анын оорусун мен сезем. Кайсыдыр бир момун-мусулмандын жүрөгүндө муң-кайгы болсо, ал менин жүрөгүм» деген Абул Хасан Харакани Ислам боордоштугунун изги сезимине тил киргизген.

♥•••••••Даңазалуу достуктун, кыл өткүс диндештиктин мыкты үлгүсүн Сахл бин Ибрахим мындайча эскерген:

«Ибрахим бин Атхам менен кыйышпас дос элек. Күндөрдүн биринде катуу дартка чалдыктым. Күйпөлөктөп үстүмө үйрүлүп түшкөн досум мени айыктырыш үчүн көп нерсесин сарп кылды. Кыйла убакыттан кийин айыга баштадым. Көңүлүм ачылып, чүйгүн бир тамак жегим келип турганын айтарым менен эң зарыл муктаждыгы экенине карабай жалгыз төөсүн сатып, каалоомду орундатты. Өңүмө кирип, таяк менен илкий басып калдым. Шаар сыртына чыгып тоо-ташка, ээн талааларга көз чаптырып келүү үчүн төөнү мингим келип, кайда байлаганын сурадым.

-Сатып жибергенбиз… деп жылуу жылмайды. Жол жүргөнгө али мүмкүнчүлүгүм жок болгондуктан кежирлене баштадым:

-Мен эми эмнени минем?.

-Тууганым! Жонума минесиң! деп даанышмандар пири мени үч чакырымдан узагыраак жерге көтөрүп алып барып келди.

♥•••••••Рум падышалыгынын убагында зынданга салынган айрым христиан динаятчыларын Стамбул каратылгандан кийин Фатих Султан Мехмед зындандан чыгарып, Осмон мамлекети тууралуу пикирин сурайт. Алар суроонун жообун тактап, аныктоо үчүн мөөнөт сурап, эл аралап кетишет.

•Бир күнү экөө таң эртелеп базарга барышат. Дүкөнгө кирип зарыл азыктарды алуу үчүн баасын сурай баштаганда жылуу кайрылган соодагер:

-Мырзам! Мен алгачкы соодамды жүргүзүп алдым. Мына бул коңшума кириңиздер, ал дүкөнүн эми эле ачты, дейт.

•Бири-бирине жан тартып турган дин Ислам биртуугандыгы, күйүп жанган боордоштугу христиан динаятчыларын таң калтырат. Чын-чынына келгенде өзүмчүлдүктөн арылган жана өз кызыкчылыгына караганда мусулман биртууганынын кызыкчылыгын жогору койгон жандүйнөгө канчалык суктанса да аздык кылат.

♥•••••••Жыйынтыктап айтканда, Алла Таала момун-мусулмандардын бири-бирин жууп тазалаган, бири-бирине көмөк көрсөткөн эки кол сыяктуу биримдикте болушун арзуу кылат. Эки башка денелүү жандардын бир жүрөктө жашашы — Алла үчүн курулган чыныгы достук.

Диндештиктин жоопкерчилигин берилгендик менен өтөгөндөрдүн өмүрү көздөрү өткөндөн кийин деле улана берет. Алар ар убак жакшы эскерүүлөр мене эскерилет.

•Учурда туура жолду издегендерге, алсыздарга, жетимдерге жана кароосуздарга Аллага бапестеген сүйүүбүздүн эпкини менен жылуу мамиле кылып, колдоп, жардам көрсөтүшүбүз керек. Бул ыйык милдет бизди кайра эле Жараткан Алланын чалкыган ыраазылыгына татыктуу кылат.

♥••••••• Жаамы макулукка сүйүү бапестөө

Жаамы макулук инсан үчүн ибарат, турмуш тиричилиги үчүн зарылдык жана ошондой эле аманат катары жаратылган. Андыктан макулук атпайга сүйүү бапестөө адамдык карыз.

Маселен, аары адамзааданы балга тойгузуу үчүн жашайт.

Кой эт, сүт, жүн жана козу берүү үчүн бүт өмүрүн инсанга арнап келет.

Ит да, мышык да киши баласынын өкүмүндө. Жараткандын даңазалуулугунун, кудуреттүүлүгүнүн күзгүсү саналган жылан, чаян өңдүү макулуктар Кудайы азапты эскертүүчү жана дагы табияттагы көптөгөн озуйпалары себептүү багышталган нематтардан болуп эсептелет. Кай жакты караба көзгө көрүнгөн тоо-таш, топурак, бак-дарак, булут, чалкыган деңиз, шаркырап аккан мөлтүр тунук суубу же ажайып кооз жаратылышпы, айтор, бүт-бүт баары адамзаада үчүн жаратылган…

«Ошондой эле, Ал Өзү тараптан силер үчүн асмандар менен жердеги бардык нерселерди силерге багындырып койду. Албетте ушуларда ой жүгүрткөн эл үчүн ибарат бар» (Жасия, 13).

•Бизге ыроолонгон макулукка заалымдык кылып, кордук көрсөтүү азапты өзүнө чакыргандык болуп эсептелет.

«Жер үстүндөгү айбанат менен канат каккан куш да силердей эле жандык. Биз Китепте эч нерсени (жазбай) таштап койгонубуз жок! Андан соң алар Улуу Жараткандын алдына жыйналышат» (Анам, 38).

Кудай Таала жараткандыктан макулукту сүйүү кулпенделиктин милдети.

Багышталган нематтарда сөзгө алынган макулуктун да акысы бар. Тирүү жандын акысын кызгануу же бербей кою кыяматта чоң көйгөйдү алып келет.

«Жем тартып бараткан кумурсканын жолун тоспо! Анын да жаны, өзүнө жараша курсагы бар. Макулук атпайда жан таттуу..» деп акын Фирдавси табияттын, анда өмүр кечирген макулуктун таламын талашкан.

•Макулук атпайды тек гана кумарлануу үчүн жүйөсүз өлтүрүүгө Алла Элчиси тыю салган.

«Кимде-ким бир чымчыкты себепсиз, тек гана кумарлануу үчүн өлтүргөн болсо, кыямат күнү ал Аллага минтип арызданат:

«-Оо Раббим! Паланча адам мени жүйөсүз өлтүргөн. Көздөгөн эч бир пайдасы деле жок болчу» (Насаи, Дахая, 42).

•Изгилик элестери

•Алла Элчиси сахабалары менен дидарлашып олтурган. Аңгыча үстү жабылган бир нерсени көтөрүп шашкалактаган бир адам келип мындай дейт:

-Пайгамбарым! Сени көрөрүм менен бул жакка келдим. Келатып жыйылган жыгачтын арасынан чыйпылдаган балапандардын үнүн уктум. Ооздорун ачып, аянычтуу чыйпылдаганына түтпөй алаканыма салып жөнөрүм менен эне чымчык келип чыйпылыктап чарк айланып төбөмдө учуп жүрдү. Эмнеликтен айланып жатканын түшүндүм. Үстүндөгү кездемени ачарым менен леп жете келип эне чымчык балапандарын калкалап, үстүнө олтуруп алды. Кайра үстүн жаап көрсөтөйүн деп сиздерге алып келдим. Үмүттүү тиктеген көздөрдү көрөрү менен Азирети Пайгамбарыбыз:

-Коюп жибер аларды! деп буйрук айтары менен жалдыраган адам жабылуу бөздү тартып жиберди. Эне чымчык асманга бир көтөрүлүп кайра кайтып балапандарын чарк айланып туруп алды. Бул көрүнүшкө күбө болуп тургандар менен Алла Элчисинин ортосунда берегидей баарлашуу болду:

-Караңыздарчы. Мына бул эне чымчыктын балдарына болгон мээрими абдан таң калыштуу экен ээ?

-Ооба.

-Мени Актыктын жарчысы кылып жиберген Улуу Жаратканга ант болсун! Алланын пенделерине болгон мээрими береги эне чымчыктын балапандарына бапестеген мээриминен алда канча ашыкча. Буларды өз ордуна алып барып кой, энеси менен чогуу болсун!

Илбериңки баш ийкеген сахаба балапандарды ордуна коюп келди (Абу Давуд, Жанаиз, 1/3089).

♥•••••••Азирети Айша эне чектен чыгып жиниккен төөгө минет. Жоошутуу үчүн ары бери чапкылап, буйласын катуу силкет. Окуяга күбө болгон Алла Элчиси мындай деген:

«-Жаныбар төөгө жылуу мамиле кыл! Жылуулук кай жерди болбосун көрккө бөлөйт. Жылуулугу жок жосундун баары жексур» (Муслим, Бирр, 78-79).

♥•••••••Кези келсе Жараткан Кудай Тааланын ыраазылыгы өтө кичинекей көрүнгөн нерседе болорун Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыз береги мисал менен түшүндүрөт:

«Бир жолоочу мээ кайнаткан ысыкта баратып абдан суусайт. Ары бери акмалап жүрүп эптеп кудук табат. Түшүп, канганча суу ичип, тырмаланып сыртка чыгат. Кудукка жакын жерде өтө суусагандыктан ичин тартып, нымдуу топуракты жалап жаткан итти көрөт.

-Байкуш десе, бул да мен сыяктуу суусаган турбайбы… деп өзүнчө ойлонуп, ичинен жакшылык кылууну көздөйт. Кудукка түшүп бут кийимине толтуруп суу алып чыгып итке берет. Жолоочунун бул камкордугу Алланын купулуна толот. Пендесинин күнөөлөрүн кечирет».

-Пайгамбарым! Жаныбарлардан да сооп табууга болобу? -деп сураган сахабаларга минтип жооп узатат:

«-Бардык жаныбарлардан (жылуу мамиле аркылуу) сооп табууга болот» (Бухари, Шурб, 9; Муслим, Салам, 153).

♥•••••••Жаратылыш Нуру жаныбарларды минип алып пайдасыз сөздөрдү сүйлөшүп, аларды кордуктаган адамдарга катуу эскертүү берген:

«Мингичтерди минбар сыяктуу бейкам колдонуудан сактангыла! Анткени жөө басып араң бара турган жайыңарга жеткирүү үчүн Алла аны өкүмүңөргө берген» (Абу Давуд, Жихад, 55/2567).

♥•••••••Таң агара баштаган маалда даарат алуу үчүн Алла Элчиси сыртка чыгат. Мечиттин алдында чөккөн төөнү көрөт. Каш карайып калган маалда үйүнө кайткан Азирети Мухаммад төөнүн абалкы калыбында жатканын көрөт. Көңүлү түтпөй кетип:

«-Мына бул төөнүн ээси кайда жүрөт?» деп сурады жанындагылардан.

Төөнүн ээси табылган жок. Жем-чөп, суу берилбегендиктен өзөгү карышып калганын аңдаган даанышман Пайгамбар:

«-Алладан корккула. Дартын айталбаган бул байкуштарга кордук көрсөтпөгүлө! Курсагын тойгузуп, семиртип туруп мингиле» деген экен (Ахмад, IV, 181).

♥•••••••Тушалган койду жерге жаткыргандан кийин бычагын бүлөгөн адамга Азирети Пайгамбарыбыз:

«-Жаныбар койду жүз жолу өлтүргүң келип жатабы? Койду жерге жаткырбастан оболу бычакты бүлөп алсаң болбойт беле?» деп ачууланган (Хаким, IV, 257, 260/7570).

♥•••••••Кызытылган темир менен чекесине тамга урулган төөнү көргөн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз мындай деди:

«Мына бул жаныбардын жүзүн күйгүзгөндөрдү Алла наалат кылсын!»(Муслим, Либас, 107).

♥•••••••Меккеге багытталган улуу жүрүштө бүтүндөй адам баласына ибарат боло турган үлгүлүү окуя жараян этет. Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) кошууну менен Меккени көздөй сел сыяктуу агып келет. Жаңы мусулман болгон уруулар Арапстандын төрт тарабынан келип топ-тобу менен Ислам кошуунуна кошулуп жатышты. Бар ааламдын Мырзасы атанган Мухаммад Пайгамбарыбыз кошууну менен Арж аймагынан жылып Талубду көздөй жол арытып баратканда жолдо күчүктөрүн эмизип жаткан итти көрөт да, дароо сахабаларынан Жуайл бин Сураканы чакырып, иттин жанына күзөтчү кылып дайындап койот. Ага иттин Ислам кошууну тарабынан тынчсызданбоосун камсыз кылышын буюрат.

Бул не деген камкордук! Адамзат тарыхында мындай көрүнүш жараян этти бекен?!

•Алланын Элчиси Мекке Жеңиши сыяктуу тарыхый өңүттөн өтө зор мааниге ээ болгон окуя учурунда дагы балким жөнөкөй нерсе менен алек болуп, өзүн ит менен күчүктөрүнө карата жооптуу деп билген. Ошондуктан бул окуядан ала турган дагы бир сабак, эл башкаруучулук орундарга ээ болгон адамдар майда нерселерге чейин жоопкерчиликтүү экендигин билип, мындай окуяларга карата дайыма көңүл бөлүүлөрү зарыл.

♥•••••••Жаныбарлардын акысына кылдат мамиле кылынышы кажет экенин Алла Элчисинин тарбиясында жетилген Анас бир Малик (Алла ага ыраазы болсун) мындайча маалымдаган:

«Сапарга көп чыгар элек. Ошондо тыныгууга түшкөн кезде төөлөрдүн жүгүн чечип аларды жеңилдетмейин ибадат кылчу эмеспиз» (Абу Давуд, Жихат, 44/2551).

•Сапардагы жолоочу тыныгууга түшкөн учурда өзү өзөк жалгабастан оболу унаасынын жемин бериши абзел иш (мустахап) экенин Ислам аалымдары баса белгилеген (Абу Давуд, Сунан, II, 51).

♥•••••••Байезиди Бистамий Алланы берилип сүйгөн олуя болгон. Бапестеген сүйүүсү нары катуу, нары таптуу болгондуктан рухий жактан өтө эле сезимтал, өтө сергек тартып Жараткан себептүү жаратылгандардын кайгы-касыретин, азап-муңун жүрөктөн кабылдап, иш жакшырмайын санаа чегип, дили зыркырачу экен.

•Олуя күндөрдүн биринде катуу токмоктолгондугу себептүү сыртынан кан жошолонгон төөнү көрөт. Сезимталдыктан, бериле сүйгөндүктөн улам жүрөгү сыздаган инсандын балтырынан кан сызыла баштайт.

•Байезиди Бистами олуянын боорукерлигинен бир шиңгил. Олуя узак сапарга чыгат. Жол азабы кишини чаалыктырат. Көлөкөлүү дарактын саябанына чай кайнам тыныккан соң жолун улайт. Жолдо баратып, тыныгууга олтурган жерде үч-төрт кумурсканын баштыгына түшүп алганын көрүп көнгөн журтунан айрып кумурскаларга карыпчылыкты тарттырбайын, ордуна жеткирип салайын деген ниетте артка кайтат.

♥•••••••Кануни Султан Сулайман ак сарайынын багындагы алмурутту курт басып, жыгачты да, мөмөсүн да кемирип баштаганын көрүп, аларды өлтүрүү үчүн берегидей куюлушкан саптар менен Шайхул Ислам Абу-Сууд мырзадан өкүм сурайт:

Курутуп курт түшсө бак-даракка,

Кырдырсак пайда барбы андан башка?

Падышага жооп катары мамлекеттин казысы минтип жооп жазат:

Алланын алдына суракка барган чакта.

Сулаймандан акы алар бүт кумурска!

•Эң кичинекей курт-кумурскага зыян келтирип коюдан айбыкканчалык рухий тарбияны тулку боюна сиңирген Кануни Султан Сулайман кыраакы аскербашы, уюштуруучулук жөндөмү мыкты, нары зирек падыша жана ошондой эле аалым инсан болуптур.

♥•••••••Стамбул шаарындагы Аксарай аттуу чоң мечитти курдурган Пертевниял Валиде (Канайым-падышанын жубайы) Султан көз жумгандан көп өтпөй салих пенделердин бири анын бийик мартабага көтөрүлгөнүн түшүндө көрөт да, таңыркап суроо салат:

-Мечит курдурганың үчүн Алла Таала сени ушул мартабага жеткирдиби?

-Жок!

-Андай болсо, кантип бул мартабага көтөрүлдүң?

-Тынбай көнөктөп жааган жамгыр ак жаанга айланып кеткен. Ошого карабай Аюб Султан мечитине баруу үчүн арабага олтурдум. Жол жээгиндеги сууга толгон чуңкурчадан чыга албай алы кеткен кичинекей мыймыйды көрүп «токто!» деп арабакечке буйрук бердим.

-Тиги сууда жаткан мыймыйды дароо ал!. Болбосо, сууга чөгүп өлүп калышы мүмкүн! дедим эшик жакта олтурган кызматкер эжекеге.

-Коюңз канайым!. Аны бул жакка алып кирем деп экөөбүздүн тең кийимибиз булганат — деп ичиркенип арабадан түшпөй койду.

•Киши көңүлүн ооруткум келбей өзүм түшүп сууда жаткан мыймыйды куткардым. Жолубузду уладык. Толук түктөй элек муштумдай жаныбардын титиреши жандүйнөмө оор келди. Боорум ооруп мыйды койнума салып жылыттым. Көп өтпөй жан кирип кадимкидей үнү чыгып калды.

Мына ошол мыймыйга аз гана кызмат көрсөткөндүгүм жана жаным ачыгандыгы себептүү Алла Таалам мага ушундай улук мартабаны ыроолоду».

•Мына бул өңдүү демейде маанисиз көрүнгөн айрым жакшылыктар Жараткан Алланын мээримин жана ырайымын жакшылык ээсине буруп, аны эң улук сыйга бөлөйт. Андыктан адамзаада мындай иштерден бой качырбашы керек. Анткени бул дүйнөдө болсун, акыретте болсун, миң көкүрөк керсе да адамбаласы чоң-кичине жакшылыктардын рухий жардамына муктаж….

♥•••••••Динибиз Ислам кандай гана жагдай болбосун түрдүү себептер менен жандуу-жансыз жаамы макулукка аяр мамиле кылууну сунуштайт. Маселен, Меккенин Харам деп белгиленген чегине киргенден тарта даракты кесүүгө, чөп жулууга, ууга чыгууга, жадагалса мергенчиге кандайдыр бир жаныбарды көрсөтүп берүүгө жана башка көптөгөн жорук-жосундарга тыю салынган. Буларды көз жаздымында калтыргандарга белгилүү жазалар койулган. Ислам дини бул сыяктуу чектөөлөрдү кою менен киши баласын зыянсыздандырып, күнөөдөн арылышына өбөлгө түзгөн.

•Айта кетчү нерсе, дин Исламдын бул ийкемдүүлүгү, бул кылдаттыгы тек Харам аймагына же ихрамдагы абалга гана таандык эмес. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздан бир осуят:

«Кимде-ким жийде дарагын кесе турган болсо, Алла аны тозокко салат» (Абу Давуд, Адаб, 158-159/5239).

•Абу Давуд бул хидисти төмөнкүдөй чечмелейт:

«Бул хадис абдан нуска айтылган. Дөңдө болсун, түздө болсун, жолоочулар же жаныбарлар көлөкөлөгөн жийде дарагын эч бир тиешесиз адам кесе турган болсо, Алла анын башын тозокко салат».

♥•••••••Жаратылыш Нуру жаамы инсанга тал тиге жүрүүнү жана жаратылышты көрктөндүрүүнү насааттаган. Ушу айтылган иш-аракеттерди жеке өзү орундатуу менен үлгү болгон. Окуяны Ибн-и Аббас мындайча баяндайт:

«Азирети Пайгамбарыбыз менен чогуу жолдо баратканбыз. Алдыбыздан эки күмбөз чыкты. Аларды нускап:

«Бул экөө тең азап чегип жатышат, бирок (булардын оюнда) чоң күнөө деле эмес болчу. Булардын бири сөз ташычу экен. Экинчиси болсо даарат ушаткан соң талаптагыдай кургактабагандыктан (киймине чачыратып алчу) азап тартууда» деди. Токтоп курманын жаш талын сурады. Колуна берилген талды экиге бөлүп эки кабырдын башына тиккен соң:

«Ушу талдар жашарып турган мезгил ичинде азаптары жеңилдейби деген үмүт» деп койду акырын гана (Муслим, Тахарат, 111).

Анткени жашарып турган жалбырак да биз аңдай албаган абал, тил менен такай зикирде.

«Жети асман менен жер жана андагылардын бүт баары Аны (Алланы) даңкташат. Аны аруулап мактабай турган эч нерсе жок. Бирок силер алардын мактоолорун түшүнө албайсыңар. Акыйкатта, Ал — Сылык, Кечиримдүү» (Исра, 44).

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️