Бычак мизиндеги жашоо 15 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=44683&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бычак мизиндеги жашоо 15 бөлүм

 

Шашылыш жетип бардым. Жанагы жол тандабас жолдон чыгып, арыкка түшүп кетиптир. Эки бала анын ичинен бирөөнү көтөрүп бир жеңил машинага салышты да, бир жакка зуу коюшту. Ары жакта бир машина турат, маркасы кандай экенин билбедим. Жол тандабаска он метрдей жете бербей машинамды токтотуп, чуркап барсам Юлай менен 12-05 экөө жол тандабастын арткы орундугу тараптан бир нерсе издеп жатышыптыр. Юлай мени көрүп эле:

– Сен тигилердин чөнтөктөрүн карап, эмне болсо баарын ал. Эч нерсеси калбасын. Айрыкча рация сыяктуу байланыш аппараттарын кара,- деп машинанын аркы капталы жакты кол жаңсай көрсөтүп, кайра кирип кетти.

Жол тандабастын ары жагына өтсөм жерде төрт адам жатыптыр, бирөө аларга автомат такап турат. Жерде жаткандардын биринин башына тапанчамды такап:

– Кыймылдасаң, сүйлөсөң өлөсүң!- деп чөнтөктөрүн тинте баштадым. Тапанча, тамекинин кутусундай болгон рация, документтер, акча бар экен чөнтөгүндө. Моюнундагы алтын чынжырчасын, колундагы саатын, шакектерине чейин чечип алдым. Баарын тинтип чыктым, баарынан акча жана рация табылды. Айрымдарынын жанынан баңгизатка окшош ак түстүү зат табылды. Рациядан кабар берүүгө жетишиптир, чуркап барып Юлайга айтсам:

– Ооба, билем. Эки мүнөттүн ичинде кетип калышыбыз керек. Сен тигилердин рацияларын сууга ыргыт да, машинаңды жүргүзүп даяр тур. Биз кетерибиз менен артыбыздан жүз метр аралыкта айда. МАИлерден, менттерден этият бол, аларга да кабар жеткен,- деди. Дагы бир нерселерди айтайын деп баратты эле, аңгыча ары жактан Юлайдын шериги кыйкырып калды:

– Таптым, кеттик!- деди ал. Баарыбыз өз машиналарыбызга отуруп шаарды аралай кичине көчөлөргө кирип кеттик.

Үйгө барып жаттым. Кармалган кезде 12-06 Ерхандын кишилерине эмнелерди айтып салды экен? Же аны суракка алганга жетишпеди бекен? Жетишпей калган болушу да мүмкүн. Ар нерсени ойлонуп жатып кайсы маалда уктап кеткенимди билбейм. Рациянын үнүнөн ойгондум, саат тогуздан өтүп калыптыр. Чарчап калган экенмин, төшөктөн тургум келбейт. Юлайдын үнү чыкты бир маалда:

– 12-02, рациянын каналын жетиге кой, азыр баарыңарга сөз бар.

– Түшүндүм.

Күтүп отурдум. Бардык балдарга айтып чыкты окшойт, беш мүнөттөн кийин минтти:

– 12-02?

– Угуп жатам, 12-01.

– 12-03?

– Угуп жатам, 12-01.

Баарыбызды текшерип чыкты. 12-06 дагы биз менен экен, азамат. Демек, Ерхандын балдарына сыр ачпаптыр.

– Сөз мындай, бүгүн бир айлык ишибиздин жыйынтыгын көрөбүз. Биз кандай жол менен болсо да жеңип чыгышыбыз керек. Ерхан Кудай эмес, бизге окшогон эле адам. Макул, көп сөздү жаман көрөм, бүгүн жеңип чыксак, ар бириңе жыйырма миң доллардан берилет. Ишибизге ийгилик! Эми ар кимиң өз каналыңарга улагыла.

Өз каналыма улап күтүп турдум. Мени бүгүн эң негизги ишке жөнөтсө керек, балдар деле чарчап калышкандай. Анын үстүнө акыркы окуялар шаштыны кетирип койгондой. Ушуларды ойлонуп жатканда Юлай байланышка чыгып калды:

– 12-02, кандай угуп жатасың?

– Угуп жатам, 12-01.

– Аэропортту айланып өтүп эгин талаасын аралай кеткен жол бар, көрдүң беле?

– Жок, аэропортко баргам. Жолду байкаган эмес окшойм, балким, эсимде жок.

– Макул, ошол жол жакын жердеги айылга алпарат. Жол менен бара берсең аэропорттун тосмосу бүтүп бурулган жерде арык бар. Ошол жерге бир тактай ташталган. Эми угуп тур. Аэропортко 5 чакырым жетпей жол боюнда бир эски сары бусик турат. Ачкычы айдоочунун орундугунун астында. Ошол бусикти айдап талаага барып, жолдорду байкаштырып кой. Ал машина ошол жердеги дыйкандардан сатып алынган, эч ким шекшибейт. Жолдорун көр, кайсы жагынан чыгып кетсек оң болот. Бир саатта барып каласың, чак түш болуп калат. Бул маалда талаада эч ким деле калбайт. Аэропорттун күзөтчүлөрү болушу мүмкүн. Алар деле сыртка көп чыга беришпейт, текшерип көргөм. Бусиктин ичинде төрт тактай болот, ошол тактайларды бусик арыктан өтө ала турган көпүрө кылып койсо болобу, байкаштыр. Тактайларды ары-бери өткөндөргө көрүнбөй турган кылып таштап кой. Саат эки жарымда жообуңду күтөм. Бусикти кайра трассага алып чыгып, алып кеткен жериңе кайра таштап кет. Өзүң такси кармап шаарга жетип аларсың, сенин машинаңды балдар алып кетишет. Кандай түшүндүң?

– Түшүндүм, 12-01.

– Макул, ийгилик.

Юлайдын эмне ойлоп койгонуна башым жетпеди. Эмне, Ерханга аэропорттон кол салабызбы? Алты адамдын күчү жетеби? Ерхандын адамдарынан башка аэропорттун күзөтчүлөрү да болот, баары куралчан. Буга чейин байкагам, күзөтчүлөрдүн айрымдарынын жүзү тааныш. Айтор, аэропорттон ызы-чуу салууга мүмкүн эмес. Тополоң болсо, аарынын уюгуна тийип аларыбыз белгилүү.

Жигулимди айдап аэропортко жөнөдүм. Белгиленген жерде сары бусик токтоп туруптур.Тузак коюлуп жүрбөсүн деп айлананы байкап бир аз турдум. Шектүү кыймыл байкалбайт. Бул машина менен качып кете албайсың куугун болсо. Жигулини дарактардын көлөкөсүнө токтотуп коюп, бусикти айдап талаага жөнөдүм. Салондо узундугу 2 метрлик калың тактайлар жатат. Аэропорттон ары кеткен жолго салып айтылган жерге жеттим. Машинаны токтотуп, талаага кирип кеттим. Күн карама эгилиптир. Талаада иштегендер деле жок, анда-санда чымчыктардын чыр-чур деген үндөрү угулуп жатты. Он мүнөттөй будканы карап отурдум, күзөтчү чыкпады. Эми чыкканда деле мени көрсө дыйкан деп ойлойт да. Арыкка тактай таштай турган жерди байкаштырып жаттым. Арык өтө деле чоң эмес экен, оңой эле өтсө болот. Аэропорттун тосмосунда да бир адам баткыдай чакан тешик бар экен. Чөп бийик өскөндүктөн мен көрүнбөй деле тургандаймын. Бусиктен тактайларды алып түшүп, бекитип койдум.

Шаарга кете турган бир эле жакшы жол – келген жолум экен. Башка жактары арык, суу агып баткак. Шаарга чыгып кетчү башка жолу барбы деп айылды да бир айланып чыктым. Шаар менен айылды ушул жалгыз жол байланыштырат экен. Жолу жакшы эле, шагыл төгүлүү, кыйынчылык болбойт.

Бусикти кайра трассага айдап чыгып ордуна таштап, такси менен шаарга жеттим. Юлайга байланышып баарын түшүндүрдүм.

– Түшүндүм, 12-02, сен үйүңдө болуп тур, өзүм чыгам байланышка,- деп койду Юлай.

Юлайдан алган тапанчамды бир сыйра тазалап, окторун чыгарып, аарчып, магазинин да тазалап чыктым. Жатып эс алайын десем тынчым кетет. Уктай алчудай эмесмин. Негизи эле алдымда оор милдет турганда уйкум качып, түнү менен уктай албай чыгам. Адыл аганын тапшырмаларын аткарып жүргөм, ишти ийгиликтүү бүтүрмөйүн менде тынч уйку жок. Кээде операцияны ойдогудай бүтүрүү үчүн суткалап уктабай калган учурлар көп эле болду. Бирок сыр берчү эмесмин. Адыл аганын көзүнө алсыз жагымды көрсөткүм келчү эмес. Саат кечки жетиде рациямдан сигнал келди:

– 12-02, эки сааттан кийин, баягы бусик токтоп турган жерде бол. Такси менен барып, байкатпай түшүп кал. Мен ошол жерде болом, кандай түшүндүң?

– Түшүндүм, 12-01.

Саат тогузда айтылган жерге келдим. Жарнамалык тактайдын эле жарыгы болбосо айлана караңгы.

Юлай артымдан акырын ышкырып чакырды:

– Кеттик, Самат, барганда түшүндүрөм эмне кылышты. Ме, азыр эле кийип ал. Иш бүткөнчө чечпе,- деп маска берди. Көзү менен оозу эле ачык, жука кара түстөгү жумшак материалдан тигилиптир. Юлай өзү да маска кийип, шыпылдап алдыга түшүп жол баштады. Талааны аралаган жолдорду каяктан билет, тим эле күндө ары-бери өтүп жүргөндөй ишенимдүү баратат. Артынан жөнөдүм, тапанчамды октоп калсам Юлай бурулуп:

– Тапанчаңды ыргыт, бизге керек болбойт,- деди. Таң калдым, ушундай иште кантип тапанчанын кереги тийбесин? Тамашалап жатабы десем, жок, сөзүн кайра кайталады:

– Ыргыт, Самат, кокусунан атылып кетип бүт ишти өлтүрбөсүн. Жаныңда болсо ызы-чууда атып жиберишиң толук мүмкүн. Эч кандай чуу чыкпашы керек. Ишти эч ким эч нерсе билбей калгыдай тынч бүтүрүшүбүз керек…

 

Тапанчамды жерди бир аз чукуп туруп көмүп салдым. Аэропорттун коргонуна жетип, күн карамалардын арасында айланага көз чаптырып отурдук. Тынч, эч ким көрүнбөйт. Саат экиден он беш мүнөт өтүп калыптыр.

– Азыр самолёт келет, экөөбүздүн ишибиз самолёттон акчаларды, алтындарды алып чыгуу. Калганын балдар бүтүрүшөт. Самолёт учарда ушул жерге келип, бир аз убакыт турат. Ошол маалда рацияларыбыз иштебей калат.

– Эмнеге иштебей калат, самолёттун таасири болобу?

– Жок, биз өчүрөбүз, радиотолкундарды беш мүнөткө чейин өчүрүп турушат балдар. Антпесек учкучтарда же Ерхандын балдарында рация бар сөзсүз, аэропортко отуздан ашык адам узатып келет. Ошолорго кабар жетип калышы мүмкүн. Бизге беш мүнөт жетет. Самолёт учуп-конуучу тилкеге келип, учууга даярданып жатканда беш мүнөт турат.

– Юлай, самолёт эмнеге беш мүнөт турат? Тез эле учуп кетип жатышты эле го, көп болсо бир-эки мүнөт турса керек.

– Бул самолёт турат, анан мен азыр Юлай эмес, 12-01мин.

– Түшүндүм, 12-01.

Акыры учуп-конуучу тилкенин жээгиндеги жарыктары күйүп, асмандан самолёттун үнү угулуп, жарыгы көрүндү. Учак башкаларга окшоп тилкенин аркы башына конуп, берки башына чейин жүрүп келбей, тилкенин ортосунан эле аэропорттун имараты жакка бурулуп кирип кетти.

Юлай рациядан сурады:

– Балдар, самолёт он беш мүнөттөн кийин биздин алдыбызга келет, даярсыңарбы?

– Мен 12-03, даярмын.

– Мен 12-04, даярмын. 5 адам жооп берди.

– Түшүндүм.

Саат экиден жыйырма мүнөт өтүптүр. Дагы он мүнөт. Унчукпай ар кимибиз өз оюбуз менен болуп, бекинип жата бердик. Чегирткелердин үндөрү эле угулбаса, айлана тынч.

Айылды, үйдү эстеп кеттим. Жайында түнкүсүн сыртта, бактын арасында уктачумун. Кечинде чегиртке, кур бакалардын үндөрүн угуп, ар нерсени кыялданып жатканды жакшы көрчү элем. Чегирткелердин үнү ошол айылда калган балалык күндөрдү эске түшүрдү. Айылда азыр деле ошол жашоо, ошол тиричилик, ошол бейпилчилик болсо керек. Эч нерседен бейкапар жүргөн балалык кезге бир кайтып баруу мүмкүн болсо кана.

Алабай итибиз бар эле, мен уктагыча короодо ары-бери чуркап үрүп жүрөт да, мен уктаганымда жаныма келип жатып алчу. Экөөбүз абдан ынак элек, кийин картайып, өлгөндө абдан ыйлагам.

Апамдар эмне кылып жатышты экен? Ойлоп көрсөм, сүйлөшө элегибизге көп болуп кетиптир. Мен улам телефон номер алмаштыра бергендиктен апам мага чала албайт. Дайыма мен байланышып турчумун. Кабарсыз кетти деп тынчсызданып жаткандыр, байкушум. Акыркы жолу сүйлөшкөнүмдө адаттагыдай айылдагы жаңылыктын баарын айтып берген. Кошунабыздын менден кичүү баласы үйлөнүптүр. Ачык айтпаганы менен, апам менин да үйлөнүшүмдү каалап жүрөт, сөздөрүнөн байкап калам. А мен… Асел кандай жүрөт болду экен?

Ойго батып кеткен экенмин, Юлай түрткүлөгөндө өзүмө келип карасам:

– Эмне болду сага, каяктарда жүрөсүң? Самолёт чыгат азыр, ме бул сага,- деп бычак берди. Кинолордон көргөн десанттардын бычагы, мизи төрт кырдуу. Анан баарыбызды даярданууга чакырды:

– Даярдык номер «бир». Төрт мүнөттө самолёт келет, даярдангыла!

– 12-02, мен айтканда баягы тактайларды ордуна коюп, буларды үстүнө жармаштырып кой,- деп чөнтөгүнөн майда жабышкак нерселерди берди.

– Самолёт келип токтоору менен экөөбүз чуркап оң капталындагы эшигине жетип барабыз. Сен эч нерсеге караба, өз ишиңди кыл, салондун ортосу менен чуркап арт жагына өтсөң, кездеме тартылып коюлган. Ошонун артындагы болгон нерсенин баарын ташып самолёттун эшигинин алдына ыргыта бер, эч нерсеге караба. Сага эч ким тоскоол болбойт. Калганын шартка карайбыз. Ташып бүткөндөн кийин менин жанымда бол.

– Түшүндүм.

Чынында эч нерсе түшүнгөн жокмун. Мен ташысам, ичиндегилер унчукпай отуруп береби? Аларда деле куралдар бар да. Айтор, акылга сыйдыра алган жокмун. Көрө жатарбыз, Юлайдын да бир ойлогону бардыр акыры.

Бир маалда учуп-конуучу тилкенин эки четиндеги жарыктар күйүп, тээ алыстан самолёт жарыгын жагып, бизди көздөй жөнөдү. Будкада отурган күзөтчү да чыгып, тилкенин чекесинде эки жакты карап коюп тамеки чегип турду. Самолёттун тилкеси бизден 350-400 метр алысыраактан бүтөт, берки жагы бизге чейин чөп баскан жер.

Юлай мага «давай» деп башын ийкеди да, өзү туруп зым тикен тартылган коргонду кыркып, машина баткыдай кылып ачты. Мен баягыда бекитип кеткен тактайларды алып чыгып арыкка коюп, үстүнө Юлай берген нерселерди жармаштырып чыктым. Бир мүнөт өтпөй эле тактайдын үстү билинер-билинбес жарык болуп калды. Жармаштырган нерселер жарык чыгарып турат экен, айдоочуга беш-алты метрден даана эле көрүнөт. Юлайдын таппаганы жок, минтип белги салуу үч уктасам да түшүмө кирмек эмес. Качканда арыкка тыгылып калбайлы деген аракети да. Мындай иште өтө кылдат болбосоң, бир эле жаңылыштык бүт планды кыйратып салышы мүмкүн. Ал эми Юлай андай олуттуу катага жол бере тургандардан эмес. Ар бир ишти ийне-жибине чейин ойлонуштуруп, анан жасайт.

Юлайдын жанына барып:

– Көпүрө даяр,- деп тапшырма күтүп калдым. Самолёт тез эле келип бурулуп токтоду. «Качан барабыз?» дегендей Юлайды карасам бейкапар, рациясын тиктеп отурат. Мени карап «азыр» дегендей башын ийкеп койду. Бир маалда рациясынын жашыл жарыгы өчтү, бул деген рация иштебей калды деген белги эле. «Кеттик!» деп чуркап жөнөдү, артынан мен да чуркап бараттым. Күзөтчүнү улам карап бараткам. Бир маалда эле аны артынан бирөө келип, оозун алаканы менен жаап караңгыга сүйрөп кирип кетти. Самолёттун жанында милициянын формасын кийген 3 адам пайда болуп, учкучтарга кол жаңсап бирдемелерди түшүндүрүп жатты. Биз жетип барганда самолёттун эшиги ачылып, бир учкуч жерге түштү. Аны тиги формачандардын бири желке талаштыра бир уруп, жерге сулатты. Юлай самолёттун ичине кирип кетти, артынан формачан адам автомат көтөрүп кирип кетти. Артты карасам фараларын күйгүзбөгөн бир бусик самолётту көздөй катуу келатат. Мен да кирсем экинчи учкуч окшойт, самолёттун ичиндегилерге автомат такап турат. Эки эркек, эки аял, балдары менен окшойт. Үч бала ордуларында кыймылдабай эле бизди карап калышты. Эркектердин бирөөсү колуна рация кармаган бойдон отурат кыймылдабай. Юлай учкучтардын кабинасына кирип кетиптир, Юлайдан кийин кирген формачан жигит да автоматын тигилерге такап турат. Мен эч нерсеге карабай артына өтсөм, гүлдүү кездеме менен тосулган бир бурч бар экен, ачсам төрт бурчтуу алты чакан ящик, жанында төрт чоң чемодан турат. Яшиктерди ташып чыга баштадым. Ящиктин сыртына “отуз беш килограммдан”

деп жазып коюптур. Алтын окшойт, чакан болгону менен, өтө оор. Алып чыгып бусиктин оозуна турган балага берип жаттым. Чемодандар да оор экен, сүйрөп чыгып эле ыргытып жаттым. Юлай самолётто отурган жанагы эркектердин биринин тамагына бычак такап, бир нерселерди англисче сурап жатты. Көзү жырткычтыкындай экен, канчалык кыйнаса да, эч нерсе сүйлөбөй жатты. Ерхан ушул окшойт дедим. Негедир аны илбирске окшоттум. Аялдар балдарынын көздөрүн жаап бурчка тыгылып алышып бизден коркуп отурушат. Юлай шприц менен тиги адамдын моюнуна бир нерсе сайып жатыптыр. Экинчиси унчукпай башын бийик көтөрүп отурат. Юлай ага да укол сайып, саатын карап, мени «бүттүңбү?» дегендей карады.

Эки чемодан калган эле, эки манжамды көрсөттүм. Акыркы чемоданды сүйрөп өтүп келатып Юлайга башымды ийкедим. Бул “баары бүттү” дегеним. Юлай жанындагы формачан жигит экөө эшикке чыгып, жерде жаткан экинчи учкучту самолётко салышты. Самолёт эшигин жаап, буйдалбастан дароо учуп кетти. Биз да бусикке отуруп жөнөп кеттик. Болуп өткөн окуяны эч ким деле билбей калды. Баары тез, тыкан, ызы-чуусуз бүттү. Бусикти катуу айдап, айылды аралап тез эле трассага чыктык. Бир аз жүрүп бир кичине көчөгө бурулдук…

 

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️