Пример HTML-страницы

Беш убак парз болгон намаз.

https://kyrgyzcha.site/?p=36894&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Беш убак парз болгон намаз?

Парздар Азирети Паигамбарыбызга (саллаллоху алеихи васаллам) Жабраиил периште аркылуу билдирилген. Бирок беш убак намаздын парздары булардан бөтөнчөлөнyп, мираж тyнy Алла Тааланын өзy тарабынан Ааламдар Сыимыгы Азирети Мухаммедге (саллаллохуалеихи васаллам) белек катары сунулган.

Адегенде элyy убакыт парз кылынган намаз Муса Алеихиссаламдын асманда Азирети Мухаммедге (саллаллоху алеихи васаллам):

— Иа, Расулалла! Мен сенден мурун исраиил уулдарын сынап көргөм. Элyy убакытка сенин yммөтyңдyн кyчy жетпеит! – деген кеңешинен улам Расулалла (саллаллоху алеихи васаллам) ошол тyнy Алла Таалага беш убак каирылып, жалбарган. Натыижада намаз беш убакка тyшyрyлгөн.

Азирети Муса Азирети Мухаммед Паигамбарыбызга (саллаллоху алеихи васаллам):

— Беш убакка да кyчтөрy жетпеит! – дегенде, Расулалла (саллаллоху алеихи васаллам):

— Раббимден мындан аз сураштан уялам, — деп беш убакытка токтолгон. Бирок Алла Таала Азирети Паигамбарыбыздын (саллаллоху алеихи васаллам) дубасынын берекеси менен ыракым көрсөтyп, намазды беш убакка азаитуудан тышкары, ошол тyнy элчисине төмөнкy сyиyнчyнy кабарлаган?

«Эи, Расулум! Менин алдымда сөз эч качан өзгөрбөит. Бул беш убак намаздын сыилыгы катары сен элyy убакыт намаздын сообун аласың.» (Ибни Маажа, Икаматус-салат,194)

Расулалла (саллаллоху алеихи васаллам) yммөтyнө бул беш убакыт намаз тууралуу мындаи деит:

«Алла Таала: «Сенин yммөтyңө беш убак намазды парз кылдым. Өз даражамда берилген бир сөз бар: кимде-ким ал намаздарды өз убактысында окуса, аны, сөзсyз, беиишке чыгарам; кимде-ким ал намаздарды сактабаса, менин ага берген эч кандаи сөзyм жок.»(Ибни Маажа, Икаматус-салат, 194) Дагы бир хадисте минтип аитылат: «Алла пенделерине беш убак намазды парз кылган. Ким бул намазды толугу менен аткарса, Алла аны кыямат кyнy беиишке чыгарам деп кескин сөз берген. Ким намаздарды анча маани бербестен кемчиликтyy тyрдө окуса, Алладан ага берилген сөз болбоит. Кааласа азаптаит, кааласа кечирет.» (Ибни Маажа, Икаматус-салат, 194)

Расулалла (саллаллоху алеихи васаллам) сахабаларына беш убак намаздын канчалык маанилyy экенин тyшyндyрyш yчyн, төмөнкyчө каирылат:

— Кандаи деисиңер, эгер эшигиңердин алдынан суу акса жана ал сууга беш убак жуунсаңар, кир калабы? Сахабалар:

— Эч кандаи кир калбаит, — деп жооп беришкенде, Расули Акрам (саллаллоху алеихи васаллам):

— Беш убак намаз да дал ушул сыяктуу. Алла беш убак намаз менен кyнөөлөрдy тазалап жок кылат, — деген. (Бухарии, Мавакит, 6) Башка хадистерде төмөнкy сyиyнчyлөр бар: «(Пенде) чоң кyнөөлөрдөн сактанып, алардан оолак турганда, парздан парзга чеиинки жана жумадан жумага чеиинки окулган намаздар араларындагы кетирилген маида кyнөөлөрдy жууп кетирип турат.» (Муслим, Тахарат, 14)

«Мусулман парз намазын өз убактысында, жакшылап даарат алып, хушуу ичинде намазды толугу менен окуса жана чоң кyнөөлөрдy кылбаса, бул намаз мурдагы кyнөөлөрyнө каффарат болот.» (Муслим, Тахарат, 7)

Парз болгон беш убак намаздын ар биринин бөлөк-бөлөк мааниси, баасы бар экенин аита кетишибиз зарыл. Кyндyн белгилyy убактыларына бөлyнyшy болсо адам баласы yчyн ары рухии, ары денелик жактан миңдеген паидалары, хикметтери бар. Ошон yчyн булардын ар бирин өзгөчө көңyл коюу менен жан дилден аткарууга каидыгер мамиле жасабаш керек. Алла Таала мындаи деит?

«Андай болсо, кеч киргенде жана таң атканда; кyндyздyн аягында жана тyн оогондо Аллага тасбих айткыла! (Аны аруулагыла) асмандардагы жана жердеги мактоолор Ага гана таандык.» (Рум: 17-18)

Абдуллах бин Аббас (Алла андан ыраазы болсун) бул эки аят беш убак намазга ишаарат кылат деп:

«Аятта аитылган «таң атканда» деген сөз багымдат намазына; «Тyш оогондо» дегени бешим намазына; «Кyндyздyн аягы» дегени дигер намазына; «Тyн оогондо» дегени шам менен куптан намаздарына ишаарат.» — деит. Бул аяттарга кошумча иретинде башка аяттарда парз намаздар тууралуу көптөгөн буируктар жана ишаараттар бар.

Сафиирии беш убак намаздын канчалык маанилyy экенин билдириш максатта мындаи деит:

«Периштелер багымдат намазын таштагандарга: «Эи, фаажир (чоң кyнөөкөр)!»; Бешим намазын таштагандарга: «Эи, хаасир (зыян тартуучу)!»;

Дигер намазын таштагандарга: «Эи, ааси (баш көтөрyyчy)!»;

Шам намазын таштагандарга: «Эи, наадан (жакшылыкты тyшyнбөгөн)»; Куптан намазын таштагандарга: «Эи, жоготуучу!» — деп каирылышат.» Ошондои эле бул беш убак намаздын сyннөттөрyн да калтырбаи толук аткарып туруш керек. Бул сyннөттөр ошол убакыттын намазын толуктоочу мyнөздө Алла элчисинин (саллаллоху алеихи васаллам) өзy тарабынан жарыяланып, аткарылган ибадаттар. Бул тууралуу риваяттардын бир бөлyгy төмөнкyчө:

«Багымдаттын эки ирекет сyннөтy дyинөдөн жана дyинөдөгy бyткyл нерселерден артык.» (Муслим, Салатул-мусафирин, 96)

«Паигамбарыбыз (саллаллоху алеихи васаллам) бешимдин парзынан мурда төрт, парзынан кииин эки ирекет намаз окучу.» (Термезии,Жума, 66)

«Дигерден мурда төрт ирекет (сyннөт) окуган кишиге Алла ыраиым кылсын.» (Термезии, Салаат, 201)

«Шам намазынан кииин эки ирекет окууга шашылгыла! Анткени ошол эки ирекет парз менен бирге жогору көтөрyлөт.» (Разиин)

Куптан намазынын алгачкы сyннөтyнө тиешелyy:

«Ар бир азан менен кааматтын ортосунда намаз бар.» (Бухарии, Азан, 16) – деген хадис аитылат.

Куптандын акыркы эки ирекет сyннөтy болсо Расулалланын (саллаллоху алеихи васаллам) өмyр бою кылып келген сyннөттөрyнyн бири экени баарына белгилyy.

Намаз боюнча эң маанилyy нерселердин бири – анын убагында окулушу. Расулалладан (саллаллоху алеихи васаллам) качан:

— Амалдардын эң жакшысы каисынысы? – деп сурашса, ал даиыма эң оболу:

— Убагында окулган намаз, — деп жооп берчy. (Бухарии, Мавкитуссалаат, 5)

Бул хадисте сөз бир намаздын экинчи намазга чеиинки болгон убактысы тууралуу болубатат. Бирок эң жакшысы – намаздын убактысы кирери менен окулушу. Хадистерде бул тууралуу төмөнкyчө аитылат:

«Намаз убактылары келгенде дароо окугандарга Алла ыраазы болот. Убакыттын аягында окугандарды болсо Алла кечирет.» (Жамиул-Фаваид, I, 163)

Беш убакыт парз намаздын тышында парз болгон дагы бир намаз бар: ал – жума намазы. Бул намаз боюнча көп нерселерди аитса болот. Бирок анын канчалык маанилyy экенин билдирyyyчyн төмөндөгy аят жетиштyy:

«Эй, ыйман келтиргендер! Жума кyнy намазга чакырылганда (азан окулганда) соода-сатыгыңарды токтотуп, дароо Алланы зикир кылууга чуркагыла! Эгер билсеңер, бул силер yчyн артык?» (Жума: 9)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE