Пример HTML-страницы

«БАРКЫ ЖОК МАХАБАТ…»

https://kyrgyzcha.site/?p=47564&preview=true Кызыктуу окуялар.

——-«БАРКЫ ЖОК МАХАБАТ…»——-

 

Шыңгырап аккан булактай күлкүң, кулагыма алигиче жаңырып турат…

Таптатынакай болгон жүзүңө үңүлүп карасам эле,сүрдөп кетээримди билчүмүн. Ошондуктан, байкатпай жалт карап алып,жүрөгүм элжирей түшөөр эле.Эгерде, ошол убакта менин уурдана карап турган көз карашымды байкап калганыңды билип калсам,көздөрүм менен каштарым өздөрүнчө эле майда кыбыр-сыбыр болуп кыймылдап кетчү сүрдөгөнүмдөн…

Болгон жан дүйнөмдү сага аралаштыра жууруп салгандай, сенсиз жашоом өтпөчүдөй болуп калган ошондо…

Сени бир көргөндө эле жакшы көрүп калганым менен, ал сезимимди таптакыр айта албай койдум.Билесиңби,жаным, эмнеге?…

…Сени жоготуп алуудан коркконумдан!Сага туура эмес сүйлөп алуудан коркконумдан даай албадым…

Чечкиндүү эле жигитмин жашоодо. Бирок,сенин жаныңда алсыз бир адамга айланып алгам…

Бакырайган сурмалуу кара көздөрүңө,кол менен жасап алгандай болгон татынакай жүзүңө,жүрөктүн кылдарын черткен наздуу үнүңө арбалып, байланып, таптакыр чыга албай калгандаймын…

Артымдан көз көрүнөө канчалаган кыздар чуркайт,махабаттарын ачык эле айтышып,көз жаштарын төгүп,менин жанымда өздөрүн басыңкы кармашып, сүйүүгө бууккан сезимдерин жашыра алышпай, жалооруй карашып…

Мен болсо,сенин жаныңда ошондоймун…

Бирок,кыздардын ар бирин сыйлайм. Аларга боюмду көтөрүп,кагып-силкпейм. Жөн гана, туугандардын кыздарындай эле жакшы мамиле жасап,аларга кеп-кеңештеримди айтып, турмуштарына туура багыт берип коём. Кыздардын тагдырын бузуп же алардын мени жактырып калгандарынан пайдаланып кетүү, үч уктасам түшүмө кирбейт.

Бир жолу бир бейтааныш номерден телефонума чакыруу келип калды.

-Алло…-дедим кулагымды төшөй, көңүлсүз маанайда.

Себеби,жакшы көргөн кызымдын башка жигитим бар дегенин,колун сураганын, ага макул дегенин, бирок, кыздын ата-энеси окууңду бүт деп каршы болуп коюшканын эмеле ага жолукканда уккам.

Бир аз сүйлөшүп отуруп калганыбызда божурап, жаркылдап күлүп мага айтып берген. Ошол себептен, маанайым чөгүп жолдо келе жаткам буттарымды араң жерден алып,кадамымды жаай таштай,башымды шылкыйта ардангансыган капалуу жүзүм менен.

-Сиз…Айдинсизби?…-деген кысынып сүйлөгөн кыздын добушун тыңшай,кулагыма такаган телефонумду мыкчый кармап үнсүз туруп калыпмын.

-Аллоо?…-деди баякы үн.

Мен болсо,чоочуп кеткен адамдай шашкалактай түштүм:

-Ии?Угуп жатам?!-деп.

-Ушул номер вотсап номерби, Айдин байке? -деген кыздын үнү эми жандуураак чыкты.

-Ооба.А сиз кимсиз? Кимден алдыңыз номеримди?Атымды кайдан билесиз? -деп, суроолорумду жаадырып жибердим нөшөрлөй төккөн жамгырдай кылып.

Бирок,ал жооп бербестен,

-Айдин байке…Бир көргөндө сүйүп калуу дегенди түшүнөсүзбү?…

Мен сизди көргөндө ошондой абалда калдым,кечириңиз…-деп телефонун басып салды.

» Кызык!…Мен бирөөнү сүйүп калып кыйналып жүрсөм, бул да менин ахыбалыма түшүп алган бир пенде тура! Түшүнөм сени…Абдан түшүнөм, бейтааныш кыз…»-деп шыбыранып-күбүрөнүп ойлонуп баратып,жеңил унаанын таң маңдайыма «чыыыыыйк» эте катуу сүрдүгө келип токтогонунан, уйкудан чоочуп ойгонгон адамдай,жаңы эле эсимди жыйып, элеңдеп карап калдым бар тарабымды.

-Эй,жигит!Көзүңдү карап баспайсыңбы далдырабай!Мээси жок көк мээсиң го,ушу?! -деп унаанын ээси, чыкыйына сөөмөйүн сайып чукуп,тарбалаңдата өйдө-ылдый көтөргөн колдорун нааразылана ары-бери алаканын жая силкилдетип,сөгүнүп-сагынган боюнча артымда кала берди.Мен болсо,чымын-куюн тартып,ал жерден чуркаган боюнча ал адамды карабай жөнөдүм,кулагымды жапыра .

А чынында эле,көк мээге айланып бараткандаймын кийинки күндөрү. Окуу жайыма эртең менен бардүкү, кечинде келдүкү болуп эле барып-келип калгам,мээмдин баардыгын махабат деген ой басып.Апей!

Ой басып эмес! Куру сезимге алданыппы,берилиппи, иши кылса бир баляаа болуп…

Күндөр өтүп жатат бирок,жакшы көргөн асылзаадамды күндөн-күнгө өзүмдөн бийик,өйдө,кол жеткис сезип келем.

Өткөндө мага окшогон махабатына жете албай жүргөн бир кыз,

-Сизди жипсиз байлап алам,Айдин байке,ишенесизби?!-деп жазып коюптур вотсаптан. Аргасыз жылмайып алдым өзүмчө, ызалуу.

-А кантип жипсиз байлап алса болот экен,мага дагы үйрөтүп койчу, карындаш?-деп билдирүү кетирип койдум.

-Акыры өзүмө көнүп калып,менсиз жашай албай,кусага батчудай абалга жеткирем сизди,көрөсүз!-деп кайра жазды шумпай кыз десе.

-Ошонун жол-жобосун мага жазып койчу,тамашасы жок суранам,чоң кыз!-деп жазып коюп, жообун күтпөй эле,кара тизмеге кетирип койдум анын номерин…

Мен үчүн башкалар көзүмө көрүнбөй ушунчалык кыйналып жүргөнүмдү ким түшүнүп коюптур десең…

Учу-кыйыры чексиз бул ааламдагы бардык тирүү жандардын арасынан жалгыз гана менин жүрөгүмдү ээлеген периштемди жанталашып издеп жүрүп,ойгонуп кетсем түшүм экен,эх!…

«Жакын эле калгам да, табаарыма!Периштемдин колунан кармап,кучагыма кысаарыма бир эле кадамым калган да,аттиң!…»-деген өкүнүч сыяктуу бир нерсе,ичимди тызылдата ачыштырып,көкүрөгүмдөн булкуп чыкпай алдастай түшкөнсүгөн өкүнүч ээлеп алгансыды бүткөн тулку боюмду…

…Окуу жайымдан сабагым бүтүп чыгып келе жаткам. Группалаштарым бир жакка чогулуп баруу жөнүндөгү пландарына кошулбай,

-Маанай жок,баргым келбей жатат…-деп алардан бөлүнүп алдыга басып кетип калдым.

-Айдин байке!…-деген үндү ээрчий,бет маңдайдан тийген күндүн нурунан көздөрүм уялганынан бир көзүмдү жума, ал тарапты ыкшыя карап калдым.

-Айдин байке,мени таанып жатасызбы? -деди сүйкүмдү, ак жуумал келген бир кыз,кичине сүрдөгөнсүй жалтаңдап.

-Жоок,кимсиз?-дедим таңыркай ага карап.

-Инстаграмдан тааныштык эле, эсиңизде болсо?

-Аа…Бирок,сиз менен эмес,сиздин курбу кызыңыз менен жакшы тааныш элем да. Ал аркылуу таанышканбыз да ээ,тиги сайттан? -деп жылмая күлүп колумду кызга сундум,

-Эми,жакшылап таанышып коёлу ,атым-Айдин.

-Заира!-деди, назик колун мага суна.

-Ии,айтагой карындаш,кандай суроо-талап менен келдиң?-деп суроолуу тиктегеним менен,шашып тургандай түр көрсөтүп эки жагымды шашкалактай карай,мына-мына басып кетчүдөй болуп койдум.

-Жөн эле…Окуу жайыңыздын жанынан өтүп бара жатып,сизди өңүңүздөн көргүм келип,күтүп тургам.

-Аа…-деп коюп, башка кеп айтууга көңүлсүрөбөдүм негедир. Себеби,менин жүрөгүмдүн ээси, так эле ушул мен окуган окуу жайдын студенти болгондуктан, капыстан көрүп калбаса экен деген тынчсыздануум бар эле оюмда.

-Мейли анда, ээ,Заира!…

Мен бир жакка шашып жаткам, барайын! -деп колумду сунуп, коштошуп кетип калдым.

Колума смайлик жүрөк жаздыкча көтөрүп алып,кечинде периштемдин жашаган үйүнө жөнөдүм.Анын өз үйү эмес,туугандарыныкында жашайт.

Эшик алдындагы отургучка отуруп алып,ага телефондон чакыруу кетирдим.

-Алло?

-Угуп жатам,Айдин?

-Сыртка чыксаң…

-Бошобой жаткам да!Анын үстүнө үйгө туугандар да келген, кечинде сыртка чыгып кетсем туура эмес көрүшөт го?-деп телефонун өчүрүп койду.

Жиним келди чындап!

» Мен жооп айта электе бул эмне кылганы өчүрө калып десең?Эк!Ушунун баркын сынатканы өтүп кетти мага, жоголсунчу нары!…»-өзүмчө ызалана ,ордумдан тура кала жөнөдүм.

-Айдиииин!-деген үндөн тык токтодум.

Артыма бурула карап,кубанып кеттим көргөн көзүмө ишенбей.Мен сүйгөн периштем колуна ак баштыка бир нерсе салып чуркап келе жатыптыр.

-Ааиий,Айдин!Ушунча узап кеттиң беле?!Жөн эле сызып кеткенсиң го,аткан октой?!-деп татынакай өңүн ого бетер нурланта жылмайган ал,

-Ме карма бул баштыкты. Ичинде сага деп салып койгон жемиш,таттуу,боорсок,бышкан эт бар.Батириңе алып барып чай ичип ал,макулбу? Айылдагы туугандар алып келишкенинен ооз тийсин дедим сени.-деген ал,колума кармата коюп, кандай тез чуркап келсе,ошондой тездикте чуркап алып үйүнө кирип кетти.

Артынан жалдырап карап калыптырмын таң калган боюнча.

Батириме келип алып көпкө ойлонуп отурдум демек,бул деле мени жактырат окшойт деп…

Ал эми колумдагы жүрөкчө жаздыкты берүүгө үлгүрбөй калыпмын…

 

. . .

Ошентип убакыттарды өткөрүп жүрүп, бир күнү ал периштеме вотсап аркылуу жакшы көрөөрүмдү жана кыз-жигит болуу сунушун жаздым акыры чечилип. Бирок, убакыт бер ойлонууга, азыр мен андай эркиме чек коюуга даяр эмесмин. Али жашпыз да. Турмуштун ачуу-таттуусун түшүнүп, анан гана бул сунушуңа жооп берем деп жазган билдирүүсүн окуганда,өзүмдү бир байкуш сезип кеттим го,ошондо…

Намысыма келдимби же арымабы, иши кылса өзүмө сөз бердим ошол күнү:

«Болду!Мындан кийин бул кыздын артынан чуркап, жалдырабайм!Тунук махабатымдын баркын билбеген кыз,кийин деле кадырыма жете албай,өмүр бою мени тебелеп өтөт. Андан көрөкчө,ушундайында унутайын»- дедим…

. . .

 

… Ар күнү окшош күндөр кайталана бергендей элес калтырып келет. Себеби,жүрөгүм таза сүйгөн сендей периштеме жете албаган өзүм жөнүндөгү күндөрдүн кандай өткөнү мен үчүн кызыксыз…

Ал эми мени башка бир кыз сүйүп калып, артымдан калбай ээрчип жүргөнүнөн, ага боорум ооруп жүрүп, боорума тартып алдым көрүнөт,кийинки күндөрү кадимкидей ага көнө түштүм…

Бирок,сени сүйгөндөй эч кимди сүйө албайм го,татынакай периштем менин…

Көрсө,жашоо ушундай экен да…

 

(Жаш жигиттин айтып берүүсү боюнча жазылды.)

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE