Алгандын бермеги бар…Элибизде «Аял жакшы, эр жакшы», «Алганың жакшы болсо — жакаң агарат, алганың жаман болсо — сакалың агарат» деген сыяктуу баалуу сөздөр бар.
Айтса-айтпаса аялдын орду, үй-бүлөдө болсун, турмушта болсун абдан жогору. Тилекке каршы, акыркы учурларда эркектер аялдардын баркын билбей, алардын аялдарга болгон мамилеси сууп бара жаткансыйт. Келечекте өзүнүн атын сактап, тукумун улап жүрүүчү балдарды төрөп берген аялына кол көтөргөн эргулдар көбөйүүдө. Кээ бирөөлөр атың өчкүр аракка тоюп алып, «Үйдө баатыр жоодо жок» болуп, болгон күчүн байкуш аялынан чыгарса, кээлери «Баланы жашынан, аялды башынан» деген асыл сөздү тескери түшүнүп, аялдарга «атаман» болуп алышат. Ал эмес, кээ бир дин жолун карманып, башкаларга үлгү болчу адамдар да, аялды уруп турууну «сүннөт» кылып алышкан.
Эркектердин аялдарга жасаган жаман мамилеси, эртедир-кечтир коомчулукка зыянын тийгизбей койбойт. Ажырашуунун көбөйүүсү, балдардын тирүүлөй жетим калуусу, кыздардын бузулуусу, кыздардын чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып кетүүсү ж.б.у.с. коомго зыянын тийгизбейби?! Албетте тийгизет. Тийгизгенде да мамлекеттин, элдин жок болуп кетүүсүнө алып келүүсү толук мүмкүн. А мунун баарына биз, эркектер күнөөлүбүз. Биз өзүбүздү мусулман катары эсептеп, намаз окуп, орозо кармап жатканыбыз менен, Исламдагы көптөгөн баалуу сыпаттардан алыс жашап келебиз. Исламда аялды кантип сыйлайт, аялга кандай мамиле кылат, андан кабарыбыз аз. Азыркы күндө биз үлгүнү кимден алууну дагы үйрөнө элекпиз. Биз үлгүнү ыймансыздыктын, күнөөнүн, адамгерчиликсиздин сазына батып бара жаткан батыштан издеп калдык🔥
Аялдан алдын чуркап келип машинанын эшигин ачып, аялдан алдын чуркап келип, отургучун жылдырып, аялдын кийимин алып иле коюп, аны кайра кийгизе койгон эркектерди көрүп, булар аялдарын абдан сыйлайт экен деп ойлошуң мүмкүн. Бирок, бул аял кимдин аялы болду экен деген суроону да унутпа. Азыр эле тиги аялдын алдында кызматчыдай болуп чуркап жүргөн эркек, үйүндөгү өзүнүн аялына кандай мамиле жасаганын көргөнүңдө, ушундай эки жүздүүлүктү өздөштүргөн эркектен толук түңүлөсүң. Мындай эки жүздүүлүккө толгон жерлерде эч качан эркек өз аялын сыйлабайт, жана аялдар урмат-сыйды башка эркектерден гана күтүшөт.
Ал эми өзүнүн өмүрлүк жарына кандай мамиле кылуу керектигин Исламдан издесек, чыныгы жашоонун тартибин, чыныгы адамгерчиликти таба алабыз. Адамдын жашоосу бактылуу болуусу үчүн биринчи кезекте жакшы аял менен бирге туруусу керек.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)🌹 «Бактылуулук төрт нерседе🌹ыймандуу аял, кенен турак жай, жакшы кошуна жана татыктуу улоо» — деп айткан. Мына ушул адам баласына эң зарыл болгон төрт нерсенин биринчиси — ыймандуу аял🌹
Аллах Таала Куранда минтип айтат🌹
«Анын белгилеринен — алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып, араңарга сүйүү жана ырайымдуулук берип койду. Чынында бул нерселерде акылын иштеткендер үчүн чоң белгилер бар». Аятта Аллах Таала «Алар менен тынчтанып жашооңор үчүн» деп айтып жатат. Демек, эркек аялга үйлөнгөндөн кийин жашоосун аны менен бирге тынчтыкта өткөрүүсү керек. Аялга үйлөнгөндөн кийин да башка аялдарга «машинанын эшигин ачып» жүргөн эркектер эч качан аялы менен тынчтыкта жашай албайт. Аяттын уландысында «Силерге сүйүү жана ырайымдуулук берди» деп айтылган.
Ибн Аббастын (Аллах андан ыраазы болсун) айтуусунда, сүйүү — бул аялын жакшы көрүү, ал эми ырайымдуулук кылуу — бул, аялын ар кандай жамандыктардан сактоо🌹 Чындыгында, үйлөнгөн жаштардын ортосунда бири-бирине болгон сүйүү болот. Кийинчерээк бул сүйүү алардын балдарына өтүп, ал эми аял менен эркектин ортосунда бири-бирине болгон ырайымдуулук пайда болот. Картайган ата-энелерибизди жакшылап байкап көрсөк, аларда сүйүү жок, бирок бири-бирине болгон ырайымдуулук бар. Чайга отурганда энелерибиз🌹
«Атаң кайда жүрөт, чайга келбейби» деп эстеп турат. Сыртка чыгып бара жаткан энелерибизге «Кемпир чапаныңды кийип ал, эшик суук» деп аталарыбыз эскертип турат. Бул Аллах Тааланын пендени жаратканда кошо жараткан сүйүүсү жана ырайымы.
Аллах Таала айтат🌹
«Алар (аялдар) силерге, силер (эркектер) аларга кийимсиңер». Бул аяттын мааниси — аял эркексиз, эркек аялсыз жашоого болбойт, алар бири-бирин жаап жашырып, кемчилигин толуктап турат.
Эркек биринчи кезекте аялын тамак-аш менен камсыз кылуусу керек.
Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир адам🌙эркектин аялга кандай милдети бар? — деп сураганда, ал🌹»Өзүң тамактанганда, аны да тамактандыр, өзүң кийингенде, аны да кийиндир» — деп жооп берген. Дагы бир хадисте🌙»Аллах жолунда берген динарыңдан да, кедейлерге берген динарыңдан да, кулдарга берген динарыңдан да өз аялыңа берген динарың жакшыраак болот» — деп айтылган. Аялыңды, бала-чакаңды ачка отургузуп коюп, башкаларга садака бергенден, өз үй-бүлөңө сарптаганың жакшыраак болот. Муну менен үй-бүлөөдөгү жашоо бекем болот. Ошол эле учурда акырет үчүн да сооп-сыйлык топтолот.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан🌹
«Кыяматта, аялына берген нафака таразага биринчи салынат». Үй-бүлөөнү багуу үчүн адалдан кесип кылуунун өзү эле сооптуу иш. Хадисте айтылган🌙
«Ким адал ырыскы издеп, чарчап келип уктаса, ал күнөөлөрү кечирилген абалда уктайт». Ал эмес дасторкондун үстүндө турган даяр тамактын бир тиштемин алып аялыңдын оозуна салып койсоң да садака болот.
Эркек аялга аны жакшы көрөрүн билдирип туруусу керек. Аялдардын табиятында, эгер алар жакшы көрсө тили менен айтып турат. Ал эми эркек жакшы көрсө, аны амалы менен билдирип турат. Аялына жакшы белектерди берип, жакшы мамиле кылуусу — анын сүйүүсүн далилдеп турат. Рамазан айынын акыркы он күнүндө мечитте итикафта отурган Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жубайы Сафия энебиз келип, көпкө сүйлөшүп отурат да, чыгып жөнөйт. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)🌹
«Токтой тургун, мен сени узатып коёюн» — деп, үйүнүн эшигине чейин узатып келет. Ошол эле учурда аялын жакшы көрөрүн тил менен айтып туруу да жакшы болот. Анткени, Айша энебиз Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кайрылып🌹
«Мага болгон сүйүүң кандай?» — деп сураганда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)🌹 «Аркандын түйүнүндөй» — деп жооп берет. «А түйүн бошой элекпи?» — деп сурайт Айша энебиз кайра. — «Түйүн өз абалынан өзгөрө элек» — деп, жооп берет Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)🌹
Аялын эркелетип, жакшы сөздөрдү айтуу менен ортодогу мамиле бекемделет.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Айша энебизге кайрылганда, көбүнчө «Ааиш» деп эркелетип кайрылчу. Кээде «Яа, Хумайра», «Оо, менин аппагым» деп эркелетчү. Тарых барактарында Ромео менен Джулеттанын, Лайли менен Мажнундун ж.б. сүйүүсү тууралуу уламыштар айтылып келет. Бирок, бул сүйүүлөр бири-бирине жетпей калуусу менен гана белгилүү болгон. Ал эми кээ бирлеринин сүйүүсү эки ашыктын бири-бирине жетүүсү менен токтоп калган. Ал эми чыныгы б.а. өмүрдөн өтүп кеткенге чейин сакталган сүйүүнү Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жашоосунан гана таба алабыз. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Хадича энебизге үйлөнгөн күндөн баштап, Хадича энебиз бул дүйнөдөн өтүп кеткенге чейин ага болгон сүйүүсүн таза бойдон сактаган. Ал эмес Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүйүүсү Хадича энебиз өтүп кеткенден кийин да сакталып кала берди. Хадича энебиз кайтыш болгондон бир жылдан кийин, сахаба аялдардын бири Пайгамбарыбызга келип🌙
«Эми үйлөнүп албайсыңбы?» — деп айтканда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ыйлап🌹»Хадичадан кийин да Хадичадай аял болмок беле?» — деп баш тартат. Эгер, Аллах Таала дин таралуусу үчүн Пайгамбарыбызды үйлөнүүгө буюрбаганда, ал Хадича энебизден кийин үйлөнбөстөн өтүп кетмек. Мекке шаары мусулмандардын колуна өтүп, адамдардын баары Пайгамбарыбыздын жанына чогулуп, душмандардын баары кечирим сурап, анын айланасына топтолуп жаткан мезгилде, Пайгамбарыбыз алардын баарын калтырып, алыста турган кемпирдин жанына барып, анын алдына чепкенин салып, аны менен бир топко сүйлөшүп отуруп калат. Кийин, Айша энебиз ал кемпирдин ким экендигин сураганда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)🌹»Ал Хадичанын досу болчу, экөөбүз Хадича тууралуу сүйлөшүп калдык» — деп айтат. Ошондо кызганган Айша энебиз🌹»Качан эле топурак астында калган кемпир тууралуу ойлой бересиңби, Аллах сага андан жакшысын бербедиби?» — дейт. Пайгамбарыбыз🌹»Аллахка касам, адамдар мени куушканда, ал мага жөлөк болгон. Адамдар мени жалганчы дешкенде, ал мага ишенген» — деп, жооп берет. Пайгамбарыбыздын ачууланганын байкап калган Айша энебиз🌹»Оо, Аллахтын элчиси, мен үчүн Аллахтан кечирим тиле» — деп суранат. — «Сен Хадичага кечирим сура, мен сага кечирим сураймын» — деп жооп берет Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)🌹 Айша энебиз айтат🌹»Аллахтын элчиси Хадичаны абдан көп эстейт эле. Эгер кой союлуп калса, анын бир мүчөсүн Хадичанын досторуна алып барып берчү. «Хадича менин балдарымдын энеси, адамдар мага душман болгондо, ал мага дос болгон, адамдар мени жалганчы дешкенде, ал мени чынчыл деген, ал мага малы менен жардам берген» — деп көп айтчу.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Хадича энебизге болгон сүйүүсүн ушундай амалдары менен ар дайым сактап келген. Хадича энебиздин ар бир сөзүн, ар бир кыймылын эсинен чыгарган эмес. Бир жолу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үйдө отурганда эшикти кимдир бирөө тыкылдатып калат. Сүйүнүп кеткен Пайгамбарыбыз🌹»Карагылачы, бул Хадичанын эжеси Хаала болуп жүрбөсүн» — дейт. Эшикти ачышса чындап эле ал Хадича энебиздин эжеси Хаала экен. Айша энебиз аны кантип билгендигин сураганда, Пайгамбарыбыз🌹»Ал эшикти Хадичага окшош тыкылдатат экен» — деп жооп берди. Азыркы учурдагы аялынын жанынан бир карыш алыстаганда аны унутуп калган эркектер үчүн мындан өткөн сабак жок.
Эркек аялынын кыймылынан, сүйлөгөн сөзүнөн анын эмнени каалап жатканын, анын көңүлү кандай экенин билип туруусу керек. Ушундай учурда гана үй-бүлөдө бири-бирине болгон түшүнүк пайда болуп, үй-бүлөнүн келечеги сакталат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Айша энебизге кайрылып🌹»Мен сенин мага ыраазы болгонуңду да нааразы болгонуңду да билип алам» — дейт. — «Кантип билесиң?» — деп таңданат, Айша энебиз. — «Сен мага ыраазы болгон учурда🌹»Мухаммадын Роббусуна ант болсун» деп касам ичип каласың. Ал эми нааразы болуп турган учуруңда: «Ибрахимдин Роббусуна ант» деп касам ичип каласың» — дейт. Сырын билип алганына таңданган Айша энебиз күлүп, бул ишти моюнуна алат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Айша энебиздин бардык сырын жакшы билет эле. Айша энебизди эркелетет эле, аны өбөт эле. Айша энебиздин тизесине башын коюп жатат эле. Айша энебиздин көкүрөгүнө башын жөлөп Куран окуйт эле.
Мына ушундай үлгүлөрдү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өз үммөтүнө сабак кылып таштап кетти. Ал акыркы сөздөрүндө да🌹»Аялдарыңарга жакшылык кылгыла», «Аялдар силерге аманат» деп айтып өткөн. Ким анын жолу менен жашаса бактылуу, ким анын жолунан чыкса бактысыз. Ким Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үлгү алып, аялы менен ал көрсөткөндөй жашоо кечирсе, алар бакыттын даамын бирге татышат. Ким үлгүнү башкадан издесе, татыктуу үлгүнү таппайт жана бакыт даамын тата албайт.

















































