Чынчылдык — бул пайгамбарлардын эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнөн

https://kyrgyzcha.site/?p=102173&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЧЫНЧЫЛДЫК🌙🌹♥

Чынчылдык — бул пайгамбарлардын эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнөн🌹

Бул сөздүн арапчасы «сыдк/садакат» кыргыз тилине которгондо: иш-аракетте жана сөздө чынчыл болуу, ыкластуулук, кыйышпастык жана берилгендик деген маанилерди билдирет.

Пайгамбарлар Жараткан сызган багытта болгондуктан ар дайым жүрүм-туруму, айткан сөзү менен үлгү болуп, чынчылдыкка чакырышкан.

Маселен, айрым пайгамбарлардын жеке сапаты Куранда «Ал чынчыл (туура жүргөн) элчи эле» деп маалымдалат (Марям, 41, 56).

«Алла чынчылдарды чындылдыгы үчүн сыйлайт…♥» (Ахзаб, 24).

Ушундай чоң ийгиликке жетүү үчүн аракетти чындап бу дүйнөдө баштоо зарыл. Аятта айтылган сыйдын ээси болуунун жол-жобосун Кудай Таала Өзү көрсөткөн♥

«Эй ыймандуулар🌙! Алладан корккула жана чынчыл пенделер менен чогуу болгула!» (Тооба, 119).

Акыл токтотуп, астейдил ойлоно келгенде, чынчыл-дурус адамдар менен болгон мамилени күчөйтүү чынчылдык-ыраскөйлүк сапаттын жогорулашына жана алардан үлгү алууга шарт түзөт♥

Чынчылдар менен болгон мамиленин изгилигин жана алардан бой качыруунун кейиштүү кесепетин Шайх Саади Ширази мындайча түшүндүрөт♥

«Кахф жамаатынын ити Кытмир чынчылдар менен кыйышпас дос болгондуктан улуу шарапатка татыды, Куранда аты аталды. Нух менен Лут пайгамбарлардын жубайлары күнөөкөр жаман адамдар менен тыгыз байланышта болгондуктан тозокко кетишти».

🌙Кыямат күнү адампенденин баары жардамга муктаж болушат, ата баладан качат, перзент энеден качат, эч кимдин жардамы куткара албайт. Чынчылдык мына ошондой оор кырдаалда баасына сан жеткис мүлк катары жардамга келет. Чынчылдыктан тайбай өмүр кечирген жандар акыретте анын үзүрүн сөзсүз көрүшөт. Алла Таала ал күндү: «… Бүгүн — чынчылдарга чынчылдыгы пайда бере турган Күн» деп мүнөздөйт.

Аятта айтылганына караганда, ал күнгө: «Алла Таала чынчыл эркектер менен чынчыл аялдарга кечирим жана зор сыйлык даярдап койгон🌹♥» (Ахзаб, 35).

Чынчылдыктын маанилүүлүгүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз(саллаллаху алейхи васаллам) бизге маалымдап кеткен♥

«Чынчылдык адамды жакшылыкка, жакшылык болсо Бейишке алып барат• Туура сүйлөөдөн такыр тайбаган адам акырында чынчылдардын катарынан орун алат•♥

Жалганчылык адамды күнөөгө, күнөө болсо тозокко тартат. Жалганчылыкты таштабай уланта берген адам Алла даргөйүндө жалганчылардан деп жазылат» (Бухари, Адаб, 69; Муслим, Бирр, 103-105).

♥•Изгилик элестери

♥•Ааламдардын Ардагы (саллаллаху алейхи васаллам) чынчылдыктын сересинде болгон•♥

Элдешкис душмандары Абу Жахил, Ахнас бин Шарик, Надр бин Харис, кийинчерээк мусулман болгон Абу Суфян да анын чынчылдыгын, дурустугун тана алышкан эмес. Чындыкка коошпогон сөз өмүр бою оозунан чыккан эмес. Жадагалса тамашалашкан учурда да чынчылдыктан тайбаган.

♥•••••••Византиянын ошол кездеги императору Гераклга Алла Элчисинин катын сахаба Дихятул-Калби (Алла ага ыраазы болсун) алып барат. Перстерди басып алган Византия императору Геракл, жеңишке жетип, кайтып келатып Сирия аймагына киргенде Пайгамбарыбыздын Исламга чакырык каты колуна тийет. Бу катты жылуу кабылдап, анын маңызын түшүнгүсү келген Византия императору суроо салуу үчүн Азирети Пайгамбарыбыздын жердештеринен бир канча адамды талап кылат•♥

♥•Агезде Азирети Пайгамбарыбыздын эң алдыңкы душмандарынан бири Абу Суфян Мекке соодагерлери менен Дамаск тарапты көздөй бараткан болот. Бу учурда Пайгамбарыбыз менен Курайш уруусунун ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн болчу. Гераклдын жанжөкөрлөрү жолдон Мекке соодагерлерине жолугуп, аларды императордун алдына чакырып келишет. Геракл аларды кабыл алып, котормочусу аркылуу:

-Азыр ушул жердегилерден кимиңер «Пайгамбармын» деп чыккан заттын эң жакын тууганы болосуңар? деп сурайт.

Абу Суфян:

-Эң жакыны мен болом!

Геракл:

-Буларды менин жаныма алып келгиле! Мен тиги (Абу Суфян) менен сүйлөшүп жатканда, достору жанында турушсун!

-Буларга айт, мен ал адам (пайгамбар) тууралуу суроолорум бар. Мага жалган айтып жатса, жанындагылар «Жалган айтып жатат» деп эскертип коюшсун!

Абалы ичинен, «Ант болсун, жанымдагылар жалган айтканыма күбө болушпаганда ага жалган жалаа жаба бермекмин» деген Абу Суфян Геракл менен болгон сүйлөшүүсүн өзү мындайча баян этет:

Ырас, Гераклдын алгачкы суроосу мындайча болду:

-Силерден бул (мен Пайгамбармын деген) сөздү андан мурун айтып чыккан адам бар беле?

-Жок болчу.

-Ага моюн сунгандардын саны азайып жатабы же көбөйүп жатабы?

-Көбөйүп барат.

-Алардын арасынан Анын динине киргенден кийин жактырбай калып, кайра бу динден баш тарткан адам барбы?

-Жок!

-Ал сөзүндө турбай койгон учуру болду беле?

-Жок! Анын айтканынан кайтканын көрбөдүм. Бирок азыр биз аны менен белгилүү мөөнөткө чейин келишим түзгөнбүз. Бу убакыт аралыгында эмне кылып жиберет билбейбиз! дедим. Аны жамандоо үчүн мындан башка сөз табалбадым!

-Ал силерге эмне деп жатат?

— Ал бизге:

«Жалгыз Жараткан Аллага ибадат кылгыла, эч бир нерсени Ага шерик кошпогула, ата-бабаңар сыйынган буттардан баш тарткыла» дейт. Намазга жыгылууга, тууралыкка, ар-намыстуу адамгерчиликтүү болууга, туугандар менен тыгыз байланышта, жылуу мамиледе болууга чакырат, — дедим.

Анда Геракл котормочусуна:

-Силерден бул (мен Пайгамбармын деген) сөздү андан мурун айтып чыккан адам бар беле? деп сурадым. Жок, дедиң. Андан мурун да бу сөздү айтып чыккан адам бар болгондо, андан мисал алып жатат дээр элем.

Пайгамбарлыгын айтып чыкканга чейин Анын жалган сөз айтканын көрдүңбү деп сурадым, «жок» дедиң. Мен айкын билем, адамга жалган айтпаган Жараткан жөнүндө да жалган айтпайт!

Ага моюн сунгандардын саны азайып жатабы же көбөйүп жатабы деп сурадым. Көбөйүп баратканын айттың. Моюн сунгандардын көбөйүшү-Акыйкат диндердин өзгөчөлүктөрүнөн бири.

Алардын арасынан Анын динине киргенден кийин жактырбай калып, кайра бу динден баш тарткан адам барбы, деп сурадым. «Жок» дедиң. Ыйман нуру жүрөккө кирип жайылып, жай тапканда ушундай болот•••••••♥

Анын сөзүндө турбай койгон учуру болду беле, деп сурадым. «Жок» дедиң. Пайгамбарлар ошондой болушат, сөздөрүнө бекем турушат.

Силерге эмне деп жаткандыгы тууралуу сурадым. Жалгыз Жараткан Аллага ибадат кылууга, эч бир нерсени Ага шерик кошпоого, ата-бабаңар сыйынган буттардан баш тартууга, намазга жыгылууга, чынчылдыкка, ар-намыстуу адамгерчиликтүү болууга, туугандар менен тыгыз байланышта болууга үндөп жатканын айттың

Эгер бу айткандарың туура болсо, Ал зат жакынкы кыска убакыттын ичинде ушул мен турган жерге да ээлик кылат. Мен ансыз деле бу Пайгамбардын келерин билгем, бирок силерден чыгат деп ойлогон эмесмин. Анын алдына баралганымда, аны менен жолугуу үчүн бар күчүмү жумшар элем. Анын жанында болгонумда куттуу бутун жууп берер элем•••••••♥» (Бухари, Бадуль-Вахий, 1, 5-6, Муслим, Жихад, 74).

♥•••••••Ардактуу Пайгамбарыбыз мындай деген•

«Мага азыр айтыла турган алты жагдай боюнча сөз бергиле, мен силердин Бейишке киришиңерге кепил болуп берейин:

1. Сөздү туура сүйлөгүлө!

2. Убаданы так орундаткыла!

3. Аманатка ишенимдүү болгула!

4. Ар-намысыңарды сактагыла!

5. Көзүңөрдү арамдан сактагыла!

6. Колуңарды арамдан узак туткула!» (Ахмад, V, 323).

♥•••••••Окуяны Абдулла бин Амир (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:

Күндөрдүн биринде энем мени чакырып калды. Ошол маалда Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) үйүбүздө болчу.

-Келегой уулум, сага бир нерсе берем! деп мени да чакырды, энелик мээримдин коңур авазы. Ошо маалда Азирети Мухаммад сөзгө аралашты:

-Ага эмне бергиң келди эле?

-Бир курма бергим келди эле, деди кайра аны суроолуу тиктеп.

«-Билип кой, эгер бир нерсе бербегениңде, сага жалганчы деп бир күнөө жазылмак» деди, башын ишенимдүү ийкеген Пайгамбар (Абу Давуд, Адаб, 80/4991; Ахмад, III, 447).

♥•••••••Азирети Мухаммад базар аралап жүрүп бир соодагердин алдына токтойт. Балык жон кылып үйүлгөн буудайга колун матырып, буудайдын нымдалганын билип калат. Кабагы дароо бүркөлүп сатуучуга суроо узатты:

-Бул эмне кылганың?

-Пайгамбарым жамгыр өтүп…. нымдалышып… деп мукактанып, башка шылтоо айтканга алы келбеди.

-Нымдалышып калганын ачыкка чыгарып, алармандарга көрсөтпөйт белең? Алдоочулар менден (менин үммөтүм) эмес! (Муслим, Иман, 164) -деп кесе айтты да басып кетти.

Демек, момун-мусулман жасалма жүрүм-туруму менен, жалганды чындай койгулаган сөзү менен эч кимди алдабашы керек.

♥•••••••Кутман сахабалар жана алардын изги изинен жүргөн салих момун мусулмандан Пайгамбар ахлагын ушунчалык мыкты сиңиргендиктен чынчылдык жаатында өтө кылдат кадам ташташкан.

Байланышууга телефон же азыркыдай интернет жок тээ илгерки убактарда аалымдар пайгамбардын бир хадисин тактоо үчүн хадис айтуучуну издеп, төрт-беш айлык жолду басып өтүүгө мажбур болушкан.

Ат аарытып, таман жоорутуп, ач калууга, ооруу-сыркоого кайыл болуп узак жолдун оор машакатына карабай көздөгөн жерине келип, бирок карматпай жүргөн атын бош торбого чакырганы үчүн издеген аалымдан эч нерсе укпай артка кайтышкан. Бош торбо көтөргөн аалымдын жоругу бизге анчейин деле маанисиз сезилгени менен, чындыктын, акыйкаттын изинен чыкпай жүргөн ал жарыктык инсандар үчүн Алла Элчисинин хадистерин кармана албагандык чоң өксүк, аалымдык сапатка көлөкө түшүргөн илдет катары кабылданган.

♥•••••••Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) Исра жана Мираж окуяларын Курайш жамаатына айтуудан оболу Жабраилге кайрылды:

-О, Жабраил, коомум мага ишенбейт!

Жабраил:

-Сага Абу Бакир ишенет. Анткени Ал ыраскөй пенде (Ибн-и Саад, I, 215).

Мираж окуясын угары менен Меккедеги мушриктер Аны жалганга чыгарууга өтүштү. Жалган жалааларды жарыялап, калктын башын айландырып, адаттагыдай кутумдук кылышты. Муну мүмкүнчүлүк катары санаган мушриктер эл арасында дуу-дуу кепти бетке кармап, момун-мусулмандарды да ыймандан тайдыргысы келди. Жадакалса Абу Бакирге барып, амалкөйлөнүп көрүштү эле, Алланын Элчисине болгон козголгус ыйманы менен:

-Ырас, Ал эмне айтса, баары туура! Анткени анын жалган айтышы мүмкүн эмес, ага себеп да жок. Мен ал апкелген бүт нерсеге алдын ала ишенемин… деп кутумдардын шаабайын суутту.

-Сен анын бир түндө Ыйык Үйгө барып келишине ишенесиңби?

-Ооба! Бул жерде таң кала турган эч нерсе жок. Ант болсун! Ал мага күн-түн дебей Алладан вахий алганын айтат, мен болсо ага чын дилден ишенем!

♥•Азирети Абу Бакир бир саамдан соң Каабада жүргөн Алла Элчисине жолугуп, болуп өткөндү өз оозунан уккан соң:

-Айтканыңда калет жок, Алланын Элчиси!.. деп бекем ишеничин билдирди.

Ушунчалык улуу кабарды баары жалганга чыгарып, колдоп кетер бирөө да чыкпай турган кезде кубаттап айтылган сөзгө Пайгамбар эреркеп кетти•

-О, Абу Бакир, сен Сыддыксың! (Ибн-и Хишам, II, 5).

Абу Бакирге мына ошондон тарта «Сыддык» деген лакап жалганып айтылып келет.

♥•Абу Бакирден кийин сахабалар да Алла Элчисинин Миражга барып келгенине ынанышып, тастыкташты.

♥•••••••Кааб бин Малик (Алла ага ыраазы болсун) дин жолундагы бардык жүрүштөргө катышат. Табук сапарына олуттуу себептер менен кечигип катышалбай калат. Эки жүздүү мунафыктарга окшоп жалган айтып же башка шылтоолорду айтпай, болгонун болгондой айтып, Алладан кечирим тилеп тооба кылышат. Таштаган кадамдарына бушайман болуп, Алла Элчисинин алдынан өтүп кечирим сурайт.

♥•Асыресе, бул үч сахаба бардык казаттарга катышкан. Каабдан башка экөө Бадр майданында бутпарастар менен жан аябай күрөшкөн каармандардан эле. Ошондуктан алар жасалган мамилеге оголе кыжаалат болушат. Кең дүйнө тар келе баштайт.

Алла Элчиси саламдарын албай, дүйнө аларга чоочун сыяктуу туюлат. Алтургай, өз аялдары да өздөрүнө чоочундай сезилип жатты. Шаштысы кетет. Ошол себептүү күнү-түнү көздөрүнөн жаш кетпейт. Ката кылышкан эле, бирок ыкласмандыктарынан, моюн сунуучулуктан, тууралыктан, бушаймандыктан жана тооба кылуудан кайра тартышкан эмес эле. Арадан элүү күн өтөт. Акырында акыйкат айтып, чын ыкластан тооба кылгандыгы үчүн Аллахтын кечиримине ээ болушат.

♥•Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Кааб бин Маликке куш кабарды мындайча билдирет:

-Сүйүнчү! Сени, төрөлгөн күнүңдөн берки башыңдан өткөргөн эң кайырлуу жана бактылуу күнүң менен куттуктайм..

Кааб бин Малик Жараткандын бул улуу кечиримине шүгүрчүлүгүн төмөнкүчө билдирет:

«Аллага ант болсун! Жараткан Алланын мени Ислам менен шарапаттандырганынан кийинки мага ыроологон эң чоң нематы Азирети Пайгамбарыбыздын алдында туура, акыйкатты айтуум жана жалган айткандар менен бирге жаман акыбеттен кутулушум болду. Анткени Алла Таала Табук жүрүшүнө кошулбай жөнөкөй бир шылтоо ойлоп таап, калп айткандар жөнүндө мындайча буюрган эле:

«…Алардан жүз үйрүгүлө, алар ыплас адамдар. Арам иштерди кылышканы үчүн алардын орду тозокто. Алар силерге жагынуу үчүн ант ичишет. Эгер силер аларга ыраазы болсоңор да Алла (алар сыяктуу) бузуку коомдон ыраазы болбойт» (Тооба, 95) (Бухари, Магази, 79, Васая, 16, Жихад, 103; Муслим, Тооба, 53, Мусафирин, 74) дейт.

♥•Бул үч сахаба Алла Элчиси менен бардык казаттарга катышса да, болгону бир казаттан гана калгандыгы үчүн ушундай оор жазага дуушар болушат. Бул окуя эч себепсиз жакшылыкка буйуруу, жамандыкты тыйуу деген улуу озуйпаны аткарууда шалаакылык кылган чабалдарга эң чоң эскертүү.

Чынында да, бул өтө ибараттуу окуя!

Бир адам сахаба атанып, дин Исламдын эми гана телчигип келаткандан тарта коогалуу Бадр казатынан баштап бир топ чабыштарга катышып, өлүм менен алышып, акырында аша оор, нары машакаттуу Табук жүрүшүнө себепсиз чыкпай калгандыгы үчүн ушундай өтө оор мамилеге тушукту!.. Мында акыл-эстүү ар бир адам үчүн абдан маанилүү сабак жана эскертүү бар. Ар бир доордо болгондой эле учурда да Исламдын өнүп-өсүшү үчүн жанаракет жасоо зарыл болгонун эске алсак, бул багытта ар түрдүү себептер менен чабалдык кылгандардын абалы кандай гана өкүнүчтүү. Алла Таала бизди дайыма оң таасирлерге туш болуп, терс таасирлерден оолак болуубуз үчүн чынчылдар менен бирге жүрүүбүздү буйруган. Ыйманында, убадасында, акыйкат дин жолунда бекем, чынчыл адамдар менен бирге болууну, алар менен тыгыз байланыш түзүүнү, алардан бой качырбоону буйруган. Бул буйруктун Табук жүрүшүндө, оголе оор кезеңде түшүшү өтө зор мааниге ээ.

♥•••••••Азирети Айша (Алла ага ыраазы болсун) Ухудда жараян эткен чабыш жөнүндө кабар алуу үчүн бир топ аял кишилер менен жолго чыккан эле. Харра деген жерге келгенде төө жетелеген аялга жолугат. Ал такыбаалыгы менен таанылган Хинд бинти Амр (Алла ага ыраазы болсун) болуп чыгат. Хинд өмүрлүк жары Амр бин Жамухтун, уулу Халладдын жана биртууганы Абдулланын сөөгүн бир төөгө артып алып келаткан болот.

-Артта кандай кабар бар?

Хинд:

-Жакшылык. Алланын Элчиси аман. Ал соо болгон соң калган бардык кыйынчылыктар түккө турбас!

Азирети Аиша төөнүн үстүндөгү сөөктөргө ээк жаңсап сурайт:

-Булар кимдер?

-Уулум, өмүрлүк жарым жана биртууганым!

-Буларды кайда алып баратасың?

-Мединага. (Булардын сөөгүн) Ошол жакка койом.

Бу кезде Хинддин төөсү тизе бүгө чөк түшөт.

-Төөң жүктүн оордугунан чөктүбү?

-Эмне үчүн чөккөнүн түшүнбөдүм. Демейде эки төөнүн жүгүн бир көтөрчү. Бирок азыр башкача болуп турат.

Төөнү чылбырынан тартып тургузушат. Бирок Медина тарапка баспайт, кайра чөгөт. Ухуд жакты көздөй бурса, жортуп жөнөйт. Хинд Алла Элчисине келип жагдайды түшүндүрүп берет. Баш ийкеген Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) андан сурайт:

-Төөнүн да өз озуйпасы бар. Амрдын осуяты жок беле?

Хинд:

-Амр Ухудка барарда кыбылага карап: «Оо, Жараткан! Мага шейиттикти насип кыла көр! Мени куру кол, үмүтсүз кылып үйүмө кайтара көрбө! деп дуба кылган эле.

-Мына ошондуктан төө баспай жатат.

Эй, Ансар жамааты! Кимде-ким Алла атын оозанып касам ичсе, берген сөзүнө бек турсун.

Хинд! Өмүрлүк жарың Амр сөзүндө турган чынчыл, ыраскөйлөрдөн эле. Ал шейит кетери менен периштелер аны канаттары менен калкалап, кай жакка көмүлөт деп карап турушту. Хинд! Өмүрлүк жарың Амр, уулуң Халлад жана биртууганың Абдуллах Бейиште бир жерде жашап, дос болушат!»

♥•Алла Элчисинин куш кабарын уккан Хинд чынчылдардын катарына кошулган жары менен түбөлүк жашоодо да бирге болууну эңсеп андан өтүнөт:

-Алланын Элчиси! Мен үчүн Аллага дуба кыла көр, мен да алар менен бирге болоюн! (Вакиди, I, 264-265; Ибни Хажар, Фатхуль-Бари, III, 216; Ибни Абдилбер, III, 1168).

♥•••••••Алла Элчиси Худайбия келишиминен алдын Азирети Осмонду (Алла ага ыраазы болсун) бутпарастар менен жолугуп, маселеге чекит коюп келүү үчүн Меккеге жөнөтөт.

Азирети Осмон Меккеге аттанат. Жетип барып чабышуу үчүн эмес, тек гана умра ибадаты үчүн келишкенин, уруксат беришсе шаардан сыртта конуп турган мусулман жамааты Меккеге кирип ибадатын аяктаган соң артка кайтып кетишерин айтат. Канчалык ийкемдүү тилге салбасын бутпарастар көшөрүп уруксат беришпейт. Азирети Осмонду үй камагына алып:

-Кааласаң, өзүң тооп кыла бер! дешет.

Бирок өзүн Аллага жана Элчисине арнаган ардактуу сахаба:

-Азирети Пайгамбарыбыз Каабаны таваф кылмайын, мен таваф кылалбайм! Мен Байтуллага анын аркасынан гана зыярат кылам… деп Алла Элчисине болгон сыйын билгизет (Ахмед, IV, 324).

Азирети Осмон (Алла ага ыраазы болсун) кыйла кечигип калат. «Көзүн тазалап коюштубу» деп мусулмандар кабатырланышат (Ахмад, IV, 324).

♥•••••••Жыйынтыктканда болсок, момун-мусулмандын сөзү да, өзү да, ниети да туура болушу керек•••••••♥

Ахлагынын аруулугу жана чынчылдыгы менен ысмын ыраскөйлөрдүн катарына жаздырып, мунун пайдасын эки дүйнөдө көрүшү керек♥

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️