Ардактуу Пайгамбарыбыздан хадистер
«Сыйлыктын чоңдугу балээнин оорлугуна жараша.
Алла Таала сүйгөн коомун бир балээге кириптер кылат. Башка түшкөнгө ким ыраазы болсо, Алла аны жактырат. Кимде ким нааразылык билдирсе, Жараткандын азабына калат» (Тирмизи, Зухд, 57/2396; ИБн-и Мажа, Фитан, 23).
♥«(Алланын даргөйүндө) Кубаттуу момун алсыз момундан дагы да кайырлуу, дагы да сүйүктүү♥ Ошентсе да, экөөндө тең жакшылык бар. Өзүңө пайда келтирген нерсени табууга аракет кыл. Алладан жардам тиле, эч качан даттанба. Башка кокус токмок тийгенде «Эгер мындай кылганымда, мындай болмок» деп аттиң кылба! «Бул Алланын жазмышы, кандай кааласа ошондой болот» деп айт! Анткени «Эгер ушундай кылганымда» деген аттиңиң шайтанды сүйүнткөн иштердин эшигин ачат» (Муслим, Кадар, 34; Ибн-и Маажа, Мукаддима, 10).
🌙Башка түшкөнгө нааразы болуп «Эх аттиң ошондой кылсам болмок экен» деген адам ириде тагдырга каршы чыгуу менен бирге Алланын ыктыярын жактырбоо сыяктуу ыйманга төп келбеген кооптуу абалга түшөт. Мындай абал шайтанды сүйүндүрүп, пендени кыйын абалга түртөт. Абалына ыраазы болгон пендеге Алла ыраазы болот♥ Дүнүйөгө жана акыретке таандык жаамы бактылуулук саналган соң Куранда минтип айтылат:
«… Алланын ыраазылыгы булардын баарынан бийик, баарынан жогору турат. Мына ушул нагыз кутулуу» (Тооба, 72).
Изгилик элестери
Окуяны Усам бин Зайд (Алла ага ыраазы болсун) баян эткен:
-Уулум өлгөнү жатат.
Бизге бир келип кетсин, сураныч деп Зайнап (Алла ага ыраазы болсун) Алла Элчисине кабар чаптырат.
-Берүүчү да, алуучу да Алланын Өзү. Анын ыктыярында бүт нерсенин убакты-сааты бар. Сабыр кылып, үзүрүн Алладан күтсүн! деген жоопту Сүйүктүү Пайгамбарыбыз кызына жолдоду.
🌹Кызы болбой көшөрүп экинчи адамдан чакыруу жөнөтөт.
Барбай койсо болбосун аңдаган Азирети Мухаммад (саллаллоху алейхи васаллам) Саад бин Убада, Муаз бин Жабал, Убай бин Кааб, Зайд бин Сабит жана башка сахабаларды ээрчитип алып, кызынын үйүнө барат. Ымыркайды таятасына беришти. Ал деми кысылып араң гана дем алып жаткан эле. Кадимкидей чертилген көз жаштар пайгамбардын бул көрүнүшкө туруштук бералбай ыйлаганына күбө эле. Көз жашка күбө болгон Саад бин Удаба эмне болгонун сурады, байкамаксанга сала.
«-Бул Алла Өзү каалаган пендесинин жүрөгүнө ыроологон мээрбандык сезим. Алла ансыз деле мээрбан пенделерине мээримин төгөт» деди Пайгамбар (Бухари, Жанаиз, 33, Айман 9, Марда 9; Муслим, Жанаиз 9, 11).
•Кутман Пайгамбарыбыздын кызына берген алгачкы жообу жана берген кеңеши башка түшкөнгө ыраазы болуу дегенге жатат. Анык изгилик-ошол оор кезеңде, оор жоготууга же ачуу муңга, жазымышка ыраазы болуу. Тескерисинче тагдырга күне коюп, кекиртеги айрылганча бакырып, өз жанын кыйнап, бетти тытып же чачын жулуп ыйлап, Пайгамбарыбыз тыю салган ишти жасоо мусулманга жарашпас чекилик.
•Жазымышка ыраазы болгон момун пендеге зор сый ыроолонорун Алла Элчиси минтип билдирет:
«Бир пенденин баласы дүйнө салган учурда Алла Таала периштелерине суроо салып баарлашат:
-Пендемдин перзентинин жанын алдыңар ээ?!
-Оо Жараткан, ооба ошондой болду.
-Анын жан дүйнөсүнүн мөмөсүн үздүңөр ээ?!
-Оо Жараткан, ооба ошондой болду.
-Пендем эмне деди?
-Ал Сага хамд-ыраазылык билдирип:
«… Биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтабыз» (Бакар а, 156) деп Сага мунажат кылды.
-Андай болсо, пендем үчүн бейишке бир үй куруп, аны «ыраазылык үйү» деп атагыла дейт Алла Таала (Тирмизи, Жанаиз, 36/1021).
Азирети Пайгамбарыбыздын айтымына караганда:
«Пенде ооруп калган маалда:
«-Барып тыңдагыла, пендем жанындагыларга эмне деп жатыптыр!» деп Алла Таала эки периштени милдеттендирет.
Периштелер келген маалда оорулуу адам Аллага ыраазылык айтып жаткан болсо, алар пенденин бул абалын бүт нерсени көрүп турган Аллага маалымдашат. (Периштелерди пенденин тек амалына гана күбө болсун деп жөнөткөн) Алла:
«-Пендемдин жанын ала турган болсом, аны Бейишке чыгарууга милдеттүү болом. Эгер шыпаа берер болсом, анын этин дагы да кайырлуу этке, канын дагы да кайырлуу канга алмаштыруу жана күнөөлөрүн кечирүү Мага милдет» деп маалымдайт (Муватта, Айн, 5).
Окуяны Абу Хурайра баян эткен:
Алланын сүйүктүү Элчиси күндөрдүн биринде сахабаларына кайрылат:
-Ким менин бул сөздөрүмдү алып, ага амал кылат жана амал кыла ала турган адамга үйрөтөт?
-Мен аткарам Пайгамбарым! дедим.
Жанына чакырып, колумдан кармады да, береги беш насаатты санады:
«-Арамдан сактана алсаң, Алланын эң жакын кулу болосуң!
-Алла бергенине ыраазы болсоң (канаат кылсаң), адамдардын эң байы сен болосуң!
-Коңшуңа кайырым тартууласаң, (чыныгы) момун болосуң.
-Өзүңө каалаганды башкаларга да кааласаң, чыныгы мусулман болосуң!
-Ашыкча күлбө! Ашкере күлүү жүрөктү өлтүрөт» (Тирмизи, Зухд, 2/2305; Ибн-и Маажа, Зухд, 24).
Айтууларга караганда, Юнус (алейхис салам) күндөрдүн биринде Жабраил Периштеден суранат:
-Мага жер жүзүнүн эң диндар адамын көрсөтчү?
Улуу периште ала дарты себептүү колу, буту чирип калган, көзү азиз адамды көрсөтөт. Ал ошол маалда мына мындай деп жаткан эле:
«Оо Жараткан Кудайым! Ушу бут менен кол эмне берген болсоң, баарын Сенден деп билем! Эмне себептен алыстаткан болсоң, ал да Сенден! Кудереттүү Кудай Таалам! Көөдөнүмө жалгыз гана Өзүңө кезигүү арзуусун салганыңа ыраазымын!»
•Ошентип, Алла Таала Аюбду (алейхиссалам) акыркы чоң сынак катары катуу ооруга чалдыктырат. Оорусу күн өткөн сайын күчөй берет. Аялы Рахима өзүнүн ырайымдуулугу, жоопкерчиликтүүлүгү менен Аюбдун бардык муктаждыгын камсыздоо үчүн бар күчүн жумшайт. Рахима пайгамбар жолдошуна жандили менен тажабай кызмат кыла берет.
Аюб пайгамбар бул оорусунан улам Аллага эч бир даттанбайт. Сабыр кылып, Жаратканга баш калкалап, хамд-шүгүрчүлүк айтуудан жазбайт.
•Көртириликтин күнүн көрүү үчүн Рахима шаардагы аялдар менен ымала түзүп, аларга жип ийирип берчү. Күндөрдүн биринде муңайым Рахима өмүрлүк жарына кайрылат:
-Сен пайгамбарсың! Өзүңдүн саламаттыгың, ден-соолугуң үчүн дуба кылсаң кандай болот. Эртерээк бул дартыңдан айыгып кетсең!
Аюб пайгамбар жубайына суроолуу карап буларды айтат:
-Саламаттыкта, ден-соолукта канча жыл жашадым?
-Сексен жыл.
Жүрөк толо көлкүгөн ыйманы менен:
-Ээ, Рахима! Кыйналып ооруп жатканыма сексен жыл (бардар турмушту баштан кечирген мезгилчелик) болбой туруп, кантип Жаратканга арыз-муңумду айтууга оозум барат!
Алла Таала бизге канчалаган нематтарды ыроолободу!
Анан эмне үчүн Алла Тааладан келген сыноолорго сабыр кылбайт экенбиз?! — деген экен жарыктык ПАЙГАМБАР
Азирети Аюбдун чыдамкайлыгы, адамдык бийик сапаты Мухаммад Пайгамбарыбыздын куттуу хадистеринде да мактоо менен эскерилет:
«Азирети Аюб адампенденин эң жумшак мүнөздүүсү, эң сабырдуусу жана ачуусун акыйкат баса билген адам эле» (Ибни Аби Шайба, 3, 201).
Ал Жаратканга ар убак ак көңүлдөн ыраазы болгон. Анын баа жеткис сабырдуулугу, моюн сунуучулугу төмөнкү ыр саптарында кандай гана таасым чагылдырылган:
Мага жагат бүт нерсе Сенден келген
Жеңсиз кепин, же чепкен асемделген.
Ырайымың, каарың дагы жагат абдан,
Мейли болсун жоогазын, мейли тикен!
Ошентип, Аюб пайгамбардын оорусу күн өткөн сайын оорлошо берет. Акырында оорусу жан чыдагыс абалга келип калган мезгилде, асыресе жубайы көшөрүп суранып туруп алгандыктан, шыпаа табуу үчүн Жараткан Алла Таалага алакан жая:
«…(Оо Жараткан!) мени кырсык-балээ кармады. Ырайым кылуучулардын эң ырайымдуусу Өзүңсүң!» (Анбия, 83) — деп, Алланын орошон ырайымына баш калкалап, жүрөгүнүн түпкүрүнөн сызылып чыккан аруу ыкласмандыгы менен жалынып жалбарган экен, ЖАРЫКТЫК!
•Дубасы кабылданып, дартынан айыгат. Турмуш жаңыдан башталат. Алла Таала ага бала-бакыра, мал-мүлк берет. Сабырдын туучокусуна чыгып, көпкө туруштук бералган, шүгүрчүл, топуктуу пендеси тууралуу Алла минтип эскерген: «Ал кандай гана мыкты пенде эле!..» (Саад, 44).
•Достон келген жыргалды, кууралды жылуу кабылдоо жана ага ыраазылык көрсөтүп, моюн сунуу менен ортодогу достук баралына жетип, чыныгы сүйүү оожалаарына олуя Мавлана береги икаяны мисал кылат:
«Журт ичиндеги абройлуу бир мырзанын ал-абалын сураганы келген жакын достору бир коон ала келишет. Кожоюн көңүлүндө өзгөчө оруну бар ишенимдүү кызматкери Улукманды чакыртат.
Кожоюну коондон бир тилим кесип Улукманга узатат.
Жандилден ыроолонгон тилим коонду Улукман бал жегендей тамшана жейт. Коонду жеп жатканда ушунчалык берилүү менен ырахатка балкыды дейсиң, коонду апкелгендердин өздөрүнүн шилекейи чууруду го чиркин… Улам берилген тилимдерди жеп жаткан Улукмандын таткан жыргалын көргөн кожоюн шилекейин улам жутуп, ырахаттана карап турду. Акыркы тилим коонду колго алып:
«-Эми, муну мен жейин, канчалык таттуу экенин билели!» деп бир тиштеди да, түкүрүнүп, бир чаңырып алды. Тили куйкаланып, кекиртеги өрттөнүп кеткендей болду. Ууланган коон кожоюнду эстен тандырды. Бир топтон кийин эсине келип Улукманга кайрылды:
«-Жан кызматкерим! Айланайын жөлөгүм! Мындай ууну кантип ырахаттана жедиң? Өзөктү өрттөгөн мындай каарды кантип жедиң ачырканбай? Бул эмне деген сабыр!
Акыркы тилим калганга чейин кабагыңды чытып койбой кантип чыдаганыңа акылым жетпей турат?! Же сен таттуу жаныңа душмансыңбы? Эмне үчүн эч нерсе айткан жоксуң? Эмне үчүн; «Мени жаман көрбөңүз, мен жей албайм!» деп айтпадың?!
«-Мен ушу кезге чейин колуңуздан эчен ирет даам сыздым. Руханий болсун, башка болсун, табылгыс азыктарды таттым, бирок бир ыраазылык айтып койо албагыным үчүн уялганымдан жерге кирип кеткидей болуп жүрөм. Өз колуңуз менен сунулганды кантип мен; «Бул ачуу экен, жегенге болбойт!» деп айта алам?! Асыресе, өз колуңуз менен сунулгандын баары мен үчүн эбегейсиз таттуу. Анткени дене турпатым сиздин чын-көңүлдөн берген ырыскылар менен азыктанып келатат.
-Кожоюн! Сиз тапшырган иштин оорлугуна чыдабай, даттана турган болсом, өмүр бою башыма топурак чачылсын! Жоомарт колуңуздун таттуулугу коондун ачуулугун калтырышы мүмкүн эмес. Ачуу нерсенин баарын сүйүү жок кылат, сүйүү жезди же башканы алтынга айлантат. Дабаасыз дарттын баары сүйүүдөн шыпаа табат. Жансызга жан кирет сүйүү себептүү. Сүйүү күчү падышаны кулга, зынданды гүлзарга айлантат.
От нур болот, караңгы үй жарыкка толот.
Сүйүү түрү суукту ажайып сулууга, кайгы -касыретти кубанычка, муңду шаңга, машакатты майрамга айланат. Кудайдан жөө качкандар, ууру-кески, селсаяктар сүйүүнүн табына ээрип, таалайга жол көрсөткөн жоламанга айланат. Сүйүү күчү ууну тек гана таттуу сууга айлантат».
Мынакей, киши менен кишинин ортосундагы мамиленин мисалы аркылуу Аллага бапестелген сүйүүнүн айкын чагылышы. Ыраазылыктын көзөл көрүнүшү.
«Эмнени сүйөсүң?» деген суроого Умар бир Абдулазиздин (Алла аны ырайымына бөлөсүн) жообу мындай болгон:
«-Менин сүйүнүчүм жазымышта катылуу. Мен Алланын өкүмүн сүйөм…»
•Бир адамзаада базардан кул сатып алат.
Кул Алладан корккон, чыныгы момун пенде эле. Кожоюн кулун үйүнө алып келет. Экөөнүн ортосунда берегидей ибараттуу баарлашуу өтөт. Сынагысы келген кожоюн суроолорду жаадырат:
-Менин үйүмө келдиң, эмне жегиң келет?
-Бергениңди жейм.
-Кандай кийим кийгиң келет?
-Бергениңди кийем.
-Кайсы бөлмөдө тургуң келет?
-Сен каалаган бөлмөдө жашай берем.
-Кандай ишти иштегиң келет?
-Сен каалаган ишти жасайм.
Ушул акыркы жооптон кийин кожоюнду катуу ой басат, мончоктоп көздөн жаш агат. Акыры көкүрөктүн көлкүгөн арзуусун ачыкка чыгарат:
-Эх, аттиң! Мен да сендей болуп Раббиме моюн суна алганымда накта бакылуу болбос белем!..
-Урматтуум, өзүң ойлоп көрсөң, кожоюндун алдында кулда эрк болмок беле?
-Сени азат кылдым! Кудай акы, башың азат. Бирок жанымда калышыңды каалап турам. Мал-мүлкүм менен сага кызмат өтөйүн… дейт, жүрөгү жибиген кожоюн.
Кимде-ким зиректик кылып Алланы жакшылап тааный алса, чындап сүйүп, таазим этип, баш ийе алса, Ал ыроологон тагдырга ыраазы боло алса, анда эрк да, ыктыяр да калбайт. «-Мен эмнем менен Алладан каалоо тилейм?» дегенден башка эч нерсе айтпай калат.
Нары ыкласман, нары аалым инсан Синан Сунбул олуя күндөрдүн биринде шакирттерине собол таштайт:
«Маселен, Алла Таала бул дүйнөнү башкарууну, бийлөөнү силерге берди дейли, эмне кылат элеңер?»
Мындай татаал суроого өмүрү тушукпаган шакирттер аң-таң болуп, устаттын суроолуу карашынан апкаарып, мукактанып, ар кимиси өз алдынча жооп бере башташат:
-Устат! Мен жер бетинде бир дагы каапыр калтырбайт элем!
-Жамандык атпайды жер менен жексен кылмакмын!
-Ичимдик ичкендерди жок кылмакмын!
Айтор, ушу сыяктуу жана башка көптөгөн жооптор айтылат. Шакирттердин ичинен бирөөнүн гана сөздү ичине катып мемиреши олуянын назарын бурат.
-Уулум, сен эмне кылмаксың?
Ыйбаа тутунуп, адеп сактаган шакирт устаттын назарын бурганына кыжаалат болуп өзүн жаман сезип:
-Ардактуу устат! Мен өзгөчө бир нерсени жасап жибергидей эмне бу дүйнөнү башкарууда Жараткан Алланын кемчилдиги бар бекен? Алланын ааламдагы бүт мыйзамы, акыл жеткис жайып агым менен ыраахаттуу нукта бараткан чакта, нары чабал, нары чолок акылым менен: Мен тигини кылмакмын, муну жасамакмын! дегеним чектен чыккандык болор деп, уялганынан жер карайт.
•Бул кеменгер жооп олуяны кубантат. Нурданган жүзүнө жылмаю жарашкан карт устат шакиртке тигиле карап:
-Иш эми өз жайын тапты! деген экен.
Жыйынтыктап айтканда, жазымышка ыраазы болуу Аллага бапестелген сүйүүнүн жана бекем ишеничтин белгиси.
Кудайдын бергенине топук кылуу кызганычтан, ачкөздүктөн, түркөйлүктөн арылып кемелине жеткен пенделер багынта ала турган улуу мартаба.
Пенденин жакшылыгын Жараткан Өзү пендесинин өзүнөн да мыкты билет. Андыктан тагдырга ыраазы болууну жана шүгүр келтирүүнү адатка айлантуу эки дүйнө саламаттыгына жол ачат.
«… Көңүлүңөргө жага бербеген нерсе силер үчүн кайырлуу болушу мүмкүн. Ошол эле маалда силерге жаккан нерсе силерге жамандык апкелиши мүмкүн. Силер билбейсиңер, Алла билет!» (Бакара, 216).

















































