Аракечтин кызы               2-болум

https://kyrgyzcha.site/?p=69021&preview=true Кызыктуу окуялар.

Аракечтин кызы

2-болум

Мектепти бүтөөрүм менен айылдашыбыз Зумрат эженин кызы Акылай эже баламды карап бересиң деп Москвага алып кетти.Бирок Москвага келгенден көп өтпөй,Акылай эже өзү кош бойлуу болуп калып,баласын мага каратпай өзү карап,мени магазинге пол жуугуч кылып жумушка киргизип койду.Озум араң он сегизге чыгып,орус тилин билбеген үчүн башында кыйналдым.Бирок кийин көнүп кеттим.Менин Москвага келген максатым акча табуу эле,Каарбек алкаштын балдары эстүү чыгып,үй жайын оңдоп койду деген сөзгө татыйм,мен көп акча таап бай болуп кетсем,эч ким атамды алкаш дебейт деп ойлойт элем.Ай сайын апама акча салып,мурдагыдан бир топ тынып калышты.Мурда бизди колунда жок дегенсип коңушулар көбүнчө аш тойго чакырбайт эле.Азыр мен акча жөнөткөн үчүн апамы чакырып калышкан,кээде апама чалсам аялдар менен тойдон келе атам деп айтып калат.Жалгыз өзүм иштесем күнүмдүк тиричиликтен ашпайт,өзүмдөн бир жаш кичүү инимди жаныма чакырып алайын деп жүргөндө,мен иштеген магазинде жүк ташуучу болуп иштеп жүргөн тажик улутундагы Халимдин айылдашы Махмуд менен таанышып,жашоом түп тамырынан бери өзгөрүп кетти,кичинемден мени жигиттер тоготпой,эч кандай мээрим көрбөгөндүктөн Махмуддун сени сүйөм,өмүр бою сени менен болом деген сөздөрү менин ага болгон сезимимди күндөн күнгө күчөттү.Башында Махмуд экөөбүз жөн гана жолугуп жүрсөк,кийин Махмуддун сунушу менен бирге жашап калдык.Апама чалып мен турмушка чыгам деп айтканым менен Махмуддун улуту тажик экенин айта алган жокмун.Акылай эжеге башка айлыгы жакшы жеңил жумуш таптым,жатаканасы ичинде экен деп алдадым.Гуля сен эстүүсүн,жакшы жүргүн,деп алыш күндөрүндө үйгө келип тур деп Акылай эже менин алдаганыма ишенди.Махмуд мага айлыгы жакшы иш таап берем,аз айлыкка кечке жүрө бермек белең деп жумуштан чыгарып алган.Азырынча жашап туралы,кийин ата энебизге айтабыз,мен сени сүйөм деп Махмуддун сөздөрүнө ишендим.Мени эч нерседен кем кылбай,каалаган кийимимди алып берип,үйгө акча салам десем акча берчү.Мен бир айдай ишсиз жүрдүм,иш таап чыгайын десем Махмуд көнбөйт.Кокус иними чакырсам тажик улутундагы бала менен жашайт деп ата энеме айтып койбосун деп чакырган жокмун,Махмуд экөөбүз ачыкка чыккандан кийин чакырайын деп ойлодум.Эки бөлмөлүү үйдүн бир бөлмөсүндө Махмуд экөөбүз,экинчисинде дагы бир таджик бала өзбек кыз менен жашайт.Бир күнү мага Махмуд Гуля жакшы эле эс алдын окшойт,сага мен жакшы акча таба турган иш таптым.Халим дагы ишинен чыгат,үчөөлөп иштеп жакшы акча табабыз деди.

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️