АМАНАТКА БЕК БОЛУУ ЖАНА УБАДАНЫ ТАК ОРУНДАТУУ♥
Аманат жана ыйман деген сөздөр арапча бир эле уңгудан келет. Ыйман келтиргендер жалпысынан «му+мин=момун» деп аталат♥
Мумин деген кереметтүү сөз ошол эле маалда Жараткан Кудай Тааланын көзөл ысымдарынын бири. Бул ысым Алланын коопсуздуктун анык булагы экенин, пенделери үчүн ишенимдүү жөлөк, ынанымдуу таяныч экенин туюнтат. Пайгамбарларды «аманат» деген сыпатка, ишенимдүүлүккө Ал тарбиялаган. Бул жагынан мумин — момун -ыйман келтирген, аманат берилген, ишенимдүү, коопсуз пенде деген маанилерди туюнтат♥
Абу Муса (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт♥
-Пайгамбарым! Мусулмандардын эң шарапаттуусу ким? деп сурадым.
«-Тилинен да, колунан да мусулман пенде жабыр тартпаган адам»деп жооп берди (Бухари, Иман 4, 5, Рикак 26; Муслим, Иман 64-65).
Ишенимдүүлүк, айтылган сөзгө, макулдашылган келишимге бек болуу-коом менен жеке адам жашоосунун негизги эрежеси. Коомдун бейпил турмушу, тынчтыгы коомдун мүчөсү саналган адамдардын ишенимдүү болушуна жана убадага бек турушуна байланыштуу. Мындай сапат жок жерде дин да, дүнүйө да туруктуулугун жоготот.
Пайгамбарлардын ишенимдүүлүгүнө атайы басым жасалуу иретинде Куранда минтип баяндалат♥
«Раббим билдиргенди силерге маалымдап жатам, мен силер үчүн ишенимдүү насаатчымын» (Аараф, 68).
«Менин ишенимдүү пайгамбар экенимде шек жок» (Шуара, 107).
♥Бул сапат Мухаммад Пайгамбардын (саллаллаху алейхи васаллам)үмөтүнүн эң белгиси десек туура болот. Азирети Мухаммадды пайгамбарлык келелектен мурда деле калайыктын баары «Амин-ишенимдүү» деп чакырышчу♥
Ишенимдүүлүктүн түркүгү саналган убадага бектик маанилүү сапат. Жараткан Алла айтылган убаданы так орундатууну буйруган:
«Эй, ыйман келтиргендер! Келишимдердин талабын аткаргыла!» (Маида, 1).
«… Берген убадаңарды орундаткыла. Анткени берилген сөз жоопкерчиликти талап этет» (Исра, 34).
«Алар аманаттарды жана келишимдерин аткарышат» (Мумин, 8) деп акырет азабынан кутулган момундардын өзгөчөлүгүн маалымдаган♥
Адамдарга сөз берүү жана бардык түрдөгү келишимдер ошол эле маалда Аллага сөз берүү деген мааниге келерин эч качан унутпоо керек. Андыктан бул иштерге Алла күбө болуп тургандыктан, сөзсүз талапты аткарып, жоопкерчиликти орундатуу абзел.
♥•Жараткан Алла Ибрахим пайгамбарды:
«Убадага абдан бек турган Ибрахим…» (Нажм, 37) деп мактоого алган.
♥•Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам):
«Сөзү туура, ишенимдүү жана дурус мусулман-соодагер кыямат күнү элчилер, чынчылдар жана шейиттер менен чогуу болот» деп сүйүнчү айткан (Тирмизи, Буйу, 4/1209; Ибн-и Мажа, Тижарат 1).
Мунун тескерисинче сөзгө турбаган ишенимсиз адамдар үчүн өтө коркунучтуу эскертүүлөр бар:
«Кыянатчынын ыйманы жок!» (Ахмад, III, 135).
Киши баласынын ишенимден чыгып калышы ыйманынын алсыздыгын, адамдык касиетти аяк асты кылганын жана Ислам ыроологон артыкчылыктарды жок кылганын билдирет. Анда ыймандын аты гана калат, ибадат кампасы жер жуткандай аңгырайт, тек гана наамына мөөр болуп басылган ишенимсиз, кыянатчы, жалганчы жана туруксуз деген жалгама аттан башка эч нерсе калбайт. Бул жагдайды Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун) сонун нускалайт:
«Адамдын окуган намазына, туткан орозосуна карап баа бычпагыла. Туура сүйлөйбү, тапшырылган аманатты сактай алабы же дүнүйө колго тийгенде адал-арамды айрымалайбы, мына ошонусуна карагыла!33».
Аманатка кыянатчылык жана убадага турбоочулук дарты эгер эмделбесе, акырында мунафыктык-эки жүздүүлүк деген эң жаман абалга жеткирет.
«Төмөндөгү төрт сыпат кимде бар болсо, ал мунафык:
Берилген аманатка кыянат кылат.
Жалган сүйлөйт.
Сөзүнө турбайт.
Душмандыкта чектен чыгып, адилетсиздик кылат.
Мына ушул төрт сыпаттын бири кимде болсо, аны таштамайын андан мунафыктык сыпат кетпейт» (Бухари, Иман, 24, Мазалим, 17; Муслим, Иман 106).
«Алла Таала мындай деди:
♥• Мен кыямат күнү береги үч топтун душманымын:
Менин атымды оозанып касам ичкен соң сөзүнө турбаган адамдын, эркин адамды кул деп сатып акчасын жеген адамдын, келишим менен жумушчу иштетип, иш бүткөн соң акысын бербеген адамдын» (Бухари, Буйу 106, Ижара, 10).
Демек, убадага бек туруп, аманатты так аткарып, мусулмандыктын белгисин сактап калуу ар бирибиздин милдетибиз.
♥•Изгилик элестери
♥•Жараткан Кудурет Өзүнүн Элчисин Пайгамбарлык менен шарапаттандыргандыктан, караңгылык доордун ар кандай жамандыктарынан аны коргоого алган. Анын жетимдик, муңдуу балалыгы менен жаштыгы жаркын келечекке татыктуулукту камсыздоо үчүн пакизалыкта, рухий жактан бышып жетилүү менен өткөн. Анын негизги өзгөчө сыпаты ар дайым «ал-Амин» жана «ас-Садык» болуп келген.
♥•Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарлыктан мурун мамиле жагынан да, адамгерчилик жагынан да коомунун эң изгиси, теги жагынан эң шарапаттуусу, адеп-ахлак жагынан эң мыктысы болгон. Ал коңушуларынын акы-укугун тыкандык менен коргогон, кичипейилдиктин жана сыпаалыктын туучокусунда болгон. Коопсуздукта, ишеним артууда Ага эч бир жан жете алган эмес. Жамандыктан жана кордук көрсөтүүдөн таптакыр оолак эле. Алтымыш үч жылдык өмүрүндө эч бир адамга сын тагып, шылдыңдаганы, куру бекер талашып-тартышканы болгон эмес. Жараткан Алла Таала жаамы изги касиеттердин жана жакшы мүнөздөрдүн бардыгын Ага ыроологондуктан, коомчулук ага «ал-Амин»- ишенимдүү, коопсуз, зыянсыз пенде деген касиеттүү ысымды ыйгарган•♥
♥•Элчилик милдет мына ушундай изги ишеним ыйгарылгандан бир топ убакыттан кийин берилген.
♥•Эл анын адамдык касиетинин бийик болгондугун, адамгерчиликтүүлүгүн, ар-намыстуулугун, айкөлдүгүн, ишенимдүүлүгүн, дурустугун пайгамбарлык келе электен мурда эле билчи. Эл аны ар дайым кадырлап, урматтап келишкен. ♥•Арийне, күндөрдүн биринде Мекке шаарын сел каптап, көчөлөрдү, короо — жайларды суу каптап, айрымдары урап калган эле. Каабаны дагы суу алып кеткен. Агезде Кааба бутпарастардын колунда болгон. Бутпарастар да Каабаны өздөрүнүн ишенимдери боюнча ыйык деп билишкен. Ошентип, Мекке тургундары Каабаны кайрадан оңдоого киришет. Акырында Каабанын бир бурчуна «Хажарул Асватты» — «кара ташты» коюууда элдин ортосунда жаатташуу башталат. Анткени бул ташты ордуна койуу өзүнчө сыймык, аброй, кадыр-барк эле.
Ар түрдүү ой-пикирлер айтылат. Акыры бир адам:
«Токтоткула, талаш-тартышыңарды! Азыр ким мына бул дарбазадан биринчи кирсе, кара ташты ошол адам коёт» деген оюн ортого салат. Ошентип, талаш-тартыштар күчөп бараткан кезде, капыстан Пайгамабарыбыз келип калат. Кыжылдап бараткан калайык баягы кишинин пикирине кошулуп, аль-Амииндин кара ташты ордуна койуусуна макул болушат. Маселе эч кимдин таарынчысыз, адилеттүү чечилет.
Анткени Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) өтө ийги, аманатчыл киши болгон•♥
Дин Ислам жаңыдан телчигип келаткан күндөрдө анын ашынган душманы Абу Суфян да Византиянын императору Гераклдын:
-Сага айткан же элге берген убадасына турбай койгон учуру болду беле? деген суроосуна:
-Жок! Болгон эмес. Ал ар дайым убадасына бек турат! деген сөздөн башка эч нерсе айта алган эмес (Бухари, Бадул вахий, 6, Салат 1, Садакат 28; Муслим, Жихад, 74).
♥•••••••Ага ал-Амин жана ас-Садык сыпаттарын бердирген көптөгөн үлгүлүү окуялардын бирин Абдуллах бин Абил Хамса төмөнкүчө баян этет:
«Ал мезгилде пайгамбарлык бериле элек эле. Мен ошондо Азирети Мухаммад менен бир соода–сатык кылдым. Натыйжада мен ага бересе болуп калган элем. Бир аз күтө турган болсо, жеткирип береримди айтып жүрүп кеттим. Бирок, кашайып берген убадамды унутуп коюптурмун. Убадам эсиме түшкөндө арадан үч күн өтүп кетиптир. Эмнеси болсо да, бир барып көрөйүн деп убадалашкан жерге барсам, ал баякы жерде турат.
♥•Ишенимдүүлүктүн жана берилгендиктин туучокусун багынткан Алла Элчисинин ахлактык аруулугуна тан берүү керек. Убадага турбагандыгым себептүү мени айыптабастан жөн гана:
«-Эй жигит! Мени кыйнап койдуң го, үч күндөн бери ушул жерде күтүп турам» деп койду, сылык гана (Абу Давуд, Адаб, 82/4996).
♥•••••••Худайбия келишиминин шарттары жазылып бүткөн кезде Курайш элчиси Сухайл бин Амрдын уулу Абу Жандал бутундагы чынжырды сүйрөп, акырын Пайгамбарыбыздын жанына басып келет. Абу Жандал мусулман болгондугу үчүн бутпарастардан катуу запкы жейт. Бутпарастардын зомбулугунан эптеп айласын таап качып келгендеги кербези эле. Сухайл келишимдин алкагында алгы артка кайтарылчу адамдын уулу болгондугун айтып, колундагы таяк менен Абу Жандалды баштан ары чаап калат. Буга катуу түнөргөн Пайгамбарыбыз Сухайлдан Абу Жандалдын келишимден тыш болушун айтып, аны өзүнө берилишин суранат. Бирок ташбоор бутпарас буга макулдугун бербейт. Абу Жандал бутпарастарга кайтарылып жатканда мусулмандарга жалбарып, жардам тилеп жатты. Абу Жандал мусулмандарга жалдырай карап:
-Мени кайра ошол ит чыдагыс зомбулукка салып бересиңерби? деп катуу кайгырат.
♥•Ыйманга сугарылган жүрөктөр сыздап, акыл-эс айла таппай алдастайт. Көздөрүнөн мончок-мончок жаштары чертиле түшөт. Анда Алланын Элчиси Абу Жандалга кайрылып:
-Эй, Абу Жандал! Бираз сабыр кыл, чыда! Алла Тааладан сыйлыгыңды күт! Кадиксиз, Улуу Жараткан Алла сен үчүн, сени менен бирге алсыз, кароосуз калган мусулмандар үчүн мындан кутула турган жол ачып берет. Биз бу коом менен келишим түзүп, Алланын аты менен сөз бердик. Алар да Кудайдын аты менен сөз беришти. Сөзүбүзгө турбай кое албайбыз. Анткени сөзгө турбоо бизге жарашпайт! деп жубатат (Ахмед, IV, 325; Ибни Хишам, III, 367).
♥•••••••Худайбия Келишими бекитилгенден кийин Абу Басир аттуу адам мусулман болуп Мединага баш калкалап калат. Бирок Азирети Пайгамбарыбыз аны келишим боюнча бутпарастарга тапшырууга аргасыз болот. Абу Басир алгач Алла Элчисинин бу кадамын түшүнө албай:
-Мени кайра бутпарастыкка жөнөтүп жатасыңбы? — деп таң кала суроо салат. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) аны жубатып, мындай жооп кайтарат:
-Ээ, Абу Басир! Биз келишимибизди бузалбайбыз. Ошентсе да, сен бираз сабыр кыл, Алла Таала сага жана сен өңдүү адамдарга сөзсүз түрдө бейпилдик ыроолойт…
Бу сөздөн кийин Абу Басир үн дебей пайгамбардын өкүмүнө моюн сунат. Ошентип, Абу Басир бутпарастарга тапшырылат. Бирок ал чынында Меккеге эмес, өлүмгө кетип бараткан эле. Абу Басир муну сезип тургандыктан жолдон мүмкүнчүлүк таап, өзүн алып бараткан эки бутпараска кол салат. Абу Басир бул бутпарастардын бири Хунайсты өлтүрөт. Экинчиси качып кетет. Абу Басир Хунайстын кийимин, буюмдарын, кылычын алып Алланын Элчисине келип:
-О, Алланын Элчиси! Мунун бештен бирин өзүң үчүн ал! дейт.
♥•Пайгамбарыбыз:
-Мен мунун бештен бирин алсам, келишимге кыянаттык кылган болом. А сенин бул кадамың да, өлгөн адамдын буюмдары да сага таандык деп буюрат (Вакиди, II, 626-627).
Береги качып кеткен бутпарас Пайгамбарыбызга келип арызданып, аны кайра алып кетүүнү талап кылат. Бу жолкусунда Абу Басир:
-О, Алланын Элчиси! Сиз мени буларга тапшыруу менен келишимге каршы эч кандай кадам жасаган жоксуз. Ал эми мен өз жанымды коргодум дейт.
Алла Элчиси жагдайды түшүндүрөт. Абу Басир Пайгамбарыбыздын сөзүндө катылып жаткан хикматтарды туура аңдап, Мединадан жолго чыгат. Мекке менен Шамдын ортосундагы деңизге жакын Ис деген бир жерди байырлап калат. Кыска убакыттын ичинде ал жер мусулмандар үчүн баш калкалоочу жайга айланат. Бутпарастардан качып Абу Жандал да Иске келет. Убакыттын өтүшү менен качкын мусулмандардын саны үч жүзгө чукулдап калат. Меккеликтердин соода кербендерине коркунуч туула баштайт. Меккелик бутпарастар аргасыздан Алла Элчисинен бул жагдайга чекит коюу үчүн келишимдеги тийиштүү шартты алып таштоону талап кылышат. Башкача айтканда, Меккеден мусулман болуп качкандардын Мединага баш калкалоолорун суранышат. Ошентип, мусулмандардын зыянына деп эсептелип жаткан бул шарт кыска убакытта мусулмандардын пайдасына чечилет.
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Абу Басир жамаатына кат жөнөтөт. Бу кезде Абу Басир ажал менен арбашып жаткан эле. Абу Басир Пайгамбардын катын окуп, кат колунда калган боюнча жанын Жаратканга тапшырат. Абу Жандал жамааттагы мусулмандар менен расмисин кылып, Абу Басирдин сөөгүн Иске коет.
♥•••••••Бир чарбакер жөөттүн койлорун багып күн өткөргөн Ясар күндөрдүн биринде таңга маал койлорду чептин сыртына кайтарып жүрүп Азирети Пайгамбарыбызга кезигип калат. Пайгамбар аны менен баарлашып, сукбат курган соң Ясар Исламды кабыл алат. Алла Элчиси анын ысмын алмаштырып, Аслам деп жаңы ысым берет. Аслам колундагы койлорду эмне кылуу керектигин сурайт.
♥•Алла Элчиси:
-Койлорду чепти көздөй кубала! Күмөн санаба, баары ээсине кайтып барат деп буюрат. Аслам бир ууч шагыл алып койлорду көздөй ыргытып:
-Эгэңерге баргыла! Аллага ант болсун, мындан ары силер менен эч качан чогуу болбойм дейт. Койлор кудум бирөө айдап бараткандай эки жакка ыдырабай түз чепти көздөй бет алышат. Мусулмандыкты кабылдаган Аслам жөөттөр менен чабышуу үчүн Ислам колуна кошулат.
♥•Мусулман болор замат Алла жолунда чабышка чыккан Аслам (Алла ага ыраазы болсун) көп өтпөй шейит кетет. Сахабалар аны Пайгамбарыбыздын алдына алып келишет. Алла Элчиси бир канча сахабасы менен бирге Асламды көздөй кайрылып жатып дароо жүзүн башка тарапка бурат. Сахабалар себебин сураганда минтип жооп берген экен:
-Азыр Хури Ийнден эки жубайы (Асламдын) жанында турат» (Ибни Хишам, III, 398; Ибни Хажар, аль-Исаба, I, 38-39).
Бир жагынан мушриктердин жана жөөттөрдүн тымызын кысымы, бир жагынан ат тезегин кургатпай болуп турган согуштар мусулман коомчулугун күч жагынан да, азык-түлүк жагынан да мукураткан. Чабан мусулман болгон соң жөөттүн койлорун айдатып келип чекеден сойдуруп элге таратып берсе, аны эч бир пенде тосо алмак эмес. Бирок ал иралды Жараткандан, андан соң пенде акысына кыянаттык кылып коюдан коркуп, койлорду короого карай айдаттырды. Бул жерден «Ишенимдүү» Пайгамбарга жана анын «момун» үммөтүнө куп жарашкан асыл сапат кашкайып көрүнүп турат.
♥•••••••Мекке мусулмандардын колуна өтөт. Алла Элчиси Азирети Билалды Каабанын ачкычын алып келүү үчүн Осмон бин Талхага жөнөтөт. Азирети Билал Осмонго (Алла ага ыраазы болсун) барат:
-Алла Элчиси мени Каабанын ачкычын алып келүү үчүн жиберди.
Осмон:
-Жарайт! деп апасы Сулафага барат. Ал учурда ачкыч Осмондун апасында эле. Апасына:
-Апакебай! Ачкычты бересизби, Алла Элчиси суратыптыр, ачкычты өзүнө кайтарып беришимди буйуруптур дейт.
-Элиңдин сыймыгын, мактанычын алып барып өз колуң менен тапшыруу үчүн Кудайга баш калкалайм! Ал бул ачкычты силерден алды дегиче экинчи силерге эч качан кайтарып бербейт! дейт Сулафа. Осмон ачкычты апасынан суранып жатып алып Азирети Пайгамбарыбызга алып келип:
-Муну Сага Жараткан Алланын аманаты катары берем! дейт. Анткени ал ачкыч кайра кайтарылбай калабы деп корккон экен (Вакиди, II, 833; Хайсами, VI, 177).
♥•Бар ааламдын Мырзасы (саллаллаху алейхи васаллам) Каабаны ачып, ичкери кирип аркасынан эшиктин жабылышын буйурат. Чай кайнамча Каабада болуп, эки ирекет намаз окуйт (Вакиди, II, 835; Ибни Саад, II, 137).
Кыйладан кийин сыртка чыгып жеңиш кутпасын окуган соң Осмонду жанына чакыртат:
«Албетте, Алла силерди аманаттарды өз ээлерине тапшырууга жана адамдар арасында өкүм кылганыңарда адилеттүүлүк менен өкүм чыгарууга буюрат. Арийне, Алла силерге эң туура насааттарды айтат. Албетте, Алла – Угуучу, Көрүүчү!» (Ниса, 58) деген аятты окуп:
-Эй, Абу Талха уулдары! Алла Тааланын аманатын ар дайым силерде болсун! Муну туура аракет кылуу үчүн алгыла. Силер заалим болуп кетмейин муну силерден эч ким алалбайт! Бүгүн жакшылыктын, убадага бек туруунун күнү! дейт (Ибни Хишам, IV, 31-32; Вакиди, II, 837-838; Ибни Саад, II, 137).
Бул окуяда баяндалгандай жана башта айтылгандай, аманаттарды өз ээлерине кайтарып берүү дин жагынан да, элдин бейпилдиги үчүн да зор мааниге ээ. Анткени аманат ээсине кайтарылган чакта үй-бүлөдө болобу, мамлекетте болобу, айтор, коомдо тынчтык, бейпилдик, ынтымак-ырашкерлик орнойт. Тескерисинче болгондо, коомдо ар кандай башаламандыктын, тартипсиздиктин чыгышы толук ыктымал. Тарых барактарына көз чаптырсак, мына ушул себептүү нечелеген империялар жер менен жексен болгонуна күбө болобуз. Себеби мындай империяларда аманат деген түшүнүк жоголуп, адилетсиздик, зордук-зомбулук күч алып, күчтүүлөрдүн гана заманы үстөмдүк кылган.
♥•••••••Муса (алейхиссалам) эч бир убакытты текке кетирбестен Мадян тарапка жол тартты. Акырында Алланын көзөмөлдөөсү менен көздөгөн Мадянга да жетип келди. Чаалыгып келип жол боюндагы кудуктан обочороокто тыныгуу үчүн көчүк басты. Дал ошол учурда жергиликтүү калк Мадян коргонунан үйүр-үйүр, короо-короо малын чыгарып жатышкан эле. Коргондон чыккан бардык туяк, бир чети муктаждыгы үчүн, бир чети үйрөнгөн жолу менен туура эле кудук тарапка келип, топ-топ болуп туруп калышты. Бардык чабандар кудуктун башына келип суу ала башташты. Өзүнөн да обочо жерде алдындагы жандыктарын сугарбастан жөн гана имерип турган эки аялзатынын турушу Азирети Мусаны таң калтырды. Анткени алардын ызы-чууга аралашпастан бир нерсени күтүп тургандай түрлөрү бар эле. “Муса, Мадяндын суусуна барган кезде ал жерде (жандыктарын) сугарган бир топ адамды көрдү. Жана алардан обочороокто (жандыктарын суудан) имерип турган эки аялды көрдү. Аларга:
Маселе эмне? деди. Алар мындайча жооп беришти: Чабандар сугарып кайтмайын биз (алардын арасына кирип жандыктарыбызды) сугара албайбыз; атабыз улгайып калгандыктан (койлорду сугарганга дарманы жетпейт)” (Касас, 23).
♥•Бул эки аялзаты Шуайб пайгамбардын кыздары Сафура менен Суфайра эле. Азирети Муса сегиз күн бою курсагы ач жүргөнүнө карабай кыйналып да болсо кудуктан суу тартып Сафура менен Суфайранын койлорун сугарды. Кыздар Азирети Мусага ырахмат айтышып жөнөп кетишти.
Жандыктарды эрте сугарып кайткан кыздарын көрүп Шуайб пайгамбар таң калып мунун себебин сурады. Кыздары кудукка барганда чыныгы ыймандуу бир затка кездешкенин жана жандыктарды сугарууда ынтаа менен жардам бергенин, бирок мурда бул аймакта андай адамды эч көрүшпөгөнүн айтып беришет. Мал сугарууга көмөк көрсөткөн жолоочуга акысын берүүнү атасынан суранышат.
Айрыкча кичүү кызы: «… Атаке! Акы берип аны кызматкер кылып алалы. Көрөсүң, ал акы беделинде кармаган кызматкерлериңдин эң кайырлуусу, кубаттуусу жана ишенимдүүсү болот» (Касас, 26) деди.
Бул окуя тууралуу Алла Элчиси мындай кабар берет:
«Шуайб менен кызынын ортосунда мындайча баарлашуу өтөт:
-Кызым анын кубатуу экенин кайдан билдиң?
-Оор ташты көтөрүп кудуктун үстүн жапты.
-Анын ишенимдүү экени кайдан билдиң?
-Сиздин алдыңызга чакырып жолдо келатканда мага :
«Менин артымдан бас, алдыма өтпө! деди. Анын ишенимдүү экенин ошо сөзүнөн байкадым (Хайсами, VIII, 203-204).
♥•••••••Жабирдин (Алла агы ыраазы болсун) атасы Ухуд чабышында шейит кетет. Ал көп балалуу болгондуктан артында бир кыйла карызы калат төлөнбөй. Күндөрдүн биринде Алла Элчиси Жабирди жанына чакырып мындай дейт:
«-Эгер Бархрейнден зекеттин малы келе турган болсо, сага жетиштүү үлүш бөлүп беремин». Бирок зекетке чогулган мал Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын көзү өткөндөн кийин келет.
«-Алла Элчиси кимге убада берген болсо же бересеси болсо, келип алгыла!» деген халифанын жарыясын угаарым менен барып мурунку болгон убаданы айттым. Азирети Абу Бакир капка колун бир матырып уучуна толтура акча берди. Санасам 500 динар экен.
-Ушунчадан дагы экини ал, кааласаң. Бул мүлк силерге таандык! деди (Бухари, Кафалат, 3).
Азирети Абу Бакир Алла Элчисинин убадасын анын атынан орундатып, чыныгы оопалуу мусулмандыкты көрсөтө алган.
♥•••••••Бул окуяны Анас (Алла ага ыраазы болсун) баяндаган эле:
«Абам Анас бин Надр коогалуу Бадр казатына баралбай калган. Казатка катыша албай калуу ага абдан оор келгендиктен:
-Пайгамбарым! Бутпарастар менен болгон алгачкы казатка баралган жокмун. Эгер Алла Таала буйруп, бутпарастар менен болчу чабышка барып калсам, алар менин эмне кыларымды ошондо көрүшөт! деди.
Ошентип, ал капсалаңдуу Ухуд казатына катышты. Мусулмандар чабыш майданынан ыдыраган кезде:
«Оо, Жараткан! Булардын (мусулмандардын) кылган иштери (ыдыраганы) үчүн Сенден кечирим сурайм!» бутпарастарды айтып: «Булардын жасагандарынан алысмын, оо, Жараткан!» деп чабыш майданына кирди. Карпа-курпа алдынан чыккан Саад бин Муазга:
-Эй, Саад! Көксөгөнүм бейиш. Каабанын Раббисине касам этем! Ухуддун этегинен бери ошол бейиштин жыты келип жатат мага! дейт ишенимдүү•
Саад андан соңку окуяны Алланын Элчисине айтып жатып:
-Пайгамбарым! Ал көрсөткөн каармандыкты мен көрсөтө албадым! — деп эскерген.
Абамды шейиттер чогултулган жерден таптык. Денесинде шамшар, жанчар-найза жана октон алган сексенден ашуун жарасы бар эле. Бутпарастар аны мыкаачылык менен оозу-мурдун кескилеп ташташыптыр. Ошол себептүү аны эч ким тааный албады. Болгону эжебиз аны бармактарынан тааныды. Төмөнкү аят, абам сыяктуулар жөнүндө түшүрүлгөн:
«Момундардын арасында Аллага берген убадасын чындыкка чыгарган эркектер бар. Алардын кай бирлери жанын курман кылышты. Дагы бирөөлөрү (ошондой жагдайды) күтүүдө. Алар (убада-анттарын эч нерсеге) алмаштырышкан жок» (Ахзаб, 23) (Бухари, Жихад, 12; Муслим, Имара, 148).
Акаба келишимине өкүл катары катышкандардын бири Бара бин Марур (Алла ага ыраазы болсун) эле. Алла Элчисине ажылык мезгилинде Меккеге сөзсүз келүүгө убада берет. Тилекке каршы, ажылык мезгилге жетпей ооруусу күчөп төшөккө жатып калат. Ажал менен арбашып жаткан кезде дагы кайран сахаба убадасын аткарууга тырышып:
-Мен Алла элчисине ажылык мезгилинде Меккеге келем деп убада берген элем. Мени Каабага каратып жаткыргыла, басып баралбасам да денем менен, жүрөгүм менен баргандай болоюн деп өтүнөт. Өтүнүчү аткарылат.
♥•Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Мединага келгенден кийин жоон топ сахабалар менен Бара бин Марурдун кабырына барып, сап-сап болуп ал үчүн жаназа окушат. Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) жер астында жаткан сахаба үчүн:
«Кудуреттүү Кудай Таалам! Ага ырайым кыл, аны кечир!» деп дуба кылат (Ибн-и Абдилбар, I, 153; Ибн-и Саад, III, 619-620).
♥•••••••Азирети Алинин кочкорду курмандыкка чалып жатканын көргөн Ханаш (Алла ага ыраазы болсун) бул иштин себебин сурайт. Курмандыктын маанилүү себеби бар экенин Азирети Али мындайча түшүндүрөт:
«-Алла Элчиси мага көзү өткөндөн кийин өзү үчүн да курмандык чалууну осуят кылган эле. Осуятты орундатуу үчүн курмандык чалып жатам. Мындан ары деле бул ишти уланта берем!» дейт (Абу Давуд, Адахи, 1-2/2790; Ахмад, I, 107).
♥•••••••«… Кимде-ким антты бузган болсо, ал өзүнө гана зыян келтирет. Кимде-ким Аллага берген антына бек турса, Алла ага чоң жакшылык ыроолойт» (Фатих, 10).
♥•Жыйынтыктап айтканда мусулман адам сөз берер алдында Алланы күбө тутуп келет. Ошол себептен пенделерге берилген бардык убада бир эле маалда Аллага да берилген болуп саналат. Андыктан убадага, берилген сөзгө бек туруу, колу менен да, дили менен да жалпы адамбаласына зыян келтирбөө, ишенимдүү, чынчыл инсан болуу жаамы момун мусулманга түшкөн милдет.
♥•Алла Таала бүт нерсенин Ээси.
Өкүм атпай Өзүнө таандык жана ошондой эле көп аяттарда «Өз даргөйүндөгү сөздүн такыр өзгөрбөсүн» маалымдаган. «Сөз ооздон бир гана жолу чыгат» дегенди жакшылап аңдоо жана чынчылдыкты туу тутуу биздин милдет.
♥•Убадага, сөзгө бек туруу адамдык касиетти эң жогорку чегине чыгарган рухий сыпат.
♥•Айрым тафсирчилер ушул өңүттөн Исламды жүрөктөн кабылдоо, тил менен тастыктоо жана тагдырдын бардык оош-кыйыш, жыргал-кууралында Аллага моюн сунуу, убадага бек туруу деп аныктама беришкен.

















































