Пример HTML-страницы

Аллахтын элчисин (САВ) сүйүүнүн белгилери кайсылар?

https://kyrgyzcha.site/?p=35856&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Даараттын, гусулдун, тырмактарды алыштын, муруттарды кыскартуунун жана башка тазалыктардын сыры өзгөчө батыштыктар тарабынан көпкө чейин бааланбай келген. Бирок микробдун күч алышы менен, жугуштуу оорулардын пайда болушу аныкталгандан кийин гана Ислам дининин даанышман сырлары акырындап ачыла баштаган. Кылымдар өткөндөн кийин жүргүзүлгөн изилдөөлөр аркылуу исламдагы тазалыктын маңызын туура түшүнө башташкан.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) келгенден баштап Ислам дененин бардык жагын тазалашты буюруп келет. Ал эми микробдун табылышынан мурун тазалыкка эмне үчүн мынчалык маани берилген, эмнеге кайра-кайра тазалануу парз жана ыплас адамды Алла Таала дагы жактырбашы анча түшүнүктүү эмес болчу. Медицина илими өнүккөндөн кийин гана төмөнкү нерсе анык болду: мусулман эместер ойлогондой Исламдагы даарат менен тазалык мусулмандар жашаган чөлкөмдүн өтө ысык болушунан эмес экен, бул өкүмдөрдүн бардыгы Улук Жаратуучунун сырдуу баяны экен.

Ислам дини колду, ооз менен мурундун ичин жуушту, башка, кулакка, моюнга сууну масх (сылоо) тартууну, буттарды жуушту буюрат. Булардан башка кээде важиб, кээде сүннөт катары тулку бойдун жуулушу буйрулат. Тиштерди тазалаш үчүн мисвак колдонууну сунуштайт. Мисвак – бул жагымдуу жыты бар дарактын аты. Пайгамбарыбыз (САВ) чачтуу адамдарга чачтарын жууп, тарап, май сүртүп тургула деп айтчу. Өзү болсо бул тазалык гигиенасын күн алыс кылчу. Сапарга чыгып калса, дайыма күзгү, тарак сыяктуу буюмдарды жанына алып жүрчү. Ал «Кимдин чачы бар болсо, аны таза кармасын» (Абу Дауд, Сунан 4163) деген.

Микробдор, жалпыбызга маалым болгондой, дүйнөнүн бардык жеринде бар. Адамдын колу башка органдарына караганда көбүрөөк колдонулат, мисалы, учурашканда, тамак жегенде, бирдеме алып, бирдеме бергенде ж.б. Ошондой эле, тулку бойду тазалоодо дагы кол колдонулат. Бул себептен ден соолукту коргоо менен алек болгон адистер адамдын колун микробдор менен тыгыз байланышта болгон орган катары эсептешет. Колдо кичине эле жара ачылса, микробдор ал жерге чабуул жасап, инфекция кылып жибериши мүмкүн, натыйжада адамдын өлүмүнө чейин себепкер болот.

Азыркы учурдун медицинасы Исламдын колдорду жууш тууралу өкүмдөрүн колдойт.

КОЛДОРДУН оозду жууш үчүн оозго алпарылышынан мурда суунун таза болушу, даамы, жыты жана түсү өзгөрбөшү керек экендигиндеги сыр ушундайча аныкталган.

ООЗГО келсек, бул орган шилекей бездерин, тиштерди жана тилди камтыйт. Тамакты чайноо – алгачкы сиңирүү процесси болуп эсептелет. Ооздогу микробдордун баары тамак жана шилекей аркылуу ашказанга барып, кээ бир ооруларды пайда кылышы жана ойдогудай сиңирүү жүрбөй калышы мүмкүн.

Ашказанга байланыштуу ооруларга чалдыккан бейтаптарга доктурлар оозду тазалап, тиштерин жакшы кароолорун сунушташат жана ооздогу бардык органдарды таза кармабай койсо, ашказанга абдан зыяндуу, абдан коркунучтуу нерсе экенин кайра-кайра эскертип турушат. Бул себептен улам, Ислам ар бир тамактануудан кийин оозду жууп, тиштердин арасын мисвак менен тазалашты сунуш кылат.

Ар бир даарат алууда колдонулган мисвактын зыяндуу микробдорду өлтүрүшү жөнүндө Пайгамбарыбыз (САВ): «Үммөтүмө кыйынчылык бериштен тартын-баганымда, ар бир намаздан мурун мисвак колдонууларын буюрмакмын» – деген. (Бухари, Ыйман 26, Муслим, Тахара 42). Бул жердеги буйрук – парзды туюндурган буйрук.

Суу менен оозду жууш, мисвак менен, же манжалар менен тиштерди укалоо аркылуу ооздун ар тарабында калып жыттанып кеткен тамактын калдыктарын чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болуп, ооз ичиндеги шилекей бездери, капиллярдык сосуддар жана кан тамырлар күчтөндүрүлөт.

МУРУН – бул жыттоо жана дем алуу үчүн жаралган орган. Бул үчүн аба аркылуу топуракта жана бүтүндөй космосто жайылган абалда болгон чаңдар менен микробдук мителер дененин ичине кирет. Мына, адам баласын бул коркунучтан коргош үчүн Алла Таала мурундун ичинде кээ бир кылдарды кошо жараткан, бул кылдардын кызматы – ошол зыяндуу микробдордун өпкөнү көздөй кетишине, же болбосо, кан каналдарынын бирине киришине тоскоол болуу. Тыштан мурунга кирген нерселердин микроскоп аркылуу байкалышынан биз жогоруда айткан чындык түшүнүктүү болот. Ошондо гана Исламдын суу менен мурунду жакшылап жууш керек деген буйругундагы сыр ачылат. Анткени бул зыяндуу нерселер аба аркылуу өпкөгө кире албаса, мурундун ичине жабышып, узак мөөнөткө калып калса, мурундун ички чел кабыгынын таштандылары (чимкирик) менен бирге ичкери кире баштайт. Бул себептен улам оозду жууштан мурда бул зыяндуу нерселерден мурунга суу чуркатуу аркылуу кутулуп алыш пайдалуу. Мына ушул себептерден улам ар бир даарат алганда бул нерселер үч жолудан кайталанат.

Ар бир даарат жана гусулда ЖҮЗДҮН жуулушуна токтолсок, мунун дагы көптөгөн пайдалары бар. Биринчиден, кол менен сыйпап жууш терини күчтөндүрөт, баштагы оордукту, чарчоону басаңдатат, токтоп турган канды тартипке келтирет, кан каналдарындагы кандарды кыймылга келтирет. Жүздөгү терди жана тешикчелердеги жыйналган ашыкча нерселерди жоюп, терини дем алдырат. Тер бездерин тиешелүү өлчөмдө иштетет. Дене өзүн сергек сезе баштайт. Азыркы мезгилдин медициналык китептеринде жүздөгү бардык органдарды, айрыкча көздү жуушту сунушташат.

Даарат алып атканда БАШТЫ суу менен масх (сылоо) тартууда абдан чоң даанышман-сыр жатат: Мээ дайыма кээ бир ой-пикирлер менен алпурушуп, чарчайт, алсырап, кан тээп чыгат, бул үчүн бираз суу менен масх кылынганда, мээ кадимкидей эс алып, ишмердүүлүгү артат.

КУЛАКТАРДЫН ичине, тышына, буралган жерине жана МОЮНДУН эки тарабына суу тартылышы дагы теринин үстүндөгү кирлерди кетирип, сасык тумоодон алдын алууда абдан пайдалуу. Мындан тышкары, мээдеги нерв тамырчаларына бул масхтын пайдасы абдан көп.

БУТТАРДЫН жуулушу – оболу тазалык үчүн. Анан манжалардын арасындагы тери тазаланбаса, көптөгөн сезгенүү оорулары пайда болот. Илимий изилдөөлөр аркылуу тетеноз деп аталган фаталдык оорунун микробдорун буттардагы теринин батыраак жуктурганы аныкталган. Бул себептен улам, өзгөчө аскердик турмушта буттардын жуулушу – эң сонун алдын алуу чаралары болуп эсептелет.

Ислам, ар бир намаз үчүн даарат жок болсо, даарат алышты, бар болсо жаңылашты мустахаб катары буюргандай гусулду дагы шартка жараша парз кылган, жума жана майрам күндөрү сүннөт кылган. Ырас, ислам даарат сыяктуу гусулдун кайталанышын буюрбайт, анткени бул кыйынчылык туудурат.

Гигиеналык шарттарга ылайык аткарылган гусулдун пайдалары абдан көп: дененин кирин кетирет, терини жумшартат, жаңыртат, чарчаган нервдерди эс алдырат, дененин, мээнин чарчаганын жоёт, тер чыгарган бездерди иштетет.

Пайгамбарыбыз (САВ) Абу Дарда аттуу сахабага: «Тазалыкка көбүрөөк көңүл бур, өмүрүң узун болот»,- деген. Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (САВ) окутуу-сундагы даанышмандык акыркы учурларда, медицина өнүккөндөн кийин түшүнүктүү болгон, демек, буга ылайык дайыма тазаланып жуунуп туруу – өмүрдү узартаары далилденген.

Аллахтын элчисин (САВ) сүйүүнүн белгилери кайсылар?

Аллахтын элчисин (САВ) сүйүү ыймандан, биз үчүн важиб болуп саналат. Пайгамбарыбыз (САВ) азирети Умардын: “Ээ, Аллахтын элчиси! Мен сени напсимден башка бардык нерседен артык көрүп, сүйөмүн” деген сөзүнө: “Ээ, Умар, мени напсиңден да артык көрүп сүймөйүнчө, ыйман келтирген адам болуп эсептелбейсиң” деген. Муну уккан азирети Умар: “Азыр сени өзүмөн да артык көрүп, жактырамын” деп айткан.

Албетте кур эле жактыруу эч нерсеге татыбайт. Жүрөк менен сүйүп, тил менен айтып, кылган иш-аракеттер аркылуу сүйүүнү билдирүү керек. Сүүйүнүн кээ бир жышандары (белгилери) болот. Пайгамбарыбызды (САВ) сүйүүнүн жышаандарына ээ болууну каалабайбызбы, албетте каалайбыз. Дал ошол белгилердин бир канчасы төмөнкүлөр:

1. Аны тез-тезден эстеп туруу

Баарыбызга белгилүү болгондой адам жактырган адамынын атын кайра-кайра айтып, аны эстөөдөн ырахат алат. Жакшы көргөн адамдардын атын тоого, ташка, дубалга, даракка, бактарга жазуу менен жүрөгүндөгү ашыктык сезимин билдирет. Адам жактырбаган адамдын атын дагы атагысы келбейт.

2. Ага салават айтуу

Бир хадисте Аллахтын элчиси (САВ): “Аллахтын ээн-эркин кыдырып жүрүүчү периштелери бар, алар мага салават айткан адамдардын саламдарын айтып келишет (жеткиришет), мен болсо бир саламга он салам кылып жооп берем” деп айткан. Албетте пайгамбарыбыз (САВ) биздин саламыбызга муктаж эмес, тескерисинче, биз ага муктажбыз, ал саламдар бизди кечирүүнүн башаты болуп саналат. Ошондуктан, салават айткан адам ибадат кылуу чөйрөсүнө кирген болот.

3. Анын сүннөтү менен жүрүү

Аллахтын элчисинин (САВ) жолу менен жүрүү, Аллахты сүйүүнүн жышааны экендиги Куранда берилген. “Айт, ээ, Мухаммед, эгер силер Аллахты сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле. Ошондо Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах – Кечиримдүү, Боорукер” (Али Имран сүрөсү, 31-аят).

Пайгамбарыбыздын (САВ) бардык сүннөттөрүн аткаруу мүмкүн эмес, бирок сөзсүз аткара турган сүннөттөрү да бар. Ансыз деле коомдо да ал кыймыл-аракеттерди аткаруубуз абзел. Бул кыймыл-аракеттерди сүннөткө айландыруунун жолу пайгамбарыбыз Мухаммадды ойлоо менен ишке ашат. Мисалы, “бисмиллах” деп айтуу менен ордунан туруу, “бисмиллах” деп айтуу менен тамактанууга киришүү, кийинип жатканда оң тараптан баштоо жана уктаарда оң тарап менен жатуу баарыбыз эле аткара ала турган амалдарга кирет. “Аллахтын элчиси (САВ) мындай кылат эле” деп, ал кыймыл-аракеттерди көп кылуу аркылуу сүннөткө айландыра алабыз.

4. Көп-көп хадис окуу

Диндин негизи жана Ислам дининин экинчи булагы болгон хадистерди көп окуу, түшүнүү жана иш жүзүнө колдонуу менен гана чыныгы адам болуу мүмкүн. Хадистер адам баласынын аң-сезимин өркүндөтүп, Аллахтын элчисин (САВ) жакшылап таануу мүмкүнчүлүгүн берет. Аллахтын элчисин (САВ) жакшылап таануу менен гана Аны сүйүү мүмкүн болот. Вахийдин (Алланын аяндарынын) көзөмөлүндө айтылган хадистер ар бир учур жана ар бир муктаждыкка жооп берүү менен бирге Куранды туура түшүнүүгө өбөк болууда. Хадисти окуп үйрөнүп башка адамдарга жеткизгендер үчүн пайгамбарыбыздын (САВ): “Менден бир хадисти угуп, эстеп калгандан кийин, ал хадисти укканындай кылып башка адамга жеткизген адамдын бетин Аллах нурландырсын” (Абу Дауд) деген дуба тилеги бар.

5. Анын адеп-ахлагы менен ахлактануу

Тактап айтканда, сабыр, жоомарттык, сөзгө туруучулук, кечиримдүүлүк, ырайымдуулук, боорукердик, жөнөкөйлүк жана адилеттүүлүк менен адамдарга Аллахтын элчиси (САВ) сыяктуу мамиле кылуу менен аны сүйүү.

Улуу Алла Таала бири-бирибизди сүйүүнү насип кылсын, Элчисин (САВ) бизден ыраазы кылсын! Оомийин…

Пайгамбарыбыздын (САВ) дене түзүлүшү

Пайгамбарыбыз (САВ) орто бойлуу, башы чоңураак, денеси өзгөчө нурдуу болуп, өңү кызгылтым ак эле. Мурдунун эки кашынын ортосундагы жери чыгып турчу, мурду кырдач, көздөрү кара, эки кашынын ортосу өтө алыс эмес, сакалы жыш, далылары, эки ийнинин ортосу кең, колдору жана буттары жоон, чачтары кара түстө, бир аз тармалдын ортосунда эле.

Көп учурда пайгамбарыбыздын (САВ) чачтарынын узундугу кулактын жумшагына чейин жетчү, чачын эки бөлүп тарачу, чачына, сакалына дайыма көңүл буруп, карап турчу, чачтарын кээде Айша энебизге (р.а.) жана башка аялдарына таратчу. Жатаардын алдында көзгө пайдасы жана дары боло тургандыгы үчүн сурма сүрүп, эртең менен аны жуучу. Эки далысынын ортосунда пайгамбарлык мөөрү бар экенин сахабалар айтышкан.

Пайгамбарыбыз (САВ) уктаганда жанына мисвак, даарат суусу жана тарак коюп койчу. Ал дайыма тазалыкка, өзгөчө тиш тазалыгына абдан чоң көңүл бурчу, ар бир даарат алган сайын тиштерин мисвак менен тазалап турчу.

Хадистерди өзгөртпөй риваят кылууга эмне үчүн маани берген?

Пайгамбарыбыздын (С.А.В.) сөздөрү башка адамдардыкындай эмес. Анын сөздөрү диний өкүмдөрдү камтыгандыктан, кыяматка чейин келе турган адамдарга жол көрсөтүүчү негиз болуп саналат. Анын айткан сөздөрү бир тараптан Курандын түшүндүрмөсү, бир тараптан өкүм булагы болгондуктан, кандай айтылса ошондой негизде кийинки муунга жеткирилиши абдан маанилүү. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (С.А.В.), айткан сөздөрүнүн туура эмес айтылышын же айтпаган сөздөрүн хадис катары риваят кылууга катуу тыюу салган. Пайгамбарыбыз (С.А.В.): “Ким мен үчүн калп нерсени ойлоп чыгырса, тозоктогу жайын даярдасын!” – деп айткан.

Бул багытта Али (Аллах андан ыраазы болсун!) мындай деген: “Мен, сиздерге Аллахтын элчисинен бир нерсе айтканымда (ушунчалык көңүл буруп айтам), асмандан жерге кулап, бөлүк-бөлүк болуум, мен үчүн Анын атынан калп нерсени ойлоп чыгыруудан артык”.

Пайгамбарыбыздын (С.А.В.) сахабасы, алгачкы мусулмандардан болгон жана бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он адамдин бири болуу менен бактысына ээ болгон Зубайр бин Аввам (Аллах андан ыраазы болсун!) ошончолук аз хадис риваят кылгандыктан, күндөрдүн биринде уулу атасына мындай суроо берген: “Ата, эмнеге сен хадис риваят кылбайсың?”. Ал уулуна минтип жооп берет: “Бир сөз үчүн Аллахтын элчисине келишпестик кылып коёмбу деп жүрөгүм түшөт. Анткени Ал: “Ким мен үчүн калп нерсени ойлоп чыгырса, тозоктогу жайын даярдасын!” – деген деп жооп берген.

Аллах Элчиси эң сонун муун тарбиялаган

Бир адам ыймандуу көрүнүшү мүмкүн, бирок ибадаты жок. Мекенин сүйөм дейт, бирок өзүн паракорлук оорусунан алыстата албайт. Назик, маданияттуу болушу мүмкүн, бирок элинин байлыгын коргой албайт. Адеп-ахлакты напсисинде топтогон, бирок аны акылына жана жүрөгүнө сиңирип, өмүрүнүн айрылгыс бөлүгүнө айландыра алган эмес. Ошондуктан мындай адам бүгүн ээ болгондорун эртең эле жоготуп коюшу мүмкүн. Бүгүн сүйүктүү болсо, эртең эле жек көрүндү адам болуп калат.

Эми башка бир адам элестетип көргүлө, ишенген, ишендирген, ыймандуу дилин ибадат менен түрлөп кооздогон, адеп-ахлак менен жашап, мындай жашоосун мүрзөгө чейин дал ушундай каалоосу менен уланткан адамды… Ушундай адамдын улуулугуна шек саноо мүмкүнбү? Жок, эч качан. Ооба, Пайгамбарыбыз (С.А.В.) дал ушундай адам болгон жана өзүнүн чөйрөсүндө адамдар балким мындан кийин эч качан көрө албай турган эң сонун муун тарбиялаган. Мындай адам чыныгы пайгамбар эмей ким?

Пайгамбарыбызды (САВ) канчалык деңгээлде сүйөсүң?

1. Пайгамбарыбыздын (САВ) аты аталганда салават айтасыңбы?

а) Ооба, ар дайым айтамын.

б) Кээде айтып коём.

в) Жок.

2. Пайгамбарыбыз (САВ) тууралуу сөз болуп жатса угасыңбы?

а) Отура калып угамын.

б) Бираз уккандан кийин зериге баштайм.

в) Укпаймын.

3. Пайгамбарыбыздын (САВ) иш-аракеттеринен үлгү алып жүрөсүңбү?

а) Колумдан келишинче

б) Шартка жараша

в) Жок.

4. Түшүңдө пайгамбарыбызды (САВ) көрсөң кандай сезимде болосуң?

а) Бакытка чөмүлөмүн.

б) Күндө көрө турган түштөрдүн бири да.

в) Түшкө маани бербейм.

5. Пайгамбарыбыз (САВ) менен бирге жашагың келеби?

а) Ар дайым эңсейм.

б) Бирок кыйын болчудай.

в) Жок, бул тууралуу ойлонбойм.

6. Пайгамбарыбыздын (САВ) хадистерин жаттайсыңбы?

а) Милдеттүү түрдө.

б) Убакыт болсо жаттайм.

в) Жаттаганды жаман көрөм

7. Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр-баянын канчалык билесиң?

а) Көбүн билем

б) Бираз эле.

в) Эсимде жок.

8. Пайгамбарыбызды (САВ) сүйөөрүңдү ойлондуңбу?

а) Ооба, ойлойм.

б) Кээде ойлоп коём.

в) Ойлонбойм.

Эгер жоопторуң:

— «а» болсо сен сүйүнө бер, пайгамбарыбызды (САВ) сүйгөн үммөтүнөнсүң.

— «б» жообуңдун көптүгү сенин дагы алга жылуу керектигиңди көрсөтөт.

— «в» жообу көп балакай! Эгер сен пайгамбарыбызды (САВ) сүйүүгө аракеттенбесең, акыретте анын шапаатынан куру калышың мүмкүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE