Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Аллах тааланын 99 аты, жана түшүнүгү

https://kyrgyzcha.site/?p=36424&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

БИСМИЛЛАХИР РОХМАНИР РОХИЙМ

 

 

 

Аллах – арабча соз болуп, кыргызча которсо Тенир деген маанини билдирет. Фарс-тажик тилинде Кудай делет. Аллах созун бардык тилдерде, Tенир созу болсо бир гана турк тилдеринде колдонулат. Кудай созу фарс-тажик, кыргыз, озбек, индия, урду жана туркий тилдерде ишетилет.

Аллах, Кудай, Тенир создоруно, адатта сыпат кошуп, Аллах Таала, Кудай Таала, Тенир Таала турундо иштетилет. Таала – улуу, жогорку деген маанилерди билдирет. Озунун макамына карап башка сыпаттар да кошулат. Мисалы: Аллах субханаху ва Таала, Хак Таала, Аллах таборака ва Таала, Аллах карийм, Ааламдардын жаратуучусу жана башка.

Аллах тааланын Курани каримде жана куттуу хадистерде айтылып жургон аттары 99 болуп, алар томондогулор:

1.Аллах — Тенир, Маьбуду бар хак.

2.Ар-Рохман – ото мээримдуу.

3.Ар-Рохийм – абдан ырайымдуу.

4.Ал-Малик – падыша.

5.Ал-Куддус – кемчиликтерден аруу.

6.Ас-Салам – апаат жана балээлерден саламат.

7.Ал-Муьмин – аман жана амандык беруучу.

8.Ал-Мухаймин – ээлеп, каптап алуучу.

9.Ал-Азиз – ызат жана кудурет ээси.

10. Ал-Жаббар – пенделердин ишин ондоочу.

11. Ал-Матакаббир – Улуулук жарашкан зат.

12. Ал-Халик – жаратуучу.

13. Ал-Бариь – жаратуучу, жоктон бар кылуучу.

14.Ал-Мусаввир – махлуктарга жана жаратылгандарга сурот жана шекил (турпат) беруучу.

15.Ал-Гоффар – пенделердин айып-кемчиликтерин жана куноо иштерин ашкере кылбай жаап-жашырып, кечируучу.

16.Ал Каххар – баардыгын баш ийдируучу, женуучу.

17.Ал-Вахаб – озунун нематтарын бекер беруучу.

18.Ар-Раззак – бардык махлуктарга ырыскыны жеткирип беруучу.

19.Ал-Фаттах – озунун ырайым казыналарын ачуучу.

20.Ал-Алийм – билуучу, даанышман, илим ээси.

21.Ал-Кобиз – пенделердин ырыскыларын кемейтуучу, бекем сыгуучу, жанды сууруп алуучу.

22.Ал-Басит – пенделерге ырыскыны кен беруучу, жан (рух) беруучу.

23.Ал Хафидз – каапырлардын даражасын тушуруучу.

24.Ар-Рофиь – момундардын даражасын которуучу.

25.Ал-Муиз – кээ бироолорду азиз, ызаттуу кылуучу.

26.Ал-Музил – кээ бироолорду кор кылуучу.

27.Ас-Самиь – жашыруун жана ашкере создорду жана шарпаларды ал тургай дилден откондорун да, угуучу.

 

28.Ал-Басир – баардык жашыруун жана ашкере нерселерди коруучу.

29.Ал Хакам – чечкиндуу окум кылуучу.

30.Ал-Адл – ото адилеттуу.

31.Ал-Латийф – пенделерге сездирбей озунун жакшылык-эхсандарын жеткирип туруучу.

32.Ал-Хабир – бардык жашыруун жана ашкере иштерден кабардар.

33.Ал-Халийм – жазоолого жашпай турган, хилм (жумшактык) менен жакшылык кылып туруучу.

34.Ал-Азим – улуу, улук, бийик.

35.Ал-Гафур – куноолорду жашырып, жазаа бербей туруучу.

36.Аш-Шакур – аз гана ишке (ибадатка) коп сыйлык (сооп) беруучу.

37.Ал-Алий – эн улук мартабалуу.

38.Ал-Кабир – кибрия (улуулук) ээси.

39.Ал-Хафиз – сактоочу, коргоочу.

40.Ал-Мукит – материалдык жана руханий азык беруучу.

41.Ал-Хасиб – ар бир ишке озу кифая кылуучу (жетиштуу болуучу).

42.Ал-Жалил – бардык сыппаттары жетик, кемелдуу, улуу зат.

43.Ал-Карим – убадасына туруучу, Улук, салабаттуу.

44.Ар-Ракиб – баардык нерсени козомолдоп туруучу.

45.Ал-Мужиб – дубаларды кабыл алуучу, жооп беруучу.

46.Ал Васиь – мулку, ырайымы жана кудурети кен болгон зат.

47.Ал-Хаким – хикмат, даанышмандык ээси, ото назик илимдерди билуучу.

48.Ал-Вадуд – дос, суйукутуу жана баарына жакшылык каалоочу.

49.Ал-Мажид – нематы жана эхсаны (жакшылыгы) чексиз.

50.Ал-Баис – олгондон кийин кайра тирилтуучу.

51.Аш-Шахид – баардык нерсени коруп-билип туруучу, кубо.

Пример HTML-страницы

52.Ал-Хак – чындыгында бар зат.

53.Ал-Вакил – баардык иштерди оз кепилдигине алып, башкаруучу.

54.Ал-Кавий – чыныгы куч-кудрет ээси.

55.Ал-Матин — кубаттуу, бекем куч-кубаттуу.

56.Ал-Валий – досторуна дос, жардам беруучу.

57.Ал-Хамид – мактоолорго татыктуу.

58.Ал-Мухсий – бардык махлуктардын жана жаратылгандардын эсеп-китебин жакшы билуучу.

59.Ал-Мубдиь – жоктон бар кылуучу, жаратуучу.

60.Ал-Муид – жашоодон олумго, олумдон дагы кайра жашоого кайтаруучу.

61.Ал-Мухйий – тирилтуучу.

62.Ал-Мумит – олтуруучу.

63.Ал-Хай – туболук тируу.

64.Ал-Кайюм – ар дайым туруучу, башкаларды тургузуучу.

65.Ал-Важид – каалаган нерсесин табуучу.

66.Ал-Мажид – данктуу зат.

67.Ал-Вахид – жападан-жалгыз.

68.Ас-Самад – Эч кимге, эч нерсеге муктаж болбогон, баары ага муктаж болгон зат.

69.Ал-Кадыр – кудуреттуу.

70.Ал-Мукутадир – кудуреттуу.

71.Ал-Мутаддим – Озуно жакын кылуучу, алдыга жылдыруучу

72.Ал-Муаххир – Озунон алыстатуучу, кечиктируучу.

73.Ал-Аввал – бардык нерседен мурдагы, башталуусунун чеги жок.

74.Ал-Ахир – бардык нерседен туболук, аягынын чеги жок.

75.Аз-Захир – бар экедиги ар тараптуу белгилуу болгон зат.

76.Ал-Батин – Озу бар, бирок сезимдерден жашыруун.

77.Ал-Валий – бардык иштерди башкаруучу Окумдар.

78.Ал-Мутаали- улуу, улуу мартабалуу.

79.Ал-Барр – жакшылык жана эхсан ээси.

80.Ат-Тавваб – тооболорду кабыл алуучу.

81.Ал-Мунтаким – куноокор пенделеринен оч алуучу, жазалоочу.

82.Ал-Афув – куноолорду кечируучу.

83.Ар-Рауф – ото мээримдуу, ырайымы кен.

84.Маликул-мулк – мулк, салтанат, окум ээси.

85.Зул-жалали вал-икрам – улуулук жана урмат ээси.

86.Ал-Муксит – адилетуу, Адыл

87.Ал-Жамиь – топтоочу, кыямат куну жалпы калайыкты Машхарга чогултуучу.

88.Ал-Гоний – бай, эч кимге муктаж болбогон.

89.Ал-Мугний – бай, камсыз кылуучу, муктаж кылбоочу.

90.Ал-Маниь – досторун коргоочу, татыктуу эместерге оз нематтарын тыюучу.

91.Аз-Зар – каалаган пенделерине апаат, зыян жана кыйгы жеткируучу.

92.Ан-Нафиь – каалаган пенделерине пайда беруучу.

93.Ан-Нур – жарык кылуучу. Оз-озунон бар экендиги маалым жана бар болгон нерсени ашкере кылуучу.

94.Ал-Хадий – туура жолду корсотуучу.

95.Ал-Бадиь – тендешсиз жаратуучу.

96.Ал-Бакий – туболук, ар дайым бар болуучу.

97.Ал-Варис – бардык нерсени мурас кылып алуучу.

98.Ар-Рашид – бардык иши туура болгон, туура жол корсотуучу.

99.Ас-Сабур – куноокорлорду жазалоого шашылбай сабыр кылуучу зат.

 

«Аллах тааланын белгилуу 99 ысмын кимде-ким бирден айтып чыкса, албетте ал бейишке кирет, дейт пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алейхи васалламдин бир куттуу хадисинде.

Хадистердин жыйындысы «Мишкотул-масобих»тин чечмелоосу болгон «Миркотул-мафотих» китебинде баян кылынгандай Аллах Тааланын жогоруда аталган ысымдарынын мазмуну тууралуу улуу аалым жана уламалар ар турдуу пикир билдиришкен. Араб тилинде баян кылынган бул ысымдыр озунун заты жана сыпаттары менен бардык жаратылгандардан жогору даражада озгочолонуп туруучу улуу Тенирдин (Аллах тааланын) ысымдары болгондуктан алар терен маанилерге ээ. Биз бул жерде оз тилибизге оной создор менен жонокой гана которо алдык. Анткени бул улуу ысымдардын ар бири тууралуу бутундой бир макала жазуу да мумкун. Мисалы Абу Хамид Мухаммад Газзалий Аллах Тааланын «Нур» деген ысмына тиешелуу толук бир чыгарма – китепче жазып калтырган.

Аллахтын сыпаттары инсандын сыпаттарынан туп-тамырынан айрымаланып турат. Айталы, Аллахты Коруучу, Угуучу, Билуучу деп сыпаттаганыбызда, анын бул сыпаттары биз элестеткендей чектелген эмес. Биз жакынды коробуз, жакын жердеги добушту угабыз, белгилуу бир олчомдогу билимге ээбиз. Аллах Таалага болсо алыс-жакыны баарибир. Ал биз али айтып улгуро элек дилибиздеги создорду да билет жана угат. Коп маалыматтар биздин эсибизден чыгып, унутулуп турат. Аллах болсо бир да чон же кичине окуяны унутпайт. Ага бир секунда да, миллион жыл да бирдей. Башкача айтканда илими озгоруп же кемип калбайт.

Аллах Тааланын заты жана сыпаты тууралуу терен талашып-тартышууга шаарий тыюу салынат. Анткени анын бардык сыпаттары озуно тийешелуу касиетке ээ болуп, озу жараткан маклуктардын сыпаттына таптакыр окшошпойт. Адам озунун чектелген билими жана акылы менен Аллахтын чегарасыз заты жана сыппаттарын канчалык аракеттенбесин, так маани-манызына жете албайт. Ошондуктан анын бар экендигине чын дилден ыйман келтириши керек жана озунун алсыз акылын анын акыйкаты тууралуу коп ойлоп чарчатуунун кежети жок.

Аллах Таала бирээр нерсеге окшоштурулбайт жана бирээр нерсени да Аллахка окшошрулбайт.

Ушул дуйнодо жана Акыретте болуп жаткан, боло турган бардык иштер, окуялар Аллахтын илими, каалоо-эрки, кудурети жана тагдыры менен болот. Ал бардык чон жана кичине иштерден кабардар.

Аллах Таала бир да адамды ыймандуу болууга же каапыр болууга мажбур кылбайт, тескерисинче ага акыл жана ыктыярдуулук берип койгон, ошондуктан ал адам кааласа ыймандуу болгон абалда иш кылат же болбосо ыймансыз абалды куноо иштерди ишке ашырат. Момун болуп, Аллахтын буйруктарын аткарса, Анын ыраазылыгын тапкан болот, аткарбаса Анын ыраазылыгынан алыстап куноокор пенделердин катарына кошулат.

Аллах Таала жападан жалгыз. Андан башка чыныгы, ибадатка — сыйынууга ылайык илах жок. Анын атасы да, энеси да зайыбы да, бала-чакасы да жок. «Марям анын аялы, Иса –Анын уулу, периштелер – Анын кыздары» деген создордун баары жалаа жана жалган создор.

Аллах Таала бардык жерде даяр, бирок Озу мекени (туруктуу жери) жок, башкача айтканда ааламдын бир жеринде турбайт. Мекен жана турак-жай маклуктарга тиешелуу.

Тенир Таалага убакыт, заман да отпойт. Тескерисинче Озу жараткан маклуктар убакыт жана заманды Озу жаратып, Озу жарыя кылган. Аллахты баланча убакыттан бери бар же баланча убакытка чейин турат делбейт. Ал башталышы да аягы да жок. Бирээр белгилуу убакыттан тартып бар болуу жана белгилуу бир олчомдо жашап, кийин жок болуп кетуу — бул маклуктардын сыпаты. Халиктин (Жаратуучунун) сыпаттары маклуктардын сыпаттарындай эмес. Аны буга, жана муну Ага салыштыруу ката болуп эсептелет.

Инсан Аллахтын заты, келбети тууралуу канчалык ой жугуртуп элестетууго аракеттенбесин, баарибир Анын чыныгы акыйкатына жана маани-манызына эч качан жете албайт. Аллах, мындай бекен, же мындай келбетте бекет канчалык элестетсе да, бардык болжолдор ката чыгат. Бирок Аны бир жана бар деп билуу баарына бирдей парз жана карыз. Адамдар козуно корунбогондугу учун Аны жокко чыгаруу жана бар экендигине шек келтируу акылсыздык жана акмактык. Анткени дуйнодо коп нерселерди корбойбуз, бирок бар экендигине шек да кылбайбыз. Мисалы рух (жан), аба (кислород), электр тогу жана башкалар. Аларды корбосок да, белги жана белгилеринен бар экенине ишенебиз. Аллах Тааланы да бул алсыз жана откунчу (жок болуп кетуучу) коз менен коро албасак да, Анын эсепсиз сыпаттарынан билип, Ага ыйман келтиребиз. Жер-асман, кун-ай, тун жана кун, кыш жана жаз, чон-кичине жаныбарлар жана жаратылгандын бардыгы, илим-даанышмандык жана улуу кудурет ээси – Аллах жараткандыгы тууралуу куболук берип турат. Бир гана аларды андап жетуу учун ибарат козу жана ыйман нуру керек. Бул нематтын кур жалак калгандардын абалы чатак.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE