АЛЛАДАН КОРКУУ- КОРКУНУЧ ЖАНА ҮМҮТ

https://kyrgyzcha.site/?p=69564&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

 

АЛЛАДАН КОРКУУ- КОРКУНУЧ ЖАНА ҮМҮТ

♥Сүйүү жана таазимдин таасиринен улам Алладан коркуу сезиминин жаралышы ыйман өңүтүсүнөн баралга жеткен момун-мусулмандын белгилүү сыпаты. Коркуу дегенде көпчүлүгүбүз ур-токмок, ачуу сөз же азап-тозок деп түшүнөбүз. Азыр кеп кылына турган коркуу мына мындай:

Жараткан Алланын биз пенделерине бапестеген сүйүүсүн, ыраазылыгын жана ийги назарын жоготуп албайын деген түмөн санаа жана коркуу… Алла деген улуу сөз угулары менен ыйманы кемелине жеткен момун-мусулмандардын сергек жүрөгү коркуудан ичиркенип, апкаарып алат. Мына ушул абал чыныгы мусулмандын Аллага бапестеген адебин, такыбаалыгын жана ыкластуулугун айгине чагылдырат.

«Алла эскерилгенде жүрөгү калтаарып, Анын аяттары окулган чакта ыйманды күчөткөндөр жана жалгыз Жаратканга гана тобокел кылгандар-чыныгы момундар (болуп эсептелет) (Анфал, 2).

«… (Эй Пайгамбар!) Сылык-сыпаа, ыктыярлуу жана берилген пенделерге сүйүнчү айт! Алла эскерилген чакта алардын жүрөгү калтарыйт…» (Хаж, 34-35)

•Кимдир бирөө Алланы берилип сүйүп, жакындан тааныгысы келип ынтызарланса, коркуу сезими да ошончолук оожалат. Анткени Сүйүктүү Пайгамбарыбыз мындай деген♥

«Араңардан Алланы эң жакшы тааныган да, Андан эң катуу коркконуңар да менмин» (Бухари, Адаб, 72; Муслим, Фадааил, 127).

-Куран окуу үчүн үндү кандай чыгарып, кандай кыраатта окуса жакшы болот? деген суроого Ардактуу Пайгамбар♥

«-Куран окуп жаткан адамдын үнүнөн Алладан коркконун байкаган болсоң, мына ошонун үнү жана кырааты менен Куран окууга болот»(Даарими, Фадааилул, Кураан, 34) деп жооп узатат.

Алладан чындап корккон пенделер үчүн башка коркунучтар түккө турбаган нерсеге айланат. Жараткандан коркуу — таалайдын шооласы♥

•Кимде-ким Кудай Тааладан корксо, ал Жаратканына ыраазы♥ Өзүнө ыраазы болуп, Өзүнөн чындап корккондорго Ал сөзсүз ыраазы болот. Мына ушул сереге жеткен пенделерине Ал эки Бейишти убада кылган.

Азирети Пайгамбарыбыз мындай деген♥

«(Саалган) сүт желинге кайтмайын Алладан коркуп жаш агызган киши тозокко кирбейт. Алла жолунда тазаланган чаң менен тозоктун туманы эч качан аралашпайт» (Тирмизи, Зухд, 8/2311).

Алланын ыраазылыгы жана сүйүүсүнөн куржалак калып, азабына дуушар болбойун деген коркунуч менен; Анын чексиз ырайым-мээримине татыктуу болсом деген илгери үмүт момун мусулмандын жүрөгүндө ар дайым эриш-аркак жашашы керек. Башкача айтканда, момун пенденин жүрөгү коркуу жана үмүт мейкиндиктеринин ортолугунда калтаарып сергек турушу керек. Коркуу жана үмүт сезимдеринин ортолугундагы бул теңсалмактуулук «байнал хавфи ва рражаа» деген айтым менен нускаланып жүрөт.

Момун пенде ар дайым Жаратканга жалбарып дуба кылып, өзүнүн эч бир нерсеге ээ эмес, алсыз макулук экенин акыл-эсте жандуу тутуп, ажал келип айдаганча жүрөктүн мына ушу кыябын сактаганга күч каржашы абзел.

«Коркуп жана (ырайымынан) үмүт этип Аллага жалбаргыла. Кайрым ээлерине Алланын ырайымы абдан жакын» (Аараф, 56).

«… Анын ырайымын тилеп, азабынан коркушат. Акыйкатта Кудайдын жазасынан коркуу зарыл» (Исра, 57).

«Эгер момун пенде Кудай Тааланын азабынын катуулушун, ачуулугун анык билбегенде Бейишти арзуу кылбас эле. Каапыр адам Жараткандын ырайымынын анык аңдай алганда Бейиштен эч убакта үмүтүн үзбөс эле» (Муслим, Тавба, 23).

«Бейиш менен тозок баарыңарга чокоюңардын боосунан да жакын»(Бухари, Рикак, 29).

Мындайча айтканда, түбөлүктүү таалайдын жана саламаттыктын жолу коркуу жана үмүт сезимдерин жүрөктө жандуу сактоодон башталат. Сүйгөн жан качан болбосун сүйгөнүмдү капалантып, анын мага болгон сүйүүсүн өчүрүп албайын деген санаа менен жашайт. А момун-мусулман болсо, Алланын сүйүүсүн жоготуп алуудан коркушу керек, ошол эле маалда Анын ырайымынан үмүтүн үзбөшү зарыл.

•Изгиликтин ибараттуу элестери

Азирети Анас (Алла ага ыраазы болсун) минтип баян этет:

«Жүрөктү абалдан абалга өзгөрткөн Улуу Алла Таалам! Жүрөгүмдү диниңе бек кыла көр!» деген дубаны Алла Элчисинин оозунан көп укчубуз.

Бир жолу мен Пайгамбарыма (саллаллаху алейхи васаллам) суроо узаттым: «Оо, Алла Элчиси! Биз сенин пайгамбар экениңе, сен апкелгендин баарына ишеним арттык. Ошого карабай биз тууралуу кооптонуп жүрөсүңбү?»

•Пайгамбарым мага минтип жооп берди:

«-Ооба! Жүрөктөр Жараткандын эки бармагынын ортосунда. Ал каалагандай калчоого эрктүү» (Тирмизи, Кадар, 7/2140).

•Азирети Айшанын айтуусуна караганда:

«Алар бериле турганын беришет. Эгесине кайтып баруудан жүрөктөрү калтаарыйт. Алар жакшылыкка умтулуу жарышында башкалардан озуп кетүүнү каалашат» деп Муминуун сүрөсүнүн 60-61-аяттары түшкөн соң Алла Элчисине кайрылдым:

-Береги аят зинакорлор, уурулук кылгандар жана ичимдик сыяктуу арам иштерди жасагандар тууралуу кеп салып жаткан жокпу?

•Ал мындай деди:

«-Сыддыктын кызы, жок андай эмес. Бул жерде намаз окуп, орозо кармап, кайыр-садага берип, ошол эле маалда аталган ибадаттарынын кабылданып кабылданбасы тууралуу сарсанаа болгондор тууралуу айтылган» (Тирмизи, Тафсир, 23/3175; Ибн-и Маажа, Зухд, 20).

Мусулман адам амалдарына жана жасаган жакшылыктарына ишенип, эч убакта маашырланбашы керек. Жараткан Кудайдын ырайымына, мээримине башкалкалоодон башка чара жок.

Сухайл бин Амр Курайш уруусунун актаңдай чечени эле. Ал мезгилде көркөм сөз кудурети калайык калкка абдан таасирлүү болгондуктан Сухайл Ислам динин каралап, жамандап далай сөз агыткан. Жаагын жанган бул инсан Бард согушунда колго түшөт. Аны көрүп кыжыры кайнаган Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун) Пайгамбардан өтүнөт:

-Пайгамбарым! Мага уруксат бер, Сухайлдын тиштерин күбүп салайын! Тили салаңдап калгандан кийин эч бир жерде сени жамандап, динди каралай албай калат!

•Ал мээримдүү Пайгамбар душманын жазага кыйбай:

-Умар аны жайына кой!

Мен анын дене-мүчөсүнө кылчалык зыян келтире албайм. Эгер сен айткандай кылсак, Пайгамбар экендигиме карабай Алла Таала мени дал ошондой жазага тартат. Эч ашыкпа, убагы келет, ошондо ал сени мактап, көңүлүң сүйүнө тургандай жакшы сөз айтат деди (Ибн-и Хишам, II, 293).

Ардактуу Пайгамбарыбыз береги нуска сөзү менен нары ийкем, нары сыпаа туруму менен Жараткандын азабына кириптер кыла турган жорук-жосундан окчун турууну таалим этиптир.

•Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын көзү өткөн соң коомчулуктун ичине жик түшүп, эски ширкчил ишенимге кайткандар пайда боло баштайт. Мына ушундай курч кырдаалда Сухайл бин Амр (Алла ага ыраазы болсун) эл алдына чыгып мына буларды айткан экен:

«-…Аллага ант болсун! Күн менен ай батып, чыгып турганда бул дин жашай берерин мен жакшы билем!..»

Сухайлдын нуска сөзүн уккан эл кулак кескендей тымтырстыкка, ой деңизине сүңгүйт. (Ибн-и Хишам, IV, 346; Вакиди, I, 107; Балазури, I, 303-304; Ибн-и Абдулбар, II, 669-671; Хаким, III, 318/5228).

•Азирети Айша эненин (Алла ага ыраазы болсун) айтуусуна караганда катуу шамал башталганда же көк бетинде кара булут пайда болгон учурларда Азирети Мухаммаддын өңү өзгөрүп, кээде мелтиреп булуттан көз албай көпкө тигилип, кээде түйшөлүп улам үйгө кирип чыга берчү экен. Жамгыр жаап баштаса, анын жүзүн сүйүнүч чайып, дили кубанып калчу экен. Мындай таң калыштуу мүнөз тууралуу суроо салгандарга:

«Ад коомуна келген азап үммөтүмө келбесе экен» деген санааркоо экенин айтыптыр (Муслим, Истиска, 14-16).

•Жарыктык Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васалллам)үммөтүнө бапестеген мээрими, ата-эненин өз канынан жаралган балдарына бапестеген мээриминен да эселеп ташып турган экен. Бул кабарды Алла Таала Өзү маалымдаган:

«Ант болсун! Өз араңардан силерге ушундай бир мээримдүү Пайгамбар келди. Силердин машакат тартышыңар ага өтө оор келет. Ал өтө камкор, момундар үчүн боорукер жана ырайымдуу» (Тооба, 128).

•Алла Элчиси көргөн капасалаң коркунучту, тарткан машакатты, ачарчылыкты ушу күнгө дейре эч бир киши баласы көрө электигин Пайгамбарыбыз өзү маалымдаган. Булар пенделерди Алла жолуна салуу үчүн тарттырылган. Жанчыдагыс кыйынчылыктардын үстөк-босток жааганына карабай, Алла Элчиси арыз-муңун эч бир жанга айткан эмес. Бир адамдын дин Исламдан шарапат табышы ал үчүн опол тоодой казынадан артык эле. Маселен, Таиф калкы Азирети Мухаммадды ташбараңга алып денесин жарадар кылып канга чылайт. Бирок ошол сапарда бир кулдун динди кабылдашы Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын көңүлүндөгү барча кайгы-касыретти, таарынычты жууп кетет.

Азирети Абу Бакир олтуруп кыяматты, сурак таразасын, Бейишти, тозокту, периштелердин катар-катар сапка тизилишин, көк асмандын, күндүн түрүлүшүн, тоолор учуп, жылдыздардын чачылышын көз алдына келтирип, терең ойго батат. Алладан ушунчалык катуу корккондуктан:

-Ушу жашарган чөп сыяктуу мен да чөп болсом, анан бир жаныбар келип мени жесе, мен жок болуп кетсем дейт. Ушу жараян себептүү береги аят түшүрүлгөн:

«Жараткандын алдына барып сурак берүүдөн корккон жанга эки Бейиш бар» (Рахман, 46).

•Сахабалар Кудай Тааланын:

«Эй, ыйман келтиргендер! Жарашыктуу деңгээлде Алладан астейдил корккула, мусулманча көз жумгула» (Аалу Имран, 102) деген буйругун эстен чыгарбай, ушундай сезим менен өмүр кечиришкен.

•Күнгө жума. Азирети Абу Бакир «Эртең толук жыйналгыла, зекетке түшкөн төөлөрдү бөлүштүрөбүз. Бирок бейуруксат жанкиши жаныбызга кирбесин!» деп жар салды.

•Бул кабарды уккан аялы тийип калар деген ниетте чылбырды карматып күйөсүн жөнөттү. Уруксатсыз кирбесин деген маалыматты укпай калган адам түз эле төөлөр камалган коргонго кирип барды. Ал жерде Азирети Абу Бакир менен Азирети Умар турган эле. Бу кирген кандай кеп жебес неме деген тейде ачууга алдырган халифа уруксатсыз кирип келген адамды колундагы чылбырды жулуп алып эскертүү иретинде жонго акырын уруп койду. Урарын уруп алып, сылык мүнөз халифа абдан өкүндү. Зекетти бөлүштүрүп болгон соң эскертүү алган адамды жанына чакырып, чылбырын колуна карматты:

-Ме, сен да мени уруп ал. Келтекке келтек болсун! Окуянын башка өңүткө өнүгүп кеткенине таң калган Азирети Умар:

-Аллага ант этем, мындай нерсеге жол бере албайм! Халифам, сен бул ишти өзүңдөн кийинкилер үчүн салт катары таштаба! деп чылбырды талашканга аракеттенди. Ага болбой Абу Бакир чебелектейт:

-Катыгүн ай, сен айткандай кыла турган болсок, кыямат күнү Алланын азабынан мени ким куткара алат, ушуну айтчы?

•Кеменгер Умар:

-Андай болсо, көңүлүн ал деди. Умардын сөзүн жөндүү көргөн халифа ыза көргөн адамга бир төөгө кошуп жүндөн токулган таар жана беш динар (күмүш акча бирдиги) бердиртти. Уучу толуп, төө жетелеп жөнөгөн мусулман халифаны кечирди (Али ал-Муттаки, V, 595-596/14058).

•Ансар мусулмандарынын арасында ыкластуу десе ыкластуу, ыймандуу десе ыймандуу жаш жигит бар эле. Күндөрдүн биринде мына ошол жигиттин жүрөгүн тозок коркунучу каптайт. Тозок тууралуу кеп салынды дегиче көз жашын көл кылып койо берет. Абал улууларга кабарланат. Кусалуу жигит кабар алуу үчүн келген Алла Элчисинин мойнуна шап асылып, санаасын тапшырган немедей кыйлага үнсүз турган соң аманат жанды Улуу Кудайга тапшырат да, жерге кулайт. Окуяга Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындайча баа берди:

«-Боордошуңарды аруулап жууп, кепинге орогула. Тозок коркунучу жигиттин боорун эзип жибериптир. Напсимди кудуреттүү эрки менен кармап Турганга ант этип туруп айтамын, Алла аны жалындан сактады. Кимде-ким бир нерсени кааласа, ага жетүүнүн жолун издейт, кимде-ким бир нерседен корксо, андан качат» (Хаким, II, 536/3828; Али ал-Муттакий, III, 708/8526).

•Касым буларды баян эткен:

«Эртең менен чыгып Азирети Айша эжемдин үйүнө барып амандашкан соң башка иштер менен алектенчүмүн. Күндөрдүн биринде адаттагыдай эле үйүнө барсам, нафил намаз окуп жатыптыр. Ал:

«(Жараткандан корккон пенделер мындай дешет:

Алкыш болсун) Алла ырайым этип бизди куйкалаган оттон сактады» (Тур, 27) деген аятты окуп жатыптыр. Кыямга барганда дуба кылып ыйлап-ыйлап жанагы аятты көпкө кайталады. Күтө берип зериктим. Зарыл иштеримди бүтүрүү үчүн базарга кеттим. Арадан бир кыйла убакыт өткөнүнө карабай кайра келсем эжем ыйлап намаз окуп жатыптыр» (Ибну-л Жавзий, Сыфатус-Сафва, II, 31).

•Азирети Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун) бир күнү Ханзалага (Алла ага ыраазы болсун) кезигип калат. Ханзаланын бир нерседен тынчсызданып турганын байкаган кыраакы сахаба абалын сурайт. Кыжаалаттанган Ханзала мындай деди:

-Эй Сыддык, Ханзала мунафык (эки жүздүү) болду! Өзүңүзгө маалым болгондой, Азирети Пайгамбарыбыздын дилмаегине катышып жүрөбүз. Ал киши таасирлүү кеби менен Бейиш-тозокту эске салат, жадагалса аларды өз көзүбүз менен көрүп тургандай абалга келебиз. Алла Элчисинин алдынан чыгып бала-чака, дүнүйө иштерине аралаштык дегиче эми эле уккандын баары эстен чыгып, анын дилмаегинен алган рухий берекени жоготуп алып жатабыз.

Чын эле дегендей баш ийкеген карт сахаба:

-Аллага ант болсун, андай абал бизде да болуп жүрөт -деп, түпсүз ойго чөмүлөт.

•Бул мүшкүлгө жооп табуу үчүн ээрчинишкен эки сахаба Алла Элчисине келип абалды билдиришет. Азирети Мухаммад түмөн ойго түйшөлгөн мусулмандарга берегидей акыйкат жооп узатат:

«-Жанымды Кудуреттүү ыктыярында кармап турган Аллага ант этип туруп айтамын, дилмаектен тапкан рухий көрөңгөнү сактап, такай зикир менен жүрөр болгонуңарда мейли төшөктө болсун, мейли жолдо болсун периштелер силер менен саламдашмак.

-Ханзала, кээде андай, кээде мындай болот (сен ага көп кыжаалат боло бербе)! » (Муслим, Тооба, 12).

•Окуядан маалым болгондой, кадырман сахабалар напсилерин такай тескеп өтүшкөн. Турмуштун эчендеген албан машакаттына карабай, рухий бийик жашоого залака тийгизип албоо деген изгилик алардагы негизги санаа болгон.

•Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун) буларды айткан:

«Көктөн келген үн: «Эй пенделер! Бир гана адам тозоко барат» дей турган болсо, балким, ошол адам мен болуп жүрбөйүн деп корком. «Эй пенделер! Бейишке бир гана адам кирет» дей турган болсо, балким, ошол адам мен эмесминби деп үмүт кылам».

•Момун мусулмандардын мына ушундай рухий изги абалда, коркунуч менен үмүт сезимдерин сергек кармашы Куранда маалымдалган:

«Алардын капталдары төшөктөн ажырап турат да, өздөрүнүн Эгесине коркуу, үмүт менен жалынышат жана Биз аларга берген ырыскылардан сарпташат» (Сажда:16).

Жараткан Кудай Тааланын алдындагы сурактын кыйындыгын таамай аңдаган Азирети Умар жерден куураган бир тал чөптү алып:

«Эх аттиң! Ушинтип куураган бир тал чөп болуп жаралып калсам эмне, дүнүйөгө келбесем эмне, энем мени төрөбөсө эмне болмок, туулбай туна чөксөм эмне болмок» деп мүңкүрөгөн экен (Ибни- Саад, III, 360-361).

-Момундардын эмири! Эмне үчүн намаздын убагы киргенден иреңиңиз кубарып, титирей баштайсыз? деген суроого Азирети Алинин жообу мындай болду:

-Жер менен асман көтөрө албаган, алып жүрүүгө тоолордун алы жетпеген улуу аманатты орундатуунун убагы келди. Аны кынтыксыз аткара алдымбы же жокпу билбейм.

•Азирети Мухаммад Пайгамбардын небереси Хасан мечитке кирерден алдын мындай дуба кылчу экен:

«Оо, Раббим! Кулуң келди каалгаңа. Оо, Берешен Кудай Таалам! Сага күнөөкөр кулуң келип олтурат. Сен момун пенделериңе жаман адамдардын жексур жоруктарын кечирүүнү буйрудуң. Анткени сен Айкөлсүң, Ырайымдуусуң. Оо, Кудайым! Өзүңдүн айкөлдүгүң, мээримдүүлүгүң менен мени күнөөлөрүмдү кечир, мага ыраймыңды төк!»

•Абу Бакир Варрактын тестиер уулу бар эле. Тестиер Куран үйрөнүү үчүн күн сайын мектепке барып сабак алчу. Күндөрдүн биринде катуу корккон белем, көзү алаңдап, бозоруп-татарып мектебинен эрте кайтат. Уулун көрүп атанын жүрөгү опкоолжуй түшөт.

-Уулум, сага эмне болду? Түрүң башкача, мектептен да эрте кайтыпсың?

Күзгү жалбырактай саргарган тестиер кичинекей жүрөгүндөгү Алладан коркуу сезимин атасына аңдатты:

-Атаке! Мугалимибиз бүгүн Курандан бир аятты үйрөттү. Анын маанисин түшүнүп, коркконумдан тилим катып калды! Кулак салып туруңуз, мен сизге ал аятты окуп берейин:

«Танган (каапыр) болсоңор, балдарды ак чач карыга айланта турган күндөн өзүңөрдү кантип коргойсуңар?» (Муззаммил, 17).

Ошентип, тестиердин абалы начарлап төшөкө жыгылат. Көп өтпөй көз жумат. Окуядан таасирленген ата уулунун мазарына тез-тез каттайт. Барган сайын өзүн-өзү:

«-Эй Абу Бакир! Сенин уулуң Курандан бир аят үйрөнүп, Алладан корккондугу үчүн жантаслим болду. А сен болсо канча жылдан бери Куран окуп келесиң, бирок Жараткандын жазасынан ошо балачалык коркподуң!» деп жектейт.

•Маалым болгондой, бул окуя тестиер куракта болгонуна карабай, Жараткандан астейдил корккон жаш баланын салмактуу ыйманын таасын чагылдырып турат. Бул окуя ошол эле маалда Алланын сөзүн жүрөктөн кандай кабылдоо жана кандай берилүү менен окуу керектигине, Теңирий айбаттын элеси алдында кандай абалга сүңгүү зарыл экенине кыйыр мааниде ишаарат кылат.

«Ал (Аллага) моюн сунуп, түн ичинде сажда кылган жана тик туруп (намаз окуп), акыреттен коркуп, Эгесинин ырайымынан үмүт кылган адам сыяктуу боло алмак беле? (Эй, Мухаммад!) Аларга:

«Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?» деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат» (Зумар, 9).

Демек Жараткандын даргөйүндөгү чыныгы илим-пендени коркуу сезимине жетелеген илим. Мындай илимге жетүү үчүн аятта маалымдалгандай төмөнкү жагдайларга маани берүү абзел:

1. Түндөрү намаз окуп, чын жүрөктөн Жараткан менен бир болууну камсыздоо.

2.Өмүрдүн акыр аягына чейин кай жерде, кандай абалда болбосун, жүрүм-турумга изги түс берип, акырет сурагынын оорлугуна түйшөлүп, түбөлүктүүлүктү унутпоо.

3.Кудай Тааланын ырайымынан үмүт үзбөй, ар убак дуба, мунажат кыла жүрүү. Анткени арууланган, руху бийик пенделер такай дуба менен өмүр кечиришет.

•Таң атып калса керек деген ойдо сыртка чыктым деп бул окуяны Мансур бир Аммар баяндаган. Бирок таң аткыча дагы бир сааттай бар сыягы. Эмнегедир баскым келди. Бир үйдүн жанынан өтүп баратып ичкери жактан жашыган инсандын берегидей тилек кылып жатканын кулагым чалды:

«Атыңдан айланайын Кудай Таалам!

Мен өтө көп күнөө жасаган адаммын. Көрсө, азаптын баарын өзүмө үйүп алыптырмын. Сенин сөзүңдү сынап көрөйүн деген максатым деле жок эле. Мен тек гана напсиме жеңилдим. Карасам далай ишти жасап эле жатам, а Сен эч бир тоскоол кылбадың. Ошентип, Сенин-Жашыруучу сыпатыңа алданып калдым. Бардыгын наадандыгымдан, түркөйлүгүмдөн жасадым. Жаңылганымды эми аңдап олтурам. Мени азаптасаң, абалым кандай болор экен?! Мага чала, чала болот бул дагы! Оо, Кудай Таалам!

Сырат көпүрөсүнөн өтүү буйругун берген күнүң айрымдар тозокко түшсө, айрымдары ары өтүп Бейишке кирет. Сага мунажат кылып турган мына бул карып кулуң кайсынысына кирер экен?!»

•Ошол маалда нары жактан кимдир бирөө тозоктон кеп салган аят окуду. Көз жаш төгүп, жалынып жаткан адам «Аах!» деп бир кыңкыстап алган соң мунажаты да, ыйы да тык токтоду.

«Эмне болду буга, кулак кескендей тымтырс болуп калды» деп өзүмчө күбүрөнүп, үйдүн кайсы жерде жайгашканын жакшылап боолгоп алган соң үйгө кайттым. Эртең менен келсем, болжолдонгон үйдө өлүм бар экен. Эмне болгонун сураштырдым. Көз жумган жигиттин энеси мага буларды айтып берди:

-Көз жумган адам менин уулум эле. Өзү Азирети Пайгамбарыбыздын уруусунан. Түн кирди дегиче жайнамазга олтуруп, таң аткыча ыйлачу. Күндүзү тапканын кедей-кембагалдарга таратып берчү. Тозок тууралуу аятты угуп, туруштук бере албай Жаратканга карай жөнөй берди.

-Айым! Сенин уулуң Бейиште. Анткени Алладан коркуп ыйлаган пенде тозокко түшпөйт. Мына ушундай улук абалда жан берип жаткан болсо, анан кантип тозокко түшсүн? Андан көрөкчө Аллага алкыш айт — дедим ага.

•Айтылган сын-пикирлер Явуз Султан Салим ханга өтө оор келгендиктен буркан-шаркан түшүп, ачууланып алчу экен. Бирок анын ачуусу Алланын буйруктарынын алдында ээрип жок болгону аңыз кеп катары айтылып келет. Алладан коркуу сезиминин күчтүүлүгү анын эң башкы өзгөчөлүгү болгон. Бир маселе боюнча Салим хан өтө оор өкүм чыгарат. Өкүмдү уккан мамлекеттин башкы динаятчысы Занбили Али мырза падышага эскертүү берет. Падыша пенделик өжөрлүгүнө салып:

-Мамлекеттик иштерге аралашуу сиздин милдетиңиз эмес! деп кагып койот.

Журтатасынын мүнөзүн беш колундай билген динаятчы кыраакы сөзгө өтөт:

-Падышам! Бул иштер акыретке тиешелүү иштер болгондуктан кийлигишүүгө акым бар. Эгер аткарылуу алдында турган жаңылыш өкүмүңүздү жокко чыгарбайм десеңиз, капшаптуу махшардагы жан чыдагыс азапка даярдык көрүңүз!…

•Улук динаятчы бул сөздү айткан соң падыша менен коштошпостон чыгып кетет. Ушу кезге чейин эч бир адамдан мындай осол мамилени көрбөгөн падыша, канчалык буурадай чамынбасын, акыйкаттын актыгын аттап кете албайт. Эскертүүнү туура кабылдап, өкүмдү өзгөртөт да, улук динаятчыдан кат аркылуу кечирим сурайт.

•Жер жүзүнүн үчтөн бир бөлүгүн башкарып турса да, жүрөктөгү Алладан коркуу сезими Салим ханды өз каалоосуна жетеленүүдөн баш тарттырган. А улук динаятчы болсо Жараткан алдында жооп берүүнүн оорлугун таамай аңдаган кеменгер болгондуктан, падышанын кайтпас өжөрлүгүн билип туруп коркпой-үркпөй эскертүү берген.

•Жыйынтыктап айтканда «Алланы сүйүү барча жакшылыктын башаты, ал эми Алладан коркуу-даанышмандыктын башаты».

•Алланы сүйгөн жана тааныган пенде Анын сүйүүсүнөн куржалак калып, жазасына кириптер болуп калбайын деген коркуу менен кылдат жашап, салих амал менен өмүр кечириши кажет.

•Кулпенде Жараткандан чындап корко турган болсо, жашоо багыты Исламдын маңызына өтө баштайт, эки дүйнө жакшылыктын гана кучагына бөлөнөт.

•Анткени Ааламдардын Ардагы (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:

«Инсанды куткаруучу үч нерсе бар:

Көрүнөөдө да, көмүскөдө да Алладан коркуу, адилеттүүлүктү камсыз кылуу, барчылыкта болсун, жокчулукта болсун үнөмдүү болуу. Төмөндөгү үч нерсе бүлүндүрөт: тизгинсиз ышкы, зыкымдык жана өзүн-өзү жактыруучулук» (Мунави, III, 404/3471).

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️