✨ Имам Абу Ханифага бир аял келип, «Эки жыл мурун куйоом экообузду никеге тургуздунуз эле, эми бизди ажыраштырыныз.
Мен мындан ары куйоом менен жашаганды каалабайм»- деди.
Абу Ханифа:
• Эмне себептен ажырашууну каалап атасын?
Аял:
• Башкалардын куйоолору уйлоруно кунуго убагында келет.
А менин куйоом болсо, ар дайым кечигип келет.
Ошондон улам уйубуздо кунуго жанжал болот.
Абу Ханифа:
• Болгону ошол себеппи? — деп тан калуу менен сурады.
Аял:
• Ооба, ошол себеп. Мен мындай кемчилиги бар адам менен жашабайм.
Имам:
• Мейли, ажыраштырса, ажыраштырайын. Бирок, бир шарт менен…
Уйуно барып, чон таттуу нан бышырып мага алып кел.
Нанга кошула турган туз, суу жана унду уйундон албай, кошуналарындан сурап, ошондон кошуп жаса.
Аларды эмне кылуу учун сураганынды жана куйоон менен ажыраша турганынды кошуналарына созсуз айткын.
• Тиги аял уйуно барып, нан бышырууга киришти.
Коншусунан ар нерсе сурай баштады.
• Оо, Марьям, мага суу берип турчу?
Коншу:
• А эмне сууңар түгөнүп калдыбы? Кудуктан суу чыкпай калдыбы?
Аял:
• Жок, суу чыгып жатат. Мен куйоом экообузду ажыраштыруу учун имамга бардым эле, ал ушундай кыл деди.
Созун аягына чейин айтып буто электе кошунасы ушкурунуп:
• Эх! Менин куйоомдун кандай экендигин билбейсин да! — деп арызданды.
Ал кошунасынан суу алып, Асия кошунасынын уйуно туз сураганы барды.
• Асия, мага бир эле кашык туз берип турчу?
Коншу:
• Уйундо тузун тугонуп калдыбы? А, эмнеге бир эле кашык?
Аял:
• Туз бар, бирок мен имамга куйоом менен ажыраштыр деп бардым эле …
Асия кошунасынын созун угуп буто электе кыйкырып жиберди.
• Эх, менин куйоомдун кандай экендигин билсенчи!
• Кайсы кошунасына барбасын, баарынын куйоосуно болгон нааразычылыктарын айтып, арыздангандарын укту.
• Наны даяр болуп, имам Абу Ханифага алып барды да, мындай деди:
• Сизге ыракмат! Менин жасап келген нанымды балдарынызга алып барып бериниз.
Бирок мени куйоом менен ажыраштыруу жонундо ойлобонуз!
Имам:
• Эмнеге? Сага эмне болду, кызым?
Аял:
• Корсо, менин куйоом баардыгынан жакшы куйоо экен! — дейт.