АККӨҢҮЛДҮК, ЖАРООКЕРЛИК ЖАНА БООРУКЕРЛИК

https://kyrgyzcha.site/?p=102176&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

АККӨҢҮЛДҮК, ЖАРООКЕРЛИК ЖАНА БООРУКЕРЛИК🌹♥

Аккөңүлдүк Аллага жаккан сапат♥

Бул сапат каардуулуктун, кыжырлануунун жана ачуулануунун терси. Бул сапаттар адамдарды капа кылат, коркутуп-үркүтүүгө, жеккөрүмчүлүккө жана ынтымактын ыдырашына жол ачат.

🌹Аккөңүлдүк пайгамбарлардан калган мурас ахлак♥

Мындай өзгөчөлүгү жоктор пайгамбарлык озуйпаны аркалай алмак эмес. Бул ахлакты китептерден окуган айрым жөөт аалымдары Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын аккөңүлдүк сапатын тажрыйба кылып көрүшөт. Натыйжада анын чалкыган аккөңүлдүүлүгүнө багынып ыйман келтиришет.

«(Элчим!) сен Алланын ырайымы менен аларга жумшак мамиле кылдың. Сен эгерде орой же ташбоор болгонуңда, алар айланаңдан тозуп кетишмек. Аларды кечир жана алар үчүн кечирим сура. Бирок иш тууралуу алар менен кеңеш. Эгер чечим кабыл алган болсоң, Аллага тобокел кыл! Алла Өзүнө тобокел кылгандарды сүйөт» (Аалу Имран, 159).

🌙🌹Ислам дини аша чапкандыкка же өтө эле жетерсиздикке жол бербей тең салмактуу бир усул-эреже тутунууну, асыресе, таалим-тарбия жана үгүт-насаат өңдүү кызматтарда негизги жобо катары кабылдаган. Бул жобо албетте «аккөңүлдүк» менен жүзөгө ашат.

«ал-Халим — жумшак, боорукер» сыпаты Алла Таалада да бар экенин жадыбыздан чыкпашы керек. Адам баласынын эң сылыгы саналган Алла Элчисинин жаамы жыйындары куунак көңүл, илим, адеп, сабыр, тобокел жана аманат өңдүү изгиликтер менен коштолор эле.

Турмуштун бардык ой-кырында, жайчылык-каатчылыгында сылыктыктан, боорукерликтен тайбоону Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) арзуу кылчу экен♥

Ошондой эле бул изги ахлакты соода ишинде колдонуунун үзүрү тууралуу мындайча буйруган🌹

«Алым-сатымда жана карызды суроодо жеңилдик көрсөткөн пендени Алла ырайым кылсын» (Бухари, Буюу, 16; Ибн-и Мажа, Тижарат, 28).

Карызга акча берген бир адам бар эле. Кызматкерине мындай дечү:

«-Кысталышка кириптер болгон кембагалга барганыңда аны кечирип жибер. Алла ушуну менен биздин күнөөлөрүбүздү кечириши мүмкүн. Акырында ал киши Аллага кетти, Ал аны кечирди» (Бухари, Анбия, 54; Муслим, Мусакат, 31; Бухари, Буюу, 18).

«Алла Таала кысталышта калгандарга жана бересеси барга убада берген (же болбосо аласасынан баш тарткан) адамды эч бир көлөкө табылбаган кыямат күнүндө Өз көлөкөсүнө алат (коргойт)» (Муслим, Зухд, 74).

Карыз берүүчүлөрдүн бул изгилигине жараша бересеси барлар да мындай ак көңүлдүккө кыянат кылбашы абзел. Карыз иши зор мааниге ээ болгондугун жаназасын окуу үчүн алынып келинген маркумдун жакындарынан «Карызы бар беле?» деп сураганынан даана байкоого болот. Эгер карызы болсо, төлөнгөн соң жаназасы окулчу, карызы төлөнбөгөн абалда жаназа намазы окулган эмес экен.

🌹♥•Жаратылыш Нуру (саллаллоху алейхи васаллам) жаңыдан мусулман болуп, динди толук үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү жетишсиз пенделерге ар дайым чындилден мамиле кылган. Демек, бул өңүттөн алып караганда ак көңүлдүк пайгамбар ахлагына сугарылган олуялардын жана чыныгы момун мусулмандардын эң алгы сыпаттарынан.

🌹♥•Алланын ардактуу Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Абдулкайс урпагынан Ашшажды мындайча сыпаттаган:

«Сенде Алла сүйгөн эки өзгөчөлүк бар; ак көңүлдүк жана сактык»(Муслим, Иман, 25, 26).

«Уулум! Үч нерсе береги үч нерсе менен билинет; ак көңүлдүгүң ачууланганда, баатырдыгың согуш майданында, биртуугандыгың муктаждык кыстаган маалда» деген экен Улукман Аким.

Бардык сапаттарда жана касиеттерде болгон сыңары аккөңүлдүктүн да чеги бар. Аккөңүл же сылык болуу үчүн заалымдыкка баш ийүү же болбосо Жараткандын мыйзамдарынын бузулушуна унчукпоо эгерим туура эмес.

♥•Изгилик элестери

Чөл тургундарынан бир адам келип Азирети Мухаммаддан (саллаллаху алейхи васаллам) аласасын доолайт. Доолаганда да:

-Аласамды алганга чейин сени койо бербейм! деп орой мамиле кылат. Буга күбө болгон сахабалар бедуинди жек көрүп жемелегенге өтүшөт. Бедуин ага да болбой көшөрөт:

-Мен өз акымды талап кылып жатам!» Өз нугунда бараткан иш чатакка айланып кетишин каалабаган Алла Элчиси сахабаларына эскертүү берди:

-Эмне үчүн силер акысы бардын жактоочусу эмессиңер?

Кыстап турган карызын төлөп турушун өтүнүп, өзүнүн курмасы келген маалда кайтарып берерин айтып, Хавла бинти Кайска киши чаптырат. Чабармандын кабарын кабатырлануу менен кабылдаган сахаба аял Алла Элчиси үчүн жанын садага чабарын айтып, айтылган өлчөмдө кургатылган курма берет. Ошентип, карыз төлөнгөн соң Пайгамбар бедуинди мейман кылат.

Пайгамбардын адамгерчилигине, көрсөткөн меймандостугуна жетине албай барпаңдаган бедуин:

-Карызыңды жакшы төлөдүң. Алла сага мунун үзүрүн ашыгы менен берсин! деп алкаган соң жолго түшөт.

«-Мына ушулар (карызын кечиктирбей туура төлөгөн жандар)адамдардын эң кайырлуусу. Алсыздары акысын толук алалбаса, ал коом жакшылыкка жетпейт» деген насаат Азирети Пайгамбарыбыздан калган (Ибни Маажа, Садакат, 17).

Окуядан таамай көрүлгөндөй, Азирети Мухаммаддын өмүр жашоосу адампенин башына келе турган бүтүндөй окуялар үчүн керектүү мисалдарга толо. Тек гана биздин иш аны талаптагыдай таанып, сүннөтүн так жашаганга аракет кылуу.

♥•••••••Хунайн казатынан кайтуу учурунда Азирети Пайгамбарыбыз(саллаллаху алейхи васаллам) олжолордун бөлүнүшүн бир канча убакытка создуктурат. Мунун хикматын аңдай албаган айрым ыйманы мококтор даттанышат. Бедуин араптардын үлүшүн бөлүштүрүүнү талап кыла башташат. Ошентип, Пайгамбарыбызды Самура багынын алдына токтотот. Чепкени даракка илинип калат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):

-Чепкенимди мага бергиле! Эгер мына бул көрүп турган бактагы дарактардын көптүгүндөй малым болгондо, бардыгын силерге бөлүштүрүп берер элем. Силер ошондо менин жалганчы, коркок жана сараң эместигимди көрөр элеңер! деп буюрат (Бухари, Жихад, 24).

♥•Алланын Элчиси олжону бөлүштүрүп жатканда жабалактап жүдөтүп жиберишет. Акырында (мурун жашап өткөн бир пайгамбардан кеп салып):

«Улуу Жараткан сүйүктүү пенделеринен бир пендесин өз коомуна (пайгамбар катары) жөнөткөн эле. Коому аны сабап, башын жарып, кан жалаткан экен. Ал пенде маңдайынан аккан канды колу менен сүртүп жатып:

«Оо, Жараткан! Коомумду кечире көр! Анткени алар эмне кылып жаткандарын өздөрү да билишпейт» деп Жаратканга алакан жая дуба кылган эле» деп буюрат (Ахмед, I, 456; Муслим, Жихад, 105).

Жаңыдан гана мусулман болуп, ыйманы ысый элек жандар канчалык алкынып жүдөтпөсүн, Алла Элчиси ак көңүлдүүлүктөн, адилеттиктен жазбай, калыс таратып берет.

♥•••••••Муавия бин Хакам (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:

♥•Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) артында намаз окуп жаткан учурда жамааттан бирөө чүчкүрүп жиберди. Намазда турганымды элес албай кадимки эле мусулмандык салт боюнча «ярхамакуллах» деп тилек айттым. Намаздан соң жамааттагылардын баары эле мени жекире карашат. Алардын карашы мага кас душмандын карашындай сезилди. Себебин сурадым. Бирөө да үн катпады. Мага кыжынып тизелерин муштай башташты. Бул жорук мага өтө катуу тийгендиктен ачуум чектен чыга жаздады, өзүмдү араң бастым.

Ата-энем Алла Элчисине арналсын! Андан мурда да, андан кийин да ага тең келе турган аккөңүл мугалим көрбөптүрмүн. Намаздан соң ал жектемек тургай ачууланып койгон жок. Колун далыма коюп сылык гана:

«-Бул ибадаттын аты намаз. Намаз окуп жаткан маалда дүнүйөгө тийиштүү сөздөр сүйлөнбөйт. Анткени намаз; тасбих, такбир жана Куран окуудан турат» деди. Мен актанган тейде:

-Пайгамбарым! Мен Исламды жаңы эле кабылдагам! дедим (Муслим, Масажид, 33).

♥•••••••Абдуллах бин Жахш (Алла ага ыраазы болсун) колго түшүргөн туткундардын арасында Хакам бин Кайсан да бар эле. Пайгамбарыбыз Хакамды Исламга чакырат. Дин Исламды ийинине жеткире кеңири түшүндүрүп берет. Анын күмөн эткен нерселерине жооп катары бир топ маалымат берет. Ошончо аракетке карабай ыйманга келбей көшөрүп турган Хакамга ачуусу келген Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун):

-Алланын Элчиси! Буга эмненин баарын айтып жатасың. Ал баары бир мусулман болбойт! Уруксат берсеңиз, башын кыя чабайын, тозокко кетсин! десе да, Пайгамбарыбыз Хакамга эч тажабай Ислам туурасында маалымат берет. Натыйжада кызыгы арткан Хакамга суроо салат:

-Ислам деген эмне?

— Аллага эч бир шерик кошпой кулчулук озуйпаларыңды орундатуу жана Мухаммад Анын кулу жана Элчиси экендигине күбөлүк этүү (тастыктооң)!

-Мен мусулман болдум!

Анан Алланын Элчиси сахабаларына кайрылып:

-Эгерде мен бираз мурун силердин айтканыңар боюнча аракет кылганымда, ал азыр тозоко кетмек! деп буюрган экен.

Ошол маалды Азирети Умар мындайча эскерген:

«Хакамдын мусулман болгонун өз көзүм менен көргөн кезде мен өзүмдү бардык өткөндөгү жана келечектеги нерселер мени кысып жаткандай сездим! Ичимден:

«Пайгамабарыбыз (алейхиссалату вассалам) менден да жакшы билип турганда, мен Ага кантип каршы сөз айттым?!» деп ойлодум.

Андан соң:

«Менин бар максатым Алланын жана Элчисинин ыраазылыгына эгедер болуу эле….» деп өзүмдү өзүм жубаттым. Хакам мусулман болду. Ант болсун, мусулман болгондо да кандай мыкты мусулман болду! Ал Алланын жолунда жан аябай күрөштү, Бир-и Маунада шейит кетти…» (Ибни Саад, IV, 137-138; Вакиди, I, 15-16).

Бул окуядан элди Исламга жылуу мамиле, түшүнүктүү тил менен, сабырдуулук менен, хикмат-акылмандык жана насаат сөздөр аркылуу үндөө зарылчылыгы айкын көрүнүп турат.

♥•••••••Анас өзү мындай баян этет:

«Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Медина шаарына келген соң (өгөй атам) Абу Талха мени Пайгамбарыбызга алып барып:

-Алланын Элчиси! Анас эстүү бала, сиздин кызматыңызда болсун деп өтүндү. Пайгамбарыбыз Абу Талханын суранчына оң жооп кылып, мени жанына алып калды. Мен Пайгамбарыбыздын колдорундай жумшак колду эч кездештирбедим. Алла Элчисинин жытынан өткөн жыпар жытты эч жерден таппадым. Пайгамбарыбызга туура он жыл кызмат кылдым. Жашоонун ысык-суук күндөрүндө чогуу болдум. Аллага ант болсун, анын кандайдыр бир катачылыгымдан улам: «Эмне минтип койдуң?» же болбосо ишимди аткарбагандыгым үчүн: «Муну эмне үчүн жасаган жоксун?» деп зекигенин укканым жок» (Муслим, Фадаил, 52).

♥•Бала тарбиялоодогу Алла Элчисинин үлгүлүү жашоосу биз үчүн өчпөс шамчырак, эң ийги багыт. Ал өз колунан тарбия көргөн Анаска эч бир олуттуу ачууланган эмес экен. Элүү беш жаштагы Пайгамбар он жашар Анастын деңгээлине түшүп, керек болсо аны менен сырдаш, дос болалган. Жаратылыш Нурунун (саллаллаху алейхи васаллам)тарбиясына жуурулган Анас бала кезинде эле чоң кишиче Алла Элчисинин сырларын эч бир жанга ачкан эмес. Анын Пайгамбарыбыз менен кошо мүрзөлөргө да барган күндөрү болгон. Бар ааламдын сыймыгы атанган Мухаммад Пайгамбарыбыздын баа жеткис тарбиялоо усулу кеп кылынгандай Азирети Анасты баралына келтирген.

♥•••••••Бир бедуин Пайгамбар Мечитинин коргонунун ичине даарат ушатып салат. Сахабалар аны тилдеп, урушуп кирет. Окуяга күбө болгон Азирети Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам):

«Аны жайына койгула, даарат ушаткан жерине бир чака суу төккүлө. Силер жеңилдик көрсөтүш үчүн жөнөтүлгөнсүңөр, кыйынчылык көрсөтүш үчүн эмес» дейт. (Бухари, Вуду, 58, Адаб 80)

Андан кийин ал кишиге мечиттин маанилүүлүн жана бул жерде өзүн алып жүрүүнүн адебин жылуу-жумшак сөздөр менен түшүндүрүп берет.

♥•••••••Анас (Алла ага ыраазы болсун) баян этет🌹

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен бирге бара жаткам. Үстүндө Нажран матасынан тигилген чети калың, катуу чапаны бар эле. Аңгыча бир бедуин жете келип аны жакалап, муунтуп кирди:

–Эй, Мухаммад! Карамгыңдагы Аллага таандык мүлктөн мага да берилишине буйрук кыл!

Элпектик кылып мойнун карасам: бедуин кыса муунткандыктан чапандын катуу жакасы моюнун кызартып жибериптир. Ааламдардын Ардагы бедуинге күлүмсүрөй кайрылып, мүлктөн муктаждыгы өлчөмүнчө берилишин буйруду. (Бухари, Хумус, 19, Либас 18, Адаб 68; Муслим, Зекет 128).

Анын Исламга чакыруу милдетинин ийгиликтүү болушу ушул улуу мүнөзүнөн берекесинин жемиши. Чындыгында эле ошол замандын түркөйлөрүнүн жүрөгүндөгү музду ал мээримдүү, кечиримдүү, адеп-ахлактуу, камкор мамилеси жана албетте аккөңүлдүүлүгү менен ээрите алган. Себеби ал адамзаттын туура жолго түшүшүн каалаган. Азапка түшүшүн эмес, бакытка бөлөнүшүн самаган•♥

♥•••••••Абу Дарда (Алла ага ыраазы болсун) шаар аралап баратып шаар элинин бир айыпкерди оор сөздөр менен сөгүп, акаарат кылып жатканына күбө болот. Арачылоо максатында сөзгө аралашат:

-Кудукка түшкөн адамды көргөн болсоңор, аны ал жерден чыгарат белеңер?

-Албетте чыгармакпыз дешет баары бир ооздон. Ушундай оңтойлуу учурду күтүп турган даанышман буларды айтат:

-Андай болсо, бул мусулман бир тууганыңарды көп казаптай бербегиле. Силерге кечирим ыроологон Аллага шүгүрчүлүк билдиргиле!

Жөөлөшкөндөрдүн арасынан бирөө үн катат:

-Сиз бул күнөөкөргө ачуулангыңыз келбей жатабы?

♥•Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) изги тарбиясына каныккан кыраакы сахаба суроого минтип жооп берет:

-Мен анын өзүнө эмес жасаган күнөөсүнө ачууланып турам. Күнөөнү таштады дегиче ал мурункусундай эле менин мусулман тууганым болуп кала бермекчи (Абдурраззак, XI, 180; Абу Нуайм, Хиля, I, 225).

♥•••••••Алланын сүйүктүү Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) Абдулла атуу замандашы бар эле. “Химар-эшек” деген лакап менен чакырылган бул адам куудулданып айткан тамаша сөздөрү менен Азирети Пайгамбарды да күлдүрчү экен. Ал эми ичимдик ичкендиги себептүү аны жазалаган учурлары болуптур…

Кезектеги жазалоо иши бүтүп Абдулла үйүнө кеткенден кийин жамаатта олтургандардын бири “Кудай Таалам, аны каарыңа ал!” деп каргыш айтат. Бул оор каргышты кулагы чалган Алла Элчиси(саллаллаху алейхи васаллам) чочуган тейде селт этип өкүнүчүн билдирди:

-Антип айтпагыла! Болбосо биртууганыңардын жамандыгы үчүн шайтанга жардам берген болосуңар. Ант болсун, анын Алланы жана Анын Элчисин сүйөрүн анык билемин. Ага каргыш айткандын ордуна:

“Алла Таалам! Аны кечир! Ага ырайым кыл!” деп жакшылык дуба кылбайт белеңер?! деди (Бухари, Худуд, 4,5; Абу Давуд, 35).

Мына ушул көзөл көрүнүш Алла Элчисинин үммөтүнө бапестеген сүйүүсүнүн жана аккөңүлдүгүнүн далили•♥

♥•••••••Рабии бин Хайсам аттуу улуу аалым жана олуя намаз окуп жаткан маалда жыйырма миң дирхамдык (күмүш акча) атын көз алдынан ууру мине качат. Бирок дин рухун көөдөнүнө сиңирген олуя чоң жоготууга учураганын аңдап турса да шашпай намазын аяктайт.

Намаз окуп болору менен кабарды уккан достору жетип келишет да олуяны жубатымыш болушат.

-Аттын чылбырын чечип жаткан ууруну өз көзүм менен көрдүм. Бирок мен ал учурда андан да маанилүү иш үстүндө болчумун. Ошондуктан ууруну кубалагым келбеди… деди аларга•••••••♥

Көңүл айтып келген достору ууруну каргап киришет. “Токтоткула!” деген олуянын кол ишаарасы ортолукту жымжырттыка бөлөдү.

Куудай сакалын токтоо сылап, олуя аларга мындай деди:

“-Акырын! Өзүңөрдү кайгыга салбагыла. Ууру өзүнө өзү заалымдык кылды, мага эмес. Байкуштун өзүнө кылганы аз келгенсип, биз каргышыбыз кошул-ташыл болуп жабыр тартып калышына себепчи болбойлу”. (Бабанзаада Ахмед Наим, Ислам Ахлакынын Эсаслары, 85-86).

♥•••••••Катуу сөз айтып акаарат кылган күнөөкөргө таабииндин улууларынан Имам Шаабии:

“-Айтканың туура болсо, мени Алла кечирсин! Эгер жалган айтып жаткан болсоң, Алла сени кечирсин!” деген экен.

♥•••••••Мээримүүлүк, боорукерлик жана сүйүү сыяктуу изги касиеттердин натыйжасы саналган ак көңүлдүк адам менен адамдын мамилесин жакшырткан негизги себеп. Бул сапатты өнүктүрүүнү Алла Өзү буйруган, анан калса, Азирети Пайгамбарыбыздын кишилик сапатынын бир өңүтү•♥

“Аккөңүлдүү пендеге жакшылыктан насип ыроолонгон•♥

Ак көңүлдүктөн насиби жоктор жакшылыктан куру жалак калышкан”(Тирмизи, Бирр, 67/2013).

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️