Ак кара 11 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=10802&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак кара 11 бөлүм 

Апамдан уккан сөздөрдүн жарымы элес-булас эске келип, калган жарымын кабыл алууга оор болуп турду. Бөлмөгө кирип, баардык жокту эстөөгө аракет кылдым. Эч нерсе толугу менен эске түшпөй, оор жүк басып алды. Жаздык кучактап ыйлап, өзүмдүн алсыз экениме ынанып жаттым. Эмнеге ыйлашым керек? Биринчи жолдошум мени адам катарына кошпой кетсе, экинчиси оор күндөрдө башканын колун кармап кетсе ыйлап жата беремби? Дастанга болгон сезим толугу менен сынып калууга жол бербей келди бүгүнкү күнгө чейин, эми бүгүндөн баштап балдарыма болгон сүйүү чыналууга күч берет. Эң башкысы чачыраган ойлорду курап, жамап эптеп жашоо улантуу керек. Жыйналып, Дастан экөөбүздүн үйүбүзгө жөнөп кеттим. Апам канчалык жиберүүгө көңүлү келбесе да, айткан сөзүмө катуу туруп алдым. Жолдон баратып эмне болуп кетет деп ойлоду да байкушум. Үйгө келсем, башкача болуп оңдолуп калыптыр. Мен ооруп жатканда булар жашоосун оңдоп алган тура. Эч кимге, эч кимге ишенбеш керек. Өзүмдүн үйүмдүн эшигин өзүм кагып турам кире албай. Эмне деген заман, бир аз кырсыктан пайдаланып, менин жашоомду уурдап алыптыр. Үйдүн эшигин бөлөк бирөө ачты.

— Ким керек сизге? Кимсиз?

— Дастан үйдөбү? Жумагүл барбы?

— Жок, биз үйдү сатып алганыбызга бир жылдан ашык болуп калды. Сиз мурунку кожоюнду издеп жатасыз го менимче. Алар көчүп кетишкен.

— Кайда көчүп кетишти эле?

— Билбейм, шаарда эле болсо керек.

Кимсиң?-деп койбой эшикти кайра тарс эттире жаап алды.

Үйгө баргым келбей, жанагы экөөнүн сүрөтүн кайрадан издеп баштадым. Эч нерсе калтырбай өчүрүп таштаптыр. Ыза болуп, сүрөттүн астына «Жумагүл, бир кездерде мага берген суроону эми өзүңө берип көрчү»-деп жазып койгон элем. Мени мурунку жашоосун эч качан эстей албайт деп ойлогон да. Көрдөн тирилип чыгып келгендей, жүрөктөрүн түшүрүп койсом керек. Эмне кылууну, жашоомду кайсы жагынан кайрадан кантип баштоону ойлоп, көчөдө ыйлап турдум. Миң ирет жашоону жаңы баштадым, кайра эле ушинтип көчөдө ыйлап калам. Кайсы жерден ката кетирдим? Кайсы жерден адаштым? Оо, кудай мага ырайым кылчы. Мага бала бересиң, кайра тартып аласың. Өз балдарын таркатып, Күкүк эненин ролунда башкы каарманды ойноп калдым. Жүрөгүм чыдабайт, мага тырмактай бактыны ыраа көрбөй эмне болдуң, жараткан. Башымдан бирөө аста сылап, чачымды артка бурап бирөө сооротуп алгысы келди. Башымды көтөрсөм, апам экен. Жалгыз асыл адамым, чыдабай артымдан келген тура.

— Элмира кызым, болду басылчы. Ушул күнгө чейин төккөн көз жаш азбы? Сенин көз жашына эч ким арзыбайт балам, Дастан менен Үмүттү таап алабыз шаарда эле деп жатпайбы. Жүрү андан көрө айылга баралы, Мунар деле сенин акыбадынды укту да. Эч нерсе эстей албайт деп, балдарды деле айылга алып келип жашап жаткандыр. Сен балдарыңа канчалык күйүп ыйласан, мен дагы сен үчүн ыйлап олтурам. Сен дагы менин баламсын. Мындан ары мен сени менен болом, эч кимге капа кылдырбай коргоп алам. Эч кимге ыраа көрбөйм сени, балдарыңды чогултуп, тынч гана өмүр сүрөлү.

— Айылга качан барабыз апа?

— Азыр, азыр барабыз балам.

Көрсө апам үйдөн эле ойлонуп, камынып чыгыптыр. Автобекетке барсак кечки автобус бар экен, сүйүнүп кеттим. Азыр жолго чыксак, таңкы бештен өтүп жетип бармакпыз. Автобустан түшсөк жеңил машиналар туруптур, атайын түн уйкусун бузуп, бала-чака багам дегендер да. Даректи айтып бирөөнө олтурсак, Мунардын айылынан экен.

— Ий иним ырас болбодубу, айылдагы Мунар деген баланы тааныйсыңбы?

— Тааныйм эже, тууганы болсунарбы?

Силерди мурун айылдан көрбөптүрмүн.

— Тууганы деле эмеспиз, могу кызым байкуштун бешенесине жазган бир шумпай экен ал. Жаш кызымдын тагдырын талкалаган, анысы аз келгенсип неберелеримди үч жылдан бери алып качып жүрөт. Азыр айылдабы алар? Кызым ооруп калып, балдарды издей албай калдык эле.

— Ооба бир жылдан бери айылда, аялы төрөй албай биринчи аялынан балдарын алып алыптыр деп уккан элек. Бирок аялы экинчисин төрөгөнү жүрөт. Апасы каза болуп калды быйыл, айылдан кеткен жок ошондон бери. Бул келин тууралуу көп укканбыз, бирок келин болуп барганы көчөгө чыкканын көргөнүбүз жок. Ошол үчүн тааныбай турам го, биз деле эки жыл чамасы чет жакта иштеп жүрдүк.

— Ырас болбодубу, балдарды берет болду экенби эми. Же милиция алып барсакпы дароо.

— Эже берет, алар деле балалуу болгондон бери берки балдарды ашыкча көрүп жүрөт дешет. Өткөндө кызын жумуш кылып жүргөнүн көрүп, энеси алып кетсе болмок. Же ага деле керек эмес го, бактысыздар деп ойлоп өткөм. Мындай эле бара бериңиз, сүйүнүп берет көрөсүз го.

Мен үнсүз кете бердим, ачыгын айтсам балдарымды деле толугу менен эстей элек элем. Балдарга болгон кусалык жок болчу, балким мен деле эсимди жогото электе мээримдүү эне болсом керек. Бирок, азыр эмес. Азыр мен толугу менен майдаланып жок болуп кетпөө үчүн, бул жашоодо орду жок эч ким эмес экенимди жокко чыгууга үчүн бул аракеттерди кылып жатам. Азыр балдарымды көрсөм таанысам экен, өзгөрүп кетишсе керек э? Аттиң, акылсыздык кылып койдумбу же чын эле акылсыз жан белем. Өз балдарымды коргой албай эмне болдум? Балдары үчүн жанын берген энелер бар го, эмне ошончолук боло албадым бы? Эмнеси болсо дагы мындан кийинки жашоону түздөп кетүү керек, кеч болуп кете электе. Жарым саатта зуулдап жетип бардык. Курсагы машиненин рулуна тийип, дем алса өпкөсүн кыруул үнү бизге чейин угулуп турган байке бизди аста, аёо карап алды. Апам көз карашты түшүнгөн чыгар, күтүп турасызбы, биз кайра эле кетебиз!- деди. Айылда эч өзгөрүү жок, кайра мурун кыпкызыл болуп турган темир дарбаза өңү бозоруп калыптыр. Айыл тынч, кээде гана короздун кыйкырганын иттин үргөн үнү коштоп турду. Мен эч батынбай тура бердим эле, апам барып дарбазаны катуу түртө салса ачылып кетти. Ары жактан анча чоң эмес күчүк чуркап келип, ээсин тосуп алгандай бутка жабышып эркелеп алды. Чоң үйгө туура кирип, биринчи эшикти ачсак Мунар аялы, кичинекей баласы менен жатыптыр.

— Баатыр, тур жан алгыч келди. Кана кыйын болсоң балдарды бербей көрчү.

Уйку көзүн ушалап араң башын көтөргөн Мунар, ордунан шашып тура калды. Апам жинденип катуу бакырса керек, баласы ыйлап, ыйдан аялы дагы ойгонуп кетти. Аялын ажаан деп айтты эле тигил байке, эмнегедир унчукпайт. Же алып кетсе кетсин ары дедиби. Баласын көтөрө калып, үстүнө күрмө илип чыкты. Мунар дагы тилин жутуп алгансып унчукпайт.

— Кечир Элмира, балдарды алып барайын деп жүргөм. Анан сенин акыбалынды угуп бара алган жокмун.

— Шайтан десе, мастан энең өлүп жоошуп калганмынбы дейм. Тур балдарды алып чыгып бер тез.

— Кийимдерин жыйнайын.

— Керек эмес, балдарыма өзүм кийим алып берип алам. Балдарды берсең болду.

Экөө наркы үйгө кирип кетишкен, жаш баланын ыйын, анан Мунардын шыбырап сүйлөп атканын угуп, мен дагы баш бактым. Аруужаным, алтын кызымды эстеп кеттим. Жаңы төрөлгөндө көздөрү бакыракай эмес беле. Ошол көздөр кара мончоктой жылтырайт, узун кирпиктери сууланышып, атасынын айткан сөзүнө түшүнбөй турду.

— Ата, дагы кичине уктап алайынчы.

— Кызым, мен сага айттым эле эсиңдеби? Сенин Элмира деген дагы бир апаң тууралуу, ошол апаң келди. Сени сагынып келиптир, жүрү көрөсүңбү.

— Жок, барбайм. Ата мен сенин айтканындын баарын кылам, мени Элмирага бербечи. Ал мени балдар үйүнө таштап кетет.

— Аны сага ким айтты? Ал сенин апаң да, ал антпейт.

— Ата, суранам Эрболду өзүм карайм. Экинчи тентек кылбайт, жумуштун баарын кылам. Мейли ойнобой деле койом, мени бербечи.

Чырылдап ыйлаган кызымды көрүп чыдабай кеттим.

— Кызым, Аруужан мени сени балдар үйүнө таштайт деп ким айтып жүрөт?

— Жолобо жаныма, сен мага апа эмессиң, сени менен кетпейм. Сен мен сабайсын, тамак бербей койосун.

— Кызым койчу, суранам антпе. Сени жакшы көрөм кызым, издеп араң таап келдим. Силерди сагындым.

Балам экөөнү кучактап ыйладым, азыр мага ушул экөөнүн көз жашынан бөлөк эч нерсе маанилүү эмес эле. Экөө менин кучагымдан качып, түртүп жатышты. Апам мени ыйлап, кайра ооруп калбасын дедиби, Мунарга балдарды алып чыгып бер деди.

Ошол кезде Мунардын аялы жерди карап туруптур, ал деле оюма келбейт. Балдарды берип жатканына кайгырып турат деп ойлодум, көрсө андай эмес экен. Кызымды алты жашта дебей, чоң адамды жумшагансып жумшайт тура. Балалуу болуп алгандан кийин, бул экөө кул ордуна болуптур. Ашка жүк, башка балээ көрчү экен. Бир кезде балага зар болуп, ушул экөөнү алып качып жүрбөдү беле. Кудай адашыптыр, мындай бетсиз адамга бала бербеш керек. Мейли кудай өзү жазасын берсин, мен балдарымды алып кетсем болду. Мунар экөөнү жетелесе болбой койду эле, эки колу менен белине таяп көтөрүп, машинага салып берди. Апам жанына олтуруп, мен алдына олтуруп жылып кеттик. Сөзүм жок, терезе ургулап ыйлап жаткан балдарымды кантип сооротууну билбейм. Жаман абалда калып, ойго батып кантип колумду канап кеткенче тиштеп алганымды билбей калыптырмын.

— Суранам, бизди үйгө таштап койгулачы. Биз кетпейбиз.

Экөө жарышып, ушул гана сөздү айтышат. Мен эмес шопур байке дагы ыйлап баратты.

— Кызым, Аруужан мени карасаң. Мени тааныйсың э кызым? Ыйлаба болду, сен чоң кыз болдуң. Бул сенин өз апаң болот, апаң силерди урушпай, урбай, жумуш кылдырбай, таттуу токоч алып берип багат. Барып бир аз туруп, жакпаса кайра келесиң э. Мына мен алып келем кайра, атаңа кеткин келсе мага айтып кой макулбу. Азыр иниңди соорот кызым, карачы апаң силерди сагынып, араң таап келсе мынткен туура эмес да.

Шопур байкенин бул сөзү, балдарды бир аз сооротту. Мени болсо кайра ыйлатты, өз энесине караганда айылдык бир кишиге көбүрөөк ишеним көрсөтүп атканы албетте мен үчүн оор.

Байке дагы тың экен.

— Автобуска олтурбай мындай машина менен кеткиле, жолдо ыйласа элдин баары жаман ойлойт.

— Макул, рахмат сизге байке.

Биз келген жерибизге жеткенде жер кадимкидей жарык болуп калыптыр. Тегеректеги дүкөндөр ачылып, адам саны көбөйүп, шаар кадимкидей жандана түшүптүр. Машинадан түшпөй дагы ыйлады эле, байке биз менен чогу түшүп, жаныбыздагы дүкөнгө кирдик. Курсак ач болчу, аны муну алып, балдарга көзүнө жакшы көрүнгөндүн баарын алдык. Баарыбир бала да, бир аз алданып калышты. Байке бизге ак жол каалап, өз жолу менен кетип калды. Биз болсо шаарга каттаган машинага сүйлөшүп, дагы бир адам күтүп олтуруп калдык. Балдарымды ошол кезде жакшылап көз жүгүртүп карадым, бутунда көлөч, үстүндө жука күрмө. Ал дагы кир анан жыртык экен. Кызымдын көзү ошондой эле, болгону аябай арыктап мага чоңоюп кеткендей туюлса керек.

— Болду берекем, баары артта калды. Биз эми биргебиз, баары жакшы болот. Мен силерди эми эч качан таштабайм, башка энелер сыяктуу жанымды сайып коргойм садагам.

Апам болсо баламдын колунан өөп, көзүнүн жашы баламдын колун жууп атты. Биз ушул учурда бактылуу элек. Балдарым болсо бизге ишенүү керекпи же ишенбөө керекпи түшүнбөй турушту.

 

Уландысы бар

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️