АДАМДЫН ЖАРАТЫЛГАН КЕЗИ ТУУРАЛУУ БАЯНДАГАН КУТТУУ ХАДИСТЕР
Абу Хурайра (разиялооху анху) Аллахтын Элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин кабарлайт:
“Күн (чыгыштан) чыккан күндөрдүн эң мыктысы — Жума, Адам (алейхиссалам) ушул күнү жаратылган, ошол күнү ал Бейишке киргизилген жана ошол эле (жума) күнү ал Бейиштен чыгарылган» (Муслим. “Сахих” хадис).
Ушул эле хадистин башка версиясында:
“Өлгөндөр (дүн баары Кыяматта) жума күнү кайра тирилтилет! ” — деп айтылат.
Абу Хурайра (разиялооху анху) Аллахтын Элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин кабарлайт:
“Аллах Таала Адам (алейхиссалам)ды жаратып болуп, ага бир нече периштени көрсөтүп мындай деди:
“Бар, тигилерге салам айт жана алардын саламына кулак сал, (бүгүндөн баштап) ошол саламдашуу сен үчүн жана сенин урпактарын үчүн саламдашуу (каадасы) болуп калат!” Ал (Адам (алайхи салам)периштелерге барып): “Силерге тынчтык болсун!” (Ас саламу ‘алайкум) — деп айтты эле, алар (бул саламдашууга)
“Аллахтын ырайымы…” — деген сөздү кошуп, минтип айтышты: “Сага да Аллахтын тынчтыгы жана ырайымы болсун!” (Ва) ас-саламу ‘алай-ка ва рахмату-Ллахи!
Бейишке кирген адамдардын бой-келбети Адам (а.с.) дын бою сыяктуу (узун жана келбеттүү) болот» (Бухари; Муслим).
Дагы куттуу хадистер де мындай делген
Абу Хурайра (разиялооху анху) Аллахтын Элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин кабарлайт:
“Бейишке биринчилерден болуп кирген жамаат толгон ай сыяктуу (сулуу) болот, алардын артынан кирүүчүлөр болсо асмандагы эң жаркырак планета сыяктуу (кооз) болушат. Алар заң чыгарышпайт, чимкиришпейт, түкүрүшпөйт, заара ушатышпайт; алардын (чач тароочу) тарактары (нак) алтындан (жасалган) болот, алардын (денесинен чыгуучу) терлери миск жыттанып турат, алардын жыпар жыты берекелүү “алоэ” дарагынан болот, алардын аялдары чоң көздүү үр кыздар болушат, алардын (келишимдүү) келбеттери бир эле адам сыяктанып турат. Алардын бойлору алтымыш чыканак (узун) болот”. (Бухари; Муслим).
Абу Хурайра (разиялооху анху) Аллахтын Элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин кабарлайт:
“(Бир жолу) Аллахтын Элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) менин колумдан алды да минтип айтты:
“Аллах Жерди ишемби күнү жаратып, анын үстүндөгү тоолорду жекшемби күнү жараткан; Аллах дарактарды дүйшөмбү күнү жаратып, баардык жамандыктарды Ал шейшемби күнү жараткан; Аллах шаршемби күнү нурду жаратып, жан-жаңыбарларды(н баарын) болсо Ал бейшемби күнү (жаратып, Жер бетине) тараткан; Аллах Адам (алайхис салам)ды жума күнү асыр маалында жараткан жана (ошентип) Адам (алайхи салам)ды асыр менен түн киргенге чейинки (жаратылган) эң акыркы макулук болуп калган” (Муслим).
Абу Муса ал-Аш’ари (разиялооху анху)нун сөзүнө таянуу менен имам Ахмад бин Ханбал (рахм.а.) Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) пайгамбарыбыздын мындай дегенин кабарлайт:
“Аллах Таала Адам (алайхисалам)ды бүткүл Жер жүзүнүн чар тарабынан алынган бир ууч топурактан жараткан. Ошондуктан Адамдын балдары ушуга дал келет: алардын айрымдары(нын түсү) ак, кээ бирлери(нин иреңи) — кызыл, үчүнчүлөрүнүкү — кара, төртүнчүлөрү болсо — аралаш түстүү болушат. Алардын айрымдары жумшак, башкалары катуу, үчүнчүлөрү — орточо. Алардын кээ бирөөлөрү жаман (мүнөздүү), башкалары — жакшы (ахлактуу), үчүнчүлөрү болсо — орточо”.
Судди (разиялооху анху) Ибн ‘Аббастын, Ибн Мас’уддун жана башка айрым сахабалардын (алардын баарынан Аллах ыраазы болсун) мындай деп айтканын кабарлайт:
Аллах Таала (Адамды жаратаарда) топурак алып келүү үчүн (оболу) Жабраил (алейхиссалам) периштени Жерге жиберет. (Ошондо) Жер ага айтат:
“Эгер сен менден бир нерсе алып, мени буза турган болсоң, мен сенден коргоосун тилеп Аллахка сыйынамын (ошондуктан менден эч нерсе алба)!” Ошондо Жабраил Жерден эч нерсе албастан кайтып (асмандардын жетинчи кабатына кайтып) келет. Аллахка кайтып келген Жабраил минтип айтат:
“Оо, Роббим! Жер Сенден жардам сурап дуба кылды эле, мен (аны аягандыктан) анын эркине моюн сунууга аргасыз болдум”. Анан Аллах Таала Жерден топурак алып келүүгө Микаил (алейхиссалам) периштени жиберет. Ал топурак алганы Жерге келген кезде Жер андан коргоп калуусун тилеп Аллахка кайрылат да, ал да эч нерсе албастан Аллахка кайтып келип, Аллахка Жабраилдин сөзүн кайталайт. Ошондо Аллах Таала жан алгыч периштени б.а. өлүм периштеси болгон Азреилди жиберет. Жер андан сактоосун тилеп Аллахка кайрылат. Бирок Азреил минтип айтат:
“Мен да Аллахтын буйругун аткарбастан баруудан сакташын тилеп Аллахка сыйынамын!” Анан ошол өлүм периштеси Азреил Жердин сырткы катмарынан топурак алат. Ал топуракты бир эле жерден эмес, бир канча жерден, агынан бир аз, кызылынан бир аз, карасынан бир аз кылып, аралаштырып алат. Ошондуктан Адам (алайхи салам) дын урпактары түрдүү түстөгү инсандар болуп калышкан. Анан Азреил асмандарга чыгат да, аны сууга чылап жумшартат. Анан Иблис өзүн топурактан жогору коюп, текеберленбесин деп, Аллах Таала Адам (алайхи салам)дын келбетин Өз Колу менен жасайт. Анан Алах Таала топуракка адам сымбат-келбетин берет. Ошол жума күндөн кийин дагы 40 жыл өткөнгө чейин топурактан жасалган Адам (алайхи салам) айкел түрүндө тура берген. Периштелер болочоктогу Адамдын айкелинин жанынан өткөн кезде чочуп кетишчү, баарынан көп Иблис коркоор эле. (Ошондуктан, аны кыйратып салуу максатында) Иблис аны урган кезде ал кургап калган чопо сыяктуу шыңгыраган добуш чыгарчу. Ошол себептен Кудуреттүү Аллах Таала:
“Инсанды (Аллах) чоподой бышырылган кургак ылайдан жаратты” (55:14); “Чындыгында, Биз шыңгыраган келишимдүү кургак чоподон инсанды жараттык” (15:26) — деп айткан.
Адамдын жансыз денесин көргөн сайын Иблис мындай дечү:
“Албетте, сен кандайдыр бир максат менен жаратылдың». Анан ал Иблис Адам (алайхи салам)дын ошол чопо денесинин оозунан кирип, арткы тешигинен чыгып, периштелерге минтип айтат:
Коркпогула, анткени силердин Өкүмдар Кудай (Аллах) -Түбөлүктүү жана Дайыма Бар Болуучу Кудай. А бул нерсенин болсо ичи көңдөй экен. Эгер муну башкарууну мага берсе, мен аны кыйратып жок кыламын!”
Адамга Аллах Таала жан салган кезде, периштелерге Аллах минтип айтат: “Мен Адамга Өз Рухумдан үйлөп, жан салгандан кийин:
“Адамга сажда кылгыла!” Аллах Таала Адамга жан салып, жаңы эле салынып жаткан жан анын башына жеткен кезде Адам чүчкүрүп жиберет.
Периштелер Адамга:
“Алхамду лил-Лах!” (Аллахка мактоолор болсун)-деп айт”-дешет. Адам (алайхи салам) ошондой, б.а. периштелер үйрөткөндөй кылат (да: “Алхамду лиллах”- деп айтат). Ошондо Аллах Таала ага (карап):
“Ярхамукумуллах (Аллах силерге ырайым кылсын)”- деп айтат. Адам (алайхи салам)дын денесине салынып жаткан жан анын эки көзүнө жеткен кезде ал Бейиштин мөмөлөрүн көрөт. Кирип бара жаткан жан анын ашказанына жеткен кезде ал ачкалыкты сезет. Ошондуктан дене-бойго таралып, улам арылап кирип бара жаткан жан, б.а. рух анын бутуна жеткен кезде, ал Бейиш мөмөлөрүнөн үзүп алуу үчүн чуркап кетүүгө умтулат. Ошондуктан Аллах Та’ала:
“Инсан шашма кылып жаратылган” — деп айткан (21: 37).
Андан ары Судди Адам (алайхи салам) дын тарыхын толугу менен баяндап жүрүп олтурат.
Ибн Касир (рахм.а.)нин айтуусу боюнча жогоруда келтирилген баяндардын айрымдары Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын хадистери менен тастыкталган, бирок алардын калган көпчүлүгүнүн түбү Исраил урпактарынын “Исраилиат” деп аталып калган санжыралуу баяндарына барып такалат. Мисалы, Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын хадистери менен тастыкталган баяндардын бири далил катары Имам Ахмад (рахм.а.) тарабынан Анас бин Малик (разиялооху анху)га шилтеме берүү менен келтирген мындай хадисти атоого болот:
“Аллах Таала Адам (алайхи салам)дын (денесин чоподон) жаратып болгон соң, Ал Өзү каалаганчалык убакыт бою аны (ошол боюнча) калтырган. Иблис болсо анын денесин далай ирет айланып чыгат да, Адам (алайхи салам)дын денеси көңдөй экенин байкаган соң, анын алсыз (махлук болорун) байкаган»
Имам Малик бин Анас (рахм.а.) Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын тарыхын баяндаган “Муватта” аттуу өзүнүн ишенимдүү китебинде Муслим ибн Ясар ал-Жуханинин сөзүнө таянуу менен бир жолу сахабалар Умар ибн ал-Хаттаб (разиялооху анху)дан:
“Кыямат Күнү:
“Мындан кабарыбыз жок болгон” -деп, айтпашыңар үчүн Роббиң Адамдын перзенттеринин жонунан өздөрүнүн урук-тукумун чыгарып, анан:
“Мен силердин Роббиңер эмесминби?” — деди. Алар:
“Ооба, Сен биздин Эгебиз экениңе күбөлүк беребиз” — дешти” — деген аят тууралуу сурашкан кезде, Умар (аларга) минтип жооп берген:
“Мен бул аят тууралуу (адамдар) сурашкан кезде Аллахтын Элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин укканмын:
“Аллах Таала Адам (алайхи салам)ды жаратып болуп, анан анын жонун укалоо менен, андан (б.а. Адамдын жонунан) анын урпактарынын бир бөлүгүн чыгарып, анан:
“Мен буларды Бейиш үчүн жараттым, ошондуктан булар Бейишке кирүүчүлөрдүн иш-амалдарын жасашат” — деп айтат. Анан анын жонун дагы (жышып) укалоо менен, андан (б.а. Адамдын жонунан) анын урпактарынын дагы бир бөлүгүн чыгарып, анан:
“Мен буларды Тозок үчүн жараттым, ошондуктан булар Тозокко кирүүчүлөрдүн иш-амалдарын жасашат” — деп айтат. Ошондо бир адам Пайгамбарыбыздан минтип сурады:
“О, Аллахтын Элчиси! (Эгерде ар бир инсандын тагдырына алдын ала эле Тозоктук же Бейиштик болоору жазылып коюлган болсо, анда биздин) амалдарыбыздын түшүм-мөмөсү (б.а. кайтарымы) эмне болот?” Ага Аллахтын Элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) мындай деп жооп берген болчу:
“Эгерде (кайсыл бир) киши Бейиш үчүн жаратылган болсо, анда, Аллах ага Бейиштиктердин амалдарын жасоону насип кылат да, (ошентип) ал тирүү кезинде Бейиш тургундары жасоочу амалдарды аткарууга машыгып-көнүгүп, ошонун натыйжасында Бейишке кирет. Эгерде Аллах Таала (кайсыл бир) инсанды Тозок үчүн жараткан болсо, анда, Аллах ага Тозокко түшүүчүлөрдүн амалдарын жасоону насип кылат да, (ошентип) ал тирүү кезинде Тозок тургундары жасоочу амалдарды аткарууга өлгөнгө чейин көнүгүп-машыгып, ошонун натыйжасында Тозокко кирет”.
Курандын бул аятынын башка тафсиринде, б.а. чечмеленишинде, Абу Жафар ар-Рази (р.а) Убай бин Каб (р.а.) нун сөзү менен мындайча кабарлайт:
Аллах Таала Кыямат Күнгө чейин жарык дүйнөгө келип кетүүгө тийиш болгон бүткүл инсандардын рухтарын (жандарын) топтоп, анан аларга сүйлөөгө, өздөрү үчүн күбөгө өтүүгө буюруп, айтат: “Мен силердин (ырыскы берип баккан) Роббиңер эмесминби?” Ошондо алар (б.а. инсандардын баары) минтип жооп беришет: “Ооба (Сен биздин Эгебизсиң)!” Аллах айтат: “Мен жети (кабат) асмандарды жана жети (кабат) Жерди жаратып, Кыямат Күнү силер “бул тууралуу билген эмеспиз” деп айтпашыңар үчүн силердин түпкү атаңар Адамды күбөгө өткөрөмүн. Силер Менден башка кудайдын жок экендигин жана силердин Менден башка Роббиңер жоктугун билүүгө тийишсиңер, ошондуктан, башка махлуктарды Мага теңеп, (адашуу жолуна түшүп,) буддарды өзүңөргө кудай кылып, ширктерге сыйынып кетпегиле! Мен Өзүмдүн (эки дүйнөдө тең силерге тез жетүүчү) жазам тууралуу эскертүүсү үчүн пайгамбарларымды силерге жиберип, алар аркылуу Өзүмдүн китептеримди түшүрөмүн. Ошондо махлуктар айткан: “Сен биздин Эгебиз жана Кудайыбыз экендигиңе күбөгө өтөбүз, биздин Сенден башка Роббибиз жок жана биздин Сенден башка кудайыбыз да жок!” ушундайча жол менен алар Аллахка берилгендиги тууралуу касам-ант ичишкен. Анан Аллах Таала алардын атасы Адамды ордунан тургузат. Ошол кезге чейин Адам (а.с.) өз урпактарынын кайсынысы бай, кайсынысы кедей, кимиси сулуу, кимиси куник болоорун көрө элек болчу. Ошондо Адам (а.с.) (Аллахтан) минтип сурайт: Оо, Роббим! Сен Өз кулдарыңдын баарын бирдей кылып койсоң жакшы болоор эле?” Аллах айтат: “Мен алардын Мага ыраазы болуп, шүкүр келтирип, алкоолорун кааладым» (Ошондо) Адам өз урпактарынын арасынан нур чачкан жарыктардай болгон шоолалуу пайгамбарларды көрөт. Аллах Таала дагы бир жолу ошолордон, бул жолкусунда пайгамбарлык вазийпаны алардын сабыр жана шүкүр менен орундата алуулары тууралуу өзүнчө ант алат. Бул Аллахтын төмөнкү аяттарына дал келет:
“(Оо, Мухаммад!) Ошондо пайгамбарлардан убада алганбыз:
Сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан, Мариям уулу Исадан. Ушулардын баарынын катуу ант-убадасын алганбыз” (33:7).
Аллах Таала жана да минтип айтат:
(Оо, Мухаммад! жан дилиң менен Аллахка) берилген, пакиза абалда жүзүңдү динге (Исламга) түздөгүн. Аллах адамдарды ушул (гана) максатта жараткан. Аллахтын жараткан нерселеринде өзгөрүү болбойт. Ушу (Ислам дини — эң) туура жана (эң) түз дин. Бирок, адамдардын көбү (муну) билишпейт» (30:30).
Мындан сырткары Аллах Таала дагы мындай дейт:
“Бул (Мухаммад) — мурдагы пайгамбарлар сыяктуу эле эскертүүчү (пайгамбар)» (53:56).
Андан ары Аллах Таала минтип айтат:
“Алардын көбү (Аллахка беришкен) убадага турушпайт. Алардын көбү, чындыгында, бузукулар» (7:102).
Бул маалыматтар имамдар: Ибн Аби Хатим, Ибн Жарир жана Ибн Мардавайхтардын (р.а.) тафсирлеринде баяндалган. Ошондой эле Мужахидцин, Икриманын, Саид бин Жубайрдын, Хасан Басринин, Катаданын, Суддинин (р.а) сөзү менен да ушул куттуу хадистер ге дал келе тургандай маңызда.

















































