Абу Хурайра дан риваят:

https://kyrgyzcha.site/?p=54997&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Абу Бакр (разияллоох риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Менин тууганыма (Абу Талиб) (өлөөр алдында) бул келмени сунуш кылганмын. Ким ушул келмени кабыл кылса, ал анын кутулуусуна себеп болот ». (Ахмаддын «Муснады»).

 

 

Абу Хурайра дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Силер ыйманыңарды жаңылай жүргүлө». Бирөөлөр: «Оо, Аллахтын Элчиси, ыйманыбызды кантип жаңылайбыз?» –деп сурашты. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Лаа илааха иллаллох» келимесин көп айткыла» –деп жооп берди». (Ахмаддын «Муснады»).

Жаабир (разияллооху а «Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын:

«Зикирлердин эң абзели: «Лаа илаха иллаллох» келимеси, дубалардын эң абзели «Алхамдулиллах» – деп, айтканын укканмын» . (Тирмизи).

Пайдасы: «Лаа илаха иллаллох» климесинин улуулугунун себеби: бүткүл дин ушул келимеге топтолгон. Ал болбосо ыйман да дурус болбойт жана ансыз эч ким мусулман да боло албайт. «Алхамдулиллахтын» улуулугунун себеби: Берешенди мактоо Анын өзүнөн гана суроону туйунтат. Аллах Таалага дуба кылуу – Андан гана суроонун бир аталуусу. («Музахир Хак»).

 

 

Абу Хурайра дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Кимде-ким чын жүрөктөн «Лаа илааха иллаллох» келимесин айтса, ага сөзсүз асмандардын эшиктери ачылат да, бул келме «Аршка» жетет. (Башкача айтканда анын дубасы тезинен кабыл болот). Эгерде келме айтуучу чоң күнөөлөрдөн сактанган болсо.» (Тирмизи).

Түшүндүрмө: Чын жүрөктөн айтса дегендин мааниси – айтуунун максаты эл уксун же эки жүздүүлүк үчүн болбогон болсо. Чоң күнөөдөн сактанууну шарт кылганынын себеби дуба тез кабыл болсун үчүн. Эгерде чоң күнөөлүү адам айткан болсо деле, ошондо да, ал пайда-сооптон кур калбайт. («Мишкат»).

Я‘ла анху) айтат: «Мага атам хадис айтканда Убада бин Самит (разияллооху анху) дагы бар болчу жана ал анын сөзүн тастыктаган эле. Ал айтат биз: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын алдында турганда Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам):

«Колуңарды көтөрүп «Лаа илаха иллаллох» деп айткыла» – деди. Бир аз убакытка биз колубузду көтөрүп, (келмени айттык). Анан Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) колун түшүрүп «Алхамду лиллах» – деп, «Оо, Аллах! Сен мага бул келмени түшүргөнсүң, бул келмени жеткизүүнү өкүм кылгансың жана бул келмеге бейишти убада кылгансың. Сен убадага каршы чыкпайсың» – деп андан кийин айтты: Сүйүнбөйсүңөрбү! Себеби Аллах силердин күнөөңөрдү кечирди». (Ахмаддын «Муснады», Табарони, Баззар, «Мажма’у завааид»).

Абу Зар (разиял риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Кимде-ким «Лаа илааха иллаллох» деп айтып өлсө, сөзсүз бейишке кирет. Мен айттым: «Ал киши зынаа, уурулук кылган болсо дагыбы?» Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Зынаа, уурулук кылса да. Мен (дагы) айттым: «Зынаа, уурулук кылган болсо дагыбы?» Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Зынаа, уурулуккылса да». Мен (кайра дагы) айттым: «Зынаа, уурулук кылган болсо дагыбы?» Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Зынаа, уурулук кылса да» — деп, сөзүн улап, «Абу Зардын мурду топурак болсо дагы ал киши сөзсүз бейишке кирет» — деди. (Бухари).

Түшүндүрмө: Арап сүйлөмүндө «мурду топурак болсо» деген сөз өзгөчө бир маанини билдирет. Анын мааниси: эгерде ушул иш силерге жакпаса да жана силер ушул ишти каалабасаңар да ушундай боло берет дегенди туюнтат. Абу Зар (разияллооху анху) нун таң калуусу мындай: «Ушундай чоң-чоң күнөө кылган киши бейишке кантип эле кирсин, адилеттик боюнча мындайларга жаза болуусу керек эле». Ошондуктан Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) анын таң калуусун четке кагып Абу Зар канчалык каалабасын ал киши сөзсүз бейишке кирет деп айтты. Эгерде ал киши күнөө кылган болсо дагы ыймандын себебинен тообо-кечирим сурап күнөөдөн тазаланат же Аллах Та’ала Өзүнүн улуулугу менен жазасыз ал кишини кечирет же күнөөсүнө жараша жаза бергенден кийин сөзсүз бейишке кирет. Аалымдар айтышат: Бул хадистеги «Лаа илааха иллаллох» келмесин айтуунун максаты — динге жана Аллахтын бирдигине толук ыйман келтирүү жана аны тандоо. (Ма’ариф хадис).

 

 

Хузайфа (рази риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи васаллам) айтты: Кийимдин оймолорунун кооздугу эскирип, өчүп калган сыяктуу, Исламда да ушундай бир убакыт келет. Элдер орозо, садака берүү, ажылык кылуу эмне экендигин да билбей калышат жана бир түн келет Куран жүрөктөрдөн көтүрүлүп, жерде бир дагы аяты калбай калат. Бир гана картайган абышкалар же кемпирлер минтип айтышат: «Биз өзүбүздөн улуулардан ушул «Лаа илааха иллаллох» келимесин айтканын уккан элек, ошондуктан биз дагы ушуну айтып жүрөбүз». Хузайфа (разияллооху анху) дан шакирти Сила: «Алар орозо, садака жана ажылыкты да билишпесе, аларга бул келме кантип пайда берет?» — деп сурады. Хузайфа (разияллооху анху) жооп бербеди. Сила суроосун үч жолу кайталаганда Хузайфа (разияллооху анху) ал суроодон жүз буруп, анан жүзүн буруп, ага кайрылып минтип айтты: «Ушул келме аларды тозоктон сактайт». (Хакимдин «Мустадрагы»).

 

 

Абу Хурайра дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Ким «Лаа илааха иллаллох» келимесин айтса, күндөрдөн бир күнүндө сөзсүз пайда берет (кутулат). Андан мурда бир аз жаза тарткан болсо да». (Баззар, «Табарони, Таргиб»).

 

 

Абдуллох ибн анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Мен силерге «Нух» (алайхис салам) уулуна кандай осуят айтканын айтып берейинби? — деди эле, сахабалар айтышты: «Ооба». Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) мындай деди: «Нух (алайхис салам) уулуна (мындай) осуят кылган: «Оо, уулум, мен сага эки нерсени кылууңа осуят кыламын жана эки нерседен тосомун: Биринчиси: «Лаа илааха иллаллох» сөзүн осуят кылам, себеби бул келме таразанын бир жагына коюлса, экинчи жагына бардык асмандар жана жерлер коюлса, бул келме аларды басып кетет, (б.а. алардан оордук кылат,)

Экинчиси: «Субхааналлохил ‘азиим ва бихамдихи» келмесин окуу, себеби бул бардык макулуктардын ибадаты. Ушунун берекетинен бардык макулуктарга ырыскы берилет. Мен сени эки иштен тосомун «ширк» (Аллахка шерик кошуу) жана текеберчиликтен, себеби бул экөөсү Аллахтан алыстатат». (Баззар, «Мажмау завааид»). риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты:

«Жүрөгүндө арпанын салмагынчалык жакшылык (ыйман) болуп, «Лаа илааха иллаллох» келимесин айткан пенде тозоктон чыгат. Андан кийин жүрөгүндө буудайдын салмагынчалык жакшылык (ыйман) болуп, «Лаа илааха иллаллох» келимесин айткан пенде тозоктон чыгат. Андан кийин жүрөгүндө кыпындай жакшылык болуп, «Лаа илааха иллаллох» келимесин айткан пенде тозоктон чыгат». (Бухари).

Ибн Шимаса Махр алайхи) ден риваят: «‘Амр бин ‘Ас (разияллооху анху) өлүм төшөгүндө жатканда биз анын алдында элек. Ал жүзүн дубалга буруп алып көпкө чейин ыйлады. Анын уулу: «Оо, атаке! Сизге Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) сүйүнчүлүү андай мындай кабарларды айткан эмес беле? (Башкача айтканда, сизге зор сүйүнүчтүү кабарларды айткан эле го)» – деп айтып жатты. Амр (разияллооху анху) бул сөздү угуп дубалдан бурулуп айтты:

«Акыретке эң чоң даярдыгыбыз – Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Аллахтын элчиси деп күбөлүк берүү» – деп сөзүн улап: «Мен үч доорду басып өттүм, анын бирөөсү мындай: Пайгамбарды (саллаллооху алайхи ва саллам) мендей жаман көргөн киши болгон эмес жана ал менин колума түшсө өлтүрүп салсам деген үмүтүм бар эле. Ушул менин жашоомдун эң жаман доору болгон. (Кудай сактасын) мен ошол акыбалда өлгөнүмдө сөзсүз тозокко түшөт элем. Ушундай доордон кийин Аллах Таала менин жүрөгүмө исламды салды. Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын алдына келип: «Колуңузду бериңиз, келишим кылайын», — дедим. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) колун (мага) сунду эле мен колумду артка тарттым. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Сага эмне болду?». Мен айттым: «Мен шерт кошойун» Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Сен эмнени шерттешесиң?». Мен айттым:«Менин күнөөмдүн кечирилүүсүн». Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Ислам өзүнөн мурдагы нерсени жок кылаарын, көчүү (хижрат кылуу) өзүнөн мурдагыны жок кылаарын, ажылык өзүнөн мурдагыны жокко чыгараарын билбейсиңби?». Мына ушул доор — менин Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) ды мендей эч ким сүйбөгөн жана аны менден да аша улуу тутпаган доорум. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын улуулугунан мен ага тике да карай алчу эмесмин. Эгерде бирөө менден Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын келбети жөнүндө сураса айтып бере албайт элем. Себеби мен аны толук карай албайт элем. Ошол бойдон өлгөнүмдө бейиштик болуума үмүтүм болмок. Ошол доордон кийин бир топ иштерге башчылык кылдык, бирок, билбеймин ал иш жөнүндө (Кыяматта) бизге кандай кабар берилет. (Ушул жашоомдун үчүнчү доору) мен өлсөм жаназама өкүрүп жулунуп кошок ыйлоочу аял жана от кошо болбосун. Мени көмгөнүңөрдө мүрзөмө топуракты жакшы салгыла, андан кийин мүрзөмдүн жанында төө союп этин таратканчалык убакыт токтой тургула. Силердин себебиңерден менин жүрөгүм тынчтансын жана да мен көрөйүн: Роббимдин периштелеринин суроосуна кандай жооп бере алам». (Муслим). риваят: Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дан кайсыл амал абзел деп суралынды? Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам):

Аллах Тааланын жалгыздыгына ишенүү андан кийин, Аллах жолунда күрөшүү, андан кийин кабыл болгон ажылык. Бул амалдар менен башка амалдардын айырмасы күн чыгыш менен күн батыштын ортосунчалык. (Ахмаддын «Муснады»).

Суф (разияллооху анху) дан риваят: «Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дан «Исламдагы жыйынтыктуу сөздү айтып бериңиз, аны мен сизден кийин эч кимден сурабайын» — деп айттым. Ал айтты: «Сен: «Аллахка ишендим» деп айт, андан кийин ошого бекем тургун». (Муслим).

Түшүндүрмө: Биринчи Аллах Тааланын зат жана сыфаттарына чын жүрөктөн ыйман келтирип, Аллах Тааланын жана Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын өкүмдөрүнө үзгүлтүксүз бекем туруу.(«Музаахир хак»).

Абу Хурайра дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Лаа илааха иллалох» деп күбө берүүнү көп айткыла» аны менен силердин ортоңор (өлүм, оору менен) тосулуп калаардан мурда. (Абу Я‘лаа, Таргиб). айтат: «Кашы-көзүн жапкан картаң киши Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын алдына келип: «Оо, Аллахтын элчиси, бир киши убадага каршы аракет кылат, күнөө иш кылат, дурус жана дурус эмес иштерди жасайт, анын күнөө иштери ушунчалык көп, анын күнөөлөрүн жердегилерге таратса алардын баарын жок кылат. Ушундай кишиге тообо жолу барбы?» – деп сурады. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) «Сен мусулмансыңбы?» – деди. Ал айтты: «Ооба, жападан жалгыз Аллахтан башка кудай жок жана Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берем». Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Сен ошол күбөлүгүңө бекем турсаң Аллах Таала сенин күнөөлөрүңдү жакшылыкка алмаштырат». Ал киши айтты: «Оо, Аллахтын элчиси, менин убадаларды бузгандыгым жана жаман иштерим кечирилеби?» Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Сенин убадаларыңды бузгандыгың жана жаман иштериң кечирилет». (Ал киши Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын бул сөзүн угуп алып) «Аллоху Акбар», «Лаа илаха иллаллох» деп айттып кетти». (Тафсир ибн Касир). (разияллооху анху) айтат: «Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын мындай деп айтканын уккам: «Кыямат күнү Аллах Таала менин үммөтүмөн бир кишини элдин алдына чакырып, ага токсон тогуз амал китебин ачат. Амал китебинин чоңдугу көздүн жеткен жерине чейин. Андан кийин ал кишиге айтат: «Ушул амал китептериңди жазуучу периштелерим кемчилик кетиришкенби?». Ал киши айтат: «Жок, оо, Роббим». Аллах Таала айтат: «Ушул күнөөлөрүңдү кылганыңа үзүр же себеп барбы?». Ал киши «Себеп жок» — деп айтат. Аллах Таала айтат: «Менин алдымда сенин бир жакшылыгың бар. Бүгүн сага эчким зулум кылбайт»- деп бир кагаз алып чыгат, анда «ашхаду аллаа илааха иллаллооху ва ашхаду анна мухаммадан абдуху ва росуулуху» деп жазылган болот. Аллах Таала: «Муну таразага тарт» – деп айтат. Ал пенде «Оо, Роббим! Ушул барак мынча көп китепке кантип тең келмек эле» деп айтат. Аллах Таала айтат: «Сага эчким зулум кылбайт».Ошентип баракты таразанын бир жагына коюп, экинчи жагына китептерди койгондо ошол барак оордук кылып басып кетет. Аллах Тааланын ысмынан ашкан салмактуу эч нерсе болбойт. (Тирмизи).

Абу Ка атасынан риваят кылат: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Кимде-ким Аллах жалгыз жана Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Аллахтын элчиси деп, анын тили ушул менен алек болсо жана көп айткандан жүрөгү тынч болсо, аны тозоктун оту жебейт». (Байхаки).

Абу Хурайра дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Лаа илааха иллаллох» келимесин калыс жүрөктөн айткан, Кыямат күнү менин шафаатымдан көбүрөөк пайдалануучу киши». (Бухари).

Абу Зар (разиял риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Кимде-ким жүрөгүн ыйманга калыс кылса, (куфр жана ширк)тен таза тутса, тилин чын кылса, жүрөгүн (Аллахты эстеп, Анын ыраазычылыгына умтулса), өзүн оңдосо (күнөөгө барбаса) кулагын чын сөздү уга турган кылса, көзүн (ыйман жолун көрө турган) кылса чындыгында мындай киши бактылуу». (Ахмаддын «Муснады»).

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️