Пример HTML-страницы

Өзүмдөн кичүү балага тийем деп ойлогон эмесмин

https://kyrgyzcha.site/?p=10069&preview=true Кызыктуу окуялар.

?Ал мени ала качып алган. Болбосо кичүү балага жар болом деп деги эле ойлогон эмесмин. Кайын журтум абдан жакшы адамдар болду. Кичүү уул-келин болгонубуз үчүнбү, же ушундай ѳзгѳчѳ мээрман жандарбы, бизди абдан жакшы кѳрүштү.

?Жыл айланбай уулдуу болуп бактыбыз артты. Ушул маалда менде бир илдет пайда болду. Эмнеден экенин билбейм, эсимди жоготуп кулап калчу болдум. Башында бир-эки айда бир болуп, анча этибар алган жокпуз. Күйѳѳм кѳзүмдү карап, кайненем күчтүүлѳп тамак берип, тѳрѳттѳн кийин жакшы тыңытканга аракет кылышты. Бирок баягы абал эми тез-тез кайталанчу болду. Жума сайын кулап дендароо болуп жашап жаттым. Дартты аныктоо үчүн райондук оорукананын эшигин жырттым. Кайненем элдик табып, тамырчы дегендерге да алып барды. Каным жакшы эле экен, талма мындай болбойт дешти, бирѳѳ-жарым окутуп салган го деп түкшүмѳлдѳштү. Бирок ага ѳзүм ынанбадым. Айтор, анык талма дешпесе да ушундай бир балээге кабылдым да калдым. ?Мындан улам баламды да жакшы карай албайм. Күн-түн дебей мени акмалап «баланы кѳтѳрүп баратып кулабасын», «балани эмизип жатып тумчуктуруп койбосун» дешкендери мени ого бетер чүнчүттү. Аз келгенсип күйѳѳмдүн кагынып-силкингени кѳбѳйдү. Ага менин ооруганым жакпай жатканы ачыктан-ачык байкалып жатты. Айла жок ѳзүмдү күнѳѳлѳйм. Озум деле «дагы кулап калбасам экен. Дүкѳнгѳ түз барып келсем экен. Ушул түнү тынч жатсак экен» деген санаалар менен алышып калдым.

?Күйѳѳм эми гана тили чыгып келаткан уулубузга «энеңдей болуп кулайсың да…» дей баштады. Баарынан оор тийгени ушул болду.

?Бир күнү да ушинтип айтканында жаным кашайып «анда ѳз жолум менен кетейин» дей салдым. Бирок чындыгында мындай оюм жок болчу. Күйѳѳм ушуну эле күтүп жүргѳн окшойт. «Ошентсең ошент. Чынын айтсам чарчап кеттим» деди. Кайненеме анын бул кылыгы жаңылык да болгон жок. Кѳрсѳ, алар эчак эле бул кепти бышырып коюшкан окшобойбу. Мен да токтогон жокмун. Уулумду таштап кетүү оюма да келбей кийинтип чыга береримде колумдан жулуп алып «баланы коюп каражаныңды карап алчы» деди зекип. Аманчылык болсо кѳрүшѳрбүз деп уулумду убактылуу таштадым.

?Азыр борбордомун, ден соолугум менен алек болуп жатам. Жакшы болорум менен уулумду колго алам. Оорулуу аял эч кимге керек эмес экен…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE