①Туалетке кирерде Аузу Бисмиллах айтылып «Аллахумма инни аузу бика минал хубси вал хабаис” деген дуба окулат.
②Туалетке кирерде колунда Аллаху Тааланын ысымы жана Курани карим жазылган бир нерсе болбоосу керек. Чөнтөктө же жабык болсо зыяны жок. ③Мойнунда Аллах ысымы жазылган бир нерсе асылуу болбоосу керек. Бар болсо көйнөктүн ичине киргизүү керек.
④Туалетке ылайыгы менен жакшылап оролгон тумар менен кирүүгө болот.
⑤Туалетке сол бут менен кирип, оң бут менен чыгуу керек.
⑥Туалеттен чыкканда «Алхамдулиллахиллази азбаха анил аза ва афани” деген дубаны окуу керек.
⑦Туалетте сүйлөшпөө, көп отурбоо, газета, ж.б., окубоо, ыр ырдабоо, тамеки тартпоо, сагыз чайнабоо керек.
⑧Туалетте зикир кылынбайт, салам бергендин саламы алынбайт. Чүчкүргөн адам көңүлүнөн «Алхамдулиллах» деш керек.
⑨Туалетте даарат бузуп жатканда алды жана арканы кыблага каратпоо керек. Солго карай бурулуу керек.
10). Истинжадан, б.а., тазалангандан кийин дароо аврат жерди жабуу керек.
11). Нажасатты тазалап жууганда оң кол менен эмес сол кол менен тазалаш керек. Эгер сол колунда истинжа кылууга (тазалоого) кандайдыр бир кедерги же бир себеп бар болсо оң кол менен истинжа кылууда коркунуч жок.
12). Туалетте ажат кылып жатканда алдын жана артын дароо жабуу керек.
13). Нажасатты манжа менен алып, колду жууш керек. Акырында калган нажасат бар болсо аны да суу менен жууш керек.
14). Эркектер истинжа кылып жатканда аркадан алдыга карай, ал эми аялдар болсо алдыдан аркага карай жууш керек. Ушундайча алды жагына кир жугузбоо менен бирге улам сүртүлүп шахват болуудан да сактанат.
15). Тазалангандан кийин сүргү менен кургануу керек. Эгер сүргү жок болсо туалет кагазы менен дагы курганууга болот. Бул кагаздар ошол максатта өндүрүлгөн. Башка кагаздарды колдонуу макрух болот.
16). Истинжадан, б.а., тазалангандан кийин ич кийимине бираз суу серпүүсү керек. Ушундайча ич кийиминде суу көргөн кезде аны заара деп ойлобой, шектенүүдөн, васвасадан сактанат.
17). Тазалангандан кийин эркектер истибра кылуулары керек. Аялдар истибра кыла албайт. Истибра — бул заара каналында заара калтырбоо дегендик.
18). Истибраны ары-бери басып, жөтөлүп же болбосо сол тарапка жатуу менен кылууга болот.
19). Истибра кылынбастан туалеттен чыга турган болсо ич кийимине заара чыгып жугуп калуу ыктымалы болгондуктан туалеттен чыгарда заара тешигине арпанын чоңдугундай кебез коюлуп, зааранын сыртка чыгуусуна бөгөт коюш керек.
20). Истибра кылынып заара калбагандыктын билинүүсү, көңүлдүн канааттануусу «истинка” деп аталат. Истинкадан кийин даарат алууга болот.
21). Аврат жерлерин жана нажасатты карабоо, туалетке түкүрбөө керек.
22). Эч зарылчылыксыз өйдө тик турган абалда заара кылбоо керек. Туалетте кийимге заара чачыратпоо керек. Бул үчүн эгер мүмкүн болсо өзүнчө пижама, шым колдонуу керек. Туалетке өзүнчө пижама жана баш кийим менен кирүү мустахаб.
23). Туалеттен чыкканда колдорду жууш керек.
Эч бир сууга, мечиттин дубалына, көрүстөнгө жана жолго заара ушатпоо керек.
Суу табылбай кала турган болсо таш жана ошого окшош нерселери менен тазалануу дагы суунун ордуна өтөт.