🌹♥بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
إِذَا الشَّمْسُ كُوِّرَتْ (1)
وَإِذَا النُّجُومُ انكَدَرَتْ (2)
وَإِذَا الْجِبَالُ سُيِّرَتْ (3)
وَإِذَا الْعِشَارُ عُطِّلَتْ (4)
وَإِذَا الْوُحُوشُ حُشِرَتْ (5)
وَإِذَا الْبِحَارُ سُجِّرَتْ (6)
وَإِذَا النُّفُوسُ زُوِّجَتْ (7)
وَإِذَا الْمَوْؤُودَةُ سُئِلَتْ (8)
بِأَيِّ ذَنبٍ قُتِلَتْ (9)
وَإِذَا الصُّحُفُ نُشِرَتْ (10)
وَإِذَا السَّمَاء كُشِطَتْ (11)
وَإِذَا الْجَحِيمُ سُعِّرَتْ (12)
وَإِذَا الْجَنَّةُ أُزْلِفَتْ (13)
عَلِمَتْ نَفْسٌ مَّا أَحْضَرَتْ (14)
فَلَا أُقْسِمُ بِالْخُنَّسِ (15)
الْجَوَارِ الْكُنَّسِ (16)
وَاللَّيْلِ إِذَا عَسْعَسَ (17)
وَالصُّبْحِ إِذَا تَنَفَّسَ (18)
إِنَّهُ لَقَوْلُ رَسُولٍ كَرِيمٍ (19)
ذِي قُوَّةٍ عِندَ ذِي الْعَرْشِ مَكِينٍ (20)
مُطَاعٍ ثَمَّ أَمِينٍ (21)
وَمَا صَاحِبُكُم بِمَجْنُونٍ (22)
وَلَقَدْ رَآهُ بِالْأُفُقِ الْمُبِينِ (23)
وَمَا هُوَ عَلَى الْغَيْبِ بِضَنِينٍ (24)
وَمَا هُوَ بِقَوْلِ شَيْطَانٍ رَجِيمٍ (25)
فَأَيْنَ تَذْهَبُونَ (26)
إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرٌ لِّلْعَالَمِينَ (27)
لِمَن شَاء مِنكُمْ أَن يَسْتَقِيمَ (28)
وَمَا تَشَاؤُونَ إِلَّا أَن يَشَاء اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ (29)
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен🌹♥…
1. Күн оролуп-түрүлгөн кезде,
2. Жылдыздар төгүлүп-чачылган кезде,
3. Тоолор ордунан сүрүлгөн кезде,
4. Он айлык баласын курсагында көтөргөн төөлөр кароосуз калган кезде,
5. Жапайы жандыктар топтолуп жыйылган кезде,
6. Деңиздер от болуп жагылган кезде,
7. Жандар денелерге бириккен кезде,
8. Тирүүлөй көмүлгөн кыздар суралган кезде,
9. Кайсы күнөөсү үчүн өлтүрүлгөн деп…
10. (Амалдар жазылган) барактар ачылган кезде,
11. Асман чечилип, сыйрылган кезде,
12. Тозок катуу кызытылган кезде,
13. Бейиш жакындатылган кезде,
14. Мына ошондо… Ар бир жан өзү эмне алып келгенин анык билет. (3:30; 75:13)
15. Жок! Ант берем жылдыздар менен!
16. Ордуларынан жылып жүрүүчү жана жоголуп кетүүчү жылдыздар менен.
17. Ант берем караңгысы келип кеткен түн менен!
18. Ант берем агарып аткан таң менен!
19. Бул – чынында улук элчинин айткандары,
20. (Ал) Арштын Ээсинин алдында күч-кубаттуу жана мартабалуу, (53:5-10)
21. (Ал) баш ийилген ишенимдүү.
22. (Эй, инсандар!) Силердин жаныңардагы (Мухаммад) жинди эмес.
23. Ал аны (Жебрейилди) асмандын ачык мейкиндигинде көргөн эле. (53:13-16)
24. Ал кайыпка (Алладан келген кабарларды таратууда) ичи тардык кылбайт.
25. Бул сөз – Аллахтын ырайымынын куулган шайтандын сөзү эмес. (26:210-212)
26. Силер кайда баратасыңар?
27. Акыйкатта, бул бүт ааламдар үчүн эскертме,
28. Силерден туура жол менен жүрүүнү каалагандар үчүн.
29. Бирок, ааламдардын Эгеси болгон Аллах кааламайынча, силер эч нерсени каалай албайсыңар.

















































