НАМАЗГА ЖЕТИШПЕЙ КАЛГАН ААЛЫМДЫН АЯНДУУ ТҮШҮ

https://kyrgyzcha.site/?p=67533&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

​​📌📌📌НАМАЗГА ЖЕТИШПЕЙ КАЛГАН ААЛЫМДЫН АЯНДУУ ТҮШҮ

 

Имам Убайдуллах ибну Умар аль-Каваририй (رحمہ الله تعالــﮯ) айтты:

 

«Мен куптан намазын такай жамаат менен гана окучум. Бир күнү үйгө конок келип калды. Ошол себептүү намаздан алаксып кетип, куптан намазын жамаат менен мечиттен окуганга жетишпей калдым. Анан үйдөн чыгып, балким куптан окуй элек адамдар бар болсо, ошолор менен чогу намаз окуюн деген үмүттө жакын жайгашкан мечиттерди кыдырдым. Бардык мечиттер жабык экен, адамдар намаз окуп коюшуптур. Мен жамаат менен намаз окуй албай калганыма кайгырып үйгө кайтып келип, өзүмө мындай деп айттым:

 

«Пайгамбарыбыз ﷺ хадисте: «Эркек кишинин жамаат менен окуган намазы жалгыз окуган намазынан 27 эсе сооптуу» — деп айтылган дедим да, өткөрүп жиберген соопко жетиш үчүн куптан намазына барабар 27 жолу намаз окудум. Андан соң уктайын деп жаттым.

 

Түшүмдө атчан адамдар менен чогу кетип баратыпмын. Алар менден алдыда кетип баратышат, бирок мен аларды кууп жетейин деп такыр жете албай койдум. Ошондо алардын бирөөсү мага кайрылып:

 

«Атыңды жөн эле чарчатып жатасың, сен бизге баары бир жете албайсың» — деди.

 

Мен андан:

— Эмне үчүн? — деп сурадым.

— Анткени биз куптанды жамаат менен окудук, а сен жалгыз окудуң,— деп жооп берди.

 

Ошондо мен капаланган абалда чоочуп ойгонуп кеттим. («Сияр аль-Аълаам ан-Нубала», 11/444)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️