Ибадат

https://kyrgyzcha.site/?p=69570&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

🌙★

بِسْمِ اللّهِ الرّحْمنِ الرّحِيمِ

يَآ اَيُّهَا النَّاسُ اعْبُدُوا

🌙Ибадат — канчалык чоң соода менен бакыт экенин, ал эми күнөөгө батуу менен бузукулук болсо канчалык чоң зыян жана жоготуу экендигин түшүнгүң келсе, төмөнкү тамсилдештирилген окуяга кара, ук, тыңша…

•Бир жолу эки жоокер, алыскы бир шаарга баруу үчүн буйрук алышат. Жол экиге айрылганга чейин бирге келишет.

Ал жерде бир адам аларга жолугуп мындай дейт:

«Ушул оң тараптагы жол, эч бир зыяны болбоо менен бирге, ал жол менен жүргөн он жолоочудан тогузу чоң пайда табат жана ырахат көрөт.

•Ал эми сол тараптагы жол болсо пайдасы болбоо менен бирге, он жолоочудан тогузу зыян көрөт. Ал эми эки жолдун тең узун-кыскалыгы бирдей. Жалгыз гана бир айрымасы бар, ал тартипсиз жана мыйзамсыз болгон сол жолдун жолоочусу куржунсуз жана куралсыз жүрөт. Сыртынан караганда бир жеңилдик менен жалганчы бир ырахат көрөт. Ал эми оң жолдогу аскердик тартиптеги жолоочу болсо, өзү менен бирге тамак-аш азыктары салынган салмагы төрт окка болгон куржунду жана бүт душманды жеңе турган эки киййелик мамлекеттик мыкты куралды көтөрүп жүрүүгө мажбур болот.

•Ошол эки жоокер ал адамдын сөзүн уккандан кийин, бактылуу жоокер оң жолго түшөт. Бир батман оордукту ийинине жана белине жүктөйт. Бирок анын жүрөгү менен руху миңдеген батман көз карандылыктар менен коркунучтардан кутулат. Тигил бактысыз жоокер болсо, аскердик кызматты таштайт. Тартипке моюн сунууну каалабайт. Сол жолго түшөт. Денеси бир батман оордуктан кутулат, бирок жүрөгү миңдеген батман көз карандылыктар астында, ал эми руху болсо чексиз коркунучтардын астында эзилет.

•Ошентип ал ар кимге тилемчи жана да ар нерседен, ар бир окуядан титиреген абалда жүрөт. Акыры бара турган жерине да жетет. Ал жерден баш ийбес жана качкын жазасын алат.

•Аскердик тартипти сүйгөн, куржуну менен куралын сактаган оң жолдогу жоокер болсо, эч кимге көз каранды болбой, эч кимден коркпостон жүрөгү менен вижданы (абийири) ырахатта жүрөт.

Ошентип ал да бара турган шаарына жетет. Ал жерде, өз милдетин так, сонун аткарган намыстуу жоокерге ылайыктуу сый көрөт•

Мына, эй баш ийбеген напсим!

Билгин, ошол эки жолоочунун бири Аллахтын мыйзамдарына баш ийген, экинчиси Аллахтын мыйзамдардан качкан жана өзүнүн напси-кумарына берилген адамдар. Ошол жол болсо, рухтар ааламынан чыгып көрүстөн аркылуу Акыретке кеткен өмүр жолу. Ошол куржун менен курал болсо ибадат менен такыбаалык. Ооба, ибадаттын сыртынан караганда бир оордугу бар, бирок анын маңызында түшүндүрүп бере алгыс ырахат менен жеңилдик бар. Анткени, момун пенде өз намазында:

اَشْهَدُ اَنْ لآَ اِلَهَ اِلاَّ اللّهُ АШХАДУ АН ЛАА ИЛААХА ИЛЛААЛЛОХ дейт.

Башкача айтканда:

«Андан башка Жаратуучу жана Ырыскы берүүчү Раззак жок! Пайда да зыян да Анын колунда. Жана ал Даанышман, пайдасыз иш кылбайт; жана Ал Ырайымдуу, Анын ырайымында жана жакшылыгында чек жок» – деп айтат. Мына ушундай ишенүүсүнүн натыйжасында ал баардык нерседен Аллах Тааланын ырайым казынасынын эшигин табат. Дуба кылуу менен аны каккылайт жана бардык нерселерди өзүнүн Жаратуучусунун буйругуна баш ийген абалда көрөт. Ошентип Раббисине кайрылат, тобокел кылуу менен ага таянып, алдындагы ар кандай кыйынчылыктарга каршы туруштук бере алат. Ыйманы ага чыныгы, толук коопсуздукту берет.

•Ооба, ар бир чыныгы жакшылыктар сыяктуу баатырлыктын да башаты — ыйман менен ибадатта. Ошондой эле баардык күнөөлөр сыяктуу коркоктуктун да башаты — адашууда!

•Ооба, эгерде Жер шары бомба болуп жарылса да жүрөгү нур менен нурданган момун пендени коркута албоосу ыктымал. Тескерисинче, ал Аллахтын кудуретин кызыгуу менен суктанып карайт. А бирок өтө акылдуу деп аталган дили бузук күнөөкөр философ болсо, асмандан бир куйруктуу жылдызды көрсө жерде туруп калтырап-титирейт. Бул селсаяк жылдыз биздин Жер менен кагылышып кетпес бекен? — деп, тынчсызданат. (Бир жолу ушундай куйруктуу жылдыздан Америка титиреди. Көптөгөн адамдар түн ортосунда үйлөрүн таштап качып кетишкен.)

Ооба, инсан чексиз нерселерге муктаж болуп турса да, бирок байлыгы жокко эсе. Чексиз кырсыктарга дуушар болуп турса да, бирок күч-кубаты өтө аз. Анын байлыгы менен күч-кубатынын чөйрөсү, колу кайсы жерге жетсе ошончолук өтө кыска. Бирок анын умтулуусу, арзуулары, кайгылары жана балээлери болсо, көзү, кыялдары кай жерге жетсе жана кете алса ошончолук чөйрөсү кенен.

Мына ушундай алсыз, күчсүз, жарды жана муктаж болгон адамзат рухуна ибадат, тобокел, таухид жана таслимдин чоң пайда, бакыт жана Аллахтын сыйлыгы болгонун кор болбогон адам көрө алат жана түшүнөт.

Белгилүү болгондой эле зыянсыз жол атүгүл он ыктымалдан бири зыяндуу болсо да, зыяндуу жолдон артык көрүлөт. Ал эми биз сөз кылып жаткан ибадат жолу болсо, эч бир зыянсыз болуу менен бирге ондон тогуз ыктымалдуулук менен ал жолдо түбөлүктүү бакыт казынасы бар. Күнөө жана адашуу жолу болсо (атүгүл күнөөкөр адамдын мойнуна алуусу менен да) эч кандай пайдасыз болуу менен бирге ондон тогуз ыктымалдуулук менен түбөлүктүү кайгы менен жоготуу экендигин Куран, Ислам жана Ыйман жолунда өмүрүн илимге берген аалымдар жана ааламдагы жашыруун акыйкаттарды, сырларды Аллахтын уруксааты менен көрүп-биле алган олуялардын бир добуштан күбөлүк берүүлөрү аркылуу аныкталган.

Акырет сыяктуу бу дүйнө бактысы да ибадатта жана Аллахка жоокер болууда. Андай болсо биз дайыма: اَلْحَمْدُ ِللّهِ عَلَى الطَّاعَةِ وَالتَّوْفِيقِ дешибиз керек жана мусулман болгонубузга шүгүр кылышыбыз керек.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️