Асссаламу алейкум! Бүгүн сиздерге пайгамбарыбыз саллалоху алейки вассаламга келген, эң оор сыноону баян кылып айтып беребиз. Балким жүрөгүңүздө таруучалык ыйманыныз болсо, көзүңүзгө жаш келер.
Аягына чейин көңүл буруп, окуп чыгыңыз. Балким чоң сабак аларсыз. Пайгамбарыбыз саллалоху алейки вассалам 50 жаштан өткөндө уулду болуп, кубанычы койнуна батпай, 7 күндөн кийин акыйка кылды. Уулум Иброхимдей адам болсун деп, уулунун атын Иброхим койду. Уулу 5,6 жаш болгондо ооруп калды. Пайгамбарыбыз саллалоху алейки вассаламдын көңүлү ушундай чөктү, чырак жакса да жарашпайт эле. Ыйлап хужурасында олтуруп алып,дуа кыла берди.
Я Аллахым уулума шыпаа бер деп, олтурган терезеге көзү түштү. Караса уулу Иброхим чуркап үйдөн чыгып калды. Пайгамбарыбыз саллалоху алейки вассалам кубанып кетип, я Алла өзүнө шүгүр дуамды кабыл кылдын деп айткычы жанына Жабрейил периште Аллахтан вахи алып келип, пайгамбарыбыздын желкесине башын коюп,ыйлап калды. Пайгамбарыбыз саллалоху аллейки вассалам ээ Жабрейил неге ыйлап жатасыз, кыяматтын кабары келип калдыбы деп сурады.
Жабрейил периште ыйлап, жок Расулаллах сиз балам оорудан айыкты деп кубанып жатасыз. Уулуңузду жакшы көрөсүз ээ деп ыйлай берди. Пайгамбарыбыз, я Жабреил уулумду чындыгында жакшы көрөм, бирок бул дүйнөгө аны ишенбей кетем деди. Жабреил периште дагы ыйлап сурады, я расуллалох билесизби мени менен кошо ким келгенин? Пайгамбарыбыз ким келди ? — деп сурады.
Жабрейил периште Азрейил периште келди деди. Бүгүн уулунуздун жанын алат деди. Аллах сизге эч качан уул перзент бербейт экен, уулунузду сизден кийин адамдар пайгамбар деп албашы үчүн, бир жүрөктө эки нерсеге махабат бирикпейт же үмөтүңүздү тандаңыз же уулуңузду тандаңыз деди. Пайгамбарыбыздын бүт денеси титиреп кетип, ыйлап жиберди. Я роббим,я Жабрейил, карыган чагымда көргөн баламды бул кандай сыноо болду деп, ыйлап олтурду.
Жабрейил дагы ыйлап айтты, я рассуллалох мен бардык периштелердин колун ачтырып койдум. Өзум да дуа кылам, келиниз сиз дагы дуа кылыныз уулунузду сиз дүйнөдөн өткөндөн кийин жанын алсын деп Аллахтан сураналы деди. Аллах кабыл кылат.
Пайгамбарыбыз ыйлап, я Жабрейил мен уулунун өмүрүн сураганы келген пайгамбар эмесмин да деди. Макул деди пайгамбарыбыз, мен үммөтүмдү тандадым деди, бардык периштелер колдорун ачкан болсо дуа кылышсын, мен дагы дуа кылам, сиз дагы дуа кылыңыз үммөттөрүмө уулумдун ордуна садакаттуу, диндар перзенттерди берген болсун деп ыйлап дуа кылды.
Расуллалох айтты уулум менен коштошуп алууга уруксаат берилеби деди? Жабрейил периште Азрейил периште сизден уялып кирбей жатат, күтөт сиздин уруксаатыңызды деди. Пайгамбарыбыз саллалоху алейхи вассалам чыгып караса, баласы жакшынакай болуп сахаба балдар менен ойноп жүрүптүр. Көзүнө өзүнүн баласы эң жакшы көрүнүп кетти.
Сулуу, мүнөздүү, адептүү бала эле. Расуллалох узаак баласына карап туруп, эй көзүмдүн кареги бул жакка келиңиз деди. Уулу чуркап келди эле , башынан сылап, уулум сиз сапарга кете турган болуп калдыңыз го деди. Уулу кубанып андай болсо, жаңы кийимдеримди кийип алайын ээ деди. Рассуллалох ыйлап, жок сиз кийим керек болбой турган, дүнүйө керек болбой турган сапарга кетесиз деди.
Үйдөгү бир мейманды зыярат кылып чыгыңыз деди. Уулу атасына окшоп, зээндүү бала эле дароо түшүнүп, колундагы жаңгакты көрсөтүп,ушуну балдардан аманатка алдым эле,берип коёюнчу деп суранды. Муну угуп пайгамбарыбыз саллалоху аллейки вассалам ыйлап жиберди, я роббим ушундай аманатчым бар эле да деп. Уулу барып жаңгакты берип, бардык балдар менен кол алышып коштошуп чыкты.
Кээ бирөөлөрү менен чоң кишилерче жүзүнө жүзүн тийгизип кучактап коштошту. Жабрейил периште токтобой ыйлап турду, я расулаллох дуа кылалык деп. Расуллалох ыйлап баласын узатып турду. Уулу келип ата кана баштаңыз, сиз ата жөнүндө көп хадис айткансыз сиздин алдыңызда бассам урматсыздык болоор деди. Бул пайгамбарыбыздын жүрөгүнө от салды. Я роббим ыймандуу, акылдуу уулум бар эле да деп ыйлап басты. Жолдо сахабалар менен дагы коштошту.
Абу Бакр Сыддыкты кучактап коштошту бала. Алар түшүнбөдү эмнеге расуллалох ыйлап жатканын. Үйгө киргенде бала Азрейил периштени көрүп, ата бул мейман ким мен аны карасам, андан коркуп жатам деди. Расуллалох коркпоңуз бул мейман ушундай зат. Атаны баладан ажырата турган, дүйнөнү түгөтө турган, көүстөндү гүлдөтө турган зат деди эле баланын башы катуу ооруй баштады. Баласы башым катуу ооруп жатат деп калды.
Расуллалох тизесин бүгүп, кел балам тиземе башынды коюп ал деди. Уулун катуу кармап туруп, я Жабрейил периште, Азрейил периштеге айт баламды Аллаха бердим, жанын оорутпай алсын деди. Жабрейил ыйлап жатты. Баласы титиреп атасына карап, бир жылмайып, жан берди.
Расуллалох уулун өзү жууп, өзү кепиндеп, өзү көмүп бүтүп, буркурап ыйлап жиберди эле сахабалар я Расуллалох өзүнүз кайтарган нерсени өзүнүз кыласызбы дегенде, силер бүгүнкү окуядан кабарыңар жок, бүгүнкү окуя башка бир адамдын башына түшкөндө чыдап туралмак эмес. Эгер балам силердин балаңар болгондо азыр ойноп жүргөн болор эле деди. Сахабалар болгон окуяны угуп, Аллах сага сабыр берсин дешти. Ээ, диндеш бир туугандар, бир пикирге келели, эртең пайгамбарыбыздын саллалоху аллейхи вассаламдын алдына барганда көзүнө кантип карайбыз?
Баласын Үммөтүм деп бизге,сизге алмаштырды эле, биз ошол урмат- сыйды кантип кайтарабыз ОЙЛОНОЛУ!!! Дайыма кай жерде болбосун пайгамбарыбыз саллалоху аллейхи вассаламдын атын укканда артынан саллалоху аллейхи вассалам деп айтып,жазып жүрөлү. Досторуңарга айтып бөлүшкүлө. Сизден Аллах ыраазы болсун.
Талыкпай жазган инсанга Аллахым эки бактылуулукту берген болсун! Мына жалган дүйнө ушундай өтөт экен. Эр адам өз жолу менен кетет экен. Саждага мындай күндө тийбеген чеке, Жүрөк таза деген сөз бекер экен. Бирөөлөргө бул дүйнө ,арман экен. Жалган дүйнө бизи алдаар экен. Лондон,Париж барууга арман болсо, Сокурларга күндү көрүү арман экен. Музыка мээбизди уулар бекен, Кайгыга баскан журөгүмдү эми кантем. Керең болуп туулган бир адамга, Азан үнүн бир угуу арман экен. Шарап ташып жүрөбүз дүкөндөрдө, Кудай эмес коркобуз төбөлдөрдөн. Кантээр элек буту жок майып болгон пенде болсок, Аллаха сансыз шүкүрлөр болсун, Бизге ушул күндөрдү насип кылган!!! Алланын ыраазычылыгы үчүн тараткыла баарына. Телефону өчүк болсо дагы, сени жаман корсө дагы тараткын Алладан коркуп!!!!

















































