Хафиз ибну Хажар (рахматуллохи ъалайхи) Мунаббихатта жазган, Усман (разияллоху анху)дан♥
وَکَانَ تَحْتَه کََنْزٌ لَّهُمَا
(18. Кахф.82)
«Жана алардын астында кен бар эле», — деген аят тууралуу мындай деп айтылган:
Ал алтындан жасалган бир тактача жана анын үстүндө төмөнкү жети сап сөз жазылган
🌙 Мен, өлүм жөнүндө билип туруп күлгөн адамга таң калам.
🌙 Бул дүйнө бир күнү бүтөөрүн билип туруп, баары бир аны эңсеген адамга таң калам.
🌙 Тагдыр бар экенин билип туруп, бир нерсеси жоголгонуна өкүнгөн адамга таң калам.
🌙 Акыретте эсеп болоорун билип туруп, байлык жыйнаган адамга таң калам.
🌙 Тозок отун билип туруп, күнөө кылган адамга таң калам.
🌙 Алла бар экенин билип туруп, башка нерсени эстеген адамга таң калам.
🌙 Бейиш жөнүндө билип туруп, бул дүйнөнүн жыргалынан ырахат алган адамга таң калам.
«Шайтан душманы экенин билип туруп, ага моюн сунган адамга таң калам»
Хафиз ибну Хажар (раматуллохи ъалайхи) Жабир (разияллоху анху)дан
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын сөзүн риваят кылат🌹
«Жабраил (ъалайхис салам), мага Алланын зикирине ушунчалык басым жасагандыктан, зикирсиз эч нерсе пайда бере албайт деп күмөн кыла баштадым».

















































