ХАДИСТЕРДИН САНЫН БИЛЕСИЗБИ?

https://kyrgyzcha.site/?p=68567&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ХАДИСТЕРДИН САНЫН БИЛЕСИЗБИ?

Хадис, сүннөт жана кабар деген үч сөздүн мааниси бирдей деп айтсак да болот. Пайгамбарыбыздын (ага Алланын салам-салаваты болсун) айткан сөздөрү аткарган амалдары сүннөт же хадис болуп эсептелет.

Ошондой эле кээ бир сахабалардын аткарган амалын көргөн Пайгамбарыбыз аларды ал амалдан тыйбай, ыраазы болуп кала берсе ал да сүннөт болот. Кыскасы, Пайгамбарыбыздын 23 жылдык жашоосу толук бойдон биз үчүн сүннөт же айкын жол деп айтсак жаңылышпайбыз♥

Кээ бир динге карасанатайлык кылган адамдар, кантип эле ушунча көп хадис болсун, бул сөздөрдүн көбү ара жолдон пайда болгон сөздөр деп айтышат. А чындыгында хадистер анча деле көп эмес. Жөнөкөй мисалды карап көрөлү, Пайгамбарыбыз 23 жыл Пайгамбар болду.

23 жыл болжол менен 198 миң саатка туура келет. Мындан күнүмдүк уйкуга 8 саат ажыратып салалы. Болжолдо 134 миң саат калат. Эгерде бир саатта, тагыраак айтканда, 60 мүнөттүн ичинде бир хадис айткан болсо, анда 134 миң хадис айтылмак. Ал эми хадис китептеринде жазылган хадистердин кайталанып айтылгандарын эсепке албаганда 134 миңге да жетпей калат. А эгер «Аллага ыйман келтирдим деп айткын да, туура жолдо жүр» деген сыяктуу кыска хадистерди эске алсак жана бир саатта беш хадис айтылды деп эсептесек, анда 500 миң хадис болот.

Хадис китептерине келсек, эң үлкөн болгон Бухаринин китебинде 7275 хадис бар♥

Ошондой эле Муслимдин китебинде да 7275 хадис камтылган♥

Бул хадистердин көбү окшош башкача айтканда кайталанган хадистер.

Хадистерди айтып жеткирген сахабаларга келсек🌹♥

Абу Хурайра: 5375♥

Абдулла бин Умар: 2630♥

Анас бин Малик: 2230♥

Айша энебиз: 2210♥

Жаабир бин Абдулла: 1540♥

Абу Саьид Худри: 1170♥

Абдулла бин Масьуд: 848♥

Али бин абу Талиб: 586♥

Умар бин Хаттаб: 500♥

Умму Салама энебиз: 378♥

Абу Муса Ашари: 360♥

Бароо бин Азиб: 305♥

Абу Зар: 281♥

Саьид бин Абу Ваккас: 270♥

Абу Дарда: 174♥

Катада: 170♥

Убай бин Каььб: 164♥

Усман бин Аффан: 146♥

Хузайфа бин Яман: 100♥

Адий бин Хатим: 66♥

Аммар бин Ясар: 62♥

Хафса энебиз: 60♥

Салман Фарси: 60♥

Саид бин Зайд: 48♥

Майиуна энебиз: 46♥

Абу Бакр Сыддык: 42♥

Аббас бин Абдулмуталлиб: 35♥

Бардыгы: 19 855♥

Мындан башка да көптөгөн сахабалар хадис риваят кылышкан, бирок алар аз санда гана риваят кылышкан. Мындан сырткары, бир эле хадисти бир канча сахаба риваят кылган, кутбада, жыйында айтылган хадистерди жүздөгөн сахабалар риваят кылган.

Кандай болгон күндө да, Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) өзүнө аманат болгон динди бизге толук жеткирип кетти♥

Биздин милдет динге амал кылып, дин менен жашап, аны кийинки урпактарга жеткирүү гана ♥

Анткени, эми Пайгамбар келбейт. Динди жеткирүү ар бирибизге милдет экенин билүүбүз зарыл♥

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️