Кошунага болгон мамиле

Кошунага болгон мамиле Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Кошунага болгон мамиле

Бир күнү Абдуллах бин Амру бин Аль Аас кой сойду, анын кызматчысы койдун тээрисин сыйрып, мүчөлөп жатты.

Абдуллах аны чакырып, мындай деди:

«Оо жигит! Эгер бүткөн болсон эт таратууну кошунабыз эврейден башта». Келгендерден бир адам таң калып, жактырбаган абалда андан сурады: «Эврей!? Сен жакшы элесинби?!», Абдуллах бин Амру айтты:

«Чынында, Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын саламы жана тынчтыгы болсун) кошуна менен жакшы болууну осуят кылганын уккан элем жана алардын акысы тууралуу коп айткандыктан, кошунабыз бизге мураскор болуп калабы деп коркор элек».

Ошондой эле Абдуллах бин Умар бин Аль Хаттабтын мамилеси тууралу мындай деп айтылган♥

Анын эврей кошунасы бар болчу, эгер кой сойсо ал «Кошунабызга да мындан жеткирип бергиле» деп айтар эле.

Бизден мурунку такыба инсандардын (аларга Аллахтын ыраазылыгы болсун) кулк мүнөзүн ээрчү  кандай жакшы амал♥

Анткени алардын кошуналары мусулман болбосо да аларга белек берип, жакшы мамиле кылгандыгынан кошуна менен ынтымакта болууну үйрөнөбүз.

Албетте, ушундай жакшы мамиле жана берилген белектер кошуналардын алакасынын бекем болушуна жана өз ара махабаттын өкүм сүрүүсүнө өбөлгө болот.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламы жана тынчтыгы болсун) Аба Зар Аль Гуфронийге осуят кылды♥

«Оо Аба Зар! Эгер шорпо бышырсан сууну көбүрөөк куюп, алар менен да болуш» (Муслим)

Айша энебиз (Андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисине (Ага Аллахтын саламы жана тынчтыгы болсун) айтты♥

Эгер эки кошунам болсо, кимисине биринчи белек берем? Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын саламы жана тынчтыгы болсун) айтты♥

«Кимисинин эшиги сага жакынырак болсо, ошого». (Аль Бухарий)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️